Марат Султанов Улуттук банкка көз артууда...
Кандай бийлик келсе да эбин таап майлуу-сүттүү кызматтарды мыкчып отуруп калчу "Ата-Журт" партиясынын көлөкөдө жүргөн ана башчыларынын бири Марат Султанов деген Бакиевдин сүймөнчүктүү кадры Улуттук банкты басып жыгылгысы келип жатканы туурасында Ак үй жактан шыбыш чыкты. Аскар Акаевдин тушунда Улуттук банкты Марат мырза жетектеген кезде миллиондогон сомдун жиги билинбей кетип ызы-чуу болуп басылган. Марат акең эч нерсе болбогондой суудан кургак чыга берген жайы бар. Анан бул эргулдун кайрадан Улуттук банкты алам деп жатышы акылга сыйбаган көрүнүш эмеспи. Кайсы арына, кайсы кызматы үчүн "жутунуп" жатат десең. Тышкы карызыбыз 2 жарым миллиард доллардан ашып, мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 30 миллиард сомдун тегерегинде болуп, экономикалык оор абалда турганда Марат Султанов Улуттук банкты жетектеп калса, жардын кырында асылып турган өлкөбүз түптүз кургуйга кулайт дей бер. Андыктан Марат мырзаны эптеп Жогорку Кеңеште кыбырап жүрө бер деш керек. Айтмакчы, Улуттук банкка "Республика" партиясынан депутат болгон Максим Бакиевдин жакын санаалаштарынын бири болгон бир ойрон дагы көз артып жатыптыр. Алмаз мырза өкмөт башчысы катары "алкы бузуктардын" тизгинин кагып койгонго чамасы жетер бекен?..


Устукандан кур калган Бекназаров үн катты…
Азимбек Бекназаров: " Эл жаңы өкмөткө мурда К.Бакиевдин жактоочулары жана Максимдин орун басарлары болуп жүргөн адамдар киргенине нааразы экенин айтып, "айрым адамдар тарабынан 7-апрель боюнча соттук процесске басым жасалууда. Соттук териштирүүгө жана күнөөлүүлөрдү жазалоого тоскоолдуктарды көрсөтүү аракеттери болуп жатат" - деп билдирүү жасады. Бирок Азике элдин атына жамынып бакиевчилер кайрадан өкмөт курамына кирип калышына өзүнүн дагы салымы бар экенин унутта калтырып билмексенге салган ич күптүүсү адилеттикке жатпай калды. Башкача айтканда, өкмөт курамынын бакиевчилер менен толукталып калышына 7-апрелде Сот жана прокуратура тармагын тейлеп туруп, ошол Ташиев, Келдибеков ж.б. буга чейинки жүргүзгөн иш-аракеттерине "бармак басты, көз кысты" мамиле жасап, баарына көз жумуп койгонунун кесепети азыркы абалга алып келгенин түшүнүп турса да, түшүнгүсү келбейт. Анан түштөн кийин жаңы өкмөт курамынан өзүн көрө албагандан соң, өлүмүш болуп элдин атына жамынып сүйлөгөнүнө күйөсүң да. Баарынан дагы 7-апрелдеги соттук териштирүүлөрдү курал кылып пайдаланып, ар кайсыны айта берген адат тапты. Сот процессине кимдер басым жасап жатканын же ачык айтпайт. Качан төө кыядан өтүп, устукандан кур калганда ар кайсынын башын бир айтып жатып калат. Ошол 6 ай сот жана прокуратура тармагын уучтап турган учурда, чындап эл үчүн иштеген киши болсо кан жутуп зар какшап отургандардын ажатын ачып, бул кандуу окуянын аягына чыгарат эле го. Ал гана эмес, Аксы окуясын алигиче акырына чыгарган жок. Анан уялбай оозун ачса эле элди оозанганын кантесиң… Уят, намыстан кийин төрөлгөн го жарыктык…


