Тактоо киргизебиз…

Мамыралиев Кудайберди Кожобекович,
Мамлекеттик ветеринардык департаментинин башкы директору:
"Кээ бир адамдарга менин ошол жерде
иштегеним ыңгайсыз абалды түзөт"
Гезитибиздин өткөн санында Мамлекеттик ветеринардык департаментинин башкы директору Мамыралиев Кудайберди Кожобекович тууралуу "Тукумсуз жубайлар, оорулуу ымыркайлар, же азык-түлүк коопсуздугу качан сакталат?" аттуу Нурбек Кененбаевдин макаласы жарык көргөн. Бирок макаладагы айтылган фактылар чындыкка коошпогондугуна байланыштуу, андагы жалган маалыматтардын чын-төгүнүн аталган департаменттин башкы директору Мамыралиев Кудайберди Кожобековичтин өз оозунан угууну туура көрдүк. Анда сөз башынан болсун.

- Кудайберди Кожобекович, сизди Мамлекеттик ветеринардык департаментинин башкы директорлугуна завхоз болуп иштеп жүрүп эле келип калды деген туурабы?
- Мен Жалал- Абад шаарындагы Зооветтехникумун, Бишкектеги Айыл чарба университетинин Ветеринария бөлүмүн кызыл диплом менен бүтүргөм. 1985-жылдан бери колхоз, совхоздордо башкы ветврач болуп иштеп келгем. Айыл чарбада реформа болгондон кийин Аксы районунда биринчилерден болуп, жеке менчик мал доктурлардын башын кошуп, мал доктурлар бирикмесин түзгөм. Бир топ жыл аталган бирикмеде ага инспектор болуп иштегем. Андан кийин Бишкек шаарынын ветеринардык-санитардык башкармалыгынын башчысы болуп иштедим. 2005-жылы Мамлекеттик ветеринардык департаменттин башкы директорунун орун басары болуп дайындалдым. Айыл чарба министрлигинде 2005-жылдан 2010-жылга чейинки аралыкта үч жолу реформа болду. Ошол үч жолку реформада көп кызматкерлер жумуштарынан айрылышып, көптөр ээлеген кызматынан төмөндөгөн. Мага да реформа таасир этти. Биринчи жолку реформада орун басарлыктан департаменттеги жугуштуу ооруларга каршы күрөшү башкармалыгынын жетекчиси, кийин администрациялык бөлүмүн жетектеп келгем. Сиздердин гезитте жазылгандай, мен департаментке келгени завхоздук кызматты аркалаган жокмун. Ветеринария кызматында 35 жыл эмгектенсем, ошонун 5 жылында Мамлекеттик департаментте ар кандай кызматтарда иштедим.
- Казакстандан келип биздин малдарды текшергендер туурасында айтсаңыз?
- 2006-жылдан бери Казакстан, Өзбекстан, Орусия чек араларын мал чарба азык-түлкүтөрүн өткөрбөө боюнча келишим кабыл алышып, чек араларды жаап келишкен. Казакстандын өкмөтү менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосунда ушул чек араны жөнгө салуу боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат. Ошол иш-чаралардын бири, биздин ветеринардык департаментке тиешелүү. Мына ушул жагдайда өткөн айларда биз Астана шаарында Казакстандын ветеринардык кызмат башчысынын орун басары Жакупбаев менен жолукканбыз. Ошол жолугушууда биз чек араларды кайра ачуу боюнча демилге көтөрдүк. Ушул макулдашуу боюнча келишим түзүлүп, иш пландар иштелип чыккан. Келишимдин негизинде Казакстан дын ветеринардык кызматынын кызматкерлери мындан 15 күн мурда келип, биздин малдардын канын алып кетишкен. Эми биздин үч топко бөлүнгөн кызматкерлер Таластын "Чоң капка", Чүй облусунан "Ак жол", "Чалдыбар" чек арасы аркылуу Казакстанга кетишти. Ал жактан миңден ашуун малдын канын алып келип, өзүбүздүн лабораторияда изилдөө жүргүзүшөт.
Эки мамлекеттин макулдашуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин, жолугушуу өтөт. Эгер текшерүүнүн жыйынтыгы жакшы чыкса, чек аралар ачылып, биздин мал чарба продукциясы Казакстанга экспорттоло баштайт. Макалада жазылгандай, казактар жөн жерден эле келе калып биздин малдарды текшергенге эч кандай акысы да укугу да жок.
- Мамлекеттик каражатка бекер эмдөө үчүн алынып келинген вакциналар сатылып жатат, айрымдары таптакыр алынып келине элек деген сөздөрдүн чын-төгүнүнө токтолуп өтсөңүз?
- Дары-дармектердин баары алынып келинген. Азыр бардык облустарга бөлүнүп берилди. Учурда малдарды эмдөө иштери жүрүп жатат. Ал эми тендерден утуп алып, дары-дармектерди өз учурунда алып келбеген фирмаларга айып салуу көргөзмөсүн бергем. Мамлекет тарабынан алынып келинген дары-дармектердин жеке менчик ветеринардык аптекаларда арзан баада сатылууда деген маселе боюнча мен жаңы жетекчи болуп келгенде оозеки түрдө кайрылышкандар болгон. Ошондо эле Ветеринардык департаменттеги инспекторлордун баарына мыйзамсыз дарыларды сатып жаткан дарыканаларды текшерүүгө тапшырма берилген. Бирок ушул күнгө чейин мыйзамсыз дары саткан фактыны таба элекпиз.
- Республиканы каптап кеткен мал ооруларын статистикадан азайтып жазып, элден жашырып жатышат дегендин канчалык чындыгы бар?..
