Маданият майданы

Нурак Абдрахманов,
Кыргыз Эл артисти, ЮНЕСКО сыйлыгынын ээси:
"терең музыка камтыган Комуздай аспапты
кезиктире алган жокмун"
- Нурак агай, сыйлыгыңыз кут болсун. Алгачкы суроомду ушул наам туурасында узатсам. Маданият ишмерлерине наам берүүдө калыстык кармалбай келет деген сөздөрдү көп эле угуп жүрөбүз. Мунун мисалы катары, кечээ эле чыккан айрым эстрада өкүлдөрүнүн "Эл артисти" наамды эбак эле алышканын айтсак болот. Кыргыздын кан-жанына сиңген улуттук көөнөрбөс өнөрдүн ээси болуп туруп, "Кыргыз Эл артисти" наамын пайгамбар жашынан өтүп алганыңыздын себебин эмнеден издейт элеңиз?
- Кыргызда: "Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт"- деген жакшы сөз бар. Эми наам берүүдө калыстык жок деп эл айтып жаткан болсо, анда эле бул сөздөрдүн артында бир кашкайган чындык жатса керек. Эл жөн жерден кеп кыла бербейт. Коррупция - биздин бардык тармакты чырмап алганын баарыбыз угуп эле жүрөбүз. Өзүм коррупцияга аралашып, иш бүтүргөн учурум деле жок.
Маданият ишмерлерине калыстык менен наам берилбей келе жатканынын чындыгы бар. Буга бир мисалды айтып берейин. Кыргыздын каны менен бүткөн комуз өнөрүнүн ээси - Намазбек Уралиев деген чоң комузчу жигит бар. Кыргызстандагы комузчулардын алдыңкыларынын бири. Бир нече республикалык комуз кароо-сынактарында алдына ат салдырбаган өнөр - ээси. Өзүнүн чыгарган күүлөрү да көп. Ошол жигит менен бир жолу сүйлөшүп калсам, "Ээ Нурак ага, биздин бийлик башына жан дүйнөсү жарды, улуттук баалуулуктарды баалабаган адамдар келип алганбы?.."- деп нааразы болуп калды. "Ой, мынча эмне болду"- десем, "Э-ээ, эмнесин айтасыз. Бир курдай маданият ишмерлеринин күнү болуп, үйгө бара жатсам, ошол кездеги мамлекеттик катчы Адахам Мадумаров жолугуп калды. "Жүр, Намазбек, бүгүн маданият ишмерлеринин майрамы болуп жатат. Майрамдык кечеге катышып кет"- деп чакырып калды. "Аа, буйруса бир сыйлыкка илинип калат окшойм. Менин талантымды баалап чакырып жаткан турбайбы"- деп куудуңдап, сүйүнүп бардым. Элдин көптүгүн айтпаңыз. Эстрада ырчыларынын баары ошол жерде экен. Кирип отурдум. Сөз алып сүйлөгөн аткаминерлер сөз башында "Биздин сыймыгыбыз - "Манас", комуз"- деп абдан бакылдашты. Акырында келип эле наам менен сыйлыкты манасчы, комузчуга эмес, эстрадачыларга берди. Ошолорду сыйлады. Кечеден "чакырып урган иттей" болуп, томсоруп эле чыктым" - деди нааразы боло. Намазбектин сөзүнөн кийин, "Эл артисти" наамын алууга жулунган жокмун. Пайгамбар жашына келгенде наам алат элем деп кагуу жеп, томсоргум келген жок. Менин баамымда наамдарды эбин тапкандарга, сурагандарга, тааныштарына, капчыктууларга беришет окшойт. Сурангандар алып жатты, суранбагандар калып жатты. Азыркы бийлик келбегенде "Кыргыз Эл артисти" наамын алат белем, билбейм. Калыс бийлик келип, эсепке кирип, эмгегим бааланды окшойт. Ушунусуна да шүгүр деп жатам. Калыстык үчүн айта кете турган нерсе, "Кыргыз Эл артисти" наамын алып жатканда бир чети кубандым, бир чети ардандым. Кубанганым - эмгегимдин бааланганы, арданганым - баламдай балдардан кийин "Эл артисти" наамын алып жатканым.
Менин эмгегимди бийлик башындагылар баалабаса да эл баалап, 50 жылдык маараке тоюмду өткөрүп жатканда эле: "Нурак, "Кыргыз Эл артисти" наамын биз бердик, Өкмөт сизге бербейт окшойт"- деп Филармониянын ичин жаңырта кол чаап, мага элим ошондо эле "Эл артисти" наамын ыйгарып коюшкан.
