Сандан-санга

Баратбай АРАКЕЕВ
Кандуу жылдар
...досуң өлүмдөн калар.
- Ал кандай дегениңиз? - Бекен эми досун аман сактап калууну гана ойлоп калды.
- Ай, балакай ай, эми эле энеңден бөлүнө калгансып сурайсың да. Азыр адамдар эмне менен ыраазы болот, билбейсиңби эмне? Билбесең билип ал - азыр ыраазы кылчу жалгыз гана акча. Эми жеттиби, мээңе?
Бекен шалдырап жеңилип берди:
- Канча?
- Досуңду канчага баалайсың, ошончо.
Бекен ойлоно калды. Досун акча менен кантип баалады. Беш миңби-он миңби - мээси жетпейт. Анын бул абалын куулугу куюлган Профессор дароо баамдады. Дагы эзиле түшсүн деп бир азга жайына койду да, анан айтты:
- Ии, досуңдун канчага турарын биле албай жатасыңбы? Же көпкө баалап алып сараңданып жатасыңбы? Балким, баарынан өлүм кымбат. Анын баасы жок, дүнүйө чак келбейт дегеним.
Шылдыңдай өкүм күлгөн Профессордун сөзүнө биресе жини келип, биресе досу азыр бир өлүмдөн калып жаткансып, Бекен кызык абалда.
- Ии, канчага баалайын деп чечтиң? - Профессор чалкалай берип, мыйыгынан жылмая жооп күттү.
- Канча дейсиз? Өзүңүз айтсаңыз?
- Мен айтпайм. Айтсам уят болот. Баш сеники, киши дегеним, андыктан баасын ээси бычат да.
Эмне деп айтмак Бекен. Адам башын ким соодалап көрүптүр. Өзүн күчтөп жатып эмне болсо ошо болсун деп:
- Он миң, - деди.
- Досуңду ошончо арзан баалайсыңбы? Сени көрдүм, карачечекей досун бокко теңебеген, - деди Профессор шылдыңдай, - досуң эмей эле бөтөлкөлөш таанышың го дейм, сөзүңө караганда, ыя, балакай.
Бекендин жини аябай келгени менен анысын ачыкка чыгара албайт. Колу-жолу кыска. Болбосо...
Профессор ордунан туруп Бекенди тике карады да:
- Элүү миң, - деди - эң төмөнкү бааң ушул болсун. Анан да эртең досуңду таап кой, сүйлөшчү сөзүм бар, уктуңбу?!
- Уктум.
- Уксаң ошо! - Профессор кандай келсе ошондой шашпай басып коштошту.
Ал түз эле Ромдун кабылдамасына кирди:
- Мени шеф издеген жокпу?
- Жок, - деди мода журналын барактап отурган суйкайган сулуу.
Кабинетине келип креслого отурган Профессордун мээси шакылдай иштеп, эки-үч күндө бүтүрчү иштерин пландаштырып жатат... Бери дегенде кайдагы бир чумо үчүн элүү миң доллар алат. Аны алары менен тиги жигит жок кылынат. Ошондо Бекен Ромго арыздансачы, досу үчүн элүү миң бергенин айтсачы. Ром кайдан ишенмек эле, досуна ичи күйгөн неме айта берет дейт да. А эгер Ром Бекенге ишенсечи?.. Анда ит өлүм болгону ошол. А балким... ою ушул жерден үзүлдү. Телефон чырылдап, үч-төрт күндөн бери көрүшө элек бир бийкечи чалган экен...
***
Профессор чыгып кетери менен Бекен дароо эле Маканга телефон чалып, тезинен жолугуш керектигин айтып, кезикчү жерди болжошту. Ал жер шаардын күн чыгыш тарабындагы ага туташ айыл менен чектешкен жердеги кафе эле. Экөө тең тез эле жетип келишип, бирден пиво алып ууртаган болуп, кеңешип турушту.
- Менин эч жакка кетпегенимди, экөөбүз кезигишип турганыбызды кайдан билиптир? - деди Макан Профессордун окуясын уккандан кийин.
- Аны айткан жок.
- Элүү миң эмес, атасынын башы да жок! - Макандын муштумдары түйүлүп, кан ичкендей кумсарды.
- Байкап иш кылбасак болбойт, - деди Бекен досунун жини кайнаганын көрүп, - Ромдун айбанчылыгын билбейсиңби эмне?
