"Булганган сойку дүйнөсүнөн чыкканымды укса…"
"Чиедей кезимден азап менен тозокко малынып, башым кайгы менен муңдан чыкпады. Тайкы тагдырым үчүн кимди күнөөлөөрүмдү билбейм. Өзүмдүбү, татаал тагдырдыбы же желкеден баскан жетимдиктиби? Суроо көп… Түбү жок, түмөн түйшүктүү ойлордун табышмагын чече албай убарамын… Бассам-турсам оюмдан өткөн күндөрүм, көргөн кордугум кетпейт" - деп сөзүн баштады маектешим. Анда сөз башынан болсун.


Күндө кечинде үйдө ызы-чуу, ый…
- Мен 8 жашка чыкканда үйдү кайгы-муң басты. Тирегибиз болгон атамды 1990-жылы кимдир бирөөлөр каракушка чаап өлтүрүп кетти. Ыйлай-сыктай жайына узаттык. Байкуш апам көз жашын тыя албай көпкө боздоду. Бизди багуу жалгыз апам үчүн оор болду. Жетишпеген турмуштун айынан апам бир кишиге турмушка чыкты. Жаңы атабыз эки жолу соттолуп, түрмөнүн даамын татып, зөөкүр болуп келген неме экен. Биринчисинде уурулук, экинчисинде киши өлтүргөндүгү үчүн камалыптыр. Ал киши келгени биздин жашоо тозокко айланды. Атабыз курулушта иштейт. Алган акчасына арак ичип, кечинде ыргалып мас болуп келет да, үйгө "концерт" коет. Апамды чачтан сүйрөп сабайт. Үчөөбүз чырылдап ортого түшөбүз. Атамдын бутуна жыгылып, жалынып ыйлайбыз. Бирок зөөкүр неме ага карайбы. Чиедей болгон үчөөбүздү кошо сабап, колубуздан сүйрөп сыртка чыгарып, бекитип алып апамды ээси ооп жыгылганча тепкилейт. Үчөөбүз сыртта өксүй ыйлап тура берчүбүз. Жардам берер, тирек болор, жетим эле деп бооруна тартаар адамыбыз болбосо…
Окшош күндөр… Күндө кечинде үйдө ызы-чуу, ый… Кой дээр адам жок…
Сойкулук…
- Өлбөгөн адамдын күнү өтө берет экен. Ый менен жүрүп, кантип 15 жашка келип калганымды да байкабаптырмын. Бой жеткен сайын өгөй атам мага көз арта баштады. Бир күнү үйдө отурсак, теңселе басып өгөй атам кирип келди. Эки көзү кутурган иттикиндей кызарып, өңү бузулуп, түз эле мени көздөй басты. Эч нерсеге түшүнбөй дендароо болуп эле отуруп калдым. Жаныма келип "Баарыңар эшикке чыккыла. Тур!"- деп катарлаш отурган сиңдимди бир тепти. Иштин чоо-жайын түшүнгөн апам: "Кызыма тийбе, суранам" - деп ортого түшө калды. "Сен эмне, менин айтканымды укпай жатасыңбы? Өзүң чыкпасаң, мен чыгарам" - деп апамды жаактан ары бир чаап, чачтан алып, эшикке сүйрөп жөнөдү. "Кызым, кач! Мен куруюн. Мага караба"- деп апам байкуш чырылдап жатты. Ордумдан ыргып туруп, сыртка атылдым. Кире бериштен коңшу жашаган Зуля деген эже менен сүзүшө түштүм. Биздин үйдүн сырын билген Зуля эже үйгө кирип, "Э-ээ, эмне болуп жатасыңар. Токтот!"- деп атамды колдон жетелей сыртка алып кетти. Үйгө кирип, бири-бирибизди кучактап көпкө ыйладык. Биздин ыйыбызды сырттан кирип келген Зуля эже бузду. "Өзүңдүн кор болгонуң жетишет, Асел бой тартып калды. Эртең арам оюн ишке ашырып койсо, кызыңа эле жаман болот. Андан көрө мага бер. Шаарга алып кетейин. Жумуш таап берем. Сага да жардамы тиет" - деди. Апам макул болду. Апамды, бир туугандарымды кучактап көзүмдүн жашын көлдөтүп, эртеси Зуля эже менен шаарга кеттим. Бишкекке жетпей эле, Токмоктон түштүк. Көрсө, Зуля эже баарыбызды алдаптыр…
