Саясат сасык эмес, май сасык
Майга жетпеген мышык, анын жытынан жийиркенип калат эмеспи. Айтайын дегенибиз, "Ар-Намыс" партиясына СДПК партиясы өкмөттүк коалицияга кирүү сунушу менен кайрылса, анын өкүлү Турсунбай Бакир уулу: "Социал-демократтар айткан сунушка макул болбогула деп партия мүчөлөрү бизге катуу тапшырма беришти. Жогорку Кеңештин төрагалыгы Башкы прокурорлуктун кереги жок, "Ар-Намыс" партиясы жетектесе өкмөттү жетектесин" - деп, кечээ Жалал-Абадда, Ошто айткан сөздү баткендиктер да бир добуштан көтөрүштү. Сунуштарга макул болбогула, өкмөттү башкаргыла же оппозицияда болгула деп айтышты" - деген жообун "Азаттык" үналгысы аркылуу айтыптыр. Демек, Атамбаев атын укканда аллергиясы кармаган "агасы" Куловго өкмөттү өткөрүп бериши керек экен да. Эми элестете бергиле, Куловдун кайрадан премьер, Жапаровдун кайрадан вице-премьер болгонун. Кыргызстан ХИПКтен орун алат, койлорубуз паспорттуу болуп калат. Аппетити чоңдордун алкымы дагы ошондой болот окшобойбу. Башка партиялар бизге креслонун кереги жок, элибиздин эртеңкиси керек дешсе, орусчулдар оптому менен алгысы бар. Атаңгөрү, аппетиттерин эй, Атамбаев аларга агенттикти дагы араң берсе керек эле.


Өкмөтсүз барсаңыз, өкүнүп каласыз...
БУУнун, ЕККУнун, ЕКнун өкүлдөрү Мирослав Енча, Жаныбек Карибжанов жана Пьер Морельдер парламенттик фракциянын жетекчилерине кайрылуу жолдошту. Жеке амбициялардын жетегинен чыга албай жаткан жетекчилерге, "тез арада өкмөтүңөрдү түзгүлө"-деп өктөм айтты. Атургай, аз күндө өкмөттүн курамы бекитилерин бекемдеген ажобузга дагы кирип чыгышты. Алардын айтканына, шаштырганына көнүшүбүз керек . Анткени 1-2- декабрларда Астана шаарында ЕККУнун саммити болгону жатат. Ага катышууга ажобуз камданып жатат. Бирок ага чейин премьер менен спикер такталып калышы керек. Ал саммит алкагында Кыргызстанга каржылык жардам берүү маселеси каралат. Алар пачке-пачке акча бөлгүсү келип жатса, биздин чоңдор папке бөлө албай жатышат. Батыштын өкүлдөрү өлкө башчыбызга ачык эле айтышыптыр, "өкмөтүңүз жок өзүңүз барсаңыз, өкүнүп каласыз, кесиптештериңизден жылуу кеп укпай каласыз" - деп. Ошентип, Батыш Отунбаеваны, Отунбаева Атамбаевди шаштырып жатса, калгандары каадаланып жатышат. "Талашканга таз да жок" демекчи, талашып отуруп таркап кетпегей эле.


Акмат Бакиевдин кылмыш иши сотко өткөрүлөт
Жалал-Абад областык прокуратурасы КРнын экс-президенти Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевге байланышкан кылмыш ишин тергөөнү аяктады. Ушул аптада кылмыш иши сотко жөнөтүлөт. Эске сала кетсек, Акмат Бакиевге карата июнь окуяларынан кийин издөө жарыяланган жана ал 23-июнда Жалал-Абадда кармалган.
Акмат Бакиев 2005-2010-жылдардын аралыгында материалдык жана башка пайда табуу үчүн оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаган деп айыпталууда.
Тактап айтканда, ага кылмыш ишинин 8 эпизоду боюнча: өз алдынча жер алуу, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо, алдамчылык кылуу, токой фондунун жерине курулуш куруу, куралдуу топторду мыйзамсыз уюштуруу жана ага катышуу, массалык башаламандыкты уюштуруу менен бийлик өкүлдөрүнө күч колдонгон деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон.


