Президенттерди башка
өлкөлөрдө да соттошкон
Перунун мурдагы президенти Альберто Фухиморинин жактоочулары. 7-апрель, 2009-жыл...
Мамлекет башчылары сот жообуна тартылуусуна негиз берген шарт-жагдайлар же окуялар Кыргызстандагыдай болбогону менен түрдүү кылмыштары үчүн президенттер соттолгон учурлар эл аралык практикада кездешет.

Мунун соңку жана таанымал мисалы - Түштүк Американын Перу мамлекети. Бул өлкөдө 1990-2000-жылдардын аралыгында он жыл бою президенттик кылган Альберто Фухимори (Alberto Fujimori) бир нече кылмыштары үчүн күнөөлүү деп табылган жана али да айыпталып келүүдө. Президенттик кызматтан 2000-жылы чегинген Фухимори кылмыш жоопкерчилигине коңшу Чилиден 2005-жылы кармалып, өз мекенине экстрадициялангандан кийин тартылды. Ага чейин 2003-жылы Интерпол Перунун бийликтеринин талабы боюнча Фухимориге эл аралык издөө жарыялаган болчу.
Фухимори бийликтен президенттик үчүнчү мөөнөтүнө шайланган соң, 2000-жылдын ноябрында ата-бабаларынын тарыхый мекени Жапонияда жумушчу сапар менен жүргөн жеринен чегинип, парламентке арызын факс аркылуу жөнөткөн. Мунун алдында ал үчүнчү мөөнөт үчүн шайлоо өнөктүгү учурунда оппозициядагы депутаттарды сатып алгандыгын далилдеген тасма сыналгыдан көрсөтүлгөн эле.
Жалпысынан, 2004-жылдан бери Перунун мурдагы президентинин үстүнөн төрт сот жараяны өтүп, акыркысы былтыр сентябрда аяктаган. Сот жараяндардын жүрүшү мамлекеттик каналдан көрсөтүлүп турган. Мурдагы президентке адегенде коррупция жана кызматынан кыянат пайдаланганы үчүн алты, кийин адам укуктарын бузганы үчүн 25, жардамчылары аркылуу пара бердирткени үчүн 7,5 жылдык түрмө жазасы чектелген. Перунун мыйзамдары боюнча айыпкер ага сот тарабынан чектелген жазанын эң узунун өтөйт. 72 жаштагы Фухимори учурда 25 жылдык түрмө жазасын өтөп жатат.
Былтыр октябрда Перунун прокуратурасы мурдагы президенттин үстүнөн дагы бир кылмыш ишин козгоп, ага 1991-жылы оппозициячыл журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деген айып койгон. Мурдагы президенттин кызы азыр Перу парламентинин депутаты. Кейхо Фухимори Перуда келерки жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышарын былтыр эле жарыялап, кокус шайланып калса абактагы атасына мунапыс берерин жашырган эмес.
Түштүк Америкадан Азияга келсек, бул аймакта президенттер соттолгон учурлар Түштүк Кореяда кездешет. Өлкөнүн 12-президенти, Түштүк Кореяны 1981-88-жылдары башкарган генерал Чон Ду Хван (Chun Doo-Hwan) 1996-жылы алгачкы баскычтагы сот тарабынан өлүм жазасына кесилип, бирок жогорку баскычтагы соттор тарабынан өкүм өмүр бою түрмөдө олтуруу менен алмаштырылган.
Түштүк Кореянын соттору бийликке аскерий төңкөрүш аркылуу келген мурдагы президентке карата жогорудагыдай жаза чектөөдө ал 1980-жылы али өлкөнүн аскерий чалгын кызматын башкарып турган кезинде Кванчжу деген шаарда студенттердин өкмөткө каршы толкундоосун күч менен басуу учурундагы кандуу окуяларды эске алган. Расмий маалыматтар боюнча толкундоону күч менен басуу учурунда 150-200, бейрасмий маалыматтарда 2000-2300 адам өлгөн деп айтылып жүрөт.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге өз мекенинде 7-апрелдеги окуяга тиешеси бар деген айып тагылууда.
Түштүк Кореянын Чон Ду Хвандан кийинки президенти генерал Ро Дэ У (Ro Tae Woo) да сот жообуна тартылган. Президенттикке 1988-жылы шайлоо аркылуу келген Ро Дэ У бийликтен кеткен 1993-жылы эле камакка алынып, алгач коррупция, кийин Кванчжу шаарындагы кандуу окуялар боюнча да айыпталган. Сот 1996-жылдын августунда ага алгач 22 жылдык жаза чектеп, кийин жаза мөөнөтү 17 жылга түшүрүлгөн. Ал эми 1998-жылы Түштүк Кореянын ошол кездеги президенти Ким Дэ Чжун Ро Дэ Уга мунапыс берген.
Быйыл болсо Уругвайда өлкөнүн 1972-76-жылдардагы диктатору, Хуан Мария Бордаберрини (Juan Maria Bordaberry) 30 жылга эркинен ажыратышты. Бул Уругвайдагы эң жогорку жаза. Мурдагы президент өзү бийлик жүргүзгөн учурдагы оппозиция өкүлдөрүн уурдоого, өлтүрүүлөргө катышы бардыгы үчүн айыптуу деп табылды. Сот 81 жаштагы Бордаберринин саламаттыгына байланыштуу жаза мөөнөтүн баласынын үйүндө өтөөгө уруксат берген.
Улан Эшматов,
"Азаттык" үналгысы.




