Каяша

Кудукка түкүргөндөр тууралуу икая
1. "Улуу агабыз"
артыкчылыкка ээ
Саясий көз караштын талаасынан караганда партиялар жана анын лидерлеринин, ал гана эмес ашынган улутчул жана АКШ менен Европага таасирленген деп аталган "Ата Мекен" партиясы да Кыргызстандын Орусия менен экономикалык, саясий жана идеологиялык жактан байланышта болушун четке какпайт. Бул турмуштун таңуулаган өктөм өкүмү экенин эч ким тана албайт. Биринчиден, батыш өлкөлөрүнөн жана мурдагы КМШ өлкөлөрүнөн келүүчү гумжардамдар өтүүчү бүтүндөй жол коммуникациялары Орусия жана Казакстан аркылуу өтөт. Экинчиден, тышкы миграцияда жүргөн кыргыздардын басымдуу бөлүгү орус жергесинде жашап жана иштеп жатышат. Тактап айтканда, элибиз айткандай "алыскы туугандан, жакынкы коңшу артык" экендигин турмуш өзү тастыктап коюп отурат.
Мындан тышкары элибиз эгемендүүлүккө ээ болгондон бери чек ара чатактарында "боевиктердин" күтүүсүз басып киришинде биз ишенген батыштыктардан мурда орустардын материалдык жана моралдык көмөгүн унутуп коюунун өзү "ичкен кудугуна түкүргөн" түркөйлүк болуп каларын да унутпашыбыз керек. Эл аралык мамиледе булар негизги критерий болуп каларын эстен чыгарбашыбыз керек.
Ырас, Орусия мындай жардамын өлкөбүздүн геосаясатка ыңгайлуу аймакта жайгашкандыгынан улам көргөзүп келет, бирок бул кеңири аймакта жалаң Кыргызстан гана жайгашпагандыгын саясатчыларыбыздын көз жуумп коюуга укугу жок экендигин алдын ала эскертип койсок артыкпаш болбос. Ошондой болсо да "улуу агабыздын" өз алдынча мамлекет катары таанылган Кыргызстандын ички жана тышкы саясатына таасир көргөзүшүнө жана кийлигишүүсүнө аракет жасашына мүмкүнчүлүк берилбеши учурдун талабы болуп саналат.
Орус саясатында эгемендүүлүккө ээ болгон Борбордук Азиянын мамлекеттеринде Орусияга жасалган мамилелер тууралуу тема негизги мүнөзгө ээ болуп бара жатат. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш, себеби мында алдуунун алсыздарга кысымын күчөтүүгө ташталган чакырык катары карасак да болот. Буга мисал катары Станислав Елифанцевдин макаласын кошсок болот. Ал жакында болуп өткөн парламенттик шайлоодо Кыргызстанда жашаган орустардын пассивдүүлүгүнөн бар болгону 7 адам гана депутат болгондугуна каңырыгын түтөтүп отурат. Реалдуу мүнөздө көз чаптыралы. Мекенибизде 5 миллион калк бар, анын 1 миллионго жакыны, болгондо да ишке жарамдуулар чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Депутаттык мандатка 120 орун бөлүнгөнүнө саресеп салсак, көп улуттуу Кыргызстанда бул көрсөткүч жогору экендигин эсептеп чыгарууга математик болуунун кажети жоктугу ачык көрүнүп отурбайбы? Орустарга мындай артыкчылыктар Прибалтика, Закавказье өлкөлөрүн мындай коёлу, славян мамлекеттеринде ушундай артыкчылыктарга ээ боло алышарын ойлобогондугун кантип түшүндүрөт болду экен?
2. Шынаа кагууга аракет
Эскерте кетели, мамлекеттик тил кыргыз тили деп жарыяланганына 20 жыл чамалап барат. Ал эми кыргыз жергесинде жашаган орустар биздин мамлекеттик тилибизди урматтайбы? КМШ өлкөлөрүндө орус тилин расмий тил катары урматтаган Кыргызстандан башка кайсынысы калды? Кыргыздар орус элин жериген жок, тетирисинче, алар менен мурдагыдай мамиледе калууга жан үрөп жатышканы жогорудагы автордун пикирин төгүнгө чыгарып отурбайбы?
