Эфир артында

Чынар Капарова,
Коомдук биринчи каналдын "Ала-Тоо" маалыматтык программалар
дирекциясынын жооптуу редактору, алып баруучу:
"Аялзаты болгондон кийин бирөө
жагымдуу сөз айтып койсо…"
Алдыда келаткан 8-декабрь тележурналистиканын майрамын утурлай көгүлтүр экрандын жүзү болгон белгилүү алпаруучу, "Ала-Тоо маалыматтык программалар дирекциясынын жооптуу редактору Чынар
Капарова эже
менен маек
курдук…

- Чынара эже, Кыргызстандын ак сөөктөрү олтурган жерден сизди көрбөй калдык?
- Жазындагы массалык тополоңдон кийин КТРКда жетекчилик алмашып кыйла өзгөрүүлөр болду. Кесибинин аркасы менен нан таап, үй-бүлө багып, элдин алкышын алып келе жаткан бир катар журналисттер орундарын сактап калууга жандалбас кылышты. Мындай абал бир гана КТРКда эмес, башка да мекемелерде орун албадыбы. Жаңы жетекчилик ишти жаңыча иштөөдөн баштады. Биз болсо алдыга коюлган талаптарды аткаруунун аркасында болуп келе жатабыз. Жумуштан күнүгө эрте дегенде түнкү саат 10-11де кетем. Тааныштарым: "телевидениенин алдында машинең таңдан түнгө чейин турат, эмне кыласың?"-деп сурап калышат. - Биздин жумуш ошондой, чектелген убакыт-саат жок, - десем таң калышат. Майрам күндөр бизге тиешелүү эмес. Ошентип, ак сөөктөр эмес туугандардын аш-тоюна барганга убакыт жок. Анын үстүнө азыркы "ак сөөктөрдү" көрүп кээде кейип да кетем. Анан "Кыргыз элитасы" деген аталыштагы бир катар эле чогулууларга, көңүл ачууларга барып көрдүм. Эми ошолор "элитабы"? Аларга Кудай-таала оң батасын берип койгон, бир китеп окубай туруп бапырап байып, акчанын күчүнө салып "аяй" көйнөк кийип элита болуп алышкан. Менимче, аларды элита деген туура болбойт. Жакында кесиптештерим Кайрат Иманалиев менен Кыял Шаршеева наристесинин бешик тоюн беришти. Чиновниктерсиз эле мыкты той болду. Ал жерге даана кыргыздын каймактары: Эл баатырлары, белгилүү жазуучулар, ырчылар, журналисттер, чыгармачылыкты баалай билген инсандар чогулушту. Мына ошону чыныгы элита чогулду десем болот. Анын үстүнө азыр чакырууларга деле тандап барып калдым.
- Эфирге жаңыдан чыккан, тагыраагы, мындан 13 жыл мурдагы Чынар менен азыркы Чынардын айырмасы…
- Мен 1994-жылдан тарта теле менен тыгыз байланышта болуп келе жатам. Ошондо 13 жыл мурун 21 жашта. Алгачкы студенттик жылдарым болчу КТРКнын "Баястан" деген балдар үчүн редакциясы болор эле, анда Болот Макетаев агайыбыз жетектечү. Ал киши анда өтө "популярдуу" болуп турган жаш кези. Мен да ошондой болгум келип, күнүгө редакцияга барам. Тапшырма алып, акырындык менен теленин ашканасына аралаша баштадым. Кийинки жылы үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Нарын телевидениесине барып, эфирге чыгып жүрдүм. Анан 1996-жылы болсо керек, Абдиламит Матисаков агайыбыз КТРга президент болуп келип, дикторлукка сынак жарыялады. Каалоочулар абдан көп, 4 гана адам тандалышы керек болчу. Кудайдын буйругу менен ошол төрттүн бири мен болдум. Матисаковдун кабыл алуусунда болдук да акырындык менен программа окуган дикторлук кызматты аркаладым. Анан "Арноо концертине" дагы сынап көрүштү, бирок ага өтө жаш болуп калдым. Анан көп өтпөй ыраматылык Аманбек Карыпкулов агайыбыз президент болуп келди. 1998-жылы мен штатка алынып, "Ала-Тоо" маалыматтык программасынын кабарчысы жана алып баруучусу болдум. Дегеним, мындан 13 жыл мурун өжөр, көксөгөн максатыма жетмейин жаным тынбаган, активдүү жан элем. Азыр эми же турмуштун оош-кыйыш күндөрүн көрүп, ачуу менен таттууну даана баамдап калганданбы, абайлап калат экенсиң.
