Дил маек…

Айнура Салахидинова, ырчы:
"Хиджаб кийип,
кудай жолуна түшөм…"
Эстарда жааты менен фольклор багытын бирдей алып келе жаткан белгилүү жаш ырчы Айнура Салахидинова менен чыгармачылыгы жана жеке жашоосу туурасында баарлаштык.

- Айнура, көптөн бери көрүнбөй кеттиң. Эмне менен алектенип жүрөсүң?
- Учурда жаңы жылга кызуу даярдык көрүп жатабыз. Ага саналуу гана күндөр калбадыбы. 31-декабрь түнү телекөрсөтүүдөн берилүүчү "Көгүлтүр от" концертине жаңы ырларды жаздыруу менен алек болуп жүрөм. Жаңы жылда чогуу ырдайлы деп үч ырчыдан сунуш түштү. Алардын сунуштарына макул болуп, ушул иштин үстүндө иштөөдөбүз. Мындан сырткары буга чейин да эки ыр жаздыргам. Ошол ырларыма клип тарттырып жатам. Сөзү Майрамбек Осмоновдун калемине, обону белгилүү ырчы Руслан Нарынбаевге таандык "Кусалык" деген ырга клип тарттырып бүттүм. Эми Руслан Нарынбаевдин калемине таандык болгон "Бейтааныш жигит" деген ырыма клип тарттырайын деп даярданып жатам. Аппак кардын жаашын күтүп жаткам. Жаштын тилегин берет дегендей, мына бүгүн аппак кар жаап, тилегим кабыл болуп отурат. Буйруса, эми ишке киришем.
- Ак карды күтүп жатканыңа караганда клибиңдин сюжети кышка байланыштуу го?
- Менин төрт клибим бар. Үч клипте үч жылдын мезгилинде тартылган. Кыш мезгилинде тартылган клибим жок болчу. Ушундай клип тартууну аябай самап жүргөм. Өткөн жылы кышында клип тартам деп, шартка байланыштуу тарта албай калгам. Эми убакытты өткөрбөй, кар эрип кеткиче тартып калайын деп чуркап жүрөм.
- Жаңы жылда дуэт ырдоого үч ырчыдан сунуш түштү деп айтып калдың. Кимдер менен дуэт ырдайын деп жатасың?
- Жалал-Абад, Ош жергесинде аябай таанымал Гүлсүн Мамаева деген эже менен эски ырды жаңы жаздырып ырдап чыгалы деп жатабыз. Мындан сырткары Руслан Нарынбаев жаңы жылга карата жаңы ыр жазып, обон чыгарыптыр. Буйруса, ошол ырды ырдап чыгабыз. Менин репертуарымда жаңы жыл жөнүндө ыр жок болчу. Эми толукталганы турат. Буга аябай кубанып жатам.
- Тойго чакыруулар көп түшсө керек. Чакырууларга бой көтөрбөй эле барасыңбы? Ырдаган ырыңа канча төлөшөт?
- Адам менен адамсың дегендей, жакшылыгыбызга ортоктош болуп бер деп чакырган чакыруулардан баш тартпайм. Башка ырчылар сыяктуу бой көтөрүп, текеберленбейм. Менин талантымды эл баалап, эл мени ырчы кылып сахнада кармап турат. Муну жакшы билем. Ошол себептен бир бааны айтып, өзүмө ставка коюп, чакырган адамдарга асмандын башын айтпайм. Чакырган жерге барып, канча ыр болсо да ырдап берем. Мынча бер деп сурап, соодалашпайм. Бергенин ала берем. Эч кимге нааразы болбойм. Тойго чакыруулар көп түшөт. Барган жерлерим менин да көңүлүмдү калтырбайт.
- Эски ырларды аткарам деп айтып калдың. Кайсы акындардын ырларын ырдайсың?
- Кыргыз эл акыны, ЮНЕСКО сыйлыгынын ээси Нурак Абдрахманов, айтылуу ак таңдай төкмө акын Ашыралы Айталиев, Шакен Эсенгулов агайлардын ырларын комуздун коштоосунда аткарып жүрөм. Менин ушул ырларымды улуу муундагылар аябай баалап, жактырышат. Тойлорго барганда да көбүнчө комуз менен ырдаган ырларымды суранышат.
Азыр жаш акындар менен иштешип заманбап ырларды жаздырып жатам. Анткени учурдун жаштары Батыштан келген музыканы сүйөт эмеспи. Ушул нерсени эске алып, заманбап аранжировкаларды жасатып, жаңы ыр жаздыруудамын. Бирок менин ырларымды сөзсүз түрдө улуттук колорит коштойт.
- Комузду үйрөнүүңө ким түрткү болду эле?