Ырас, Орусияда иштөөгө кыргыз жаштарынын агымы күчтүү, бирок алар "кара күч" сарпталуучу иштерде, наркы арзан жумушчу күч болуп саналышат. Ал эми биздин кыргыз жергесинде орустардын басымдуу бөлүгү "престиждүү" кызматтарда иштешери жашыруун эмес. "Элита титулун" алгандардын көбү кимдер экенин "господин" С. Елифанцевдин билмексенге салышы эки элдин ортосуна шынаа кагууга жасалган аракети эмеспи? Ушундай артыкчылыкка Орусияда ээ болгон кыргыздар бар болду бекен? Ошол эле учурда орустарга каршы кыргыз жергесинде "жалтырак баштар" уюмдары жок, тетирисинче жергиликтүү калкка караганда расмий тилдин "өкүлү" катары алар чексиз эркиндикке жана мансапка ээ десек жаңылышпайбыз.
Кыргыз эли бирди-жарымдын тескери пикирлерине көңүл бурбаган айкөлдүгүн көргөзүп келет. Алар орус калкы менен адаттагыдай эле жакшы мамилесин өзгөрткөн жок. Алардын уул-кыздарынын билим алуусуна, кесипке ээ болушуна бардык шарттарды түзүп келишет. Ал эми ички жана тышкы саясатта Орусия менен Кыргызстандын чыныгы өнөктөш болушуна азыркы жаңы бийликтин кызыкдар экендиги жалпыбызга маалым эмеспи. Ушундан улам каяша айтууга туура келип отурат…
Эртабылды АТТОКУРОВ




Улутташтырууга убакыт жетти
Тоң районунун дээрлик бардык айылдарынан "Кумтөр оперейтинг Компанинин" (КОК) оор жүк ташуучу автомашиналарынын тынымсыз өтүшүнөн улам жол боюндагы үйлөрдөн жаракалар кеткендиги белгилүү. Бул боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен жол боюндагы ар бир үйдүн тарткан зыяны аныкталып, жарым-жартылай компенсация төлөнүп берилген болчу.

Бирок учурда негизги жол капиталдык ремонттон өтпөй, оор жүк ташыган машиналардан жол боюндагы үйлөрдүн жаракалары чоңоюп, көбөйүп жаткандыктан элдин нааразычылыгы өсүүдө. Ошондуктан элдин мүдөөсүн коомчулукка жеткирүү максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Э.А.Исаковго, КОКтун жетекчилигине Балыкчы-Барскоон авто жолун кайра куруу иштерине канча каражат бөлүнгөндүгүн тактап берүү жөнүндө кайрылганбыз. КОКтун жетекчилиги 2010-жылын 21-июлунда берген жообунда 2007-2009-жылдары республикалык бюджетке 888181547 сом жол салыгынан төлөнгөндүгүн билдирип, жол боюнча маселени Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министри чечет деп белгилеген. Ал эми Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин жообунда 2010-жылга Ысык-Көл областынын жолдоруна 28430. 0 миң сом бөлүнгөндүгү айтылган.
Ысык-Көл областтык губернаторунун орун басары К.Алышбаевдин билдиргенине караганда районго бөлүнгөн сумманын 13691, 2 миң сому Бөкөнбаев айылынын ичиндеги 3,6 чакырым жолго асфальт-бетон төшөө жумуштарына, 2375,3 миң сому 3167 чарчы метр аң-чөнөктөрдү бүтөөгө кеткен. Бөкөнбаев-Көл-Төр-Дөң-Талаа авто жолунун эки чакырымына шагыл төгүлүп, оңдоо иштери аткарылган… Жогорудагы жоопторго таянсак, бизге бөлүнгөн каражаттын дагы он эки миллиондой сому өздөштүрүлө элек. Эң башкы маселе биздин талапта көрсөтүлгөн Балыкчы-Барскоон жолу капиталдык ремонттон өткөн жок.