Сөздүн чыны, акыркы кездерде "Эл артисти" деген наамга деле көп назар салбай калгам. Себеби 2001-жылы болуп өткөн дүйнөлүк фестивалда биринчи орунга ээ болуп, ЮНЕСКОнун "Салттуу музыканын устаты" деген сыйлыгын жеңип алгам. Дүйнөнүн "Эл артисти" болдум, "Кыргыз Эл артисти" наамын бербесе деле мейли, көп деле нааразы болбоюн деп койгом. Бирок кеч да болсо, эмгегимдин акыбети кайтып жатканына ыраазымын.
- Ушул жогорку наамдар көөнөрбөс өнөрдүн ээлери болгон комузчу, манасчы, төкмө акындарга эмес, эстрада ырчыларына көп ыйгарылып келет. Бул улуттук өнөрдү алып жүрүүчүлөрдүн чабалдыгыбы же бийлик башындагылардын рухий жактан жардылыгыбы?
- Аябай жакшы суроо узаттың. Батыштын музыкасы сыйлык берип жаткандардын парасатына туура келген музыка болсо керек деп ойлойм. Биздин салттуу музыкага караганда, мээни чаккан батыштын музыкасын түшүнүү, кабыл алуу өтө жеңил. Ошол үчүн наам бергендер батыштын музыкасына көңүл буруп, анын алып жүрүүчүлөрүнө жогорку даражадагы наамдарды ыйгарып жатышса керек деген пикирдемин. Ал эми биздин комузду көп адамдар түшүнө бербейт. Кыргыздын салттык музыкасын түшүнүү үчүн жан дүйнөсү рухий жактан бай, акыл көрөңгөсү бийик, чоң парасаттуу, уюткулуу адам болушу шарт. Мына ушундай адамдардын жогорку чөйрөдө жок болгону үчүн салттуу музыканын ээлерине көңүл бурулбай, көз жаздымда калууда. Эгер бир ыңгайы келип калса, азыркы мага берген сурооңду наам бөлүштүргөн адамдарга берип, жооп алып көрсөң, биз да таанышып калалы.
- Сиз, көптөгөн элдердин музыкасы, улуттук аспабы менен таанышсыз. Кыргыздын комузу башка элдердин музыкалык аспабынан кандай өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат?
- Чындыгында эле көптөгөн дүйнө элдеринин музыкалык аспаптарын кармалап, ойноп көрдүм. Бирок комуздай терең музыка камтыган, адамдын ички рух сезиминин тээ түпкүрүнөн бери аңтарып, көтөрүп чыккан музыкалык аспапты кезиктире алган жокмун. Биз мындай аспаптарга комузду, кыл кыякты киргизсек болот. Акыркы кездерде кыл кыякты ойногон адамдар азайып бара жатат. Мындан бир нече жыл мурда Муратаалы кыякчынын уулу Толтой Мураталиев деген жигит кыякта ойноп жүрдү эле. Ал жигит да турмуштун оорчулугунан улам, каражат табууну көздөп, алына жараша ойноп, жүрүп өтүп кетти. Андан кийин кыяктын учугу үзүлүп бара жаткан. Ошол кезде Бакыт Кыдырбаев деген жигит чыгып, өзү скрипканы окуп, бүтүргөн экен, аспиранттык ишине кыл кыякты алып, ошондон кийин кыл кыяктын үзүлүп бара жаткан учугун улап кетти. Бир кароо-сынакта белгилүү дирижер Асанкан Жумакматов:"Бул жигиттин музыкасы скрипкадан да мыкты экен"- деп жогору баа берген. Ошол жигитке рахмат айтып, наам берген адам жок. Кыргыздын тарыхын үч кылына сыйдырган комузду, жан дүйнөнүн арманы менен кубанычын обонго салган кыл кыякты биздин чоңдор кыйкылдаган кайдагы бир аспап деп этибар алышпайт. Бул биздин чоң катачылыгыбыз.
Дүйнө элин баш ийдирип, тизе бүктүрүп, суктандырган ары баалуу, ары улуу аспаптарыбыздын баркына жетпей келебиз. Биздин чоңдордун парасаты жогору болмоюнча, ушинтип көлөкөдө, тебелендиде жүрө берерибизге көзүм толук жетип турат.
- Чыныгы талант өз учурунда бааланбайт деген сөздөрдү көп угуп калабыз. Чынында эле ташкындаган таланттар өз мезгилинде баркталбай келеби?
- Бул сөз таланттардын чоң арманы. Айтылуу төкмө акын Токтогул Сатылгановдун ак жерден Сибирге айдалышы, өткөн совет учурунда эле белгилүү дирижер Асанкан Жумакматовдун наамдарынан ажырап, Москвага качышы таланттардын өз мезгилинде даңкталбай, баркталбай жатканынын кашкайган чындыгы десем эч жаңылышпайм. Дагы бир мисал, Токтогул Сибирден келгенден кийин акындардын кароо-сынагы өтүптүр. Комузун көтөрүп Токтогул да барбайбы. Ырчы, акындары тандап жаткан чоңдордун бири, азыркы тил менен айтканда министри Токтогулдун жанына басып келип: "Сиз кете бериңиз. Карып калыпсыз"- дептир. Ошондо ал киши аябай ызаланып, Алымкул менен учурашканда "Карыптырсың сен деди, кайра кете бер деди"- деп арман кылган экен.
