Уйкудан ойгонгондон кийинки оюндар
Мугалимдик кесиптин неге баркы жок?
Мугалимдик кесип оор да, жооптуу да. Жаңыдан өсүп келе жаткан жаш муундарга билим жана тарбия берүү, алардын рухий дүйнөсүн байытуу, ар тараптан өнүктүрүү багыттарын ишке ашыруу милдетин аркалаган бул кесиптин ээлеринин түйшүктүү эмгегин эч ким тана албайт. Ошого карабастан интеллегенциянын эң жакыры да, эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмү менен жашагандары да ушулар болуп саналат. Азыркы күндө мугалимдердин калк арасында кадыр-баркы төмөн экендигин, мугалим болуп иштегендерди өз жолун таба албаган бир бечара катары санарын ачык айтсак болот. Аларга караганда алып сатарлар урмат-сыйга ээ болгон десек жаңылыштык болбос.
Учурда мугалимдер сапаттуу сабак өтпөгөндүктөн жана коррупциянын сазына белчесинен баткандыгы үчүн баркы жок деген түшүнүк пайда болду. Бирок бул пикирге кошулууга болбойт, кантсе да нечен жыл кесибим алмаштырып, мугалимдердин тарткан түйшүгүн керт башымдан өткөргөндүктөн, өз оюмду ортого салууну туура таптым. "Азыркы күндө биринчи мугалим Дүйшөндөр жок, бирок жергебизде ошол Дүйшөндүн мектептери көп". Буга эмне себеп, канткенде мугалимдердин кадыр-баркын көтөрө алабыз деген маселе тээ өткөн кылымдын 70-жылдарында алдыга коюлуп, мектеп реформалары формалдуу жүргүзүлүп, кечээ эле А.Акаев тарабынан "Мугалимдер статусу" да киргизилип, бирок булардын бири да ишке ашырылган жок.
Катардагы мугалим окуучусунан пара ала албайт, ага артканы баланын толук жазылып бүтпөгөн дептеринин актай барагы гана калат. Мугалимдин "ата-энелер тарабынан сыйланган" учуру бүтүрүү экзаменинде бир ирет болору, "төө ашуудан өткөн соң" кайрадан унутулуп калары деле жашыруун эмес. Бул жылына бир болор көрүнүш экендигин эске алсак, мугалимдерге күнөө коюуга негиз деле болуп бере албаса керек. Ушуларды ойлогондо 70-жылдарда мугалимдин кадырынын жоктугунун объективдүү себебин ааламга таанымал агабыз Чыңгыз Айтматов агайыбыз "мугалимдин баркынын жоктугу - ал эч кимди иштен бошотуп коё албайт, эч кимди кызматка коё албайт" деп так аныктамасы аркылуу жооп берип койгон.
Маңкуртчулуктун сабактары
Ал эми субъективдүү себептеринин айрымдарына кайрылалы. Эсил кайран СССРдин учурунда эле "калктын каймагы силерсиңер" деп саясий оюндун бири шайлоо кампаниясына, жазгы жана күзгү талаа жумуштарына бекер күч катары пайдаланып, чарбанын жетекчилерин мындай кой, бир бригаданын катардагы чала сабат эсепчиси (учётчиги) окуучулардын көзүнчө сөгүп отурса, мугалимдин кайсы кадыры калмак? Ал эми эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта А.Акаевдин, К.Бакиевдин, аягы ак жолчулардын шайлоолордо "утуп чыгышына" "ак эмгек" көргөзүшкөнү да эл ичинде мугалимдерди маңкурт катары таанытканын так-кесе айтсак болот.
Азыркы күндө айылдык педагогдордун түйшүгү зор. Бюджеттик мектепте иштеген мугалимдердин маянасы кескин төмөн. Эмгек акы категория аркылуу төлөнөт да, жогорку жана биринчи категорияга ээ болгондор 2000 сомдун, экинчи категориядагылар 1500 сомдун тегерегин түзөт. Жаш кадрлар окууну бүтүп баргандан кийин 4-5 жыл категориясыз иштешет да, айлыгы 600-800 сомдон ашпайт. Ушул жарыбаган маянадан улам мектептерде жаш кадрларды кармап калуу мүмкүн болбой калат да, кадрлардын жетишсиздиги күчөйт. Ошентип, кечээ эле мектеп босогосунан чыккан окуучуну ишке алууга мажбур болгон учурлар арбын.
