Кадам ушул…

ПАРЛАМЕНТ "ЧИЛЧЕ" ТАРАСА…
БАКИЕВЧИЛЕРДИ ҮЙҮНӨ ЭМЕС,
АБАККА КАМАСА…
Ошол КСДП, "Ата Мекен" жана "Республика" партиялары коалиция түзгөнүн жар салган күнү элибиздин көбү аябай сүйүнгөн эмеспи. Мен окшоп адыраңдай кеткен журналисттер бул окуяны кыргыз тарыхында калчу эң бир сонун окуя катары баалап, кудурети жетишинче, сөзү табылышынча мактап турдук. Анан эле бир суткага жеттиби же жокпу коалиция бомба түшкөндөй тыптыйпыл болду. Деги эмне болуп кетти?

Эмне болсун, акылы жеткен адамдардын баары эле билет: парламенттин иштей албай жатышы эл-жеринен безип кеткен Бакиевдердин жүргүзүп жаткан реваншисттик саясатынын жемиши, элден уурдап кеткен акчасынын кылганы.
Баарыбыз эле көрүп-билип турдук, парламенттеги Ташиев, Келдибеков, Артыков сыяктуу бакиевчилер кадимкидей эле берки "шоркелдейлерге" террор жүргүзүп жатпайбы. Баарынан да жанагы Артыков деген неме Балтабаев аксакалды баса калчудай жулунуп, сөөмөй кезеп жатпайбы. Ошол жерде кыргыздын бир өрттөй жанган жигити жокпу деген жаман суроо келет экен. Болсо, жетип барып табактай бетке муштум орнотуп койчу учур эле!
Булардын парламенттеги кылыктары жеңил-желпи тартип бузуучулук эмес, булар парламентте дискредитация кылууга жандалбастап жатат. Акыр-аягы келип эле парламенттик башкарууну жок кылууну көздөшөт.
Деги адам табияты кызык, кечээ Бакиев өлкөдөн куулуп, анын жакындары четинен кармалып, качкандарына издөө салынып жатканда ушул Ташиев, Келдибеков, Сулаймановдор ж.б. бир ай бою тигил, бул жактарга жашынып, алды Алайга кире качып, "мени коргоп калгыла"-деп элге жалынып-жалбарып, бизди качан камайт деп ичкени ирим болуп турбады беле. Анан Убактылуу Өкмөттүн жумшактыгы менен булар баягы көөп турган абалына бат эле кайтып келишти. Булардын акчасында да эсеп жок экен, ошонусунун жардамы менен, жердешчиликти курал кылып парламенттик шайлоодо да жеңип турушту.
Бу ата-журтчулардын кийинки кылыктары кандай болгон күндө да парламентти оңчулуктуу иштетпөө, акырындап олтуруп бийликти кайрадан басып алуу, Бакиевдин бийлигин орнотуу максатын көздөп жатат окшобойбу.
Мына ушундай кырдаалда коалиция түзгөн партиядагылар аларга каршы бир муштум болуп биригүүнүн ордуна, кээ бири акчага алданып "бешинчи колоннага" айланып олтурушат. Ошол Испаниядагы "бешинчи колонна" идеяга жетеленсе, биздин чыккынчылар акчага алданды, ач көздүктүн кулу болду. Эми ошол тогузбу, канча чыккынчы партиялаштарынын бетин кантип карайт десеңер?! Бирок абийири жок жаралган немелер уялып калмак беле, жүзү кара экендиктерине кенедей да элес бербей жашоосун өтөйт эмеспи! Сойлоп жүрүүгө жаралгандар эч качан уча албасы чындык. Ата-журтчулар ошолорду сатып алып жатканда айткан тура: "Мындан ары силер жашыруун добуш бергенде партиялаштарыңарга каршы добуш берип турасыңар"-деп. Чын-бышыгын билбедим, бирок ушундай сөз жел менен кошо тарап турат. Мына ошол акча алып чыккынчылык кылган "шакалдар" даана аныкталса, жанагы 7-апрелдеги кылмышкерлер менен чогуу соттоп жиберсе сонун болбойт беле…
Кандай болгон күндө да бул парламенттин келечегин жакшы жагына оодарып кароого болбой калды. Ата-журтчулар аралашкан жерде реваншисттик саясаттан башканы күтпөгөнүбүз эптир…
Президент кезектеги фракцияны түзүүнү "Республика" партиясынын лидери Бабановго тапшырды. Ошондон соң мурдагыдай эле ар түрдүү варианттар айтылып жатат: "Ар-Намыстан" башка төрт партия фракция түзөт дейт, экинчи бирөөлөр ал фракцияга "Ата Мекен" кирбейт экен, алар эми эч кимге кошулбай кызмат өтөйт экен дейт, айтор, кыргыз турмушуна мүнөздүү дейттердин арааны ачылып турат…
Баса, ата-журтчулар спикерликти Келдибековго ыйгарып жатышыптыр. Бу дагы Бакиевди кууган журт үчүн трагедия! Кандай ой жоромолдосоңор, өз ишиңер…
Ал аңгыча өлкөдөгү саясий да, экономикалык да, социалдык да абалыбыз кризис түрүндө дагы да тереңдеп бараткандай. Анткен менен, Убактылуу Өкмөт бир Улуу жеңишти алып келиптир - электр энергиясынан өксүү боло элекпиз. Болсун!
