Байболов Исаевди "байлай" алабы?
Башкы прокуратураны 3 айга жакын убакыттан бери жетектеп жаткан Кубатбек Байболов бир жакшы иш баштап салды. Кандай иш дебейсизби? Американы көздөй "зуу" коюп, Вирджиния штатында жыргап жашап жүргөн Ысык-Көлдүн экс-губернатору (то есть, жумуртка губернатору) Кыдык Исаевге карата козголуп, бирок кайра токтоп калган ишке "жан" киргизип, аны өзүнүн "убактылуу Мекенинин" Адилет министрлигине өкүлдөрүнө Кыргызстанга экстрадициялоо тууралуу расмий өтүнүчүн жөнөттү. Байболов бул баштаган иштин аягына чыгабы же алсыздык кылабы, аны көрө жатарбыз. Ал эми эске сала кетсек, Каркыраны оппозициядан жумуртка менен корготуп, Казакстанга өтүп кетишине чоң салым кошуп, "жумуртка губернатор" атына арзыган. Эске сала кетсек, К. Исаевге карата 2010-жылдын май-июнь айларында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция фактысы боюнча баш-аягы онго жакын кылмыш иши козголгон. Ал эргул мамлекеттин 6 млн. 456 миң сомду "бүкүлү" жутуп жиберген деген маалымат бар. Деги, демократия десе асманды сүйлөгөн Америка тарап, Исаевди Башкы прокуратурага "байлап" береби? Кептин баары ушунда…


Өмүрбек Текебаев оппозиция болуудан коркпойт, бирок…
Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 14 - декабрь күнү билдирди:
"Бизге жогору даражадагы кызматтар керек эмес, биз оппозиция катары парламентте болууга даярбыз. Биз эң маанилүү кызматтарды тейлегенге далалат кылып жатканбыз, бирок алдыдагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды иш жүзүнө ашыруу үчүн көп кызматтардан баш тартууга даярбыз. Бизге кызмат керек эмес. Өлкө ичинде көптөгөн көйгөйлүү маселелер жаралды, алсак, мугалимдер маянасы, жолдорду оңдоо, ушундай көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн түп-тамырынан реформа жүргүзүү керек". Албетте, Өмүрбек Чиркешович оппозицияда калуудан коркпойт. Анткени ал тажрыйбалуу оппозиционер катары биздин өлкөгө гана эмес, көптөгөн өлкөлөргө жакшы таанылган чоң саясатчы. Бирок кептин баары эл анын оппозицияда калышын каалабай турат. Себеби эсирген эски бийликтин кулашына, жаңы бийликтин келишине Текебаевдин төө көтөргүс эмгек өтөгөнүн эч ким жокко чыгара албайт. Ушул өңүттөн алып караганда, Текебаевге сөз дебестен эле спикерлик кызмат берилиши керек эле. Анын башкаларга караганда спикерликке татыктуу экенин беш жаштагы бала дагы жакшы билет. Абдан өкүнүчтүү деңизчи… Бирок, тилекке каршы, мындай чалкеш заманда, акчага бай, жеткен коррупционер, деңгээли пас саясатчылар Текебаевди спикер катары көргүсү келишпегенин көрдүк. Эми эмне демекчибиз, Өмүкебиз дал ошондой саясатчы сөрөйлөрдөн "көңүлү үч көчкөн журттай калып", коалиция түзүүдөн да, коалицияга кирүүдөн да баш тарткан өңдүү. Демек, кыраакы саясатчынын билгени, компроматтарды жыйганы көп. Өзүнө бийликте олтуруп алып каршы чыккандарды жана кыйшык баскандарды оппозицияда туруп эле "кебез менен мууздап" салат. Буга бөркүңөрдөй эле ишене бергиле… Кызыктын баары али алдыда…


Өлкөбүзгө биримдик керек
Өзбек тектүүлөр кайрылуу жасашты
Кыргызстандын түштүк регионунда болуп өткөн июнь айындагы улуттук араздашуусу улуттук өзгөчөлүгүнө карабастан ар бир атуулдардын жүрөгүнө так салганын массалык маалыматтар белгилеп келет, бирок ошол эле учурда бул окуя өлкөбүздө мурдагы мансап ээлеринин кайрадан бийликти колго алууга ачык аракет кылууга ыңгайлуу шарт түзүп бергендигин ачык айтылбай жана саясий баа берилбей келет.
Карапайым калкка тынччылык керек, ошол себептен Ош шаарындагы өзбек тектүү жарандары Кыргызстандын элине жана башка улуттагыларга ынтымакта жашоого кайрылуу жасашты. Алар кагылышууда күнөөсүз көп адамдар курман болушкандыгын, эки тарап тең орду толгус жоготууларга учурагандыгын, калктын басымдуу бөлүгү азыркы күндө стресстик жактан жабыр тартып жатышканын туура белгилешкен. Ошол эле учурда айрым амбициялык маанайдагы лидерлер деструктивдүү күчтөрдүн колдоосу астында коомдук-саясий кырдаалдын татаал кырдаалында өздөрүнүн сепаратисттик ишмердүүлүгүн күчөтүшкөндүгүн, алардын кесепетинен улут аралык кагылышуу чыккандыгын кайрылууда ачык көргөзүшөт.
Азыркы күндө кырдаалды деструктивдүү күчтөр билгичтик менен пайдаланып, алар Кыргызстандагы абалдын турукташына жол бербей келет. Бишкек жана Ош шаарларында болуп өткөн жардыруулар, Оштон кармалган террористтик уюмдардын мүчөлөрү, Караколдогу чагымчыл иш-аракеттер буга айкын мисал боло алат. Натыйжада, кыргыз менен өзбек элинин ортосунда бири-бирине болгон ишеними оор абалда калып жатат, улуттук биримдикке, диний жана улуттук менталитетке тескери таасир тийгизүүчү макалалар жарык көрүп жаткандыгына да басым жасашат.

Күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу талабы коюлду
Ош шаарында жашаган өзбек диаспорасы 14-декабрда шаардын мэри М.Мырзакматов менен жолугушуусунда Кыргызстандагы кырдаалды курчутууга ар кандай чагымдар күчөп бара жаткандыгына тынчсызданышкандыгын, сепаратизм идеяларына каршы күрөшүү зарылдыгы келип чыккандыгын, ал үчүн башкаларга сабак катары мурда тынч жаткан элди дүрбөлөңгө салган Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдирасуловду жана алардын шериктештерин таап, жоопко тартуу талабы да коюлган.
Ачык айталы, акыркы күндөрдө Ош, Жалал-Абад облустарында кайрадан улуттар аралык чатактар дагы башталары тууралуу айың-ушактар күчөп барат. Өткөн жумада белгисиз адамдар тарабынан өзбек тектүү аял уурдалып, анын зордукталганы тууралуу адам укугун коргоочулар жар салган эле. "Буга күнөөлүү кыргыздар"-деген пикирлер да айтылып кеткен, бирок бул үчүн бүтүндөй элди күнөөлөөгө мүмкүнбү? Ой жүгүртүп көрөлү, аялды уурдоо менен улуттук араздашууну чыгаруу максатында деструктивдүү күчтөр тарабынан жасалган аракет болуп жүрбөсүн? Же атайын даярдалган чагым да болушу мүмкүн?
Бул пикир бекеринен айтылып жаткан жок. Июнь коогалаңынын чыгышына себепкер казинодо ойношкон балдардын ортосундагы мушташ болгон деген "жомокту" эске алалы. Улуттук араздашууга чынында бул алып келсе, уурдалган жана зордукталган аял үчүн чыр-чатак андан да күчтүү болмок. Аялды уурдоонун да башка бир жашыруун сыры бар сыяктанат.
Ошондой болсо да кайрылуу өз максатына жетсе жана өлкөдө толук стабилдүүлүк орносо, бул бир гана кыргыз элине гана эмес, жалпы журтчулугубуздун коопсуз жана коркунучсуз жашоосуна шарт түзүлмөк. Эң негизгиси, бул кайрылууну башка чөлкөмдө жайгашкан өзбек диаспоралары колдойт болду бекен? Маселе мына ушунда болуп отурат.

Мыйзамды сактабай, ынтымак болбойт
"Эл оозунда элек жок" демекчи, Ош шаарындагы өзбек тектүүлөрдүн кайрылуусу бир кыйла резонансты жаратып койду. Кыргыз эли ары айкөл, ары кечиримдүү калк экендигин түштүктөгү коогалаң дагы бир ирет тастыктап берди көрүнөт. Кайрылуу алынганга чейин эле элибиз мамлекетибиздин коопсуздугун сактоого ынтымакта жашоо зарылдыгын эң жакшы түшүнүшкөн.
Аз сандагы улуттардын үстүнөн үстөмдүк жасаганды мындай коёлу, тетирисинче, майкөл-сүткөл кызматтарды берип, алардын өнүгүп-өсүшүнө бардык ыңгайлуу шарт түзүп келген. Бирок кан төгүлгөн окуядан кийин жана азыркы күндөгү деструктивдүү күчтөрдүн таасириндеги адамдардын турак-жайынан согуштук курал-жарактардын табылып жатышы, түрдүү жардыруулардын өткөрүлүшү тычсызданууну күчөтүүдө. Ал эми жогорудагы кайрылууну башка чөлкөмдөгү өзбек тектүүлөр колдоого алышар бекен, маселенин экинчи учу ушуга такалып отурат.
"Калк айтса, калп айтпайт" эмеспи. Кыргыз эли чагымга оңой менен берилбесе да, 1990-жылдагы жана 2010-жылдагы июнь синдромдору, алардын алдын ала уюшулганы, "автономия" боюнча талаптары шектүү көз менен кароого аргасыз кылып келет. Айрыкча алакандай жерибиздин бүтүндүүлүгүнө доо кетирген маселелер кайрылууда ачык белгиленсе болмок. "Кимдин арабасына түшсөң, анын ырын ырдайт" эмессиңби, демек, өлкөбүздө жашаган ар бир эл болобу, улут болобу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын урматтоосу, аны так аткарышы зарыл жана ага милдеттүү экендигин унутпашы керек. Ансыз ынтымакка чакырган кайрылуу куру сөзгө айланып кала берет. Бул жеке бир адамдын пикири эмес, кайрылуу менен таанышкан жарандарыбыздын ой-пикири экендигин белгилеп кетсек артыкбаштык кылбас.

Эртабылды АТТОКУРОВ