"Манас" чогулткан, согушка катышкан, репрессиядан запкы тарткан ардагер - Сапарбай
Жылдарды карытып, Улуу Жеңиштин жаркыраган 65-жылы жаңырды. Бүткүл адамзат бул жашоодогу мааниси өтө зор датаны терең урматтоо менен майрамдады! Нечен миллиондогон адамдардын каны-жанынан, көз жаштары менен азап-тозокторунан жуурулуп келген жексур фашизмди жер жүзүнөн биротоло жок кылган ушул Улуу Жеңиш болбогондо азыркы муундар, биз, бул жарык дүйнөгө жаралат белек, ким билет?!

9-Май - Улуу Жеңиш күнү-ыйык күн, өзгөчө майрам! Бул күндүн мен үчүн да бөтөнчө мааниси бар. Башы бүтүн, боору эсен үй-бүлө калбаган ошол алаамат согуш жылдарында элди Улуу Жеңишке жеткирген эр жүрөк жоокерлердин арасында менин чоң атам-Сооронбай уулу Сапарбай да бар эле...
"Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин!"-деп Аалы акыныбыз айткандай, чоң атам жөнүндөгү азыраак кабар Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча Союз маалында жарык көргөн "МАНАС" эпосунун баш сөзүндө, окумуштуу илимпоз С.Мусаевдин макаласында айтылат. Мага чоң атам Сапарбайдын тагдырын, өмүр жолун даанышман, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов "Кылым карытар бир күн" романындагы Абуталип Куттубаев деген каармандын прoтотиби кылып жазып койгондой туюла берет. Сапарбай чоң атам туурасындагы маалыматты эли-журтума айтпасам, көптөн бери кутула албаган карыз өңдөнүп, жан дүйнөмдү эзип келет... Эмесе, сөз башынан болсун!
Сапарбай орто чарбалуу, момун Сооронбайдын төрт уулунун экинчиси болгон. Өзүнөн улуу агасы - Сандалбай өрөөндө алдына адамды чыгарбаган аалым, чоң молдо болуптур. Чоң атам болсо, кичинесинен адамга жугумдуу, ачык мүнөздүүлүгү, зээндүүлүгү менен өзгөчө экен. ХХ кылымдын башында Октябрь төңкөрүшүнөн кийин элибиз али кат-сабаттуу боло элек кез. Азыр кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү Ишенаалы Арабаев Чыңгыз Айтматовдун Дүйшөнү сымал бала окутуп жүргөндө, тагдыр буйруп, чоң атам Сапарбай да андан билим алат.
1922-жылы окумуштуулар чогулушуп, "МАНАС" эпосунун варианттарын манасчылардан жазып алуу иштерин баштамакчы болушуп, кат-сабаттуу жигиттер керек болгондуктан, И.Арабaевге кайрылышса, "Нарындагы Он-Арчанын жээгинде Сапарбай деген жүүнү тирүү, тың жигит бар, ошол жарайт" - деп чоң ишке кошуптур. Ошентип, манасчы Сагынбай Орозбак уулун Кочкордон алдыртышып, окумуштуулар - Каюм Мифтаков, Ыбырайым Абдырахманов баштаган чакан топко чоң атам кошулуп, айыл-айылды, жайлоо-кыштоону кыдырышып, эл аралап "МАНАС" баянын айттырышат. Ал кезде азыркыдай магнитофон, үн жазгыч аппарат кайдан? Кирген суудай күпүлдөп, төгүлүп-чачылып, эргип, токтоосуз "МАНАС" айткан залкар Сагынбайдын ар бир сөзүн илип алып, араб тамгасы менен кагаз бетине түшүрүү, чындыгында канчалык зор эмгек?! Куржун-куржун кол жазмаларды ат-көлүккө жүктөп, борборго жөнөтүп, суукта тоңуп, ысыкта чаңкап дегендей, ошол түйшүктүү ишти (азыркы биз үчүн опол- тоодой маанилүү кол жазмалар КРнын Илимдер академиясынын фондунда сакталуу) илимпоздор менен кошо моюндап, чоң атам үй-бүлөсүнө кайыл болуп, (бир топ адамдарды ээрчип кетип, дайынсыз болгон уулунан ата-энеси үмүттөрүн үзүп да коюшат) иштин өтөөсүнө чыккан. Эпосту жазып алуу жумуштары төрт жылдан ооп, 1926-жылы аяктаган. Андан кийин коллективдүү чарба уюштуруу өнөктүгү келип, кокту-колоттон эл жакага түшүп, отурукташып, толуп жаткан түмөн түйшүктү жеңип, жаңы турмушту курушуп, жакшы жашоого эми жетебиз деп тилек кылып жатканда, Батыштан фашисттик Германия кан күйгөн алааматты баштабадыбы?!