- Ишиңиз абдан оор экен алган маянаңыз ошого жараша болсо керек?
- Эми ушунча жыл тажрыйбам болсо, анан күнүгө түнкү саат 11де үйгө кетип жатсам, демек, алган акчамды актап жатсам керек. Бир жылдары таңдан кечке чейин иштеген адис аз акча алып, бир жума иштеп, бир жума эс алгандар 3 эсе көп маяна алышчу. Азыркы жетекчиликтин талабы: "ким иштесе, ал тиштесин"-деп, ар бирибиздин аткарган кызматыбызга жараша айлык маяна да коюп берди, эгер катачылык кетирсек, айлыгыбыздан кыркат. Түз эфир болгон соң, туура жазылып турган сөздү дагы туура эмес окуган боюнча кете бересиң, эфирден кийин угуп калабыз.
Азыркы аткарып жаткан кызматым "Ала-Тоо" маалыматтык программасынын жооптуу редактору. Эртең мененки сегиз жарымдан түнкү эфир бүткөнгө чейин кызматта болом. Анын бир жумасы алып баруучу, анда түштөн түнгө чейин иштейсиң. Азыр биздин телевидениеде "диктор" деген түшүнүк жок болуп калды. Алып баруучу журналист дагы болуп иш алып барат. Бир сөзгө экинчисин улай албай, шашылыш кабар келип калса, түз эфирде айта албай, "блат" менен иштеген дикторлор азыр жокко эсе.
- Саясат таануу илимин өздөштүрүп жатканыңыздан кабарыбыз бар, учуру келгенде саясий аренадан көрүп калабызбы? Баса, сизге жогору жактан кызмат сунушталып жатыптыр деген кептер да жүрүүдө?
- Ооба, Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиясынын саясат таануу илиминде күчүмдү сынап жатам. Канча жылдан бери саясий программа менен жүрүп, саясатка дагы кызыгуум артып келет. Ошол илимди жакшы өздөштүрүп журналистика менен айкалыштырып, кийинчерээк саясий көрсөтүү ачсам деген тилегим бар. Быйыл кызмат жаатында бир катар сунуштар болду. Баарынан баш тарттым. Бала чагымдан кыялданып жеткен бүгүнкү кызматымды кыюу кыйынга турат экен. Мен үчүн өлкөнүн туруктуулугу баалуу, калганын убакыт көрсөтөт.
- Кимдин мектебинен өткөнсүз, өзүңүздү кимдин кадрымын деп эсептейсиз?
- Көп эле мыкты, өз ишинин майын чыгара билген адамдардын мектебинен өттүм. Маркум Маргарита Булатованын акыл-кептерин угуп калганыма сүйүнөм. Ушул күнгө чейин Тамара Жаманбаева эжебиз жолуккан жерден кеп-кеңешин берет. "Диктор" катары таанылып калган бир катар улуу муундун өкүлдөрүнөн аз да болсо сабак алып калдым. Бирок өзүмдү анын же мунун кадрымын деп айта албайм. Мен бүгүнкү кызматыма бирөөнү ортого салып, же жогорку кызматтагы адамдарга таянып жеткен эмесмин. Канча жетекчи келет-кетет, бирок бир орунда калып, ар бир жетекчи менен иштеше билиш дагы чоң чеберчилик. Мен өзүмдүн ишимди, мага коюлган талапты аткара билүүгө аракет кылам.
- Акыл казынаңызды кантип байытасыз?
- Азыр эми бардыгы интернет аркылуу болуп калбадыбы. Күнүгө китеп окуйм дегенден алысмын. Убакыт тар. Убагында балдарым менен үйдө олтурганда мүмкүнчүлүктөн пайдаланып китеп окучумун. Азыр убактым боло калса интернетке баш багып, маанилүү, пайдалуу макалаларды окуп калам. Алыстагы тааныштарым менен баарлашып, кабар алмашам. Белгилүү адамдар менен жолугушуп, өткөн кеткен тарыхтарын, эскерүүлөрүн укканды жактырам. Ага убакыт болбой жүрөт.
- Белгилүүлүк сизге эмне берди?
- Жаңыдан эфирге чыга баштаганда "ата-энем сыймыктанган кыздардан болдум" деп абдан кубанаар элем. Азыр эми өзүм апа болгон соң, балдарым белгилүү болсо экен деп тилек кылам. Жакшы жагынан белгилүү болгон - сыймык эмеспи. Аш-той, кечелерге барганда урмат-сыйга бөлөнөсүң, таанып салам беришсе, кубанып да каласың. Аялзаты болгондон кийин бирөө жагымдуу сөз айтып койсо, 10 күн көңүлдүү болосуң дегендей. Белгилүү болгондун жакшы дагы, жаман дагы жагы бар. Жакшысы айтпаса дагы түшүнүктүү, жаман жагы - дайыма эл оозунда болосуң, бири ак десе, экинчиси кара дейт. Мындай учурда токтоолук жана чыдамкайлык жеңет экен.
