Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Байболов башында эле айтса болмок…
Башкы прокурор Байболов негизи тилинен чаң чыккан, сөзгө чечен бирок сөзү менен жасаган иши анча айкалыша бербеген саясатчылардын катарына кирет.
Кечээ мурдагы күнү белгилүү бир басылмага чоң маек бериптир. Илгери жакын досу, кийинчерээк айыгышкан душманына айланган маркум курсташы Медет Садыркулов жөнүндө "сенсациялуу" маалыматтарын айтыптыр. Ыраматылык Медет Чоканович эски досуна келип: "Бакиевдерди оодарып түшүүчү маалыматтар бар, кел президент бол - деп сунуштаганда, - революция таза кол менен жасалышы керек, сени менен жада калса Бакиевди оодарбайм, оппозициянын "көмүүчүсү" менен кантип кызматташмак элем" - деп жолуна салгандыгын айтыптыр. Анан МЧС Чолпон Баекованы президенттикке даярдай баштаганын кошумчалаптыр. Бирок учурда чоң кызматта кайкалап отурган Кубатбек мырза ушундай чуулгандуу кептерин ошондо эмнеге айтпады экен? Бирок Кубатбек Калбековичтин ошол маегинде коркунучтуу кылмышкерден баштап, паракорчулуктан тапкан ири "шабашкаларына" чиренип үй камагына чыгып алышкан бакиевчилерге эркиндик берген соттордун "көзүн оюп", көргүлүктү көрсөтөм дегени көпчүлүктүн көңүлүнө төп келип отурат. Байкап туралычы, балким, чын эле Байболов сөзүнө туруп, сок билек соттордун "согун" чыгарып жүрбөсүн?


Акылбектин акылы айды чапчыйт го, ыя?
"Ар-Намыс" партиясынын калк арасында кадыры эчак кайтыш болуп кеткен, кыялында кыргыз койлоруна паспорт бергиси келген Акылбек Жапаров дагы бир эч бирөөнүн оюна келбес, түшүнө кирбес акыл айтып, атпай журтту таң калтырды. Эмне болгон акыл дебейсизби? Жөндүү болсо да, унчукпай жөн калбайт белек. Акылы ашкан Акылбек оозу-мурду кыйшайбай туруп: "Кыргызстанга алты айга чейин, эки премьер-министр, эки спикер шайланып, алмак-салмак иш алып барып турса, жакшы болот эле"-деп айтып жатпайбы. Деги бул не деген шумдук акыл. Мындай тажрыйба дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө бар болду экен? Эл бара-бара Акылбектин мындай ай чапчыган ачылыштарынын алдында калат окшойт. Айтат десе эле, ай-талаанын түккө турбас кебин айта берүүнүн кажети канча? Же кожоюну ФШКдун премьерлик кызматына барышына ушундай акыл айтып, аюу кызматын өтөп жаткандагы кербезиби? Кыязы, Акылбек мырза таң калычтуу кадамдарга баргандан, таң калычтуу акыл айтуу боюнча Нурлан Мотуев менен Доктор Апастан ашып кетти өңдөнөт. Жапаровду жалпыбыз колдоп, дүйнөнүн Гиннес китебине киргизип коюу өтүнүчүн жиберсекпи. Балким, ошондон кийин Акылбек мырза жаз алды менен "көк кубалап кеткен" койдой болуп, туш келди оттобой калаар… Жесе да, чөптү тандап жеп дегендей…


Актанышты, мактанышты…
Ушул жуманын ичинде майлуу кызматтагы ата мекенчилер биринин артынан бири маек берип, алдын ала бир нерсени сезгендей эки жагын элеңдей башташты. Атактуу ата мекенчи Байболовдун артынан атагына караганда чатагы көбүрөөк угулган "Ата Мекен" партиясынын дагы бир өкүлү "Манас" эл аралык аэропортунун президенти Болот Абдрахманов да актанган, мактанган маегин бериптир. "Эгер мен криминал болсом, аэропортту өрттөп салмакмын" - деп, апакай болуп чыга келиптир. Бирок "жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, Болот мырзанын артынан ээрчиген узун кептердин биринде ал учурунда Максимдин капчыгын кампайтып келген америкалыктарды күйүүчү май менен камсыздоочу "Аалам Сервис" ишканасынан түшкөн каражатты каалаганындай калчап атканы айтылып жүрөт. Анан да анын күзөт кызматкеринен бүтүндөй аэропорттун президенттигине аттаган таң калычтуу карьерасы да көптөгөн күмөн ойлорго жем таштап келет. Айтмакчы, апрель окуяларынан кийин улутташтырылган баардык ишканаларга көзөмөлдүк кылып аткан Мамлекеттик мүлк министрлигин да Шераалы Абдылдаев деген ата мекенчи башкарат. Андан түшкөн пайдалар казынага түшүп атты бекен же?..


