oАрман ай, арман…

Мария Бейшеналиева,
Кыргыз эл жазуучусу
Насирдин Байтемировдун жубайы:
"Сөөгүм батирден чыгып, жерге кепини жок берилемби деп корком…"

Кыргыз эл жазуучусу Насирдин Байтемировдун каза болгонуна быйыл туура 15 жылдын жүзү болуптур. Эске сала кетсек, Н.Байтемиров ар кандай жанрдагы 21 романдын, 12 драманын жана бир нече ырлар жыйнагынын автору. Жазуучунун башка чыгармаларын айтпаганда да, Уркуя Салиеванын басып өткөн жолун чагылдырган "Отко таазим" аттуу тарыхый романы боюнча тартылган көркөм тасма өз убагында коомчулукка өзгөчө таасир берген эле. Бул тасмада башкы ролду аткарган актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын атагы чыккан. Ошондой эле жазуучунун "Аста секин колукту" драмасы, 60- жылдардан тартып ушул күнгө чейин сахнадан түшпөй байма-бай коюлуп келатат. Жазуучунун көзү тирүү кезинде эмгеги тиешелүү деңгээлде бааланбай калганы айрым убактарда айтыла калып жүргөнү менен, бул маселеге эч ким деле кызыгып көңүл бурулбаганын жокко чыгарбашыбыз керек. Жок дегенде көзү өткөндөн кийин эмгегин баалап, эстелигин тургузуп коюу үчүн бир чарчы жерди да ыраа көрбөдүк. Шаарыбыздан болбосо да киндик каны тамган кичи мекенинен бир көчөгө атын ыйгарып койсок деле ашыкча болмок эмес. Айтор, бул да колубуздан келбеди. Бүгүнкү күндө жазуучунун үй-бүлөсү өтө оор шартта жашашат экен. Эгер жазуучунун кыргыз элине жасаган эмгегин өкмөт бааласа, белгилүү жазуучунун үй-бүлөсүнө жардам берер… Биз жазуучунун жубайы Мария эжеге материалдык жактан жардам бере албасак да, моралдык жактан колдоого алып, аны менен кеңири баарлаштык…


- Бүгүнкү күндө жазуучунун үй-бүлөсүнүн жашоо-турмушу коомчулукка кызык болсо керек. Мария эже, айтсаңыз, деги эле акыбалыңыздар кандай?
- Акыбалым өтө оор. Насирдин менен 30 жыл бир чатырда баш калкалап турмуштун ысык-суугун бирге таттым. Чейрек кылымдан ашык Насирдиндин жанында жүрүп, залкар адам менен жашап жүргөнүмө эч маани бербептирмин. Көрсө кыргыздын тоодой бийик залкары менен жашаптырмын. 30 жылды менин аялзаттык бактым катары баалайм. Насирдинди жоготуу мага чоң трагедия болду. 3 эркек 1 кызды тарбиялап өстүрдүк. Насирдинден ажырагандан кийин чырактай 2 баламан ажырап өксүп отуруп калдым. Кайрат айтып аза-кайгымды тең бөлүшөр адамым да болбоду. Ошентип, ушул күнгө чейин өзүмө өзүм кайрат айтып, өзүмдү өзүм сооротуп жашайм. Ошол оор жоготуудан кийин жашоо-турмушубуз түп тамырынан өзгөрдү. Кичүү балам турмуштун тетири жолуна түштү, кийин токтолуп акыл кирди окшойт намаз окуп, дин жолуна түшүп оңолду. Бирок динге баш-оту менен кирип кетти. Динге өтө берилген адамдын мүнөзү өзгөрүп, оокат кылуудан такыр эле алыс болуп калат экен. Ал да эч жерде иштебейт, караганыбыз жалгыз менин пенсиям. Кызым алыска турмушка чыккан, жылына бир жолу келбесе катташпайт деле. Телефон аркылуу кабарлашып турабыз. Болгону 3000 сом пенсия алам, ал батирдин ижара акысын төлөөдөн ашпайт. Көзүм жакшы көрбөйт, кант диабети менен ооруйм. Доктурга көрүнөйүн десем, ага эмес дарыканадан дары алганга акча жок. Сөөгүм батирден чыгып кепини жок жерге берилемби деп корком. Дагы кудайга шүгүр, небере кызым колумда. Эптеп ошол мени жетелеп жөлөк-таяк болуп багып жатышат. Өлбөгөн адамдын жашоосу өтө берет экен. Бир күндө бир бөлкө менен карандай суу ичип күн кечиребиз. Батирибиз муздак, кыш жакындап келаткан сайын эми кайда барып баш калкалайбыз деп бушайман болуп жатам. Шарты жакшы батирге жашайлы десек каражат жетишпейт. Турак жай маселесин чечип бере алар бекен деген үмүт менен буга чейинки бийликке кайрылып атып чарчадым. Эч кандай жардам болбоду. "Ооба, баары жакшы болот" - деп эптеп иттен чыгарып жолго салып келишти. Балким, азыркы бийликтен менин акыбалымды түшүнгөн адамдар болуп калар деп силердин редакцияга кайрылып отурам.
- Жазуучунун тууган-уруктарынан жардам болуп турабы?
- Насирдиндин 7 бир тууганы бар болчу. Туугандарынын баары көзү өтүп кеткен. Жөлөк болгудай жакындарынан эч ким жок. Айылдашы Чүй университетинин президенти Султан Мамбеткалиев Кегетиден чыккан атактуу адамдардын эстелигин тургузуп, ошондо Насирдиндин да эстелигин тургузду. Болгону Токмок шаарынан бир маданият үйүнө аты берилди. Андан башка ооз толтуруп айта тургандай деле эч нерсе жок. "Туулган жердин топурагы алтын" эмеспи, Кегетиге барып отурукташсакпы десек, белгилүү банкир, экс-депутат Муратбек Мукашевдин иниси Манас Осмоналиев ал жерде айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштейт экен ал: "Бекер жер берилбейт" - деп Кегетиге жолотпой койду.
- Агайдын кол жазмалары, китептери көп болсо керек. Аларды архивге өткөрдүңүздөр беле?
- Китептери, кол жазмалары абдан көп. Бала кезинен бери жазган кол жазмалары бар. Анын баарын кайда көчсөм, кошо көчүрүп сактап келатам. Былтыр Мамлекеттик тарых музейине өткөрөйүн деп өткөргөн жокмун. Каза болорунда: "Мария, жок дегенде менин үй музейим ачылып калар, чыгармаларымды ошол жерге тапшыр"- деп керээз кылып айтып кеткен. Ошондуктан архивге өткөргүм келбейт.
- Агайдын жазуучу достору деле сизден кабар алып турушкан жокпу?
- Насирдин доско бай болчу. Турмуш деген ар кандай болот экен. Насирдиндин көзү тирүүсүндө байкелеп этегин кармап жүргөн достору каза болгондо куран окутуп келип койгонго жарашпады. Жакында көзү өтүп кеткен достору Жалил Садыков, Качкынбай Артыкбаев, Асанбек Стамовдор кабар алып турушчу эле, жаткан жерлери жайлуу болсун. Качкынбай Артыкбаев Насирдиндин чыгармаларын изилдеп көп жазды, кызымды аспирантурадан окутту. Кийин турмуш шартка байланыштуу кызым өз кесиби менен иштей албай калып, Качкынбайдын эмгегин актай албады.
Баарлашкан
Мирлан Алымбаев