Үшкүрүк...

"Турмушка чыгып
жолдошумдун төшөгүн
тепселетким келбейт..."

Мындан ары "Үшкүрүк" деген рубриканын астында 7-апрелде шейит кеткен баатырларды алардын жакындары менен бирге эскерип турууну туура көрдүк. Анткени маркумдарды эскерүү тирүүлүктүн парзы эмеспи. Убагы келгенде гезит бетине жарык көргөн эскерүүлөр китеп болуп жарык көрө тургандыгын да баса белгилеп кетели. Бул боюнча 0770-34-27-10 номуруна байланышсаңыздар болот. Бүгүн биз кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн канкор Бакиевдердин огуна тосуп, курман болгон Эрланбек Өмүралиевди эскердик.

Жаңыл Иманкулова,
7-апрелде курман болгон
Эрланбек Өмүралиевдин апасы...
Орду толгус оор жоготуу...
- Башка түшкөн тагдырды көтөрбөскө арга жок экен. Күлгүндөй 27 жаш курагында Кудай мени мончоктой уулуман ажыратып койду. Эмне мынча тагдырым тайкы, кайсы кылган жазыгыма түшүнбөйм. Кулунуман ажырагандан бери жашоого болгон үмүтүм өчүп, эч нерсеге көңүлүм жок. Кулак укпаган, көз көрбөгөн жакка кетким келет. Бирок баламдан калган туяк 3 жаштагы неберем Исламды көрүп, кайрат кылып жашоого белсенем. Жашоодо мен көрбөгөн кыйынчылыктар калган жок. Эл катары турмушка чыгып, багым ачылса экен деген тилегим ишке ашпады. Негизи эле күйөөдөн да бак бербептир. Жолдошум экөөбүз 5 жыл жашап, ажырашып кеткенбиз. 20 жыл Нарында мектепте мугалим болуп иштедим. 1998-жылдан тартып жашоонун айынан чаар баштыкты ийниме илип, соода-сатыктын жолуна түштүм. Эки баламды эч нерседен кем кылбай энелик тарбиямды берип, канатыма калкалап, багып чоңойттум. Балдарым да мени түшүнүп, жерден боорун алганы эмгекке жакын болуп, эстүү өсүштү. Уулум Эрланбек менен кызым Элиза экөө тең Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, кызым Элиза турмушка чыкты. Уулум Эрланбек Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин мамлекеттик кызмат факультетин бүтүрдү. Кесиби менен иштегенге ылайыктуу жумуш жок болгондуктан, бир ирет Кытайга да барып иштеп келди. "Азыр жашсың, кийинчерээк үйлөн" десем болбой жатып, 3 жыл мурун үйлөнгөн. Көрсө, ошондо эле аз жашарын билген тура. Үйлөнгөндөн кийин, "Өзүбүзчө жашайбыз" деп, бизден бөлүнүп, келиним экөө Бишкекте жашап жатышкан.
Маркум Эрланбектин жашоосундагы акыркы сүртүмдөр...
- Уулум акыркы кезде бир орунга тура албай эле менин көзүмө башкача көрүнүп калган. "Ак шумкар" партиясынан жаштарга көп жардам болот экен мүчө болуп кирсемби?"- деп калчу. Алдырар күнү жаздырар болуп, 7-апрель күнү эртең менен мен Нарынга жол тарткам, жолдун баары жабык болгондуктан, эртең менен чыгып, кечки саат 7де Нарынга жеттим. Үйгө кирип эле сыналгыдан Бишкекте атышуу болуп жатканын көрсөтүп жатыптыр. Дароо эле балам Эрланбекке телефон чалсам, "апа, эч санааркабаңыз мен үйдөмүн"- деди, 10 мүнөт өтүп кайра чалсам, телефону өчүк. Жүрөгүм түйшөлүп таң атканча уктай албай чыктым. Эртеси түшкө жуук жакындарым чалып, башына таш тийип ооруканада жаткандыгын айтышты. Шаша-буша Бишкекке келдим. Келсем ооруканада эс-учун жоготуп комада жатыптыр. Дос балдарынын айтымында, түшкө маал эле ок тийиптир. Ак үйдүн күн чыгыш тарабында алдыңкы катарда болчу бир маалда эле эңкейип жерге отура калды, барсак чекеси канап калыптыр доктурга алпаралы десек мен жакшы эле турам деп болбой койду. Кечке аянтта чогуу жүрдүк дешет. Ошондо Нарынга барбай эле койсом, балким, чырагым аман калмак беле деп өкүнөм.
Бактылуу балалык...
- Кой оозунан чөп албаган жоош, жароокер эле. Сенин балаң мындай деп бирөөнөн бир сөз уккан жокмун. Мага абдан жакын болчу. 5-класста окуп жүргөн кези болсо керек, ооруп төшөккө жатып калдым. Мектептен келип чоң чыныга ысык чай куюп келип, апаке ушуну ичип алыңызчы деп чай берип керээлден-кечке маңдайымда отурганы эсимде. Сүрөттү жакшы тартчу, туулган күнүмдө, майрамдарда чоң ак кагазга менин сүрөтүмдү тартып белек кылчу. Түшүмө көп кирет. Өткөндө: - Апа, иштериң жакшыбы? - жакшы уулум, - десем, - жакшы дей берет экенсиң, барчу жерлерге барбайсыңбы, - деп атыптыр. Ойгонуп кетип куран окудум. Кээде жай башына барып тирилтип алчудай буркурап ыйлайм. Арга жок, жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Кан ичкир канкор Бакиевдерди 87 баатырдын арбагы уктатпасын.
Жаңы бийликтен көптү үмүттөнгөнбүз, бирок биздин үмүттөр аткарылбады. Сот адилеттүү өкүм чыгарарына деле көзүм жетпейт. Кылмышкерлер чекесинен сууга сиңгендей качып жок болуп атса, анан кантип, Кыргызстанда адилеттүү таза бийлик болсун. Президент Роза Отунбаевага ыраазымын. Өткөндө арбагын сыйлап, 7-апрель баатырлары деген төш белгисин ыйгарды, жакында бир бөлмөлүү батир бергени жатат, кыскасы, колдон келген аракеттерин жасап жатат.

