Жардыруулар эмнеден улам келип чыккан?
30-ноябрда борбор шаарыбыздын чок ортосунда жайгашкан Кожомкул атындагы Cпорт сарайынын жанындагы жардыруу мамлекетти башкарып олтурган жогорку кызматтагы чиновниктерден тарта кайгырып турган карапайым калктын да үшүн алып койду. Жардыруудан 6 киши жаракат алганы айтылууда. Мына ушул окуядан кийин, буга чейин болуп келаткан жардырууга байланышкан окуялар ачыкка чыга баштады.

Тактап айтсак, буга чейин ушундай окуялардын алдын алуу боюнча эч бир ооз ачпаган, чечкиндүү кадамдарды да анча көрө албай, ортозаар иштеп жатышкан күч органдары террорчулар Кыргызстан боюнча 33 жерде жардыруу жасоону көздөшкөнүн "билип" алышканын жалпы журтка айгай салып "сүйүнчүлөштү". Алардын айтымына караганда 33 жардыруунун 8и Бишкекте, 11и Ош шаарында, 14ү түштүк жергесинин ар тарабында (тергөөдө аныкталганы боюнча жардыруулар соода борборлорунда, эл көп жайгашкан аймактарда даярдалганы аныкталган) жасалмак имиш. Бирок эң эле таңгалычтуусу, бул маалыматтарды кыргыз эли кыргыз ЖМКсынан эмес, орустардын "Лента.ру" сайтынан билгени болду. Аталган сайт Кыргызстанда жакынкы күндөрү бир нече террактар орун аларын, буга шектүү деп эсептелген 9 адам кармалып сурак берип жатканын 26-ноябрь күнү эле жарыялашкан эле. Эмне үчүн эл мындай жүрөктүн үшүн алган кабарды капысынан башка өлкөлөр аркылуу угушу керек? Балким, күч органдары биздин элди чочулатпоо үчүн ушундай кадамдарга баргандыр. Ал эми бул маалыматты Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев да тастыктап, жогоруда айтылгандай 15 килограммдан ашуун жардыргыч зат жана курал-жарактар 22-ноябрда күнү эле кармалганын ачыктады. Министрдин айтымында, бул маалымат 22-ноябрь күнү уурулук менен шектелип кармалган адамдардан алынган. Жардыруу иштерин ишке ашырат деп шектелген адамдардын үйүн, автоунаасын тинтүү учурунда үч тапанча, автоматтардын муляждары, детонатор сыяктуу жардыргыч заттар жана баңгизат жана 69 миң сом акча табылган. Албетте, ИИМдин бул иш аракеттери алкоого татырлык. Бирок көп учурларда күч тармактары окуя болору болуп кетип, боесу канып кеткенден кийин иликтеген тажрыйбасынан тажабай тургандыгын да кошумчалай кетсек аша чапкандык болбос… Мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, аброюна шек келтирген кооптуу окуялар качан алдын алынат? Деги, ушу маанилүү маселеге биздин күч тармактарыбыздын кудурети жетеби?
Ал эми Спорт сарайдын жанындагы жардырууга бир күн калганда, тактап айтканда, 29-ноябрда Ош шаарынын Мажүрүм-Тал көчөсүнүн 244-үйүндө 18:30 чамасында УКМКнын атайын бөлүгүнүн куралдуу согушчандарына каршы уюштурулган ыкчам иш аракетинин негизинде өрт кырсыгы келип чыккан. Ал ыкчам операциянын жүрүшүндө жер төлөдөгү жарылуучу заттар жардырылган. Ал өрттүн натыйжасында аянты 40 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган жер төлөлүү турак үй толугу менен күйүп, 4 согушчан каза болгон эле. Ал ыкчам операциянын жүрүшүндө жер төлөдөгү жарылуучу заттар жарылган. Окуя болгон жерден 2 Макаров тапанчасы, 230 даана октор, 2 Калашников автоматы, 8 магазин, 1 граната жана 1 атайын колго жасалган жардыруучу зат табылган.
Окуяга сырткы күчтөрдүн жана диний агымдардын канчалык деңгээлде тиешеси бар?
Негизинен Ош менен Бишкектеги жардыруу бири-бирине тыгыз байланыштуу деген пикирлер күч тармактарынын жетекчилиги тарабынан көп айтылды. Бирок борбор шаарыбыздагы жардырууну уюштургандар Спорт сарайында 17-ноябрдан бери уланып жаткан 7-апрель окуясына байланыштуу сотту үзгүлтүккө учуратуу үчүн жасашкан, ошондой эле Бакиевдердин кылышы мүмкүн деген божомолдор да байма-бай айтылды. Ошондой эле Максим Бакиев Кыргызстанда туруксуздук кылуу үчүн "Аль-Каида" баштаган айрым экстремисттик уюмдарга чоң суммадагы акча берүүгө макул болгону тууралуу да маалыматтар чыккан эле. Маселен, УКМК тарабынан Өзбекстандын Ислам кыймылы, "Ислам жихады" кыймылы жана Түркстан ислам партиясынын да байланышы бар экендиги да маалым болду. Себеби буга чейин аталган бул уюмдардын жергиликтүү бөлүктөрүн түзүүгө аракеттенген адамдар кармалышканы белгилүү.
