Аксакал, андай альянсты айтпасаңыз
"Эгерде эртең "Республика", "Ата-Журт" жана "Ар-Намыс" партияларынан турган коалиция түптөлсө, Кыргызстан кайра президенттик башкаруу формасына келет"-дейт азыркы төраганын милдетин аткаруучу Ташболот Балтабаев. Анын айтымында, азыркыдай альянс парламенттик башкаруу формасын жактырбай келгендиктен, референдум жолу менен кайрадан президенттик башкаруу формасына барышы мүмкүн экен. Эми аксакалдын айтканын түшүнсөк болот. Ал киши алдыга анализ жасап жатат да. А элчи, эл, алар эмне дешет? Эгерде ошондой коалиция түптөлө турган болсо, эки эле күндө Ак үйдөн айдап чыгышат. Муну бөркүңөрдөй көрсөңөр болот. СДПК менен "Ата Мекендин", арачага түшкөнгө алы жетпей калат. Шайлаган да эл, жайлаган да эл болот. Так что, тынч уктай берсеңиз болот, Таштаке. Андай альянстын арты жаман болот.


Эмдигисин эл чечиши мүмкүн
Өкмөттүк коалиция түзүү боюнча ажобуздан тапшырма алган Өмүрбек Бабанов анысын ушул айдын 24нө чейин аткарышы керек. Аракетинен майнап чыкпаса, ал дагы Атамбаевчесинен мандатын кайра ажого тапшырышы керек. Эгерде Өмүрбек 15 жумушчу күндө оңтойлуу коалиция курай албаса, анда азыркы парламент өзүнүн башын өзү жуткан болот. Ооба, үчүнчү жолу бар. Ал парламенттеги 5 партия төгөрөк үстөлгө отуруп, өздөрү коалицияны аныкташы керек. Парламентте отуруп чече албагандан кийин, төгөрөк үстөлдү отуруп чечишмек беле. Демек, ал жөнүндө кеп козгобой койсок деле болот. Ажобуз мындан ары эч кимге мандат бербейт. Мыйзамга тактап туруп, "мындай парламенттин барынан жогу" дейт да, мыкка кагып салат. Мындайча айтканда, 5- чакырылышта утуп чыккан 5 партияны 5 мүнөттө таркатып салат. Спикердин милдетин аткаруучу Ташболот Балтабаев, "перевыборы никому невыгодны и не нужны" дегени менен, эл эмитен эле жаңы шайлоону эңсеп турат. Эгерде эмки коалиция элдин талабына шайкеш келбесе, эч кимсиз эле, эл өзү таркатып жиберет.


"Ата-журттун" алары спикерликпи?
"Ат айланып казыгын тапса, эр айланып элин табат" эмеспи. Айтайын дегеним, "Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев болуп турат. "Акипресс" агенттигине маек бериптир. Анда: "Амбицияларыбызды токтотуп, алдыга жылышыбыз керек, башка бара турган жолубуз жок"-дептир. Тумшуктарына суу жеткенин туура эле айтыптыр. "Республика" партиясынан сунуш түшөрүнө ишенип жаткан Камчыке, коалиция боюнча, ""Республика", СДПК, "Ата Журт" партиялары жана "Ар-Намыс", "Ата Мекен" партиялары…" деп бөлүп айтканына караганда, алдыңкы үч партиядан турган коалицияны жактырып жатса керек. Билсеңиздер, буга чейин анын, "нас кидать нельзя" деп айтканы бар эле. Бул жолу дагы, "без нас будет просто трудно создать коалицию" деген оюн билдириптир. Мунун өзүнөн эле, "эмне үчүн эң көп добуш алган бизден спикер шайланбай, эң аз добуш алган Ата Мекенден "спикер шайланышы керек?" деген суроо туулуп жатканын баамдасак болот. Демек, Текебаевди спикерликтен "тээп" түшүүгө ата-журтчулар арбын салым кошконун айтсак болот экен.