Досаалы жаңы досторун тааптыр
Апрель окуясынан кийин житип кетишкен эски бийликтин камчысын катыра чаап келишкен эски жүздөр кайрадан көгүлтүр экрандан, гезит беттеринен пайда боло башташты. Тим эле жамгырдан кийинки козу карындардай болуп жайнап чыгышты. Алардын арасында Бакиевдин басма сөз кызматын жетектеген Досаалы Эсеналиев деген жигит да бар. Үй-бүлөлүк канкор бийликтин жаманын жашырып, жакшысын ашырып келген бул жигит, ошол кездеги УТРКны каалаганындай калчап, канчалаган чыркыраган чындыктарды "муунтуп" келди. Эми "Республиканын" этегине жармашып, уялбай-этпей эле жаңы кожоюндарынын сөзүн сүйлөгөнгө өтүптүр. Айтор, таза шайлообуздун аркасы менен, таза эмес эски бийликтин эрендери биринин артынан бири ээрге отуруп атышат. Жакында Бакиев өзү келип, кызмат талашпаса болду…


эми эсине келдиби?
Күндөн-күнгө күч алып аткан мугалимдердин иш таштоолорун уккан "Ар-Намыс" партиясынын кожоюну Феликс Кулов баягы эле куулугун карматып, алардын айлыгын көбөйтүш керек, камкордукка алыш керек деп көкүрөгүн каккылап чыкты. Партиясында мугалимдерге окшогон бюджеттик кызматкерлерди майкөл-сүткөл турмушка жеткирген укмуш программалары бар экендигин да айткандан тажабай келет. Бирок 17-20 жылдан бери көйгөйлөрү чечилбей келген мугалимдерди ФШК премьер-министр болуп, Бакиев менен тандемдеш болуп жүргөндө эмнеге эстебейт? Кыргызстанда Кулов иштебеген кызмат калган жок го. УКМК, ИИМдеги жетекчилик кызматтарын эстебей эле коелу, Бишкектин мэри, Чүйдүн губернатору болуп жүргөндө эшек такалап жүрдү беле? Эми эсине келгенсип, эл деп төшүн каккылап, өлүмүш болбой эле койсо…


МЧСке кайгыргандар пайда болду
2009-жылдын 13-мартында Кой-Таш айылы жактан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн президенттик администрациясынын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү саясий буйрук болгондугун убагында айта алышпаган суу жүрөк, кошоматчы саясатчыларыбыз кечээ-жакында чээнден чыгып, "Кайран Медет байкебиз кыйын киши эле, Бакиевдер жайлап салышты, саясий заказдын курмандыгы болду"-деп маалымат жыйынын өткөрүштү. Саясий буйрук экенин эски бийликтин кандуу саясатына баш бербегендер 1,5 жыл илгери эле айтып чыгышкан. Убагында ошол кандуу бийликтин дарегине эки ооз каршы сөзүн айта алышпай, "жоо кеткен соң" кейип-кепчип, Бакиевдерди ашатып атышкан Каныбек Иманалиев, ак жолчу айым Галина Куликова өңдүүлөрдүн жоругу адамгерчиликке жатпай калды окшойт.


"Ар-Намыстан" Текебаев үчүн 10 млн. сом дейби?
Ошентип, Чубактын кунундай чубалган коалиция маселеси аягына чыкканы турат. КСДП, "Республика", "Ата-Журт" партиялары коалиция маселеси үчүн расмий түрдө кол коюшту. Ал эми "Ата Мекендин" атасы Өмүрбек Текебаев болсо, бул коалицияга кирүү маселесин карап, Бабанов менен сүйлөшүү жүргүзгөнү маалымдалууда. Эгер "Ата Мекен" коалиция курамына кире турган болсо, анда Текебаевге спикерлик кызматы каралышы мүмкүн. Бирок бул кызматка Өмүрбек Чиркешовичтин барып калышы да арсар иш. Ал эми анын кызматка барбай калышын каалаган күчтөр учурда кезектеги "фокустарды" көрүп жатышканын кулагыбыз чалып калды. Такталбаган маалыматтарга таяна турган болсок, "Ар-Намыс" партиясы Текебаевдин талапкерлиги спикерликке коюла турган болсо, ага карата каршы добуш берүү үчүн "Республика" партиясынын 10 депутаты менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн имиш. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, ар-намысчылар Текебаевге каршы добуш бере турган депутаттардын ар бирине 1 миллион сомдон бере тургандыгын убада кылган имиш. Ал эми "Ар-Намыстын" орус бийлигинин этегине намаз окуп келатканына жалпы эл күбө. Демек, акча кай тараптан агып жатканы да сыр эмес десек болчудай…




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"




Яндекс.Метрика