ХИПКчилер премьерликке ашыгып…
Учурда Кулов жетектеген ар-намысчылардын арыгын чаап аткан, эски бийликтин эң эле эпчил чиновниктердин атаманы аталган Акылбек Жапаров жаңы коалиция кураштырып атышкан республикачыларга "Куловдун премьерлиги-биздин эң башкы мүдөөбүз"-деген шартын шардана кылды. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, эгер Куловдун ойлогон ою орундалып калса, партиянын экинчи тизмесиндеги Акылбек Жапаров Бакиев бийлигинин акыркы жылдарында ээлеп келген вице-премьерлик эски кызматына кайтып келээри айтылууда. Эсиңерде болсо дал ушул эки эргул мындан бир нече жыл мурун дүйнөнүн эң жарды өлкөлөрү кирген ХИПКке Кыргызстанды аз жерден киргизип сала жаздашкан. Бири премьер, бири каржы министри кызматын аркалап, Дүйнөлүк банктын түздөн-түз көзөмөлүндөгү бул уюмга өлкөбүздү да киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышканда, кыргыз коомчулугу түп көтөрүлө каршылыгын көргөзгөндө, бул арам ойлорун аргасыз жыйыштыргандай болушкан. Эми экөө ээрчишип бийликтин "эки тизгин бир чылбырын колдоруна" алабыз деп катуу ашыгып отурушат. Барып калышса, баягыларын баштап ийишет го…


Ташиев менен Келдибековдун ортосун кара мышык аралады…
"Ата-Журт" партиясынын арасын кара мышык аралап, аталган партиянын ана башчылары Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековдун саясий көз караштары келишпей ич ара тартышып жатыптыр. Бизге жеткен маалыматка караганда Камчыбек Ташиев Казакстандын көрсөтмөсү аркылуу иш жүргүзгүсү келсе, Акматбек Келдибеков Россияны өнөктөш кылып кызматташуубуз зарыл деген пикирге таянып, экөөнүн пикирлери бир жерден чыкпай, натыйжада "Ата-Журт" фракциясы эки топко бөлүнүп кетиптир. Эсиңиздер болсо керек, буга чейин да "Ата-Журт" партиясынын ичинде бөлүндү болуп, Камчыбек Ташиев менен Динара Исаеванын ортосунда тирешүү жүргөн. Бүгүнкү күнгө чейин ошол тирешүүнүн мизи кайта элек. Эми болсо ана башчыларынын алакалары бузулуп, экөө эки тоонун чөбүн эңсешип, "Ата-Журт" фракциясы экиге бөлүнүп тирешүүгө өтүшүптүр. Учурда Камчыбек Ташиев Казакстанды карап түздөнүп, Нурсултан Назарбаевдин оозун караса, Акматбек Келдибеков Россияны тиктеп, КСДПнын лидери Алмаз Атамбаевге ыктап "бир бололу" дедиртип жуучу жөнөтүп жатыптыр. Кыскартып айтканда, "Ата-Журттун" алыска бара албашы байкала баштады.


Равшанбек Сабиров имамдардын "крышасыбы"?
"Ата Мекен" партиясынын тизмесинде 18чи болуп катталып, депутат болуп шайланган улуту тажик Равшанбек Сабиров деген мырза бар. Бул мырза депутат болгонго чейин Улуттар аралык ассамблеяны башкарып турган. Кыязы, акчасы арбын окшобойбу абройлуу партиядан депутат болуп, өзүнчө эле аброй күткөн киши болуп, чиренип өзүнө батпай "чытырап" турган кези. Өткөндө Ош менен Бишкектеги жардыруулардын артында сепаратисттик топтор жана диндин өкүлдөрү турганы ачык эле байкалган. Тактап айтсак, Оштогу жардырууда жок кылынган 4 адамдын бири Мажүрүм-Тал мечитинин имамы Фархад Нарматов болгондугу бул негиз берди десек болчудай. Ушул маселе боюнча Ошто дин өкүлдөрү жана күч тармактарынын жетекчилеринин катышуусундагы чоң жыйын болуп өттү. Мына ошол жыйында Баткен шаарынын казысынын орун басары Убайдылда аттуу аксакал адам: "Дин ишмерлеринде да кемчиликтер кетип жатат. Бизде деңгээли төмөн, ишинен чекилик кеткен имамдар көп. Ошондой имамдардын бирин жумуштан алып койсок, эртеси эле "Неге жумуштан алдыңыз?"- деп аким чалды. Аны укпай койсом, Жогорку Кеңештин депутаты Равшанбек Сабиров чалып: "Алып койгон имамды кайра ордуна коюп коюңуз?"-деп буйрук берди. Көрсө, азыркы шектүү делген имамдардын артында чиновниктер турат экен" -деп ачык эле айтты. Албетте, ушундай көрүнүштөрдөн улам, биздин өлкөдөгү улуту башка чиновниктер мамлекетибиздин кызыкчылыгына төп келген иштерди аткарып жатат деп айтуу өтө кыйын. Сабиров өңдүү чиновниктердин мансабына таянып, дагы кандай кооптуу иштерди иш жүзүнө ашырып жүргөнүн биз кайдан билебиз. Биз эмес, ишенген УКМК деле билбей калышы толук мүмкүн. "Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, айтор мындай шектүүлөрдүн баардыгын кылдаттык менен тыкыс текшерүүдөн өткөзүү зарыл. Бул маселени күч тармактары колго алат деген ишеничтебиз. Кошумчалай кетчү нерсе, кечээ Ош шаарынын 5 имамы жумуштан алынды. Муфтий Чубак ажы Жалиловдун айтымына караганда жакынкы күндөрү дин тармагында кадрдык чоң өзгөрүүлөр болот.