Акмат Келдибековдон кийин кимдер келет?
Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматына ат салыша тургандардын аттары атала баштады. Төрага Келдибековго орун басар болом дегендердин катарында "Республика" партиясынан Бакыт Төрөбаев, КСДПдан Асылбек Жээнбеков жана "Ар-Намыс" партиясынан Бөдөш Мамыровалар бар. Төрагалыкка болгон жашыруун шайлоодон кийин бул кызматтан көңүлү калган ата мекенчилер азырынча вице-спикерликке таптап аткан талапкерин аташа элек. Жээнбеков менен Төрөбаевдин төрагалык амбициясы ашып-ташыганы менен, бул кызматка Бөдөш Мамырованын талапкерлиги ылайыктуудай. Себеби Бакиевдин бийлиги менен күрөшүүдө партбосстору Кулов менен Жапаровго окшоп канкорлордун колтугунда корголобой, аял да болсо намыстуу экендигин көрсөтүп, ачык күрөшкө чыкканы эсибизде.


Кудаң турганда кутурбаганда…
Абылай Мухамеджановдун Адилет министрлигине келишине көпчүлүктүн башы катып жатса керек. Бул эргул Жогорку Соттун судьялыгынан жакында эле алынган, болгондо дагы ажобуздун жарлыгы менен. Учурда "Карышкыр билети" менен калк аралап калган. Азикенин азыркы өкмөткө ачуусу келип жатканы дагы ушундан болсо керек. Анткени Абылайды кызматтан алуу боюнча өтүнүчтү өлкө башчысына өзү жазган да. Эл арасында "алкымы чоң" деген атка конгон Абылай мырза кадимки Камчыбек Ташиевдин кан кудасы болот. "Ата-Журттун" куулугун ушундан көргүлө, өздөрүнө бөлүнгөн өкмөт кызматтарына өздөрү барбай, өзгөлөрдү киргизип жатат. Балким, алардан "алчусун" алып жатат. Эмне үчүн өздөрү барышпайт? Анткени азыркы өкмөт алыска чуркабасын эң жакшы билишет. Анан да, мандаттарын тапшыргандан өлө коркушат.


Элүүбү же эки жүз элүүбү?
Жаңы өкмөттүн курамын эл жактырбай жатканын ушундан билгиле, аларга жарлык чыга электе эле жаңжалдар чыгып кетти. Апрель революциясын алгачкылардан болуп баштаган таластыктар, бул жолу дагы алгачкылардан болуп нааразычылыкка чыгышты. Алардын пикетинде карапайым калк гана эмес, айыл өкмөт, акимдер да аралашып жүрүштү. Бул деген эмнени билдирет? Жетинчи кабат жетекчилерине жергиликтүү бийлик дагы нааразы экенин билдирет. 300гө жакын киши чыккан пикетти, "Азаттык" үналгысы адатынча "элүүдөй киши" деп урдуруптур. Алардын апыртканы, өздөрү койгон сүрөттөн эле билинип калыптыр. "Сыныктан башкасынын баары жугуштуу" демекчи, "Баракелде" сайты дагы ушундай маанидеги маалыматты бериптир. Айтор, таластыктар жогорудагы эки маалымат агенттиктерине нааразы болушуп, редакциябызга өздөрү келишиптир.


Бөктөрүп бөлүшүптүр, тимеле "өлүшүптүр"…
Парламенттик көпчүлүктү түзүүнүн башында турган Өмүрбек Бабанов жанын жеп жатпайбы, "биз кызмат бөлүштүргөн жокпуз" кыязында. Анткени менен, алардын ар бир министрлик, агенттик, губернаторлук, атургай, акчалуу ишканаларга чейин бөлүшкөндүгү тууралуу далилдүү документ "Акипресс" агенттигине чыгып кетпедиби! Бул жигит башында "биз коалиция түзүүдөн мурун, аны ишке ашыра турган жумушчу тобун түзүшүбүз керек" деген. Ал айткан жумушчу топ - чындыгында өкмөттөгү жумуштарды бөлүштүрө турган топ болчу. Үч фракция кантип кызматтарды бөлүшкөнүн, үзүлүп түшүп "өлүшкөнүн" төмөндөгү документтен көрсөңөр болот.