Мээрбек Мискенбаев,
7-апрелде ок тийип, жарадар болгон:
"Тирүүнүн өлүгү болуп жашагыча, өлүп эле калсам эмне…"
7- апрелде жамбашына ок тийип, оор жаракат алган Мээрбек Мискенбаевди маекке тарттык. Бул баатырыбыздын да элге айта турган курч сөзү, өкмөткө билдире турган нааразычылыгы бар экенин төмөндө бирге окуйлу...

- Мээрбек мырза, 7-апрель окуясынын каарманы болуп калганыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Жашым 32 де. Кичи мекеним Таластын Бакай-Ата районунуна караштуу Кайнар айылы. Бир үйдүн жалгыз уулумун. Кичине кезимен эле Бишкекке келип, Шераалы Сыдыков атындагы спорт мектебин аяктагам. Спорттун чеберимин. Кийин жашоо шартка байланыштуу спортту таштаганга аргасыз болдум. Үй-бүлөдө жалгыз уулмун. 70 жаштагы карыган ата-энем бар. Ден соолугум жакшы кезде, аларды мен бакчу элем. Азыр минтип ден соолугумдан ажырагандан бери, алар өлбөстүн күнүн көрүп, пенсиялары менен күн кечирип жатышат. Ата-энем мага ок тийгенин азыркы күнгө чейин угуша элек. Жүрөктөрүн оорутпайын деп ойлоп: "балдар менен мушташа кетип, күрөк менен чаап ийди"- деп койгом. Кудай буттан албасын, баарынан да тилиң сайрап бутуң баспай турганы кыйын экен. Башка түшкөн тагдырды көтөрбөскө арга барбы. "Бутум чолок" деп жатып алсам, үй-бүлөмдү ким багат? Азыр борбордук көчөлөрдө жеңил автоунаам менен эл ташып, аздыр-көптүр акча таап, оокат кылып жатам. Бирок тапкан акчам батирдин ижара акысын төлөөдөн ашпайт. Балдарым жаш болгондуктан, жубайым эч жерде иштебейт. Автоунаа айдагандан башка эч нерсе колдон келбейт экен. Кээде туруп, ушинтип ит көрбөгөн кордукту көрүп, тирүүнүн өлүгү болуп жашагыча 7- апрельде эле өлүп калсам эмне деп ойлоп калам. 7-апрелде митингге катышканыма азыр аябай өкүнөм.
- Автоунаа айдаган деле оор болсо керек?
- Башында айдай албай кыйналып жаткам, башка түшсө көнбөскө арга барбы? Азыр кыйналбай эле айдап калдым. Эл ташып иштеген деле арга жоктун иши болуп жатпайбы. Айрым адамдар жанымдагы балдакты көрүп, боору ооруп жол киресин ашыкча төлөсө, айрымдары "чолок, колуңан эмне келмек эле" дегенсип шылдыңдай күлүп түшүп кетишет. МАИ кызматкерлери жөнү жок тосуп, тапкан акчамдын теңинен көбүн тартып алышат. Өткөндө бирөө автоунааңдын бир чырагы күйбөй калыптыр деп айдоочулук күбөлүгүмдү тартып алды. "Менин акыбалымды түшүнүп койсоңор боло" десем, "сени бирөө пикетке чык деди беле, аракка тоюп алып, чыксаң ошол да сага чала!" деп жанды күйгүздү. Азыр айдоочулук күбөлүгү жок эле айдап жүрөм. Кечээ эле Октябрь районунун акимчилиги "Жаңы жылга карата балаңа белек берилди, келип алып кет"- дегенинен барсам ошол жерде аким Союзбек Салиевдин аппарат жетекчиси болуп иштеген Сүйүнбек Шамшиев деген жигит балама ыроолонгон 50 сомдук белекти ыраа көрбөй шылдыңдаганда жерге кирип кетким келди.
- Кандуу 7- апрель окуясына кантип аралашып калдыңыз?
- Орто-Сай базарында майда-чүйдө сатып оокат кылчумун. Ал күнү эртең менен демейдегидей эле жумушка баргам. Бир маалда эле митинг болот экен дегенди кулагым чалып калды. Митингге барып катышуу мага жат көрүнүш болуп калган. Кандай митинг болбосун оокатым күйүп жатса да таштап коюп барып катышчумун. Эгер барбай калсам бир нерсеге жетпей калгансып, кыжаалат болчумун. Митингдердин айынан убагында убактылуу кармоочу жайда 4 жолу камалып чыккам. Барганда дайыма даярданып барчумун. Ал күнү фашисттердин курал менен аткылаарын билбей мурдагыдай ойлоп, көп болсо, резина ок, газ тапанчасы менен атаар. Бир нерсе болсо бетиме байлап алайын деп ак кездеме сатып алгам. Түз эле "Медиа Форум" имаратына бардым. Ал жерде эки тараптын ортосунда кагылышуу болуп жатыптыр. Мен канды көргөндөн кийин өзүмдү кармана албай калдым. Түз эле жоон топ эл менен бирге Ала-Тоо аянтына бет алдык. Аянтка жеткенде ала жүргөн ак чүпөрөктү экиге бөлө айрып, теңин бетиме байлап, теңин желбектетип колума көтөрүп алдыга озунуп чуркап жөнөдүм. Бир маалда эле жанымда чуркап бараткандардын бирөө жерге жыгылды. Карасам башынан кан чыгып калыптыр, аны кайра артка сүйрөп жөнөдүм. Сүйрөп баратканда мени атты. Ок жамбашыма тийип, тешип кетиптир. Аңгыча эле тез жардам машинеси келип жаныбыздагыларды көтөрүп машинеге салышты. Бир аз жылгандан кийин эле дагы 4 адамды кой салгансып эле ыргытып салып коюшту. Ооруканага жетпей 3 адам машиненин ичинен үзүлүп кетти. 3 күн М.Мамакеев жетектеген Улуттук хирургияда жатып, №4 шаардык ооруканага которулуп 20 күндөн кийин операция болдум. Москвага барып дарылана турган адамдардын катарында болчумун. Кыргызстандан эле дарыланайын деп Москвага баруудан баш тарткам. Акыбалым оор, күн бүркөктө жараат алган жерим сыздатып ооруйт. Ар апта сайын 2500 сомго дары алам. Дарынын азабынан санаалаштардан акча сурай берип, карызга белчемен баттым. Акыркы күндөрү акча сурай турган деле кишим калбады. Мамлекет тарабынан 100 миң сом жөлөк пул берилген эле, ал деле эч нерсеге арзыбады. Оор жашоону баштан кечирип жатам. Сакайып кетсем, бул кыйынчылыктын баары бир күндө өтүп кеткендей болуп калат беле? Ким билет?
- Соттук процесс туурасында эмнелерди айта аласыз?
- Мындай соттун бизге кереги да жок. Бийликтегилер бизди колдорунан эмне келмек эле дегенсип шылдыңдап жатышат. Алдап-соолап кутулуп кетебиз деп жатышат го. Бизди өлтүрүп эле кутулушпаса, кутула алышпайт. Жарадарлар ансыз деле жарты жанбыз. Биз жакшы жашоодо жашашыбыз керек, же өлүп жок болушубуз керек. Эгер бийликтегилер бизге дагы деле ушундай мамиле жасай турган болсо, жакынкы күндөрү ачкачылык жарыялап, өрттөнүп өлгөндөн кайра тартпайбыз.