Карыбеков бир жылга карыды!
Акыркы бир жыл ичинде атпай журтка аты таанылган белгилүү парапсихолог Мелис Карыбеков кечээ туулган күнүн белгиледи. Адамдан сырт өзгөчө касиетинин аркасы менен карапайым калкыбыздын жүрөгүнөн түнөк тапкан мыкты макалаларын жазып келет. Дал ошол макалалары элге каршы иштеген эски бийликтин кулашына кандайдыр бир деңгээлде себепчи болгон. Айтор, бул адам жөнүндө айта берсе сөз көп, убагы келгенде кененирээк кеп кылаарбыз. Азырынча кечээки туулган күнү менен куттуктап, ишине ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалап кетмекчибиз.
Туулган күнүңүз кут болсун, Мелис мырза!


Мыктыбек Абдылдаев - Башкы прокурор
Түзүлүп-түзүлбөй жатып урап түшкөн өткөндөгү коалицияны ыдыратууга ат көтөргүс эмгеги бар делинип жүргөн "Ата-Журт" партиясынын көздөгөнү эле спикерлик кызмат экендиги айтылып келген. Бирок коалициялык маселелер боюнча жүргүзүлгөн акыркы сүйлөшүүлөрдө ата-журтчулар спикерликтен баш тартып, Башкы прокуратура менен өзгөчө кырдаалдар министрлигин мээлеп жаткандыгы айтылууда. Ак үйдөгү "жер тыңшаар маамыттардын" айтымында, Башкы прокурорлук мансап "Ата-Журттун" биринчи сабындагы, партиянын формалдуу лидери Мыктыбек Абдылдаевге ыйгарылып жаткан экен. Эгер "Ата-Журт" аралашкан парламенттик көпчүлүктү түзгөн коалиция куралып кала турган болсо, Мыктыбек мырза Байболовдун ордун басып жыгылат.


"Республика", "Ата Мекен", "Ар-Намыс" фракциялары коалиция түзөбү?..
Коалиция түзүү милдетин алган "Республика" фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов учурда фракциялар ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан чагы. Коомчулук кандай коалиция түзүлөт деп чыдамсыздык менен күтүшүүдө. "Республика" партиясынын кеп кылып келатышкан кеңири коалициясынан жыйынтык чыга элек. Ошондон уламбы, Ак үй тараптан "Республика", "Ата Мекен", "Ар-Намыс" фракциялары коалицияга бириккени жатышат" деген күбүр-шыбыр чыга баштады. Угушубуз боюнча аталган үч фракциядан коалиция түзүлсө, Өмүрбек Текебаев спикер, Феликс Кулов премьер-министр, Өмүрбек Бабанов коалицияны жетектейт имиш. Мындай коалициянын түзүлүшүнө "Ата-Журт" фракциясынын Камчыбек Ташиевди жактаган тобу көмөк көрсөтөбүз деп убада берип жатышыптыр. Анткени мындай долбоор Казакстандын "улут көсөмү" Нурсултан Назарбаев тарабынан келген экен. Назарбаевге мындай долбоорду Америка сунуш кылып, Кыргызстанды көзөмөлгө алууну Казакстанга тапшырыптыр. Ушул тапта жогорудагы коалициянын долбоорун ишке ашыруу максатында Назарбаевдин тапшырмасы менен атайын өкүлдөр Астанадан Бишкекке көп суммадагы доллар менен учуп келгени айтылууда. Эми бул долбоор ишке ашабы, же жөн эле айтылган сөз бойдон калабы аны убакыт көрсөтөт…


Кыргыз мигранттары Кыргызстанды байытабы?
Быйыл дүйнө боюнча мигрант деп эсептелгендердин саны 214 миллионго жетти. Дүйнө мигранттарынын өз өлкөлөрүнө которгон каражат 307 миллиард долларды түзсө, быйыл жыл аягына чейин 325 миллиард долларга жетери күтүлүүдө. Белгилүү болгондой, дүйнө мигранттарынын 1 миллиондон ашыгын кыргыз мигранттары түзөт. Ал эми кыргыз мигранттары 2010-жылдын он айында 884 миллион доллар которушкандыгы маалым болду. Салыштырмалуу түрдө айта кетсек, 2008-жылы болсо бул көрсөткүч 1 млрд. 205 млн. долларга чейин жеткен. 2009-жылы болсо 966 миллион доллар болгон. Не демекчибиз, кыргыз мигранттары Кыргызстанды байытабы деп суроо коюудан башка кебибиз жок.