Биз жолдогон каттын негизинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги Президенттик администрацияга кат жазып, региондогу түзүлгөн проблемаларды чечиш үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүүнү сунуштаган экен.
Районубуздагы Шор-Булак айылындагы жабыр тарткан үйлөргө компенсация төлөө, Балыкчы-Барскоон жолун капиталдык ремонттон өткөрүү талабы менен үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда жаштар тарабынан жол жабылгандан кийин, жогорудагы бизге берилген тездетилген жооптор канааттандырылбагандыктан Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаевага учурдагы бардык жасалган иштер ачык болуш үчүн КОК менен Кыргыз Өкмөтүнүн ортосундагы келишим менен тааныштыруу, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин КОКтун оор жүк ташуучу машиналарынын салмагына ылайыктап, Барскоон-Балыкчы жолун капиталдык ремонттон өткөрүү өтүнүчү менен кайрылууга аргасыз болдук. Жаратылыш ресурстары министри Жумалиевдин КОК менен Кыргыз Өкмөтүнүн келишиминин көчүрмөсүн Ысык-Көл областтык администрациясынан же Тоң райондук администрациясынан ала аласыздар деген жооп кат келген. Бирок Тоң райондук мамлекеттик администрациясынан келишим жок деген жооп алдык.
Ушул эле талап боюнча кайрылуу кат Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы губернатор М.Асанакуновго жиберилген. Ал жактан эмдигиче жооп ала элекпиз.
КОКтун президенти Роберт Вандердин жообунда Кыргыз курулуш илим изилдөө институтунун адистеринин бир нече жолку жүргүзгөн текшерүүсүндө Балыкчы-Кумтөр жолундагы үйлөр оор жүк ташуучу автотранспорттон зыян тартпаса эмне үчүн компенсация төлөнүп берилди? Дегеле, аталган институттун адистери кайсы негизде, эмнеге таянып жыйынтык чыгаргандыгы таң калычтуу. КОКтун президентинин ошол эле жообунда республикалык деңгээлде түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын: "Кумтөрдүн жол боюнда жайгашкан айылдардын жашоочуларынын ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, генофондго эч кандай тескери таасири болбойт" - деп чыгарган жыйынтыгы айтылган. Учурда медицина кызматкерлеринин отчетторун жана күндөлүк турмушубуздан белгилүү болгондой айрым оорулардын өтө тездик менен көбөйүп бараткандыгы жашыруун эмес.
Райондук үй-бүлөлүк медицина борбору аркылуу КОКтун жетекчилигине элдин ден соолугун текшерип, туура диагноз коюу үчүн УЗИ, флюро аппараттары, кольпоскоп, офтальмоскоп сыяктуу медициналык жабдыктарга жардам көрсөтүүсүн сураган кат жөнөтүлгөн.
"Кумтөр оперейтинг Компани" менен Кыргыз Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди сурап жатканыбыз элдик талкууга коюу болуп саналат. Укканыбызга караганда ошол келишимдин негизинде КОК жылыга түшкөн кирешенин 33 пайызын эле республикабызга калтырат. Ошол эле учурда чыгымды көбөйтүп, кирешени азайтып койгонго мүмкүнчүлүгү бар. Биз эмне үчүн өз байлыгыбыздан түшкөн кирешенин 50 пайызын талап кыла албайбыз? Биздин чиновниктердин келишим түзүүдөгү жеке кызыкчылыгы дал ушул жерде болбосун деген ой пайда болот.
Учурда "Кумтөр оперейтинг Компаниде" жетиштүү санда жергиликтүү адистер иштеп жаткандыгын, комбинатты улутташтырууга убакыт келгендигин белгилеп, бул маселени республикалык деңгээлде көтөрөлү деген демилгебиз бар экендигин билдиребиз.
Уланбек Илебаев,
коомдук координатор, Тоң району.