"Эр жигит эл четинде, жоо бетинде" дегендей, 365 миң кыргызстандык жоокерлердин катарында чоң атам Сапарбай да колуна курал алып, карыган ата-энесин, алган жарын, кызыл чие балдарын оорукка калтырып, кан майданга 1941-жылдын август айында аттанат. Алматыдан атайын даярдыктан өткөн соң, 1941-жылдын ноябрында фронтко кирет. Эки жолу оор жарадар болуп, айыгып чыккандан кийин, 1944-жылдын жазында Батыш Украина фронтунда согушуп жатып, контузия алып, капилеттен колго түшөт. Батыш Германиянын "Майданек", "Освенцум" концлагерлеринде болуп, көрбөгөн азабы калбайт. Согуш аяктаганда союздаштар - америкалык аскерлер миңдеген туткундарды бошотушат. Ошентип, 1946-жылы сентябрда чоң атам АЙКӨЛ атабыздын руху колдоп, алты саны аман, туулуп-өскөн айылы Он-Арчага кайтып келет.
Бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүүдө эл менен бирге эмгек кылып, бригаданы баштап, күжүрмөндүүлүгүн көргөзөт. Кийинчерээк, токойчу, дүкөнчү болуп иштейт. Эл жоону жеңдик, эми бейпил турмушта жашайбыз деген таттуу үмүттөр менен күн кечирип жүрүшкөндө баягы сталиндик каргашалуу репрессиялар кайрадан баш көтөрүп, Ч.Айтматовдун каарманы Абуталип Куттубаевге тийген "эпкин" Сапарбай чоң атама да жетиптир. Эки күндүн биринде эле райборбор - Нарынга чакыртышып, НКВД жан койбоптур... "Сен чыккынчы болгонсуң! Эмне үчүн өзүңдү-өзүң атып өлгөн жоксуң?!"- деп, адилетсиз кемсинтишип, майору баштап кордошкон. Ошондогу көргөн кордук-зордуктун айынан чоң атамдын армандуу үнү Кудайга жетсе керек, 1960-жылдын 12-мартында 59 жашында дүйнөдөн өткөн.
Чоң атамдын иниси Узакбай бир колунан айрылып келсе, кичүү иниси Ажыбай 17 жаштагы чырактай жигит кезинде кеткен бойдон кан майдандан кайтпай калган. 1941-1945-жылдарда болуп өткөн теңдешсиз тажаал согуш биздин үй-бүлөгө да ушундай так калтырган.
Чоң атам Сапарбай Бүбүзуура чоң энем экөө жети уул, беш кыздуу болушкан. Уулдары - Шаакерим, Керим (менин атам), Абдырасул, Кылычбек (азыр да мектепте иштейт) эл агартуу жагында алды 45 -50 жыл эмгек өтөшүп, Эл агартуунун отличниги - деген наамга ээ болушуп, элдин урмат-сыйына татыктуу болушкан! Эсен - физик-электрик, Алмазбек - юрист, Шүкүрбек - механизатор болуп эмгектенишкен. Кыздары Күлүйпа, Акылман, Нурийла, Урумкан, Эркингүл өлкөбүздүн ар тарабында үй-бүлөлөрү менен турушат. Нарын өрөөнүндөгү чоң атамды көргөн карыялар - "Сапарбай колу ачык, пейили өтө кенен, барпаңдаган сыйчыл, адамгерчилиги бөтөнчө бийик инсан эле"- деп бүгүнкү күнгө чейин эскеришет. Биз, чоң атамдын урпактары, анын эли-журтуна өтөп кеткен өрнөктүү өмүрү менен сыймыктанабыз! Айрыкча, дүйнө эли таң калган алп "МАНАС" дастанын - Сагынбай манасчынын вариантын анын өз оозунан жазып алуу не деген зор эмгек?! Кыргыз элинин руханий байлыгы, гүл азыгы болгон "МАНАС" эпосу (Сагынбай Орозбак уулунун вариантында) кайрадан басмадан жарык көрдү. Китептин салмагы - 7 кг, бийиктиги - 14 см түзөт! Жакында бул жаңы китептин бет ачар аземине Журт башчысы -президентибиз Отунбаева Роза Ысак кызы Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү менен келип, Тарых музейине чогулган коомчулуктун өкүлдөрүнүн жана окумуштуулардын алдында сөз сүйлөп, китеп жөнүндө өзүнүн жылуу пикирлерин айтты...- "АЙКӨЛ МАНАСыбыз ар бирибиздин көкүрөгүбүздө жашап турганда, манасчылардын улам жаңы мууну пайда болуп турганда "МАНАС" эпосу менен кыргыз эли түбөлүктүү экенине ишенем!"- деди. Бишкек шаарынын М.Элебаев көчөсү-1в, тел. 0312 59 46 26 да сатылып жаткан бул жаңы алп китеп кыздардын себине кошуп берүүгө боло турган рухий асыл дөөлөт, ЫЙЫК МУРАС!
