Кыш босогодо

Табигат да карапайым калкка боор ооругандай, бирок сууктун илеби кадимкидей сезилип турат. Буга чейин тезек терип көнгөн калкыбыз быйыл отун-суу менен кандай деңгээлде камсыз болору тууралуу карама-каршы пикирлер бар. Жакында УТРК тарабынан Бишкек калаасында отун базаларында Кара-Кеченин көмүрү "дарылыкка" табылбай калгандыгын белгилеген.
Өлкөдө түзүлгөн оор кырдаалдан улам "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрында тендер өткөрүшкөн. Натыйжада жергиликтүү көмүр кенине көңүл бурулуп, кыска мөөнөттө борбор калаабыздагы ТЭЦке Кара-Кечеден 35964,8 тонна, ал эми "Кыргызжилкомсоюзга" 10038,3 тонна көмүр түшүрүлгөн. Тендерде белгиленгендей, отунду ташып жеткирүү мөөнөтүндө үзгүлтүксүз жеткирилип жаткандыгын белгилесек болот.
Ал эми отун менен алгач жону жука адамдарды камсыз кылуу максатында "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын аймактарында 67 көмүр сатуучу түйүндөрдү ачышкан. Жетиштүү түрдө көмүрдү даярдап, бүткөрүлүү алдында турат. Андан кийин көмүр отун базаларына жөнөтүлөрү белгилүү болуп отурат. Отун-көмүр маселесиндеги жогорудагы кайчы пикирлердин негизинде атайын кабарчыбыздын журналисттик иликтөөлөрү кийинки санда берилмекчи.





Ош оңоло баштады
Июнь айындагы коогалаңдуу окуяларда Ош жана Жалал-Абад облусундагы 1600 турак-жайдын 1364ү калыбына келтирилгендигин Түштүктү калыбына келтирүү боюнча дирекциянын башчысы, вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 12-ноябрь күнү жар салды. Беш жүз үй толугу менен бүткөндүгүн, калгандарынын эшик, терезелерин орнотуу сыяктуу аз-маз иштери калгандыгын кабарлаган дирекция башчысы тургузулуп жаткан турак-жайлардын 96 пайызынын чатырлары жабылгандыгын кошумчалады.


Эсиңиздерге салабыз...
Гезитибиздин өткөн санында белгилүү коомдук ишмер Анарбек Усупбаевдин "Эпос "Манас" - как один из древних космоэкологических источников култьтуры кочевников Азии" деген аталышта орус тилиндеги доклады жарык көргөн. Ошондон кийин аталган доклад кайсы конференцияда окулганы туурасында кызыккан окурмандардын саны арбыды. Ошондон улам Анарбек Усупбаевдин аталган доклады Казакстандын борбору Астана шаарында адамзаттын башына түшкөн руханий, маданий, экономикалык, саясий кризистен чыгуунун жолун талкуулаган 70тен ашык мамлекет катышкан Бүткүл дүйнөлүк руханий-маданий Курултайда окулганын белгилеп коюуну туура көрдүк.


Тышкы карыз 2 миллиард 620 миллион долларды түздү
Финансы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөков:"Кыргызстандын тышкы карыздарынын суммасы 2 миллиард 620 миллион долларды түзөт"- деп билдирди.
Анын сөзү боюнча март айынын акырында тышкы карыздардын суммасы 2 миллиард 440 миллион долларды түзгөн. "Март айынан сентябрга чейинки мезгилде анын көлөмү 177 миллион 800 миң долларга көбөйгөн. Муну Мирлан мырза Кытайдын "ЭксимБанкынын" 70 миллион доллар кредиттик каражатын жана Ислам Өнүктүрүү Банкынын 9 миллион каражатын өздөштүрүү, ошондой эле 33 миллион доллар суммасында Эл аралык Валюта Фондусунан кол коюлган кредиттен улам көбөйгөнү менен түшүндүрдү. Кредиттик каражаттардан тышкары апрель-сентябрдын ичинде 150 миллион доллар өлчөмүндө гранттык жардам тартылган болучу. "ФинМин мамлекеттик карыздарды өз учурунда тейлөө ишин жүргүзүүдө. Быйылкы жылы бул максатка 65 миллион доллар каралса, анын ичинен 44,2 миллион доллары чыгымдалгандыгын"- кабарлады. Мындан сырткары 27-июлда Кыргызстандын борборунда өткөн донордук конференцияда билдирилген 1,1 миллиард доллар сумманын ичинен азырынча 319 миллион долларлык гана келишимге кол коюлганын, бул сумманын ичинен 150 миллион доллары Кыргызстанга гранттык негизде берилгенин, калган суммасы - насыя үчүн ставкалык төлөмү 0,70 пайыздан 2 пайызга чейин узак мөөнөттүү негизде (30 жылдан 40 жылга чейин) бериле турган жеңилдетилген насыялар экенин маалымдады.





Көшөгө артындагы көмүскө "кожоюндар"...