- 2-класска жаңы барганда кошуна эже мени кыйнап эле комуз кружогуна алып барган. Барган күндөн тарта эле комузга аябай кызыгып кеттим. Бизге сабак берген агайдын талантын баалап, мен дагы агайдай болуп жаш бөбөктөргө сабак берсем деп кыялданчумун. Мектепти бүткөндөн кийин Б. Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып, фольклор бөлүмүн бүтүрдүм. Жогорку окуу жайды аяктагандан бери Кыргыз экономикалык университетинин маданий-эстетикалык борборунда студенттерге комуз жана ооз комуз сабагынан билим берем.
- Ар бир эле шакирттин устаты болот эмеспи. Устатым деп кимди эсептейсиң?
- Искусство институтунда окуп жүргөндө Замирбек Үсөнбаев агайдан беш жыл сабак алдым. Менин ырчы болуп чыгышыма да Замирбек агайдын кошкон салымы зор десем болот. Институтка жаңы келгенде эле: "Сен комузчу болбойсуң, дастанчы, ырчы болосуң" - деп мени кыйнап дастан айттыра берчү. Бирок менин дастанчы болгум келчү эмес. Төрт сап ырды жаттагандан эринчүмүн. "Жок агай, мен комузчу болом. Дастанчы болбойм" - деп көгөрүп өзүмдүкүн берчү эмесмин. Агай болбой эле: "Роза эжеңдей болсоң жаманбы. Чачыңды кыркпа. Кыргыздын сөздөрүн бузуп, акцент менен сүйлөбөй туура, таза сүйлө" - деп акыл-насаатын айтып, менин ырчы болуп чыгышыма бир топ эмгегин жумшады. Агайдын ошол сөздөрү мага чоң сабак болгон экен. Фольклорду түшүнүп, аздектешиме агайдын айткан насааттары чоң таасир берген экен. Мунун баарын азыр түшүнүп жатам.
- Азыр дастан айтасыңбы?
- Жок, айтпайм. Бир тойдо кыска көйнөк кийип жүрүп, Замирбек агайга жолугуп калдым. "Айнура комуз менен ырда, кыргыз кийимин кий. Сен кыргыздын кызысың. Беш жыл бекер окубадың да" - деп акылын айтып, кеңешин берип кетти. Ошондон бери тойлорго барганда узун кыргыз көйнөктөрдү кийип, комуз менен элдик ырларды ырдап, дастандарды аткарып жүрөм.
- Маегибизди башка нукка бурсак. Сахнага чыккан сулуу, бойдок кыздардын колун сураган мырзалар көп болот эмеспи. Сенин да колуңду сураган мырзалар жок болбосо керек?
- Колумду сурагандар аябай эле көп. Телефон номеримди кайдан алышат, билбейм, айтор, жагымдуу СМСтер көп келет. Искусство институтунда окуп жүргөндө бизге сабак берген Майрам Дүйшекеева эже: "Эч качан күйөрмандарыңды какпа. Өзүңдөн алыстатып алба. Сенин чыгармачылыгыңды баалаган адамдардын шагын сындырба. Бир ыр менен эле өзүңдү жылдыз сезип, көтөрүлүп кетпе" - деп көп айтчу. Ушул сөз кулагыма сиңип калганбы, келген СМСтерге жылуу жооп берип коем. Өзүмдүн чөйрөмдөн деле колумду сурагандар бар. Дос болуп эле жүрөлүчү деп тамашалай күлүп кутулуп кетем.
- Учурда жүрөгүңдү багынткан мырза барбы?
- Азырынча жок. Мындан эки жыл мурда жигитим бар болчу, таарынышып кеттик.
- Таарынышууңарга эмне себеп болду эле?
- Мен ага аябай ишенчүмүн. Бирок ал мени көптөн бери эле алдап жүргөн экен. Ошондон улам таарынышып кеттик. Кийин кечирим сурап көп жолу келди. Кечире алган жокмун. Көңүлүм калып, жүрөгүм муздап калса керек. Дагы алданып калбасам экен деп азыр да жигит күткөндөн корком.
- Кыздын барар жери күйөө дегендей, турмушка чыгуу туурасында ойлоносуңбу?
- Мындан эки жыл мурда турмуш куруу туурасында ойлончу эмесмин. Азыр турмушка чыккым келип жүрөт. Эртеби-кечпи, акыры үй-бүлө куруп, эне болот эмеспизби. Жакшылыктын эрте болгону эле жакшы го.
- Бакыт деген сөздү кандай түшүнөсүң?
- Бул дүйнөнүн жарыгын көргөн адам бактылуу. Бакыт - жакындарыңдын амандыгы.
- Сүйүү жок деген сөзгө кошуласыңбы?
- Жок. Сүйүү бар үчүн дүйнөдө жек көрүү сезими алсыздык кылып келет деген ойдомун.
- Эмнеге кубанасың?
- Мусулман болуп төрөлгөнүмө. Буйруса жакшы мырзага жолуксам, убагы келгенде чыгармчылыгымды таштап, беш маал намаз окуп, хиджаб кийип, кудай жолуна түшөм деген аруу тилектерим бар.
Маектешкен
Жаркынай
КАДЫРКУЛОВА