- Бүт республикадагы малдарды жугуштуу оорулар басып кетти, малдардын оорусун статистикага жазбай койду дегенге такыр кошулбайм. Бул такталбаган маалымат. Мен келип иштегенден бери бүт облустарды кыдырып, райондордун айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, жеке мал доктурлар менен жолугушуп, "оору кайсы жерден чыкса жашырбай ачык айтып, диагнозун аныктап, башка малдарга таратпай, ошол жерден дарылап айыктырган дарыгерлерге атайын сыйлык берилет" - деген жаңы шартты киргиздим. Буга чейин оору чыккан аймактын мал доктурларын жумуштан ала берип, коркутуп койгон. Ошол себептен ооруну жашырышчу. Мына ушул көрүнүштү жоюу үчүн жогорудай шарт түзүп, эгер жашырып койсоңор тийиштүү жазаңарды аласыңар деген талап койдум. Бул боюнча 20-октябрда бардык облус, райондордун ветеринардык жетекчилери менен тогуз айлык иштин жыйынтыгын чыгарган чоң жыйында да айтылды.
- Малдарды эмдөө иштери кандай жүргүзүлүп жатат?
- Мындан эки жыл мурда бруцеллез оорусуна каршы эмдөө жүргүзүү боюнча Дүйнөлүк банкка долбоор жазганбыз. Ошондо Нарын облусу пилоттук программага кирип, аталган аймактагы ургаачы кой-эчкилер бруцеллез оорусуна каршы вакцинаны көзүнө тамчылатуу жолу менен толук эмделген. Эки жылдын жыйынтыгы жаман болгон жок. Нарын облустук ветеринардык башкармалыгынын жетекчилеринин, ошол аймактагы врачтардын берген аныктамасында бруцеллез оорусу менен өткөн жылы 356 адам ооруган болсо, быйыл 180 адам катталган. Албетте, бул жыйынтыкка малды эмдөө менен гана эмес, бруцеллез оорусун алдын алууну элге түшүндүрүү иштерин натыйжалуу жүргүзүү аркылуу жетише алдык. Быйыл жазда Ысык-Көл, Чүй облустарында кой-эчкилерди эмдөө толук аягына чыкты.
Күзгү эмдөө аталган үч облуста толук жүрүп жатат. Учурда 60 бруцеллезго каршы пайыз эмдөө иштери аяктап калды. Жыл аягына чейин толук бүтөт. 2011-жылдан тартып бүткүл Кыргызстан боюнча кой-эчкилерди эмдөөгө өтөбүз. Эмдөө үчүн вакцинага жана эмдөө кызматы үчүн жеке менчик ветврачтардын эмгек акысы Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.
- Учурда жалпы Ветеринария департаментинде кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
- 2009-жылдын декабрь айында Ветеринардык кызматы үчкө бөлүнүп кеткен эле. 2010-жылдын 6-сентябрында Кыргыз өкмөтүнүн №191 токтому менен кайра биригип иштеп жатабыз. Мындан сырткары Дүйнөлүк банктын атайын өкүлү Брайан Бедарддын катышуусунда малдардын жугуштуу он оорусуна жазылган Улуттук программаны талкуулаганбыз. Ал кишиге биздин программа жакты. Ошол талкуунун негизинде 13-декабрда эл аралык эксперттер келип, 17-декабрга чейин ооруларды тактап, канча каражат керектигин эсептешет. Эгер эксперттер биздин программаны толук жактырса, бизде он жугуштуу ооруну бекер дарылоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Дагы бир белгилей кете турган жагдай, Дүйнөлүк банктын өкүлү Брайан Бедард Аламүдүн районундагы кой-эчкилерди бруцеллезго каршы эмдөөнүн жыйынтыгын көрүп келгенге өзү жалгыз барып, ал жердеги ветврачтар менен жолугушуп, кой-эчкилердин абалы менен таанышып келди. Жолугушууда Брайан биздин бруцеллезго каршы эмдөөнүн жыйынтыгына оң баасын берди. Ушундай жакшы иштер жүрүп жатат. Анан менин үстүмөн тоголок кат жазышкандар кайдагы чындыкка коошпогон ушактарды жазып жатканын билбейм.
- Сиз тууралуу жазылган жалган материал ким тарабынан чыгып жатат деп ойлойсуз?
- Сиздердин гезитке чыккан бул материалды сырттан бирөө жазган жок. Өзүбүздүн арабыздагы эле адамдардын бири. Бул биздин оорубуз. Мындай интригалар мага чейин да болгон. Ветеринардык департаментте беш жылдан бери иштеп жүрөм. Бул жактын системасын жакшы билем. Мен кызматка келгенде айрымдары кызматынан кетти. Кээ бирөөлөрүн күнөөсү үчүн кызматтан алдым. Бирөөлөр кызмат сурап келди. Аларга макул болбой баш тарттым. Кээ бир адамдарга менин ошол жерде иштегеним ыңгайсыз абалды түзөт. Андай адамдардын бар экенинен шегим жок. Бул нерсени ким уюштуруп жатканын да жакшы билем.
- Бекназаров аркылуу кызматка келди дегенге кандай карайсыз?
- Бекназаров менин тууганым экендигин танбайм. Ал кадр бөлүмүнүн башчысы эмес да. Анын өз иши, менин өз ишим бар. Эгер мен таза эмес болсом, бул кызматтан эбак кетмекмин. Бул орунга беш-алты киши чуркаган. Ошол адамдардын ичинен менин талапкерлигим Айыл чарба министрлигинин сунушу менен көрсөтүлүп, Президент Роза Исаковнанын буйругу менен дайындалгам. Болгону бул жерде ич күйдүлүк болуп жатат окшойт
Маектешкен
Мирлан Алымбаев