Азыр бакиевчилер кадимкидей эле баш көтөрүп, коркпой-үркпөй эле, уялып-этпей эле ачыктан-ачык өз саясатын жүргүзүп жатат. Далай адамдын өлүмүнө себепкер болгондор "эч кандай күнөөбүз жок" деп эч кимди тоотпой турган кези. Ар кайсы аталыштагы жана деңгээлдеги коомдук уюмдар жалаң гана күнөөлүү тарапты коргоп жаткандай сезилет. Ал эми биздин укук коргоочу жана башка чет жердин акчасы, идеясы менен жашаган улкунуп-жулкунган катындарыбыздын кылган иши ушул эле болуп калды: азыркы бийликти сындайт да турат, баарынан күйгүзгөнү, күлкү келтиргени Роза Отунбаевага тең болуп калгансып түз эле аны сындап жатышпайбы. Жолдош укук коргоочу, жана башка эл аралык уюм-пуюмдардын катындары, Отунбаева ким да силер ким? Ар дайым пилге үргөн кандекти унутасыңар да турасыңар. Антпегиле, уят болот, быкый болот, "мөө" келип алып кетет…
Баамыбызда азыр бир дагы эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Кыргыз мамлекетине жакшылык кылайын деген ниети жок, тигил, бул негативдүү көрүнүштөрдү кайра-кайра чукулайт да турат. Азыркы бийликте тургандар андай уюмдардын кебин муюп укпай, уккан түр көрсөтүп, түптүз эле "… ит үрө берет" маанисинде мамиле жасаганы туура болоттур. Антпесе, аларың ашынгандан ашынып барат.
Бу кыргызың ошондой айдамабы, дегеле четтен келгендер бизди үйрөтпөгөн маселе жок. Чет элден келген "маңкалар" келип эле буудай өстүргөндөн баштап бала тарбиялаганга чейин үйрөткөн болот, өздөрүнүн арты бок экени менен деле иши жок… Көрүнгөндөр келип эксперимент жасачу эл болдукпу, жер болдукпу?!
Бүгүнкү күнү жашыруун болбой калды: түштүктө өзбек сепаратизми небак тамырлап күндөн-күнгө күчтөнүп бараткан экен, июнь окуялары аны бышыктап бербедиби. Эми болсо, коомдук уюмдар, укук коргоочулар ошол "ашыбызды ичип, башыбызга чычкан" жексур сепаратисттерди бечара кылып көрсөтүп, шордуу кылып көрсөтүп жатат, кыргызың болсо "баш кесер" кейпин кийди да калды.
Өзүбүздү өзүбүз коргобосок, бизди эч ким коргоп бере албайт, коргогусу да жок. Андыктан Совет доорундагы "интернационализм" деп далай улуттун түбүнө жеткен былжырактыкты азайтып "кыргыз эле кыргыз" деп аракет кылганыбыз оң болуп турат. Болбосо, таракандай жайнап кеткен өңгө улуттар бизди "кулк" эттирип өздөрүнө сиңирип коер. Өңгөнү курутуп улутчул болбойлу, өзүбүздүн келечек үчүн улутчул бололу, бул маанини түшүнгөн адамдар түшүнөт…
Өткөндөгү бир эл аралык кеңешмеде президенттин администрация башчысы Эмилбек Каптагаев: "Кыргыз мамлекети жок болуунун жолунда эмес, ар маселени маданияттуу жол менен чечүүнү үйрөнүү жолунда, мамлекеттүүлүгүбүзгө шек келтирчү маселе жок" - сыяктуу оюн айтты. Кээ бир душмандар, биринчи иретте Бакиев тилегендей биздин мамлекетте хаос абалы да жок, мамлекетибиз жок болуу жолунда да эмес, кандайдыр бир жаңы нук менен жакшылыкка бараткандай. Анткен менен ушул жол, ой-оой, оор болчудай.
Ошол оор жолдун бир көрүнүшү парламентибиздин окуясы болуп жататтыр.
Атаганат де, биз күткөндөй Атамбаев премьер, Текебаев спикер, Бабанов биринчи вице болгондо сонун болбойт беле. Текебаевдикин кеч деп эсептесек, Атамбаев менен Бабановдун жүрүштөрү алдыда дейли.
Бакиев бийлигинин азабын тарткандар какшап эле жатат: бакиевчилерди бийлик тарабына кенедей да жакын жолотпош керек деп. Бийлигибиздин ашкере гумандуулугу, өзгөчө Бекназаровдун жанда жок "боорукердиги" бакиевчилердин баш көтөрүп жатканына себепкер болду окшойт. Бийликтин ошондой мамилесинин натыйжасында азыр Конституциябыз боюнча башкы бийлик болуп турган Парламентибизди бакиевчилер басып алгандай сезилет.
Мейли, Бабанов төрт партиядан же үчөөнөн турган көпчүлүктүн фракциясын түзсүн, ошондо эле парламент өз вазийпасын аткарып эл керегине жарап береби? "Ооба" деп шарт эле айтуудан ооз кыйналат. Парламент боксерлордун рингине айланары анык болуп калды. Ушинтип ой жоруп олтуруп момундай бир сонун тыянакка келет экенсиң: президентибиз баарын таразаласа да парламентти "чилче таратып" таштаса деген. Азыркы кырдаалда бул сонун чечим болгону турат.
Баратбай АРАКЕЕВ