Каликан Үкүбаева,
маркумдун жубайы
Күйүткө чулганган тайкы тагдыр...
- Өкүнүчтүүсү Эрланбек менен болгону 2 жыл жашадым. 2 жылды асылзаттык бактым катары баалайм. Экөөбүз Нарында мектепте окуп жүргөн кезде таанышканбыз анда мен 7-класста Эрланбек 11-класста окучу. Ал мектепти аяктап борборго окууга тапшырып кетти. 4 жылдан кийин мен да окууга тапшырганы Бишкекке келдим. Бир күнү Беш-Сары базарына уюлдук телефон алайын деп барсам, артыман бир кичинекей бала чуркап келип, телефонумду сурап калды. Көрсө, ал болочоктогу кайним Айбек экен. 2 күндөн кийин эле Эрлан чалып, жолугушууга чакырды 6 ай сүйлөшүп жүрүп, 2007-жылы августта баш кошконбуз.
Атасын издеген наристе...
Сокулукта батирде жашачубуз 7-апрель каргашалуу күнү эртең менен эрте достору келип, "бүгүн Ала-Тоо аянтында пикет болот экен барып келели"- деп Эрланбекти азгырышканда болбой жатып алып калгам. Түшкө маал бала менен алаксып атып, көзүм илинип уктап кетиптирмин. Ошондо Эрланбек кетип калыптыр. Телефон чалсам, "азыр барам"- деп койгон. Ошол бойдон каш карайганда келип үйгө кирбей эшиктин алдына цементке отуруп алды. Жанына барсам, чекеси канап атыптыр. Дароо эле атамдарга телефон чалып, Сокулуктун ооруканасына алпардык. Барсак, доктурлар жок экен. Эртеси түштө араң операция болду. Ал жерде доктурлардын шалаакылыгынан да болуп калды. Эртерээк операция жасалганда, балким, аман калмак беле. 3 күн сөзгө келбей комада жатып үзүлдү. Жаштайыман жесир калдым. Турмушка чыгып, жолдошумдун төшөгүн тепселетким келбейт. Атасын издеп, жетимсиреген уулум Ислам сүрөтүн көрүп, "ата-ата" дегенде жан дүйнөм эңшерилип, өзүмдү коёрго жер таппай кетем.