Эми Өкмөткө кошомат кылып, аны мактаган, жактаган гана өнөр ээлери өз кезегинде татыктуу баркталса, чындык, эл-жер деген таланттар босогодо эле калып келет. Муну эч ким тана да, калпка да чыгара албайт.
- Жакында эле "Тогуз кайрык" фестивалы болуп өттү. Эмнегедир сизди калыстар тобунун катарынан көрө албадык…
- Калыстар тобунун арасына мен барсам, бөлөктөрдүн пикирин эсептебей менин пикиримди эсептеп калышмак да. Бул "Тогуз кайрык" фестивалында чогулган калыстар тобунун деңгээли, алсыздыгы деп санасак болот. Музыканы үстүртөдөн түшүнгөн калыстар тобу бир жолу өзүбүз бий, өзүбүз хан бололу деп мени чакыртпай коюшса керек.
- Бир топ жылдан бери жаш комузчу уул-кыздарды тарбиялап келе жатасыз. Кыргызда: "Устатынан шакирти ашыптыр"- деген сөз бар эмеспи. Өзүңүз тарбиялап жаткан балдарыңыздын арасынан, келечекте устатынан ашкан Карамолдо, Муратаалы аталардын ордун баса турган алп күүчү, комузчулар чыгаарына көзүңүз жетеби?
- "Бешиктеги баланын бек болорун ким билет, карындагы баланын хан болорун ким билет" дегендей, азырынча көзү ачыктык кылып, бул балам Карамолдонун ордун басат деп айтуудан алысмын. Буйруса, кимдин-ким болорун келечек көрсөтөт. Бирок сабак берип, тарбиялап жаткан шакирттеримдин арасында мыкты комузчу, күүчүлөр бар. Айрымдары азыр өз алдынча күү чыгарып калды. Көпчүлүгү чет жерде өткөн фестивалдардан алдыңкы орундарды алып, биз суктанган батыштын оозун ачырып жаткан балдарымдын саны арбын. Өз алдынча күү чыгарып, бир топ ийгиликтерге жеткен шакирттеримдин талантын элге таанытуу максатында телекөрсөтүүгө алып чыгайын деп жатам. Азырынча наамдын куттуктары менен бошой албай турам. Буйруса, жаңы жылдан тартып, максатымды ишке ашырам го.
- Бүгүнкү түлкү, бөрү заманында ар ким эле өз кызыкчылыгын көздөп, руханий баалуулуктардан сырт калбадыбы. Сиз дагы башка адамдар сыяктуу өз өнөрүңүздү акча табуу жолуна жумшабай, улуттун жүзү болгон салттык музыканы сактап, өркүндөтүп келе жатканыңызга эмне себеп болуп жатат?
- Кээде балдарым ачка болуп, үйдө көйгөйлөр жаралганда "Атаң көрү, бизнесмен болсом, ушул балдарымды тойгузуунун токсон жолун табат элем. Музыкага жумшаган күчүмдү бизнеске жумшасам, эбак Социалисттик эмгектин баатыры болмок экем деп өзүмчө ойлонуп калам.
1962-жылы комуз сынагы болуп өткөн. Ал конкурс жыл сайын өтүп турчу. Ошол чоң конкурста баш байгени жеңип алгам. Ал сынакка билимдүү, чоң комузчулар да катышкан. Күүнүн дөө-шаалары күч сынашкан сынактан биринчи орунду алганым мен үчүн чоң сыймык болгон. Ошол сынакта комуздун чеберлери "Ой, сен бир нерсеге жарай турган бала экенсиң. Сага жол көрсөтүп коюу зарыл. Бул күүнүн бул жерин Карамолдо атабыз мындай кылып кайрыган - деп мен таппай жаткан сырларды Токтогул менен күү чертишип жүргөн адамдарды көргөндөр үйрөтүп, толуктап беришти. Жумгалдан чыккан Социалбек деген Таттыбүбүнүн агасы бар эле. Таттыбүбүгө окшогон сулуу киши болчу. Көп күүлөрдү ошол киши көрсөтүп берди. Анын аталары Турсунбай, Мырзаалылар Токтогул менен жарыша күү чертишкен кишилер болгон. Азыр алар жок, аларды көргөн адамдардан сабак үйрөнгөн жалгыз гана мен калдым. Өзүмдүн талантымды, күүнүн сырларын, окуучуларыма үйрөтпөсөм, бул баалуулук мени менен кошо кетиши мүмкүн. Мына ушул нерсе мени байлыкка да, бийликке да алмаштыргыс жан дүйнөнүн азыгы болгон музыка дүйнөсүндө кармап турат.
Баарлашкан
Жаркынай Кадыркулова