Оңой эмес экен,
орусча да окуду
Ошентип, араңдан зорго куралган Жогорку Кеңештин экинчи жыйыны болду. Буга чейин ант бербеген ата-журтчулар: Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров жана ата мекенчи Шер Болоттор анттарын беришти. Баарынан кызыгы, Садыр Жапаров төраганын "болду, болду" дегенине карабай, орусча дагы "присяга" берип жиберди. Ии баса, төрага Ташболот мырза буга чейин антты орусча эмес, арабча аралаштырып берген ар-намысчы Бакир уулу Турсунбайдын маселесин карайбыз дегендей болду эле, улгайып калган киши унутуп калса керек.


Айтылбай турган
сөз беле?
Ачыгын айтышыбыз керек, ызы-чуу менен келген парламенттин иши, ызы-чуу менен башталды. Оппозициячыл "Ата- Журт" партиясынын "эл өкүлдөрү" коалициядагы кесиптештерин торпогунда коркутайын дештиби, айтор, адегенде эле атакага өтүштү. Ош окуялары боюнча парламенттик комиссия түзөбүз деп, ооз ачканды эле омуроого алып жатышты. Ата мекенчи Эркин Алымбековдун "арабаны аттын алдына койбой, алгач регламент боюнча спикерди шайлап алалы" дегенине карабай, өз сунуштарын өткөрүп кетишти. Ага: "жаңы ишибизди жаңжал менен баштабайлы"-деген Өмүрбек Чиркешович дагы макул болуп жиберди "добушка коелу" деп. Анан да, Өмүке өз сөзүндө ата журтчуларды ак жолчулар деп адашып айтып алып, элдин баарын дуу күлдүрдү. Атайын айттыбы же Алла таалам айттырдыбы, а бирок эл деле ошого көнүп калышпадыбы.


Сөзү менен эмес,
көзү менен
СДПКнын фракциясынын депутаты Курсан Асанов эл айткандай эле эр экен. Алгачкы жыйында артыкчылык кылган Камчы Ташиев сдпкчы Асылбек Жээнбеков менен айтыша кетип, аны омуроолоп кирди эле, алеки заматта ордуна коюп койду. Мент депутаттан коркобу же ал мунун компроматтарын билеби, айтор, бой бербей жаткан эргулуң бат эле жоошуп калды. Убагында ушундай урушчаак депутаттарды, маркум депутат Санжар Кадыралиев бат эле эпке келтирип койчу эле. Анын айткандарын бригадачылар бирин калтырбай аткарып, чакырганда чайын таштап баргандарын баары эле биле бербесе керек. "Өрдөк жокто чулдук бий" демекчи, ал өткөндөн кийин аны "өпкөндөр", өпкөлөрүн кага бербей эмне болушуптур. Кыскасы, Курсан сөзү менен болбосо да, көзү менен көргөзүп койду.


Ташиев танды,
айланып барды

"Динара Исаевага окшогон депутат отурганда, мен парламентке барбайм!" деген кыяздагы сөздүн автору ким эле? Албетте, аны айткан ата журтчу Камчыбек Ташиев болчу. Анан эмне болду? Эчтеке болгон жок. "Кетпейм" деген Динара, аял болсо да айткан сөзүнө туруп, кетпей койду. "Барбайм" деген Камчыбек мырза айткан сөзүн "жутуп" койду. Данчиктин жубайы айтса болмок экен, "эркек болсоң сөзүңө тур, болбосо менин жаныма юбка кийип отур" деп. Антип айта турган киши болбогондон кийин, андай адамдар атырыла берет эмеспи. Эл өкүлү катары эң биринчи жыйынга катышып, эл сүйлөгөн микрафонду тээп салганы кайсы этикага жатмак эле? Этика боюнча комитет түптөлсө, эң биринчи маселе катары Камчынын жоругун карашы керек. Мындай депутатты мандатынан ажыратыш керек.


"…Фишер деген 1000 доллар айлык алат экен"

Партиялашы Динара Исаеваны кубалай албай кур жалак калган кайран Камчы, парламент жыйынына капыстан катышып калган Жантөрө Сатыбалдиевди "кубалап" чыкты. "Сатыбалдиев эмне отурат бул жерде, же үйдүн баары курулуп бүттүбү? Барсын Ошко, үй курсун. Бизге мына, кечээ Гендирекциянын сметасы келди. Орун басары гана Фишер деген 1000 доллар айлык алат экен. Штатында 50дөн ашуун адам, айлыктары 20 миңден баштап жогору. Отурбасын бул жерге, барып, жумушун кылсын"-деп атырылды эле. Алмазбек Атамбаев чакырганын айтып алган Жантөрө, танапис учурунда "тайып" кетиптир. Бул кишинин алган айлыгын билбейт экенбиз, бирок жанагы үй салып жаткандардан үлүш акча сураганын уккандай болгонбуз. Кокус ошондойлору оркоюп чыгып калса, какаганга муштаган ошондо болот окшойбузбу. Андай деле адам эмес болсо керек. А бирок…