Азике ажолукка аттанам дейби?
Азике артында турган "БЭК" деп аталган партия кечээ-мурдагы күнү укмуштуудай акылын ортого салышты. Парламентке өтпөй калган партиялар "Парламенттик шайлоо - 2010: карама-каршылыктар жана фальсификациялар" деген аталыштагы төгөрөк үстөл уюштурганда, "БЭК" партиясынын белдүүлөрүнүн бири "эмдиги жылы өтө турган президенттик шайлоого баарыбыз биригип, бир талапкерди таптап чыксак кандай болот"-деген оюн ортого салды эле "Кыргызстан коммунисттери" партиясынын төрайымы болуп жүргөн Бүбүмайрам Мамасейитова дароо эле кош колдоп кубаттап берди. Укканыбызга караганда, парламентке өтпөй калгандар таптамакчы болгон президенттикке талапкер Азимбек Бекназаров экен. Себеби кайран Азикең жаңы өкмөт түзүлөрү менен май-талкан кызматтарынан дароо айдаларын жакшы түшүнүп, кийинкисин ойлоп баштаган өңдүү. Бирок Азимбек азыркыдай "авторитети" менен ажолукка эмес, айыл өкмөтүнө да өтөөрү арсар...


Кетиши керек, болбосо кетириш керек
Апрель окуясы боюнча үй камагындагы үч айыпталуучу: Оксана Малеванная, Нурлан Турсункулов жана Каныбек Жороевдер жоголуп кетишпедиби. Үй камагындагыларды үйүнөн таппай калышкан айыптоочулардын айтымында, алар белгисиз тарапка чыгып кетишкен. Ал эми Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков: "… бул үч адамдын өтүшү мүмкүн эместигин, демек, өтпөгөнүн расмий түрдө айта алабыз. Тастыктоо, изилдөө жумуштары да болуп атат. Аба майданы, темир жол аркылуу да мамлекеттик чек арадан булар өткөн жок" - деп айтып жатат. Ошол эле маалда, Орусиянын "Вести" сайты Оксана Малеваннаянын Швецияда болушу мүмкүн экендигин ишенимдүү булактарына таянып билдирген. Сот аларды кайрадан камакка алууга чечим чыгарганы менен, алардын кайда экени азырынча аныктала элек. Эгер алардын чек ара аркылуу чыгып кеткени чын чыкса, анда Чек ара кызмат башчысы Закир Тиленов өз ыкытяры менен кызматынан кетиши керек. Чоң сүйлөгөн Чолпонбегин чогуу алып кетиши керек. Бийлик ошентип оңолот, болбосо азгантай баркы жоголот. Жанагы аларды үй камагына чыгарууга кепилдик бергендер, эми болгону штраф гана төлөшөт экен. Ким алар? Эл билиши керек. Качкан адам менен качырган адам бирдей жаза алышы керек. Чек арачылар дагы жөн калбашы керек.


Иса Чүйгө губернатор болобу, эгер Бабанов…
Ак үйдөгү айрым узун кулактардан укканыбызга караганда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Чүй облусунун губернаторлугуна барганы жатыптыр. Ал эми Сары-Өзөндү башкарып жаткан Сагынбек Абдрахманов болсо Бишкектин кайсы бир районуна аким болуп келет экен. Бишкек мэрлигин "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов "басып" алгысы келип жатса, ага ата мекенчилер "революцияга кыпындай салымы жок немелерге Бишкектин мэрлиги ылайык эмес" - деп каршы чыгышыптыр. Спикерлик менен премьер-министрликтен баш тарткан менен мэрликти мээлеп аткан Өмүрбек мырза ата мекенчилердин айтканына тырчып, Өмүрбек Текебаевдин спикер болушуна караманча каршы болуп, ошондон улам, коалиция түзүлбөй жатыптыр.




Элмурза эми бизге чыгат
Экс-башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев "Учур" гезитине эки беттен турган маек бериптир. Эр экен, эч нерседен коркпой эле, болгон окуяны болгонундай айтыптыр. Апрель окуясы боюнча өзүнө тагылган айып адилетсиз экенин, абийир соту алдында ак экенин айткан Элмурза, кандай болгон күндө дагы качпай турганын билдириптир. Эске сала кетчү жагдай, Элмурза менен бирге айыпталып жаткан, мындайча айтканда, анын "подделниктери" Каныбек Жороев, Оксана Малеванная жана Нурлан Турсункуловдор ушул жуманын башында белгисиз тарапка качып кетишкен. Экс-башкы прокурор бизге дагы маек бермей болуп, убадасын берди. Эмки саныбыздан Элмурзанын биздин курч суроолорго берген жообун окусаңыздар болот.