Бул көрүнүштү мисалга тарткан УКМК "Кыргызстанда жардыруу жасоону көздөгөн күчтөрдүн артында диний радикал уюмдар турат" деген пикирин билдиришти.
УКМКнын минтип өтө ишенимдүү айтып жаткандыгына Оштогу жардырууда жок кылынган 4 адамдын бири Мажүрүм-Тал мечитинин имамы Фархад Нарматов болгондугу негиз берди десек болчудай. Ошондой эле ал селдесине чок түшкөн маркум болгон молдокенин 48 жаштагы бир тууганы Закир Нарматов диний-экстремисттик уюмдар менен катышы бар экендиги, мурда Пакистан мамлекетинин атайын талаа лагеринде окуп келгендиги аныкталган. Мына ушунун өзү эле айтпасак да абдан көптү кабарлап турган көрүнүш экендиги талашсыз? Демек, мыйзамы алсыз, коррупциясы өнүккөн, акыркы убактарда криминалдык топтору менен ар кандай мүнөздөгү диний агымдары арбып кеткен, баңгизат менен шугулдангандарга "жашыл жарыктуу" коридор болуп эсептелген өлкөбүздө жогоруда аты аталган Фархад жана Закир Нурматовдорго окшогон ниети бузук адамдар ондоп, керек болсо жүздөп саналарын жокко чыгарууга болбойт. Кандай болгон күндө да, күч тармактарыбыз мындай окуяларды болтурбоого милдеттүү. Ал эми ар бир кыргыз жараны аларга (өздөрү суранган) колдон келген жардамдарды көрсөтүүгө тийиш.
Окуяга ким кандай баа берет?
Ордолуу Ош жана Бишкек шаарларында орун алган бул окуяга ар ким ар кандай баа берип, өз ойлорун айтууга үлгүрүштү. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов: "Мунун баары бир чынжырга байланган. 22-ноябрдан баштап ушинтип келе жатат. Биздин оюбузча, бул улуттук-сепаратисттик топтордун иши. Алар ар кандай террористтик-экстремисттик уюмдар менен биргелешип алып, биздин элдин үшүн алып, мамлекетке зыян келтирүүнү көздөшкөн. Булардын баары табылат жана мыйзам чегинде жооп берет деп айта алам" - деген пикирин билдирсе, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов : "Коопсуздук кызматынын башына 20 жылдан бери тиешелүү адистер келип, иштеген жок. Кыргызда: "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" - деген сөз бекеринен айтылган эмес, Коопсуздук кызматына милиция, окумуштуу, мугалим жана башка кишилер келип иштеп, өз билгендерин жасап келишти. Коопсуздук кызматы милициянын бир бөлүгү сыяктуу болуп калды. Мамлекеттин коопсуздугу деген өтө олуттуу нерсе жана ал өзүнө да олуттуу мамилени талап кылат"- деген пикири менен УКМКны сынга алды. Чынында эле Ниязов мырзанын айтканын жокко чыгарууга болбойт. Себеби УКМКда дал ушундай көрүнүштөр болуп келген.
Ал эми Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев: " Булардын максаты биздин аймакта коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу болгон. Диний же дагы башка радикал уюмдардын, аймакта халифат орнотуудан башка кызыкчылыктары жок. Кармалган кишилер менен сүйлөшкөн учурда бул жерде улуттук-сепаратисттик жана криминалдык түзүмдөр менен аралашкан топ бар экени аныкталды. Мына ушундай башаламандыктын баары бийликтин алсыздыгында, көзөмөл начар болуп жатканында. Мына бүгүн Кыргызстанга ким гана кирип алып, эмне гана кылып жаткан жок. Саясий күчтөр каалаганын жасап жатышат. Анын үстүнө парламент дагы бир пикирге келише албай, эмгиче алардын болочогу да белгисиз. Мына ушундай жардыруулардын артында Кыргызстан тандап алган парламенттик башкаруу системасын жактырбаган күчтөр турат. Алар коалиция түзүлүп, парламент ишке киришүүсүн да каалашпайт, аны үзгүлтүккө учуратууну көздөшөт" -дейт. Албетте, Зарылбек мырзанын "Азаттыкка" ачылып айтып берген пикири калетсиз. Таамай берилген мындай баага ашыкча сөз кошуунун да кереги жок...
Айбек Шамшыкеев