Өткөн жуманын башында ЖоКеге өткөн айрым партиялардын тизмесиндеги адамдардын мандатынан массалык түрдө баш тартышкан таң калычтуу окуяга күбө болдук. Алсак, "Республика" партиясынан эле депутаттык мандатынан алтоо баш тартышса, 27си партиялык тизмеден чыгуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазышкан. Мандатынан өз эрки менен баш тарткандардын бири белгилүү кинорежиссер Актан Арым Кубаттын: "Бул аракеттерибиз партиянын саясий кеңешинин коллегиялдуу чечими. Бизди эч ким мажбурлаган жок"-дегени менен, көшөгө артындагы партиянын көмүскө кызыкчылыктарына моюн сунуп бергендиги ачык эле көрүнүп турат. "Республика" партиясынын баштоочусу, лидери Өмүрбек Бабанов аталганы менен, анын артында эки бийликтин башын жуткан, сасык саясаттын анык чеберлери Аскарбек Шадиев, Искендер Гаипкулов, Каныбек Жороев сыяктуу бир топ карт бөрүлөр тургандыгы айтылып келет. Алардын акчасы саман болгону менен, калк арасындагы кадыры эчак эле кайып болгон. Дал ушул себептен жогорудагы эргулдар элди ирээнжитпейли деп, ачыкка чыкпай, алдыга Актан Арым Кубатка окшогон атак-даңкы, кадыр-баркы жогору белгилүүлөрдү, жаштарды чыгарып, өздөрү сырттан гана көз салып, "серый кардиналдык" милдетин аткарып келишкендей. Анысы го ал болуптур, бирок баарынан да опурталдуусу жана коркунучтуусу аларың мандат берилээрде "Республикага" эң көп добушту түштүктөн алып бердик, демек, биздин балдар парламентте отурат"-дегендей кылып партияны регионалдык негизде тазалап баштаганы болууда. Себеп дегенде республикачылардын көшөгө артындагы ошол "серый кардиналдары" түндүктүктөр эмес болуп отурат. Акчасы ченемсиз чачылган бул партиянын үгүт иштеринде "биз сөзсүз биринчи орунду алабыз"-деп күпүлдөп, 65 мандаттык маарага жулунуп аткандары да жөн жерден эмес экен. Биздин укканыбызга караганда, эгер "Республика" биринчи орунду ээлегенде, жанагы жашынып отурушкан "серыйлар" ачыкка чыгып, Өкмөттү өкчөп калышмак имиш. Кайран Өмүкенин биз күткөн жыйынтык болбой калды деп кейигени да ошондон болсо керек. Бирок Өмүрбек Бабанов регионалдык эмес, мамлекеттик, жалпы улуттук деңгээлде ой жүгүрткөн, жаш болсо да курчтугу, өткүрлүгү бар жигиттерден эле. Жанагы "сасыткылардын" саясатына азгырылбай, кыргыз элинин кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзөрүнө ишеним зор.
Айтмакчы, "Ата-Журт" партиясында да дал ушундай эле көрүнүштөр байкалып, тийиштүү добуш ала алган жок деген шылтоо менен партиялык тизмесин тазалайлы дешти эле, Динара Исаева, Жылдыз Жолдошевалар чуу чыгарып, партиянын ички жашоосу азырынча тынч эмес дешет. Партия лидерлери эки айымга эрегишип, азырынча жумушка чыгыша элек. Баса, Камчыбек Ташиев өткөндө Орусиянын "Время новостей" басылмасына маек берип, анда: "Ата-Журт" түштүктүн партиясы дегендерге кошулбайм. Мисалы: өздөрүн регионалдык эмеспиз дешкен "Ата Мекен" партиясы түштүктө эки депутаттык мандатка добуш чогултса, социал-демократтар 3 мандаттык добушка ээ болгон. Биз болсо түндүктөн 7 мандатка ээ болдук"-дептир. Кайсы жерден канча добуш чогулганына жараша мандат берилээрин кыйыткан ата-журтчулардын бул логикасын ээрчисек анда, алдыңкы тизмеден орун алышкан КСДПдагы Исмаил Исаковдон башка түштүктүк депутаттарды тизмеден чийип салышы керек беле. КСДПнын да, "Ата Мекендин" да алдыңкы орундарында түштүктүк бир туугандырыбыз көп. Социал-демократтар шайлоодон кийинки тизмесин эч кандай өзгөрткөн да жок.
"Жөнөкөй эл эч качан түндүк-түштүккө бөлүнбөйт, элди саясатчылар жеке кызыкчылыктары үчүн бөлүшөт"-деген сөз көптөн бери эле айтылып келет.
Мындай көрүнүш өзгөчө быйыл ачык көрүнүп калды.
Муну кылып аткандар албетте, Куке башкарып турганда жердешчилигин бетке кармап, "кумганчылык" милдетин бели үзүлгөнчө аткарып, эл байлыгын болушунча бастырып коюшкан ошол бакиевчилер. Бийлик үчүн, мансап үчүн алакандай элибизди бөлүп-жарып, от менен ойноп жатышкандыгын ачык эле айтып койсок болот.