Ата-Журттун сыймыгы…

Каныбек Жолчубеков,
(Азия -2010)
күмүш медалдын ээси:
"Турциянын спорт комитети 200 миң доллар сунуш кылып..."
Балачагы…
- Балачагым Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Булак айылында өттү. Алты бир тууганбыз. Үйдө жалгыз эркекмин. Миң-Булак айылынан мектепти аяктагам. Учурда Шераалы Сыдыков атындагы спорт интернатында грек-рим күрөшү боюнча машыгып жатам.
Атам төшөктөрдү ороп күрөштүрө берчү…
- Спортко аралашып калуума атам түрткү болгон. Атам да, чоң атам да спортту баалаган, сүйгөн адамдардан. Бала кезимде эле атам төшөктөрдү ороп мени күрөштүрө берчү. 3-класста окуп жатканда атамдын бир тууган иниси Жолчубеков Тыныстан байкем балдарды күрөш менен машыктырып келген Төрөкулов Мажит агайга алып барды. Жума күнү барып калыптырмын. Ал күнү балдар арасында чоң таймаш болот экен. Даярдыгы жок эле таймашка түшүп, көптөн бери машыгып жүргөн балдардын баарын жеңип алдым. Себеби атам үйдөн мага күрөштүн бардык ыкмаларын көрсөтүп, үйрөтүп койгон эле. Агай мени жактырып алып калды. Эки жыл ошол агайдын мектебинде окуп, спорттун ар кандай сырлары менен тааныштым. Андан кийин Төрөкул агай Бакыт деген чоң спортчу агайдын колуна тапшырды. Бакыт агайдын мектебинде эки жыл тарбияландым. Менден чоң спортчу чыгарына көзү жеткенби, айтор, Бакыт агай өз жанынан акча чыгарып, мени жер-жерлерде өткөн спорттук сынактарга алып барып такшалтты. 7-классты бүткөндөн кийин 2003-жылы ата-энемден уруксат алып, борбордогу Шераалы Сыдыков атындагы спорт интернатына тапшырдым.
Үйдө жалгыз уул болсом да, атам менин шыгымды көрүп, жолумду тоспой, мени окууга жөнөткөн.
Сыйлыктары…
- 2006-жылы Кыргыз Республикасында жаштар арасында өткөн таймашта биринчиликти жеңип, Тайландда өтө турган таймашка жолдомо алдым. Даярдыктарды көрүп 2006-жылы Тайландга барып, алтын медалды казак балбанына уттуруп, күмүш медалдын ээси болгом. 1 ай өткөндөн кийин Кыргызстанда жаштар арасында таймаш болуп, баягы утулуп калган казак балбанын жеңип алдым.
2007-жылы 50 кг салмактагы жаштар арасындагы таймашта 3-орунду алып калдым. 2008-жылы кайра жаштар арасында таймаш болуп, биринчиликти утуп алып, Азия оюндарына жолдомо алдым. Азия оюну 2008-жылы Дохада өтүп, жаштар арасында биринчиликти багындырып, алтын медалдын ээси болдум. Кийин Турцияда жаштар арасында спорттук таймаш болуп, анда алтын медалдын ээси болгом. Жеңишим эске алынып, мамлекет тарабынан бир бөлмөлүү батирге ээ болдум.
Кытай жергесиндеги таймаш…
- Кытай жергесиндеги таймашка машыктыруучуларыбыз менен бирге абдан катуу даярдандык. Анткени быйыл 1-жолу чоңдор арасындагы күрөшкө түштүм. Менин жеңишим - машыктыруучуларымдын жеңиши. Ошолордун эмгеги менен биз ийгиликтерге жетишип жатабыз. Мага колдоо көрсөткөн адамдарга терең ыраазычылыгымды билдирем.