- Ром-промуңду урганым жок! Токендин каны үчүн жооп бере элек аның. Канга кан кылып дал ошол айбанды тындырмайын менде тынчтык жок.
- Эмне кылайын дейсиң?
- Көрөбүз эмне кылышты. Адегенде жанагы келген эргулуң менен кезигеличи...
Макан кеткенден кийин Бекен сарсанаага катуу батты. Жок, суу жүрөк коркоктордон эмес, бирок Ром дегенге алы жетчү адам жок дешет бу өлкөдө. Алы жетчү кызматтагыларды небак эле колго алып, акчаны кокосуна чейин тыгып салган тура. Канчалаган бизнесмен жигиттерди кан жуткузбады... Жалгыз Макан эмне кыла алат. Ал эч нерседен кайра тартпайт, бирок Ромдун жанында эч нерсеге татыбай калбайбы... Ушундай ойлор келет Бекенге, бүт жан дүйнөсүн коркунучка бийлетип салды. Оңойбу анан...
Макан, Бекен, Профессор үчөө кечээки кафеден жолугушту.
Профессор Маканды баягыда көрбөдү беле, Макан болсо аны биринчи көрүшү. Көздөрү ойноктоп, жакшылыгы аз экени жүзүнөн дароо көрүнүп турат.
- Таанышып алалы, атым Профессор.
- Меники Макан. Сиздин өз атыңыз Профессорбу же ишиңизден профессорсузбу? - деди Макан.
Анын бул суроосу Профессорго мыскылдагандай сезилди, ошол маанайында жооп берди:
- Ай, бала, мен сени Макансыңбы же Такансыңбы деп сураган жокмун да...




  Сандан-санга

Шай Доот
Мезгил сабактары
Галактика түпкүрүнөн адамзат ааламына аккан энергетикалык кубаттардын таасири биздин кыялдарда чындыктан жомокту, жомоктон чындыкты жаратууда. Мезгилдин ошондой бир жомогун сиздин назарыңызга тартуулайбыз.

Өңгө галактикалык кубаттуу өзөктүк энергияны боз үйдүн түндүгүнөн Кыргыздын жер ааламына түшүрүшү. Боз үйдүн ичиндеги энергиянын айлануу багыты жана циклинин инерциясы менен өзөктүк кубаттуу энергияны пайда кылып туруп аны аалам бийиктигине жогорку сфераларга жөнөтүп туруусу
Биздин Саманчы Жолу галактикабыздын өзөктүк кубатына кошуна зор галактиканын өзөктүк кубаты жакындап келе жаткандыгына байланыштуу, ал энергетикалык өзөктөр бир сызык чегинде бири-бирине катуу тартылуу таасирлеринде болот. Галактикалык өзөктөгү бири-бирин кубалап торнадо кыймылын жасап турган эки энергия, жаңы кубатты катуу тездик менен ороп алып кетет да, өздөрү айланууда бөлүп чыгарып турган кубат менен галактика денесинин ичиндеги бардык асман тоголокторуна дароо тээп жеткизе алат. Дал ушул кубулуш жүрүп баштаганда, биздин галактиканын өзөк тамыры бири-бирине чырмалган аркандын эки жибиндей болуп айлануу кубулушунда тургандыктан, коңшу галактиканын өзөктүк кубатынан агып чыккан энергия Саманчы Жолуна тартылып, жогоруда айтылган "аркандын" чырмалуусуна кирет. Бул кубулушта энергиялар эшилүүдө болот. Биздин өзөктүк энергетикалык аркан тигилердин энергетикалык арканынын учун өзүнө катуу чырмоодо болуп баштайт жана кошуна галактикада да дал ушул кубулуш жүрөт. Биздин галактикалык өзөк галактиканын ичиндеги бар болгон асман тоголокторун ушул өзөгү аркылуу кармап тургандыктан, биз бул ааламдагы өз ордубуздан ары же бери жылышып кетпей туура кыймыл менен аалам мейкиндигинде чачырабастан сызып жүрүп олтурабыз. Кошуна галактиканын өзөктүк кубатын өз ичине эшүү мыйзамы менен биздин өзөк жаңы кубаттуу энергияга байыйт да, ал энергияларды галактикабыз өз денесин түзүп турган тоголоктордун бардыгына сиңирүү процессинде болот. Биз илим багытында алып караганда асман тоголокторунун аралыгын жарык жылы менен ченейбиз. Саманчы Жолунун өзөктүк жаңырган кубаты биздин ошол өлчөм боюнча ондогон же жүздөгөн адам муундарынын (поколения) өмүрүн алган убакытта бизге келип жетиши керек эле. Бирок эң жогорку акыл эстин балкыган энергиясынын аалам мейкиндигине тарашына биздин жер дүйнөлүк стандарттык убакыт менен аралык каралбагандыктан (биз ал улуу сырга кире албагандыктан), галактикабыз өзөгүнө чырмап-эшип кийирген жаңы миниааламдык энергия көз ирмемчелик убакыт талап кылбастан бир дегенде эле галактика денесиндеги бар болгон нерселердин баарына жетип келүүгө кудуреттүү. Ошол себептүү жаңы доордун жыш толкундуу энергиясы - космос энергиясынын активдештирилген кубаттуу резонансы деп аталат.