Мугалимдердин артыкбаш ыгым-чыгымы айрыкча көргөзмөлүү ачык сабакты өтүүдө күчөйт. Кошумча көргөзмө каражаттарды жасоого айлыгынын негизги бөлүгү жумшалат, ал эми мектеп, билим берүү башкармалыгы тарабынан эч кандай материалдык жардам көргөзүлбөйт. Мындан тышкары классты жасалгалоо түйшүгү бар. Бир жылы күңүрт түстө, кийинки жылда жаркырак-журкурак жасалгаларга да каражат керек. Буларды аткарбасаң укпаган тилиң калбайт. Арга кеткенде ата-энелерге тилемчилик кыласың, анан кантип "кайыр тилеген" деген сөздөн кутуласың? Бул маселе боюнча акимге, гүбүрнөтөргө кайрылып көрчү, алардын шыбышы менен жер жайнаган комиссиялар келип, аларды тосууга каражат чогултасың. Ашкере чыгымга дуушар болбоо үчүн "тилиңди тишиңе катууга" туура келет.
Айыл жергесинде бардыгы дыйкан чарбага таркатылган. Жарыбаган эмгек акысы эч нерсеге жетпегендиктен мугалимдердин "бир буту мектепте, бир буту талаада", натыйжада, кечке чейин акыл-эс жактан да, кара күч жактан да чарчагандыктан агай-эжейлерибиз качан дем алышат, эртеңки сабакка качан даярданат? Алар өз билимин тереңдетүүгө, кошумча адабияттарды окууга убакыты болобу? Ушундай шартта сапаттуу сабак өтүүгө талап коюуга мүмкүнбү? Талап коюудан мурда, алардын толук кандуу иштешине качан шарт түзүлөт? Мектептерден күчтүү мугалимдердин, жаш кадрлардын кетип калышына, мугалимдик кесипке ашынган фанаттар менен пенсия курагындагылардын гана калышына биз белгилеген айрым себептер өбөлгө болуп жатпасын? Дагы белгилеп коёлу, биз педагогдордун айрым урунттуу көйгөйлөрүнө гана кайрылып отурабыз.
Демократиянын шарданы сыйрып салды парданы
Элдин эсинде болсо керек, 1996 - 1998 - жылдардын аралыгында акчанын инфляцияга учурашы менен эмгек акыбызды толук ала албай, бийликтегилер жана алардын жакындары "бизнестин битин сыгып", алар маянабызга базар баасынан кымбатка товарларын таңуулашкан эле. Анда Талас районундагы бир мектепте мугалим элем, тегерек четтеги мектептердеги мугалимдерди нааразылык акциясына үндөп, эч кимин макул кыла албай, акыры "кыргыз интеллегенциясы коркок жана жалтак" экенине, өзүбүз окуучуларга акыл айтымыш болгонубуз менен, чыныгы Сабитжанга айланганыбызга жаным күйгөн. Өз укугубузду коргоодон корккон мугалимдер ошол учурда башка бирөөнүн укугун коргомок эмес. Сөз менен иши айкашпаган байкуштар ушул эле мугалимдер болгон.
Бул күндө мугалимдер кызуу уйкусунан ойгонуп, бетиндеги парданы сыйрып отурушат. Алгач жаңы бийликке сес көргөзүп, катуу талап койгон базар-коргондук мугалимдер көтөрүлүп чыгышса, буларды нарындык педагогдор кубаттап саясий-шоу оюндарын баштап беришти. Кечээ кландык, үй-бүлөлүк башкаруу күчтүү кезинде "башка чапса кыңк этпеген мугалимдердин" азыркы күндө активдешүүсүнө демократиянын шарданы таасир көргөзгөн сыяктанат. Кыйчалыш доордун учурунда, бюджеттик таңкыстык күч алган шартта маянаны көтөрүү талабын коюп, беттериндеги пардаларын сыйрып отурушат. Аттиң, ушул талаптар мындан 8-10 жыл мурда башталса болмок, бирок кеч болсо да интеллегенциянын баш көтөрүшүн, укуктары үчүн күрөшкө чыкканын колдосок болчудай, бирок бул "муздун козголушун" өз кызыкчылыктарына байланыштырган башка күчтөрдүн катышы жок болду бекен? - деген суроо пайда туулат.