Атыбыз чыгып жатат, байгеден эмес, балээден
Ары кызыктуу, ары кырсыктуу кыргыз саясаты, бүгүнкү күндө бүтүндөй дүйнө жүзүн өзүнө буруп турганын өткөндө Аркадий Дубнов өз макаласында жазды эле. Аттиң Аркадий, ал биздеги "атың чыкпаса жер өрттө" деген сөз бар экенин кайдан билиптир. Атамбаевдин коалициясын кырсыкка учураткан кыргыз парламенти азыркы күндө алардын эрмегине айланды. Макташса макул эле го, маңкабызды чыгара мазактап жатышат. Кызыгы, кыргыз басылмалары сыяктуу, алар дагы "Ата-Журт" партиясынын анабашчыларына "асылып" жазышат. "Фергана.ру" сайтындагы "Ежики в правительство не собираются" деген макалада, "Напомним, ранее К.Ташиев заявлял, что ноги его не будет в парламенте, пока там заседает депутат от его же партии Динара Исаева, жена бывшего премьера Данияра Усенова, который объявлен в розыск. Однако вчера в зале присутствовали и Исаева, и Ташиев"-деп, эркектин сөзүнө турбаган "эл өкүлүн" алар дагы эрмектешиптир. Дегеле, биздин мандаты барлар ушундай мазактаган макалаларды окушат болду бекен? Көбү компьютердин үч кнопкасын эми үйрөнүп жаткандан кийин, үмүттөнбөй деле койсок болчудай. Эшимкановдун "эшегине жараша тушагы" дегени ушул тура.


Калганга да, алганга да акысы бар
Кечээ түштөн кийин Өмүрбек Бабанов коалиция тууралуу калган төрт фракция жетекчилери менен жолугушарын балп эткен. Бирок ага чейин эле, анда козголо турган маселелер коомчулукка таркап кеткен. Маселен, "Ата-Журт" фракциясынын башчысы Ахматбек Келдибеков: "биз азырынча президенттик башкаруу формасына кайтарып келе турган референдум өткөрүү маселесин көтөрбөйбүз"-деп "Ар-Намыс" партиясынан алыстаганын, СДПК, "Республика", "Ата Мекен" партияларына жакындаганын билдирсе, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Чиркешович өз кезегинде: "Атамбаевдин коалициясы урап калганын, биздин бир топ эксперттер парламенттик башкаруу системасы урап калганы менен байланыштырып жиберишти. Бул андай эмес. Ал система аябай дыкат даярдалгандыктан, азыркы күндө тынымсыз иштеп жатат"-деген пикирин билдирген. Ошол маалда, СДПК фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков: "кандай коалиция түзүлсө да, премьер-министрлик кызмат СДПК фракциясынын лидери Алмазбек Атамбаевге калтырылышы керек. Анткени ал орунга Алмазбек Шаршенович гана татыктуу"-деген оюн ортого салган. Демек, кийинки коалицияга "Ар-Намыстан" башка төрт партия баш кошо турганы байкалып калды десек, аша чапкандык болбос. Анан калса, "Республика" партиясынын депутаты Бакыт Төрөбаев: "биз кеңири коалицияга түзүүгө чакырабыз"-деп айтып жибербедиби. Талаштын тарыхы спикерлик кызматта жатканын жашырбай койсок деле болот экен. Эгерде "Ата Мекен" партиясы спикерлик кызматтын "Ата-Журт" партиясына берилишине каршы болсо, анда алар "Ар-Намыс" менен оппозицияда калышы толук мүмкүн. Макул болушса, жалгыз гана ар-намысчылар "самое слабое звено" бойдон калышат.


Байболовдун башы,
Куловдун кулагы дейби...
Акбөкөн Таштанбеков деген абройлуу афганчы бар эмес беле, аны өткөн айда камакка алышып, аз өтпөй кайра үй камагына которушкан. Афганчыга "алдамчы" деген айып коюшкан, атургай, беш эпизод менен кылмыш иши козголгондугун кобурашкан. Ошондо эле, афганчынын Ажар аттуу кызы айтып чыккан "атамдын камалышында саясий боёктор бар, анын артында айрым чиновниктер турушат"-деп. Такталбаган маалыматтарга таянсак, Акбөкөндү ак жеринен абакка отургузушуптур. Ал иштин артында башкы прокурор Байболовдун башы, депутат Куловдун кулагы чыгып турат имиш. Ушундай ушакты уккуңар келсе, алар талашкан Акбөкөндүн мончосуна баргыла. Баргандын баарысы эле айтып жатышат, "байкуштун банясын Байболов менен Кулов тартып алганы жатышыптыр"-дешип. Алардын айтымында, ошол мончонун оң жагында Куловдун, сол жагында Байболовдун менчиктери бар имиш. А бирок элдер деле айтып жүрүшөт, "экөөсүнүн ортосунда эсептеше турган эски маселелер бар болчу" дешип. Тергөөсү бүтсүн, анан биз териштирели. Көшөгө артындагы оюндарды ошондо билдирели.