Эртең таймаш деген күнү "Азия оюндарынан кыргыз элим медаль албай калабы" деп болгон күчүмдү жумшап, "медалды элим үчүн алышым керек"- деген ой менен таң атканча Кудайдан суранып уктабай чыктым. Биринчи атаандашым өзбек балбаны болду. Андан кийин кытай балбанына туш болдум. Кытай балбаны менен таймашка чыкканда бир аз коркуу сезимдери болду. Анткени таза жеңишке ээ болбосоң, калыстар тобу күчтүү мамлекеттерге тартып коет эмеспи. Алтын медаль үчүн кармашкан Жапон балбаны аябай күчтүү жигит болчу. Ал Азия оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөлүк таймаштарга катышып жүргөн тажрыйбалуу жигит. Бирок биз да колдон келген аракетти жасадык. Буйрук экен, экинчи орунга ээ болдук. Бул жеңилүү бизге чоң сабак болду. Азыр уттурсак, кийин утабыз. Менин башкы максатым - Кыргызстанга медаль алып келүү болчу. Тилегим аткарылды.
Мамлекет спортко көңүл бөлсө…
- Ар бир адамдын өзүнүн даярдыгында. Бул бир чети финансылык жактан да чечилип калышы толук мүмкүн. Биздин стипендия жагы аз болуп жаткандай. Жеңилгендерге да колдоо көрсөтсө, жылыштар болсо керек деп ойлойм. Жеңип келгендерге гана эмес, мыкты оюн көрсөткөндөргө да стипендия ыйгарып турса. Бул жаңы чыгып жаткан спортчуларга стимул болмок. Дагы бир өзгөчөлүк - чет элдин спортчуларынын жеке дарыгер-массажисттери бар экен, бизге да ошондой шарт түзүп беришсе жакшы болмок. Кээде чарчаганда спортту таштап басып кетким келет, (күлүп) бирок андайга жол бербейм.
Чет жерден түшкөн сунуштар…
- 2008-жылкы Дүйнөлүк чемпионаттан кийин Турциянын спорт комитети 200 миң доллар сунуш кылып, мени чакырышкан. Бирок мен алардын сунушунан баш тарттым. Анткени мен машыктыруучуларымдын, ата-энемдин эмгегин ойлоп, ичкен кудугума түкүргүм келген жок. Кыргыз жеринин суусун ичип чоңойгондон кийин кыргыз жерине эле кызмат кылам деп чечтим. Кечээги Азия оюндарынан кийин казак машыктыруучусу тарабынан да сунуштар түштү. Давлет Турдуханов деген агай келип, үч бөлмөлүү үй, машина, көп акча сунуш кылды. Бул сунуштан да баш тарттым. Алардын көзүнө түшүшүмө, менин машыктыруучуларымдын эмгеги зор экендигин тана албайм. Алардын көп жылдык эмгегин талаага таштабайм. Кудай Таала мага ушул жерден ийгилик ыроолоп жаткандан кийин Кыргызстандын желегин желбиретишим керек!
Кубаныч менен коштолгон өкүнүч…
- Кубаныч менен кайгы ортоктош жүрөт турбайбы. Ата-энем аябай чоң кубаныч менен тосуп алды. Өкүнүчтүүсү, мен Кытайдан таразага түшөөр күнү чоң апам каза болуптур. Арга жок экен жеңишиме күбө боло албады. Мага угузушкан эмес, качан гана шаарга келгенде уктум. Буюрса, 2012-жылы Лондондо өтө турган спорттук таймашка катуу даярдыктарды көрө баштадым. Кудай ден соолук берсе, 35 жашка чейин спортко жанымды берем. Буюрса, 2012-жылдан кийин үйлөнөм деген жакшы тилегим бар. Сүйлөшкөн кызым Лира Улуттук университеттин студенти.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев




Гүлчамбар
"Асман пресс" гезитинин ээси, акын, академик Лариса Асанбекованын атасы
Шейшеналы Асанбековдун
мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтып, орду толгус аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Лариса айым, атаңыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
"Форум" гезитинин эмгек жааматы