Коалиция собол…

1. Кайсы партиялардан коалиция түзүлсө калк ичинде нааразычылыктар азаят. Жогорку кызматтарга кимдер барышы керек?
Учурда жалпы эл коалициянын түзүлүшүн абдан чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгы баарыбызга жакшы маалым. Калктын басымдуу бөлүгү КСДП, "Ата Мекен" жана "Республика" партиялары коалицияга биригип, жогорку кызматтарга келишсе экен деп каалап турганын жокко чыгарууга болбойт. Деги эле коалиция түзүлөбү? Же түзүлбөй калабы? Коалиция түзүү маселеси менен кызуу иштеп жаткан КСДП бул маселени чече алабы? Биз ушул маселелердин тегерегинде саясатчыларга собол таштадык. Кимдин ою кандай? Бирге окуйлу…


Рыскелди Момбеков,
экс-министр:
- Элдин купулуна толо турган коалиция болуш үчүн, КСДП менен "Ата Мекендин" мандаттары 65тен аз болбошу керек болчу. Шайлоочулар акчага алданбай, аталган эки партияга арбын добуштарын берсе болмок. Ошондой болгондо коалицияга купулдары толмок. Өкмөттүк коалиция түзүү үчүн, азыр булар үчүнчү (балким, төртүнчү) партияны өздөрүнө тартууга мажбур болуп турат. Калган партиялардын баарында бакиевчилер бар болгондуктан баары бир "булганат". Менин жеке пикиримде, аталган эки партияга "Республика" партиясы кошулса жакшы болмок. Эл дагы ыраазы болмок. Бакиевчилердин эң азы ушул партияда, калган эки партиядан Бакиевдерден башкасынын баарын табасың. Анан калса, Бабанов өзү айтпадыбы, "бизге премьерликтин дагы, спикерликтин дагы кереги жок"-деп. Ал эми Куловдун партиясы өкмөттү толугу менен сурап жатат. Апрелде кайтыш болгондордун арбагынан да коркушкан жок буларың. Азыркы парламент "политический полигон" болуп, кандай коалиция болсо дагы өмүрү өтө кыска болот.


Аликбек Жекшенкулов,
"Акыйкат" саясый партиясынын төрагасы:
- Айрым партиялар амбицияга алдырып, элдин кызыкчылыгынан да өздөрүнүн кызыкчылыгын жогору коюп жатышат. Өлкөдө экономикалык тартыштык болуп турат. Кыш күрөө жакындап калды. Элдин жашоо-шарты кандай болот? ушул маселени ойлоп "ийри отуруп, түз кеңешип", бир пикирге келишип, кечеңдетпей коалиция түзүлсө болмок. Ал эми жогорку кызматтарга элдин камын ойлогон иш билги, тажрыйбалуу инсандар барууга тийиш.


Ишенбай Абдуразаков,
мамлекеттик жана коомдук ишмер:
- Шайлоодо утуп келген бул партиялардын биригип иштеп кетүүсүнө көзүм жетпейт. Анткени бийликке келген адамдарды кимдин-ким экенин мен беш колумдай билем. Эмитен эле айрым партиялар ич ара ыдырап жатышат. Ушунун баарын көрүп туруп, бизге парламенттик башкаруунун деле азырынча кереги жок беле деп ойлоп калдым…


Бабырбек Жээнбеков,
Монополияга каршы агенттиктин директору:
- Эмне себептен партия жетекчилеринин пикирлери дал келбей жатканын билбейм. Байкашымча, башка өлкөлөрдүн таасири күч болуп жатат көрүнөт. КСДП, "Республика", "Ата Мекен" партиялары акылдашып, биригишсе жакшы болмок. Бул жеке эле менин оюм эмес, көпчүлүк элдин таламы ушундай болсо керек. КСДПнын лидери Атамбаев жакшы эле аракеттерди көрүп жатат. Балким, жуманын аягына чейин коалиция түзүлүп калар.
Ал эми жогорку кызматтарга ар кайсы партиядан барса, жакшы болмок. Мисалы, "Ар-Намыс" партиясынан депутат Бөдөш Мамырова өзү аял киши болсо дагы убагында биз менен бирге оппозицияда жүрүп, өзүнүн кайраттуулугун көрсөткөн иш билги айым. Мына ушундай адамдарды жогорку кызматтарга дайындасак болот.


Бегалы Наргозуев,
экс-депутат:
- Коалиция түзүүнү президент КСДПга тапшырды. Албетте, партия лидери Атамбаев жоопкерчиликти алгандан кийин жуманын аягына чейин коалиция түзгөнгө аракет кылат деп ойлойм. Эгер КСДП коалиция түзө албай калып "Ата Мекенге" берилсе, алар кандай кадамдарга барат, билбейм. Балким, биз күтпөгөн кадамдарга барып, "Ата-Журт" менен биригип калабы? Кыскасы, элди ойлогон өкмөт түзүлсө болду.


Аскар Салымбеков,
экс-депутат:
- Бийликке келген партиялар амбицияга алдырып өздөрүнүн кызыкчылыгын, элдин кызыкчылыгынан жогору коюп жатышат. Азыр алар саясый шоу менен алектене турган убак эмес, экономикабыз эңшерилип, өлкөбүз оор кырдаалда турат. Талашып-тартышпай 5 партия акылдашып биригишсе жакшы болор. Жогорку кызматтарга эл камын көргөн атка минерлерди дайындаш керек.


Ишенбай Кадырбеков,
"СССР" партиясынын төрагасы;
- КСДП, "Ата Мекен", "Республика" партиялары биригип коалиция түзүлсө дурус болмок. Анткени бул үч партияда элдин ишеничи жогору. Мен премьер-министрлик орунга татыктуу деп Атамбаев менен Куловду айтар элем. ЖКнын төрагалыгына Текебаев, ал эми Бабанов мэр болсо туура болот.
Даярдаган
Мирлан Алымбаев