Кайда келдик деген суроом жоопсуз калды. Эртеси базарга алып барып, кычырата кийинтип келди. Мончого түшүрүп, аябай жасантты да, машинесине салып, кайдадыр алып жөнөдү. Бир үйдүн жанына келип токтодук. Ичкери кирсек, жарым жылаңач кыздар, эркектер өтө көп экен. Зуля эже ал жердегилердин баары менен жылуу учурашып, "свежий кыз, целочка"-деди эркектерге жылмая карап. Эч нерсеге түшүнгөн жокмун. Аңгыча эле бир дуңган келип Зуля эже менен соодалаша баштады. Иштин жайын түшүнгөн соң Зуляга жалынып бутуна жыгылдым. "Сенин сурап аларың жок, эмне кылсам өзүм билем. Айтканымды укпасаң өлтүрүп коем. Энең сенин эмес, өз айласын таппай жүрөт. Эртең эле өгөй атаң сени катын кылмак" - деди сумсая. Арга жок. Мени сатып алган дунган менен бир бөлмөгө баш бактым. Ал жигит менин абалымды түшүндү көрүнөт. Катуу айткан жок. Болгону "Зуля сени акыры сатат" - деп мени чечинтүүгө киришти. Алымдын жетишинче кармаштым. Тилекке каршы, алсыздык кылдым. Ошол түнү аял болдум. Эртең менен Зуля келип алып кетти. Анын үйүндө үч күн жаттым. Кийин уксам, мени сатып алган дунган далай ирет келиптир. "Аселди эч кимге сатпа, мага бер. Аялдыкка алам" - десе такыр жолотпой, мени көргөзбөй коюптур. Анысын билсем, качып кетмекмин. Сойку болуп көрүнгөндүн төшөгүнөн өткөнчө токол болсом да мейли эле. Ошентип, таза туруп булганып, сойку болдум. Бир жыл Токмокто иштедим. Андан кийин Бишкекке алып келди. Айтор, үч жыл тогуз ай сойкулук менен жан сактапмын. Апамды, сиңдилеримди сагынганымды айт. Зуля жибербейт. Ар бир кадамым көзөмөлдө, тилин албасам жанындагы балдарына сабаттырат. Жети-сегиз балага салып берет…
Кудукка ыргытышып…
- Бир курдай бир мырза мени сатып алып кетти. 1-кичирайондогу бир үйгө бардык. Ал жерде ондон ашык бала бар экен. Аракка тойгон олбурлуу жигиттер оюна келген нерселерди жасашты. Адам баласы экендигимди да унутуп коюшту. Ушул кезге чейин көргөн кордугум бир тең, ошол түнү көргөн кордугум бир тең болду. Таңга жуук мени машинага салып барышып, бир кудукка таштап ийишти. Кыязы, өлүп калса биз күнөөлүү болобуз дешсе керек. Кудай жалгап, кудукта суу жоктугунан аман калдым. Күү менен түшүп, башым жарылып, "өлөт деген ушу тура" дедим. Кыйкырсам үнүм чыкпайт. Канча жатканымды билбейм. Кудуктун үстүн жаап кетишкен эле. Аңгыча машинанын үнү, эркектердин талашып-тартышканынан ойгонуп кеттим. Баягылар дагы келген экен деп бүрүшө түштүм. Көрсө, суу чыкпай калып канализацияны оңдоо үчүн келген кызматкерлер экен. Дароо "тез жардам" менен ооруканага жеткиришти. Зуля кайдан укканын билбейм, жетип келиптир. "Сурагандарга эч нерсе айтпа, арыз жазба, сүйлөбө"- деди. Анан бир жумага жеткирбей түндө келип, мажбурлап, алдына салып айдап жөнөдү…