Союз маалында, бир кездерде эпостун элибиз үчүн өтө маанилүү, кымбат, зор казына экенин белгилеген инсандар "улутчул" - деген жарлык менен КПСС тарабынан куугунтукталып, азап тартып жаткандыктарына карабай, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов "МАНАС" эпосу - кыргыз элинин рухунун туу чокусу!" -деп белгилеп, эпостун 1000 жылдыгын белгилөө зарылдыгына бирден-бир демилгечи болгон! Ошентип, 1995-жылы август айында "МАНАС" эпосунун 1000 жылдык мааракеси ошол кездеги каржылык тартыштыкка карабай зор ийгилик менен өтүүсү көптөгөн чыгармачыл адамдарга, түрдүү өнөр ээлерине таасир берип, эргүү жаратып, алар -адабиятта, кинодо, сүрөт, музыка, скульптура, прикладдык-этнографиялык искусство жаатында "МАНАС" темасына кайрылышып, союз кулаганда идеологиялык ваакумга кептелген элибиз үчүн соолбос мухит бар экенин дагы бир ирет далилдешти! Ошол даңазалуу маараке өткөнүнө быйыл августта 15 жыл толду! Ушул аралыкта алп дастаныбыздын касиеттүү кайыптар дүйнөсүнүн Алтын дарбазасы кенен ачылып, дастандын алгачкы автору, АЙКӨЛ атабыздын кырк чоросунун бири - Жайсаң Үмөт уулунун тирүү рухунан жазып алган БүбүМариям Муса кызынын "АЙКӨЛ МАНАС" китебинин 10 томдугу жарык көрүп, МАНАС атабыз жомоктогу каарман эле эмес, 670-жылы августта төрөлүп, тарыхта жашап өткөн инсан экендиги айгине болуп, анын жарык дүйнөгө келген жери - азыркы Орусиянын тоолуу Алтайына жазуучу - Асыкбек Оморов, КРнын эмгек сиңирген артисти - Акылбек Мураталиев баштаган 40 чыгаан жигиттерибиз жакында барып, зыярат кылып келишкенинен да элибиз кабардар. 1995-жылы белгилүү датанын урматына Ашым Жакыпбектин "Теңири МАНАС" романы, 2004-жылы жарык көргөн Бактыбек Максүтовдун "АЙКӨЛ МАНАС" чыгармасы элибиз үчүн дастанды окуп, үйрөнөм дегендерге адабий зор, көркөм казыналык милдеттерди өтөгөн эмгектерден болуп калды. Ал эми ХХ кылымдын Гомери - манасчы Саякбай Каралаев атабыздын айтуусундагы дастандын варианты - жарым миллиондон ашык ыр саптарынан турган "МАНАС", "СЕМЕТЕЙ", "СЕЙТЕК" үчилтиги өзүнчө сөз кылууга татыктуу жана ушул күнгө чейин окумуштуулар тарабынан толук изилденип бүтө элек. Анын кыргыз элине калтырган асыл мурасынын маанисин эч ким бөксөртө да, талаша да албайт!
Бала ата-эне алдында кандай милдеткер болсо, чоң ата, чоң эне, тайларга небере андан көп карыз, себеби анын атасын, энесин жаратып, адам кылгандар - ошолор! Бул макаланы жазуу менен мен окумуштуу-фольклористтер менен кошо элине төө көтөргүс эмгек өтөгөн сакадай бою сары алтын чоң атам - Сапарбайдын алдындагы парзымды аз да болсо аткаргым келди.
Ылайым бизди ата-бабалардын рухтары түз жолго баштап, эл-жерибизде ынтымак, өсүп-өнүгүү жана тынчтык болсун!!!
Сапарбаева Айканыш Керим кызы