Партия бир адамдыкыбы?
"Айкөл эл" деген партиясы менен парламенттик ат салышка чыгып, артта калып калган мурунку социал-демократ Эдил Байсалов "Учур" гезитине маек берип, КСДПга Өмүрбек Бабанов менен чогуу барганын, артынан Роза Отунбаеваны, Бакыт Бешимовду ээрчите келгендигин айткан экен. Ошондой эле "Бул коллективдик партия эмес эле, бир адамдын партиясы. Бул жакшыбы же жаманбы - башка кеп. Алмаз Шаршенович менен жакшымын, колдой турган жагдай болуп калса, мен дагы деле аны колдоого даярмын" - дептир. КСДПчылардын ички жашоосун жакшы билем деген Эдилдин кеби канчалык деңгээлде чындык болду экен?

_____________________________


Манасчылар сыйланат
Бүгүн саат 11:00дө Бишкек шаарындагы "Манас" айылы тарых-этнографиялык комплексинде манасчыларды сыйлоо аземи өтөт. Бул салтанатты "Улуу Баян" фонду уюштуруп жатат. Аталган фонд кыргыз элинин салттуу манасчыларына сый-урмат көрсөтүүнү баштоону максат кылышууда. Тактап айтсак, бул фонд манасчыларга "Эл манасчысы" коомдук наам жана ал наамдын ээлери үчүн 5 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык, таза күмүштөн жасатылган төш белги жана 2 миң сом өлчөмүндөгү өмүр бою ай сайын берилип турчу сыйлыктар уюштурулгандыгы маалым болду. Бул наам менен сыйлык аксакал манасчылар Сапарбек Касманбетов менен жана Уркаш Мамбеталиевге берилет. Не демекчибиз, мындай саамалыктарды колдоого алышыбыз керек.

_____________________________


Чек арада калган 200 ажынын тагдыры кандай чечилет?
Учурда ажылык сапарга барган 200 мекендешибиз жергебизге кайта албай зарыгып турушканын "Азаттык" үналгысы айтып чыкты. Сауд Аравиядагы Кыргызстандын ажылыкты уюштуруу боюнча штаб башчысы Юсуп Балтабаев келе албай жаткан мекендештерибизди ажылыкка учак менен эмес, автоунаа менен барышкандыгын билдирди. Анын айтуусунда, Меккеге ажылыкка барган кыргызстандык жарандардын визасында " Сауд Аравиясына аба транспорту аркылуу гана кире алышат" деп жазылып тургандыктан, автоунаа менен Иордания жана Араб Эмираттары аркылуу 7 автобус менен барышкан мекендештерибиз чек арада кармалып турушат. Демек, биздин жарандарыбыз мыйзамды бузуп коюшкан өңдүү. Ал го, ал деңизчи, бирок өкүнүчтүүсү, алардын ичинде жасалма виза менен барышкан адамдар да бар экендиги маалымдалууда. Деги эле ажылыкка сапар уюштуруу иш-чарасында коррупция ар дайым болуп келгенин ушундай көрүнүштөрдөн улам байкасак болот. Эми бул жердештерибиздин тагдыры кандай болот? Өкмөтүбүз кандай чара көрөр болду экен?