А. Артыков жинин көрсөтүп калчылдап…

Жогорку Кеңештин талаш-тартышка өтө бай болуп өткөн кечээги биринчи жыйындын уландысында элдин кыжырына тийип, көңүлүн айныткан эки адам болду. Биринчиси "Ата-Журт" фракциясынын "торпедосу" Камчыбек Ташиев, экинчиси улуту өзбек Анвар Артыков. Экөө тең Жогорку Кеңештин ичиндеги аба ырайын бузуп, жок жерден чыр "жаратуу" боюнча алдына киши салышкан жок. Башка депутаттарга кезек бербей, эби жок эң көп сүйлөгөн да экөө болду. Кыязы, өздөрүн өзгөчө сезген, миң жылда бир жарала турган адамдардай сезет окшобойбу. Маселен, Ташиев жин тийгенсип микрафонду ыргыта тепсе, Анвар Артыков 100дөн ашуун депутаттын добушу менен өтүп күн тартибине коюлган маселеге каршы чыгып, (танапис жарыяланып жаткан учурда) президиумга жулунуп чыгып, төрагалык кылуучу Ташболот Балтабаевге жинин көрсөтүп, ачуу сөздөрдү айткандай болду. Депутаттар жана жыйынга катышып жаткан эл жалпысы менен Артыковдун бул "акылдан айныган" көрүнүшүн жактырбай чуулдашып, анын тез арада "жаагын басып", дароо ордуна олтурушун талап кылышты. Ал тургай, "Ар-Намыс" партиясы да өз депутатын жек көрүп турду. Артыковдун мындай кадамы менен депутат болуп жыргатпасы көрүнүп эле турат. Эмнеси болсо да Артыков аман эле болсунчу.


Келдибековду тартып алсаң, тартып алат!
"Ата-Журт" фракциясынын жетекчиси Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин жыйынында: "Мен жетекчи катары муну айтып коеюн"-деп улам эле сөз алып, сүйлөгөндөн эч тажаган жок десек жаңылышпайбыз. Неге дегенде, башка фракциялардын жетекчилери сөз талашпай эле сабырдуу олтурушту. Жыйынга катышып олтургандар, Ташиев менен Артыковду жактырышпагандай эле эч жактырышпаганын ачык айтып коюшубуз керек. Мунусу го, бул деңизчи, Келдибековдун танапис учурунда керсейип журналисттерге кыр көрсөткөн жоругу жолдо калсын. Келдибеков мырза өз деңгээлин бир өлчөп көрсөтүп койду. Тактап айтканда, Ак үйдүн 3-кабатында "Ата-Журттун" ана башчылары Келдибеков, Сулайманов, Ташиевдер чай ичип олтурган учурунда сүрөткө тартып койсок, Келдибеков кызаңдап: "Эмне тартып жатасың, сага ким уруксат берди?" - деп мурду менен бир тийсе болобу. Мына кызык, ичип жегенден уялбагандар, сүрөткө түшкөндөн уялышабы? "Журналисттерге мындай тыюу салган мыйзам жок" - десем, "Андай мыйзам менде бар?" - деп күйгүзүп жатпайбы? Аңгыча, Келдибековдун жандоочу жигиттери ортого түшүп: "Шеф менен эмне айтышып жатасың, тарткан сүрөттөрүңдү өчүр"-деп экөө эки жагымдан дыркыратып четти көздөй сүйрөп киришти. Өчүрбөй койсом, мажбурлап өчүртө турган. Ал тургай фотоаппаратты да жула каччу түрү бар. "Келдибеков кылмыш кылып жаткан жеринен эмес, чай ичип олтурган жеринен эле тарттым го, депутаттын баарын эле ошентип тартып атабыз. Өчүрсө, өчүрүп салайын"-деп, өз эрким менен өчүрүп, тигилердин "чеңгээлинен" кутулуп чыктым. Рахаттанып ысык чай ичип олтурган Келдибеков болсо: "Фотоаппараттын флешкасын чыгарып алгыла"- деп кайра-кайра кыйкырып жатты. Мына кызык, деги Келдибеков өзүн ким сезет? Машаякпы? Албетте, анын бул ишин биз акылга сыйбаган иш катары эсептейбиз. Азыр канкор Бакиевдин доору эмес. Азыр эркин элдин, калыс замандын доору! Бир билсе, Келдибеков ушуну билип алсын анан депутаттык ишин уланта берсин.