Аргасыздыкпы, же…
"Сыныктан башканын баары жугуштуу" дегендей мугалимдердин митингдери бүтүндөй өлкөгө кеңири тарап барат. Нарындыктар нааразылык акцияларынын эстафетасын көлдүк туугандарга өткөрүп бергендей. Үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында Жети-Өгүз районунан 300дөн ашык мугалим райондун акимиятынын алдында, андан кийин Маданият үйүнүн жанында митинг өткөрүшкөн. Аймакта стабилдүүлүктү сактоо максатында облустун губернатору М. Асанакунов жана анын орун басары Н.Кененбаева алар менен жолугушуу өткөрүшкөн.
Мугалимдер бул митингде Билим берүү министрлигинин 2011-жылы эмгек акы 30 пайызга жогорулатуу максаты коюлганына макул эместигин билдиришип, маянаны 10 миң сом өлчөмүнө жеткирүүнү, төлөнүүчү чыгымды төмөндөтүүнү талап кылышкан. Окуучулардын дептерин текшерүүгө 7 саат убакыт сарпталарын, бирок ага бар болгону 10 сом гана төлөнөрүн белгилешкен. Мындан тышкары компетентсиздигин эске алып, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын иштен бошотуу талабын козгоп отурушат. Эртеси бул маселе боюнча Тоң районундагы Бөкөнбаев айылындагы мектептин жана техникалык-кесиптик лицейинин 60 мугалими да жогорку талапты коюшкан. Ушундан улам, митингдер алдын ала макулдашылган үлгүдө өткөрүлүп жаткандай таасир калтырат. Мугалимдер менен жолугушууда Тоң районунун акими Б.Ырыспаев аймакта 963 мугалим бар экендигин, ар бир мугалимдин маянасына 1000 сомдон эле кошкондо кошумча 1 миллион сом табуу зарылдыгы келип чыгарын, буга райондун бюджетинен каражат бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү жоктугун түшүндүргөн.
Ушл эле күнү Талас шаарындагы 9 мектептин 200 мугалими Талас облустук администрациясынын алдында чогулушуп, эмгек акыны 15 миң сомго көтөрүү талабын коюшкандыгын губернатордун орун басары Ы.Ботиков "АКИпресс" маалымат агентчилигине билдирген, 5 саатка созулган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мугалимдер экинчи чейрек бүткөнчө күтөрүн, эгер талап аткарылбаса, мөөнөтсүз иш таштоого чыгышарын эскертишкен. Мугалимдердин айлыгы орто эсеп менен алганда 1966 гана сом болгондуктан, бүгүнкү күндө бул каражат менен жашоо өтө оор болорун Ы.Ботиков мойнуна алган.
Учурда азык-түлүк, калк көп керектөөчү товарлардын кескин кымбатташы, курулуш материалдарынын наркынын эселеп өсүшү, мугалимдердин турак-жай салууга мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши жана мамлекет тарабынан мурдагыдай имараттарды курушунун токтолушу тууралуу кеңири сөз козголгон. Мындан тышкары СССРдин учурундагыдай мугалимдерге ар түрдүү жеңилчиликтерди берүү, айрыкча эмгек сиңирген жылдар (за выслуги лет) менен пенсияга чыгаруу, отун-энергетикалык жактан жардамдарды калыбына келтирүү маселеси да курч мүнөздө коюлуп жатат. Жашоо шарттардын оордошу мугалимдерди митингге чыгууга мажбур кылгандай. Бул жактан алганда аргасыздык аларды көчө жүрүшүнө алып чыгаргандай таасир берет. Президенттен тарта министрлерге чейин өзүнө билим берген мугалимдерин унутушпаса алар азыр митингге чыгышат беле?
Ачык айталы, башка өңүттөн алып караганда бул митингдерди уюштурууда деструктивдүү күчтөрдүн да кийлигишүүсү барбы деген күмөн ой да жаралбай койбойт. Бардыгы тынччылык жолу менен, сүйлөшүүлөр аркылуу чечилсе болду деген гана ой пайда болот.

Эртабылды АТТОКУРОВ