"Галактикалык өзөктүк катмар 7 спектрдан турат, ар спектр үч кабаттуу энергиядан турат. Ошол ар бир спектрдин ички тарабындагы катмары 50% күчтү кармайт. Ортоңкусу 75%, сырткы кабаты 12% энергиядан турат" (03.08.2010). Биз жогоруда айтып жаткан кошуна галактиканын өзөктүк энергиясы биздин галактикага агылып кире баштаганда, ар спектрдин 50%тик энергияны кармаган ички тарабындагы кабаты бул жаңы чоочун энергияны өзүнө айрыкча кубаттуу күч менен тартып ороп, чыйратылып жаткан аркан сыяктуу өзүнө айкалыштыра эшип турат. Мына дал ушул кубулуштун абдан бир шайкеш келген гармониядагы процессте жүрүшү, биздин Саманчы Жолу галактикабыздын ичинде бар цивилизациялардын бардыгынын алдыдагы эволюциялык жолу үчүн айрыкча маанилүү. Бул кубулуштун болоору бир гана жер цивилизациясына алдын ала маалымдалып жатканы жок. Өзүнө гана таандык сапаты бар ар бир жашоо кечирген кичине ааламдар же цивилизациялар жогорку катмарлардан түшүрүлгөн бул маалыматтарга ылайыкташып жашоо келечегинин туура багытын таамайлап турушса, бул галактикалык кубулуш алда канча жеңил-желпи мүнөздө өтөт. Бир гана өз керт башыбызды ойлобой ааламдык бир тууган цивилизациялар менен бул жакшы жолдо үндөш болуп туруубуз абзел. Жер жарандарына ылайыкталып берилип жаткан көрсөтмөлөр боюнча бул резонанстын кубатын гармонияга алып келүү жана анын илебин жумшартуу БОЗ ҮЙ ичиндеги энергия циркуляциясынын жардамы менен гана болору маалымдалат. Боз үй ичиндеги айлануу жасаган энергия жогорку сапатына ээ болуш үчүн, аны биз, адамдар, кыргыздар ийкемине, ийине келтирип, накта таза деңгээлинде аруу кармап турушубуз керек. Бул Улуулук алдында кыргыздар аткаруучу сыймыктуу жана ошончолук милдети салмактуу аруу парз. Эгер боз үй ичиндеги кубаттардын шайкештигин кармай билсек, кубаттуу резонанста катуу чайпалууга жалпы эле адамзаты дуушар болбойт. Себеби боз үйдүн ичиндеги энергиянын айлануусунда пайда болгон энергетикалык өзөк, алиги галактикалык өзөктүк энергиянын, же өзөктүк жети спектрдин кичинекей үлгүсү, модели болуп саналат. Ошондо адамзатынын эволюциялык жолундагы жаңы бурулушуна жакшы себепкер болуучу кубаттын жердеги үлгүсү - боз үй ичиндеги уютулган энергия же КУТ болуп саналат. Ошол КУТ ааламдан келген жаңы айрыкча кубаттуу энергияны боз үй ичиндеги өзөккө кабыл алып, өзүнө эшип чыйратып кийирет. Жана жер балдарынын руху жана физикалык денесинин жаңы энергия менен активдүү түрдө синтезделүүсүнө бирден-бир чоң кызматын өтөйт.
(Уландысы бар)