Күтүүсүз бурулуш…
- Үч жыл тогуз ай сойку болдум дебедимби. Анын ар бир күнү, ар бир сааты, ар бир минутасы дагы эле эсимде. Кээде түшүмөн чоочуп ойгоном. Билбейм, ошол күнү кафеге барбаганда азыр өмүрүм кандай болмок. Сойку бойдон бир жерде дайынсыз өлмөк белем, ким билет?! Бир кызыбыздын туулган күнү болуп сутенершабыз (Зулядан качып кетип, башка сутенерша менен иштеп жүргөм) кафе уюштуруп берген. Ичтик, жыргадык, акырында кошуна столдогу кыздар менен уруша кеттик. Алар биздин сойку экенибизди билип алыптыр. "Силерге окшогондор бул жерге кирбесин, акыр-чикирдин арасында майрамдагыла" дегени жүрөктү тешип өтүп, жүлүндү үздү. Эч нерсе дей албадым. Кыздар сөгүнүп-сагынып, ызы-чуу, мушташ. Ошондо жаныма Тынара деген кыз келип, "карасам сенин акыл-эсиң бар окшойт, ушу жашоо сага керекпи? Ойлон, жардам берем"- деп телефонун, дарегин таштады. Эки-үч күн телефон чала албай кыйналдым. Чалсам дароо үйүнө чакырды, ата-энесине тааныштырды. Аларга мен болгонун болгондой баяндадым. Ошол күндөн баштап тагдыр жолум башка нукка бурулду. Менин адам болушума зор салымын кошкон Тынарага, ата-энесине аябай ыраазымын. Азыр жыйырмага чыктым. Сойкулукту таштаганыма бир жыл болду. Тынаранын үйүндө жашайм, алардын жардамы менен кечки мектепти бүтүрүп, эми ЖОЖдун студентимин. Жакында эле керектүү буюмдарды сатып алмакка "Айчүрөк" соода борборуна бара жатсак, жүдөө кийинген бир кыз мени эжекелеп кучактап ыйлап атат. Чындыгында эле түшүнбөй калдым. Көрсө, өзүмдүн сиңдим экен. Ал мени таанып, чуркап келген экен. Атамдын көрсөткөн кордугуна чыдабай, сиңдим да үйдөн качып кетиптир. Атабыз апамдын колун сындырып, башын жарган соң, сиңдимди башка-көзгө койгулап аябай сабаптыр. Азыр сиңдим да мени менен жашайт. Бишкектеги мектепте окуйт, жардам берип, акыл-кеңешимди аябайм. Мен баскан жолду баспаса экен дейм. Бешенебизге жазылганы ушудур…
Адамча жашагым келет, бирок корком…
- Жыйырмага чыгып-чыкпай жатып бүтүндөй бир өмүрдү жашап коюпмун. Эмне деген кордукту көрүп, эмне деген уу сөздөрдү укпадым. Ачуу сөзгө кулагым, уу таякка денем бышты, чыйралдым. Калган өмүрүмдү адамча жашагым келет, бирок корком. Ниети бузук бирөөлөр өткөн өмүрдү эске салып, бүтүп бара жаткан жарамды козгоп коебу деп көп чочулайм. Азыр жигитим бар. Өңдүү-түстүүлүгүмөнбү, айтор мени аябай сүйөт. Таанышканыбызга алты ай болду. Үйлөнөм дейт. Бул сөздү укканда жүрөгүм ооруп кетет. Менин булганган сойку дүйнөсүнөн чыкканымды укса, кандай кабыл алаар экен…
Айтор, түркүн ойдун санаасында эзиле берип куурадым. Эң күйгөнүм, аяганым, эң жакшы көргөнүм - апам. Канча жыл болду көрө элекмин, абдан сагындым… Менин сойку болгонумдан кабары бар болсо керек. Ар кимден ар кандай сөздү угуп, жети өмүрү жерге кирип, тирүүнүн өлүгүнө айланса керек дейм. Алдына баргандан тартынам. Кечирим сурап, бутуна жыгылсам кечиреби? Билбейм…

Даярдаган
Гүлнур НУРКАЛИЕВА