- Курбуларыңыз менен кайсыл жакка барып эс аласыз?
- Мен көп эле гезит-журналдарга интервью бердим. Эгер баамдаган окурман болсо, бирөөндө дагы "досум бар, ал баланча" деп айткан эмесмин. Ооба, сый, жакшы мамиледеги жакындарым бар, алар менен каалаган жерге барып эс алса болот, ага шаарда шарттар да бар. Бирок көп убактымды жумушта жана балдарым менен өткөрөм. Жайкы, кышкы эс алуулар сөзсүз балдарым менен өтөт. Өзгөчө шаардын четине чыгып, самоордун чайын ичип, казанга жаңы союлган малдын этинен куурдак куурусаң кандай сонун! Аба да таза. Мындайда ата-энем, балдарым дайым жанымда болушат. Ал эми кыз-жигиттер менен кафе-ресторанда олтуруп баарлашуу мага анчейин жага бербейт, андай жайларга анда-санда гана барып коём.
- Эмне үчүн дос күтпөйсүз, достон көңүлүңүз калганбы?
- Мен үчүн дос - энеден кийинки эле ыйык катарда болчу. Тилекке каршы, көп учурларда андай болбоду. Студент кезде курбулар болгон. Кийин колтукташып дос күтүү учуру келгенде жумушта иштеп, андан соң турмуш куруп калып, дос күтүүгө деле үлгүргөн жокмун. Жолдошумдун достору көп болчу кийин кайсыл досу канчалык деңгээлде чыныгы дос болгонуна жолдошум дагы, мен дагы күбө болдук. Ошондуктан дос күтүүдөн чочулайм. Досум, досум дегендер, досторун сатып, сатмак түгүл далыңа бычак урган учурларды дагы көп көрдүм. Мындай кадамга досуң эмес, оолагыраак адам барса "мейли" деп тим болор элем. Ошондуктан дос күтүү мен үчүн өтө жоопкерчиликтүү кадам. Дос - жаманды жашырган, жакшыны чыгарган адам болушу керек.
- Картайгандан коркпойсузбу?
- Эми адам болгондон кийин картайып, араң басып жүргөн адамдарды көрүп "ии, биз да ушундай болобуз да" деп кейип кетем. Бирок карылыкты көрбөй да кетип жаткан армандуу тагдырлар да арбын. Андыктан картайган куракка жетиш дагы бакыт. Анткени неберелериңдин тойлорун көрөсүң, ата тукумунун уланып жаткандыгына кубанасың. Коркконум ошол карылык куракты тактыктуу, сый өткөрүү. Бул сен үчүн дагы, бала-чакаң, неберелериң үчүн дагы маанилүү. Менимче, мен жакшы чоң апа жана тайэне болом, карылыкты жөн өткөрбөй балдарымдын балдарын багып, алардын оорун колдон, жеңилин жерден алууга көмөктөшсөм деп тилейм.
- Чөнтөгүңүздө бир сом калган учурлар болду беле?
- Жок, болгон эмес. Мектепте, жогорку окуу жайда окуп жүргөн учурларым ата-энем менен өткөндүктөн, акчага зар болгон жокмун. Анан окууну бүтө электе иштеп калып, акчалуу бай студент болгом. 21 жашымдан тартып унаа айдап, ошондо унаамдын кызылы күйүп май сурап калган учурлары, албетте, болгон. Өтө сарамжалдуу кожойкемин деп мактана алам. Буга чоң апамдын жана апамдын тарбиясы өбөлгө. Бул сапатка азыр өз балдарымды да тарбиялап жатам. Анткени сарамжалдуу адамдын чөнтөгүнөн ар дайым акча үзүлбөйт.
- 20 сомго кечки тамак даярдай аласызбы?
- 10 сомго деле курсакты компойтуп тойгузуп алса болот. Бир нан алып, чай менен ичип алсаң деле курсак тоёт. Ал эми 20 сомго кечки тамак жасаса болот. 2-3 даана картөшкө, бирден сабиз жана пияз алып, 50 грамм майга кууруп, бир үзүм нан менен чай ичип алсаң, ачка жаткандан көрө түнүң бейпил болот. "Башка түшсө байтал жорго" демекчи, кыйын учурга кептелген адам 20 сомго деле тамак жасап коет.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев