Эл күтпөгөн жыйынтык,
же ит жыгылыш...
"Киллер" депутаттар табылганы менен, не пайда?
Өмүрбек Текебаевдин спикерликке өтпөй калышы жалпы эл үчүн күтүлбөгөндөй жыйынтык болду. Себеби КСДП, "Ата Мекен", "Республика" үчөө биригип, "Ырыс алды - ынтымак" аталышындагы коалициясын түзүшкөндө, эл чындап эле зор кубанычка баткан. Эл узак убакыттан бери күтүп, абдан каалап тургандай Атамбаев өкмөт башчылыгына, Текебаев Жогорку Кеңештин төрагалыгына, Бабанов биринчи вице-премьерликке шайланмак. Тилекке каршы, андай болбоду. 118 депутат катышкан ал жыйында Өмүрбек Чиркешовичтин Жогорку Кеңештин төрагалыгына өтпөй калышы жалпы эле элди "шок" кылып койду десек аша чапкандык болбос. Коалициянын курамында үч партия биригип 67 депутат экени белгилүү. Бирок ушуга карабастан Текебаевге добуш бергендер болгону 58ге жетип токтоду. 61ге үч гана добуш жетпей калса, жалпы каршы чыккандардын саны 59га жетип кетти. Каршы добуш беришкен "Ар-Намыс" менен "Ата-Журттун" 52 депутатына коалициянын курамындагы 9 депутат кошулуп кеткендиги эң эле күтүлбөгөн кызык көрүнүш болуп калды. Коалицияга шек келтирип, спикер болчу Текебаевге, ал коалициянын түзүүчүсү Атамбаевге каратып туруп чыккынчылык кылышкан кайсы депутаттар? Албетте, мындай жүрүш эл үчүн кызык. Текебаевге КСДП фракциясынын депутаттары 100 пайыз добуш беришкени белгилүү болду. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынан деле шек кетпесе керек. Бул жерде "иттин сасыган өлүгү" Өмүрбек Бабанов жетектеген "Республика" фракциясынан чыгып айрым депутаттарынан "аз айып, көп күнөө" кетти десек болчудай. Бул фракциянын эки депутаты эркекчилик кылып, Текебаевге "жеке көз карашынан" улам каршы добуш беришкенин моюнга алышты. Коалициянын тартибине көнбөй, жеке кызыкчылыктын кулу болуп, каршы добуш берген (балким, сатылма дейбизби) "чыккынчы депутаттардын" аты аталбай, алигиче "ит менен изделип" жатат. Бирок эл колдогон, эл көптөн күткөн коалицияны туулуп-туула электе туна чөктүргөн, мындайча айтканда, коалиция жүрөгүнө канжар сайып өлтүргөн "киллер" депутаттар табылып белгилүү болгону менен, не пайда? Өткөндү артка кайрууга болобу? Каршы добуш бергендер элдин кызыкчылыгын, бүтүндөй мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылык үчүн садага кылып чапканын билишер болду бекен? Кыязы, аларың мамлекет менен элдин кызыкчылыгынан керт баштарынын кызыкчылыгын жогору койгондуктары менен анык "сатылма" эргулдар экендигин далилдеп коюшканынан шек жок. Аларга айтар мындан башка да ылайыктуу кеп жок.
Текебаевге сунушталган миллиондор жана былыктар...
"Республика" партиясына топтолуп, мандат алгандардын арасында айрым адамдар Максимдин достору экени байма-бай айтылып, байма-бай жазылып келген. Мына ошолор парламенттик шайлоо башталар алдында "кайсы партияга кирип, кайсы партиядан депутат боло алам" деп кыпкызыл чокту басып алган иттердей болуп, ар кайсы партияларды көздөй тызылдап чуркаганы белгилүү. Бирок эл ал эски бийликти жактаган эргулдардын кайсы партияга биринчи барышканын анча жакшы биле беришпейт. Эртеби- кечпи баары такталып, ачыкка чыгат. Ушунча болгон соң, ачыкка чыгара берели. Ишенимдүү маалыматтарга таяна турган болсок, "Республикадан" аттанып чыгышкан айрым депутаттар биринчи кезекте "Ата Мекен" партиясынын кеңсесине келишип, Өмүрбек Чиркешович менен кездешип, өз сунуштарын жана талаптарын айтышкан. Ал талаптары кандай болгон? Биринчиси, "Ата Мекен" партиясына мүчө болуп, аталган партиядан депутаттыкка аттануу, болгондо да тизмеге ондун катарына киргизип, талапкерлигин БШКдан өткөрүп коюу болгон экен. Алар Текебаев ушул талаптарды аткара турган болсо, ар бири (азыр алар канча экендиктери анча так эмес) дароо миллион доллар которуп кое тургандыктарын айтышкан. Албетте, Текебаев алардын сунушун да, талабын да четке каккан. Алардын Текебаевге барышкандыгынын себеби, Өмүрбек Чиркешович алардын эл билбеген былыктарын тиешелүү кагаздар менен топтоп койгон имиш. Муну жакшы билген Максимдин достору "Чиркешович, спикер болсо биздин былыктарды чукуп чыгат"- деп коркушкан. Алардын Максимге таянып өз кезегинде жасашкан былыктары эртеби-кечпи баары бир ачыкка чыгат деңизчи. Белгилүү болуп тургандай, алар Текебаевдин спикер болушуна мына ушундай себептерден улам каршы болушкан. Айтылып, божомолдонуп жаткан көп кептердин арасына мына ушуну да кошсок орундуу болчудай. Албетте, мезгилдин өтүшү менен булардын баары такталат, ысымдары аталат.
Кыскасы, бул ирет да эл күтпөгөн жыйынтык болуп калды. Бул көрүнүш ит жыгылышты таамай чагылдырып койду. Демек, акыйкаттык үчүн чоң күрөш кайра уланат... Эмки жеңиш жеке кызыкчылыктарга жанын берген эргулдардыкы эмес, жалпы элдики болушун кудайдан тилеп туралы...
Айбек Шамшыкеев





Камчыбек Ташиев "көрүнүктүү саясатчы" деңгээлине кантип жеткен?
"Ата-Журттун" тең төрагасы жана көзгө басар "торпедосу" аталган Камчыбек Ташиевдин 7-апрелден кийин саясаттагы жүрүшү ар түркүндөн бир түркүн болуп, башаламан багытка ооп кеткени ачык байкалууда.

Маселен, бүгүн башканы айтып бакылдаса, эртең ал сөзүнөн танып, такыр башканы айткандан эч бир тажабады. Алыс барбай эле Данчиктин аялы Динара Исаева экөөнүн ортосундагы тирешүүнү айтсак болот. Бирок Ташиевдин мындай түбү көрүнбөгөн, түк түгөнбөгөн "тамашаларынан" эл тажап бүттү. Ал саясатта кандай маселе козголбосун, ал маселе тууралуу туура болсо деле, туура эмес болсо деле коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүнбү, айтор, саясий популизмге алдырып, сөзсүз түрдө бир-эки ооз сөз айтып калуу адаты акыркы күндөрү кургак камгакка от тутанткандай "дүркүрөп күйүп", өтө тездик менен күч алып жатканын эч ким жокко чыгара албастыр. Ташиев өзгөчө коалиция, парламент маселесине келгенде алдына киши салдырбай, "оозу катуу" жоргодой эле жөнөп берери жалпыга маалым. Эл анын айтканын колдоп жатабы? Элге жагабы? Бул жагы, кыязы Камчыбек мырзаны кызыктырбайт окшобойбу. Көрсө, Ташиев өзүн өтө бийик деңгээлдеги саясатчы сезип жүргөнүн анын, орусча айтканда, кезектеги "вызывающий" сөздөрүнөн ачык-айкын көрүнүп калды. Сөзүбүз кургак болбош үчүн 7-апрель күнү "Баракелде" сайтына берген интервьюсунан кыскача мисалга тарталы:
"Президент кандайдыр бир ойлорду ойлоп атышы мүмкүн. Экинчи коалицияны түзүү маселесин бузуу иш-аракеттери жүрүүдө деген ой кетип жатат. Эгерде экинчи жолу шайлоо дайындалса, ага барабыз жана өткөн шайлоодон да жогору түрдө эл бизге ишенип жатканын жана элге жакканыбызды белгилеп чыгабыз, кайрадан шайлоого баргандан коркпойбуз. Бирок кайрадан шайлоо өткөрүүгө мен каршымын. Болгону көрүнүктүү 5-6 саясатчы бар экенбиз, отуруп алып кеңешип, саясий оюнду токтотуу керек." Ал сөз башын президент Роза Отунбаеванын дарегине далили жок күмөндүү ойлорду айтып, шектүү шекинет болуп шек саноолордон баштап, кайра шайлоо болсо шайлоого "коркпой катыша турганын" баса белгилеп, утуш дале болсо өздөрү тарапта экенин кыйытып айтып өттү. Бирок коркпосо, анда шайлоонун кайра өтүшүнө неге каршы болот? Айтор, түшүнүксүз. Өз сөзүнө өзү эле каршы чыгып жатат. Бул маселени азырынча "эшектин тушагы" чечиле электе эрте айтты. Айтканда да бүтүндөй кыргыз эли алаканына салып тургандай ишенимдүү айтты. Негизи минтип ооз учунан айтып коюш байлыгы менен мансабы барларга жараша берет, өзгөчө биздин өлкөдө... Балким, бир билгени бардыр?
Сөз акырында "Кыргызстанда болгону 5-6 көрүнүктүү саясатчы бар экенбиз"- деп ал чыныгы чоң саясатчылардын арасына өзүн да (бирөө айтса да мейли дейсиң го...) "кыпчый" кеткени айласыздан жылмаюу менен баш чайкоону жаратып турат. Туура, жалпы эл Ташиевди саясатчы катары көрүп эле келатат. Көрсө алыстан тааныйт, сүйлөсө үнүнөн тааныйт дегендей. Бирок чыныгы саясатчы саясатта "элеги жок" ар нерсени айтып, популисттик кадамдарга алдырып көрүнүп койсо эле " болгону 5-6 көрүнүктүү саясатчылардын" катарына кирип калбасы бышык эмеспи. Чын-чынына келгенде саясатчы адам көрүнүктүү саясатчы болгусу келсе, калдайган карааны, ишенимге чакыргансыган берекесиз үнү менен эмес, элге бир алгылыктуу иштерди кылып, ак эмгек кылса гана Ташиев кыялданган "көрүнүктүү саясатчы" даражасын эл берет. Деги эле, Ташиев мырза биздин өлкөдөгү алдыңкы, көрүнүктүү саясатчылардын катарынан кантип орун алды? Ошондой эле ага мындай абдан ардактуу орунду ким берди? Албетте, бул суроого талапка ылайык жооп жана бир аз түшүндүрмө талап кылынары анык. Эл ичинде байма-бай айтылып келаткан Ташиев мырзага тыкыс байланышкан оголе көп кептерди узун кезекке тизбесек да, кыскача тактык жана калыстык үчүн учкай ой жүгүртүп көрөлү.
Камчыке, ӨКМнын (МЧС) эки тизгин бир чылбырын мыкчып турганда кыргыз элине гана эмес, дүйнө элине өтө ыплас жагынан өтө "көрүнүктүү" саясатчы катары таанылган өзүнүн элдешкис каршылашы, качып жүргөн экс-премьер-министр Данияр Үсөнов чукуп чыккан 18 миллион сомду ийне жоготкондой "жоготуп" койгондугу үчүн "көрүнүктүү" саясатчы болуп чыга келдиби? Адатта, мындайлар көрүнүктүү коррупционер болчу эле. Же бу эки башка түшүнүктүн орду алмашып кеткенби? Таң?..
Кыргыздын дагы бир көрүнүктүү саясатчысы ("бала") Өмүрбек Бабанов шайлоо алдында коомдук каналдан көрсөтүлгөн дебатта Камчыбек мырзанын Максим менен өзгөчө шилекей алышкан дос экенин баса белгилеп айтып койсо эле "көрүнүктүү саясатчы" болуп чыга келеби? Албетте, бул тууралуу жалпы эл деле айтып келген. Бирок Ташиев менен Максимдин мамилесин жакындан билген Бабанов өтө кызыктуу кылып айтты го.
Же байлыкты ар кандай жолдор менен чогултуп, мыйзамда жазылбаган бир канча жүз деп айтылып жүргөн жалданма сакчыларды "багып" жүргөндөр "көрүнүктүү саясатчы" болуп калабы? Балким, үйүнүн жанына жакын жерде өз иштерин аткарып жүргөн УКМКнын кызматкерлери кызыл-жаян кылып сабатып, асманга ок аткандар "көрүнүктүү саясатчы" даражасына жетип калып жүрбөсүн? Анча-мынча кадыр-барк менен, акчанын күчү менен парламентке депутат болуп келип, жыйын учурунда эч кимге (сыйлаганды кой) ээ-жаа бербей, күнөөсү жок, болгону үнүн бийик чыгарганга жан-алы калбай кызмат кылып жаткан байкуш микрофондун "мурдун кан жалата" тепкендер "көрүнүктүү саясатчы" даражасына татыктуу болушабы? Адатта, мыйзамды, этиканы сыйлабагандар эл алдында жооптуу болчу эле го? Деги көрүнүктүү саясатчы деген ким? Элдин камын ойлогон, элдин эркиндиги, жыргалчылыгы үчүн кара башын сайып коюп, адилетсиз бийликке каршы чыккан саясатчыларды гана көрүнүктүү саясатчы деп атасак жарашат. Бирок жогоруда мисал кылган Ташиев өңдүүлөр чыныгы көрүнүктүү саясатчы болуудан азырынча ат чабым алыс турат. Бул турмуш чындыгы!
Эралы Эсенбаев