Мусулмандар
кудайдан корккула!

Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаевага,
"Ата-Журт" фракциясынын башчысы А.Келдибековго,
КСДП фракциясынын башчысы
А.Атамбаевге,
"Ар-Намыс" фракциясынын башчысы
Ф.Куловго,
"Республика" фракциясынын башчысы Ө.Бабановго,
"Ата Мекен" фракциясынын башчысы Ө.Текебаевге,
"Форум" гезитинин башкы редактору Э.Балбаковго
ажы сапарына алып баруучу топтун
башчысы Джураев Абдышүкүрдөн

Арыз

Биздин сизге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө: Быйылкы 2010-жылы ажы сапарына баруу үчүн №1 лицензия Матиев Жапардын атынан 15-октябрь саат 17:00дө Дин боюнча өкмөт алдындагы комиссиясынын орун басары Мурзахалилов Канатка 99 паспорт виза ачуу үчүн тапшырганбыз. Ажыга баруу үчүн төлөмдөрдү толук төлөгөнбүз. 10 800 долларга Рахис авиакомпаниясы менен 2-ноябрь күнгө Ош-Жида маршруту боюнча келишим түзүлгөн. 28-октябрь 2010-жылы 99 паспорт ичинен сиздерге виза жетпей калды деп 41 паспорт кайрылып берилди. Бизге түшкөн маалымат боюнча 41 визаны Иран Республикасынын атуулдарына сатып жиберишиптир. Бул факт 10-ноябрь 2010-жылы Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалгандыгы 144 виза менен тастыкталат. Кыргызстан боюнча телевидение аркылуу өздөрү берген маалымат боюнча 4630 атуулдарына квота берилген. Анын ичинен Ош облусунан 1100 адам катталган. Баткен облусуна 400 квота берилген 250 адам катталган. 2500 квота ордуна 1410 адам чогулган. Муфтияттын каттоосу боюнча 3500 адам каттоодон өткөн. Сауд Аравиясындагы элчи Жусупбек Шариповдун маалыматы боюнча 5140 кыргыз жарандарына виза басылган. Натыйжада 41 ардагер, аксакалдар, баатыр энелер Алай, Кара-Суу, Ноокат райондорунан үй-бүлөлөрү менен коштошуп элден бата алып алышып 4-ноябрь күнү Ош аэропортунан ажы сапарына барбай калышты. Ош-Жиде каттамы боюнча буюртма учагынын 41 адамына төлөнгөн орундуктары 131 адамы менен бош учуп кетти.
Бул иштерге башынан дин башкармалыгы тарабынан түзүлгөн комиссия жана Жумашев Болот, орун басары Мурзахалимов Канат күнөөлүү деп эсептейбиз. Мадина шаарында мейманканага ар бир ажыдан 100 доллардан калькуляция менен 4,5 миң адамдан 450 000 доллар кимдин чөнтөгүнө түштү? Мейманкананын баасы 50 доллардан ашпайт. Палаткаларга 5 доллардан 22 500 доллар кимдин чөнтөгүнө түштү.
Ар бир виза Иран Түрк атуулдарына 3000-3500 АКШ долларына сатышкан деген эл ичинде сөздөр жүрөт. Башынан эле дин башкармалыгы өзүнө ажы сапарына алып баруу боюнча милдеттенме алышып, тажрыйбасы жоктугуна карабай ушул иштерди жасашты.
Мусулман адамдарды өздөрүнүн тууган, айылдаштары алдында мазактагандай мамиле кылышты. Алардын кордолгон тагдырына ким жооп берет? Келтирилген чыгымдардын орду толгус, анткени өзүн өзү ажы сапарына даярдап жүргөндөрдүн көбү ооруп калышты. Эл алдына чыгып, кечирим сурап мыйзам алдында жооп беришсин. 2000ден ашык виза кайда кеткенин жана кимдерге сатылганына, 41 ажыга барчу аксакал баатыр энелердин көз жашы, күйүтүнө ким жооп берет? Күнөөкөрлөрдүн үстүнөн чара көрүүңүздөрдү суранабыз.
Терең урматтоо менен
Абдышүкүр жураев