Миллиондорго
кимдер туйтунду?
Ажылык зыяратты уюштуруу иштеринде миллиондогон каражаттар айланат. Ошол акчадан өөнөп калуунун бир канча жолу бар. Аларды негизинен эки чоң топко бөлүп кароого болот. Биринчиси, ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравиясы бөлгөн жолдомолордун бир бөлүгүн чет элдиктерге кымбат баада сатуу. Экинчиси, уюштуруу иштеринен акча жасоо. Анда кепти биринчисинен баштайлы.


Ала-Арча резиденциясында жасалган визалар чет элдиктерге да сатылган
"Азаттык" үналгысы тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Айтмурзаевдин колу коюлган документти таап, ажыга барчуларга берилген жолдомонун саны - 5060 деп көрсөтүлгөнүн аныктады. Бул жерде ортодогу айырма - 384 виза. иштери боюнча мамлекеттик комиссия ажыга барчуларга виза бере турчу саудиялык консулдарды президент жашаган Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына жайгаштырган. Аравиялык консулдар ошол чычкан жөрмөлөп кире алгыс резиденцияда туруп жолдомолорду беришкен. Комиссия жетекчилеринин айтымында, мындай чара чет элдик консулдардын коопсуздугу үчүн жасалган. Ошол эле маалда Сауд Аравиясынан такталган маалымат боюнча, аба жолдору жана кара жол аркылуу ажылык зыяратка барган кыргызстандыктардын саны 4301 болгон. Кийинки айырма 759 виза.
Ажыга баруучулардын тизмесине кирип, бирок жолдомо колуна тийбей калгандардын жалпы саны чыкканда ортодогу белгисиз визалардын саны дагы өсүшү ыктымал. Ал өсүш тышкы иштер министрлигиндеги ошол эле документте көрүнүп турат. Анда 2010-жылдагы ажылык зыярат учурунда 900 чакты чет элдик жаранга ажылык жолдомолор берилип кеткени көрсөтүлгөн. Эми ажыга баргандарды ташыган авиакомпаниялардын маалыматын талдап көрөлү. "Кыргыз Транс Авиа" компаниясынын жетекчиси Таалайбек Окенов "Азаттыкка" билдиргендей, бул компаниянын учактары менен 1624 адам ажылык сапарга чыгышкан. "Рахис" компаниясы жалдаган "Бахрейн Эйр" менен 1488, "Түрк аба жолдору" аркылуу 155 адам Меккеге барган. Жалпы 3267 адам Кыргызстандан ажылык сапарга баруу үчүн учактарга түшкөн. Тышкы иштер министрлиги берген 5060тан 3267ни кемите турган болсок, 1793 деген сумма пайда болууда. Андыктан Дин иштери комиссиясына "1793 ажылык жолдомо кайда жоголду?" деген суроону берүү мыйзам ченемдүү нерсе. Дин иштери комиссиясы болсо бардык мүчүлүштөрдү ажы башчыларга түртө салууда. Аталган комиссиянын бөлүм башчысы Кумар Дүйшөнбаевдин пикиринде, чет элдиктерге виза саткандар да ажы башчылары болушу мүмкүн. Өз кезегинде ажы башчылары визага байланышкан маселелерди Дин иштери комиссиясы гана аныктап атканын ырасташууда.
Иликтөө иштери Кыргызстанда чет элдик жарандарга бир виза 3 миң еврого чейин сатылганын тастыктоодо. Каржы полициясындагы Экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Айдаров "Азаттыкка" билдиргендей, ушул тапта чет элдик жарандарга ажылык жолдомолор орто эсеп менен 3000 долларга сатылганы тууралуу фактылар аныктала баштады.
- Биздин иликтөө учурунда ажыга барып келген адамдар визалар сатылганын тастыктап атат. Чынында эле Түркиянын, Ирандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жарандары Кыргызстандын визасы менен барганы тууралуу маалыматтарды берип атышат. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги да тастыктап атат.
- Чет элдик жарандарга ошол визалар канчага сатылган экен?
- Биздин маалымат боюнча, 3000 еврого чейин акчага сатылган.
Эгер жогорудагы дареги белгисиз 1793 ажылык жолдомону 3000 доллардан эсептей турган болсок, 5 миллион 379 миң доллар туурасында сөз кылууга болот. Муну тактоо үчүн ажыга баргандардын тизмесине үңүлүү керек болот. Ажылык зыяратты уюштуруудан миллиондорду өөнөгөндөргө алып барчу жиптин учу - ажыга баргандардын тизмесинде жатат. Бул тизмени коомчулук көрө элек. Дин иштери комиссиясы болсо "Ал тизмени Улуттук коопсуздук комитети алып кеткен" деген кепти айтууда. Каржы полициясы да ал тизмеге кызыгып, Дин комиссиясынан ушундай эле жоопту угушканын ырасташты.
Аталган комиссиянын өкүлү, 2010-жылкы ажылык миссияны жетектеген Юсуп Балтабаев андай тизме комиссиянын колунда жок экенин, тизмелер ажы башчыларында болорун айтып, ажыга баргандардын тизмеси тууралуу суроого так жооп бере албады.
Дин иштери боюнча комиссиянын жетекчиси Болот Абдрахманов жүрөгү кармап ооруканага жатып калгандыктан, учурда эч кимди кабыл албай, сүйлөшпөй турат. Анын орун басары Канатбек Мурзахалилов тергөө иштерине байланыштуу президенттин көрсөтмөсү менен убактылуу кызматынан четтетилген.
Улуттук коопсуздук комитетине кайрылганыбызда, ажыга баргандардын тизмеси Дин иштери комиссиясынан алынганын, бирок тергөө бүтмөйүнчө маалымат берилбесин айтышты. Бирок УКМК кызматкерлери ал тизмени Дин иштери комиссиясынан зордоп, компьютерлери, көчүрмөлөрү менен кошо алып кеткен эмес. Негизи бул тизмеге киргендерди сураштыра келгенде эле канча кыргызстандык ажыга барганы, кайсы авиакомпаниянын кызматын жана кайсы маршрутту колдонушканы, канчасы калып калганы чыга келмекчи. Ошондо 500дөн 900гө чейин делип айтылып аткан жалпы канча виза кумга сиңген суудай болгону ачыкка чыкмакчы. Дин комиссиясынын бөлүм башчысы Кумар Дүйшөнбаев "чет элдиктерге сатылып кеткен" делген визалар тууралуу өзүнчө жоромол айтууда. Анын ырасташынча, ажылык сапар маалында Сауд Аравиясынан келген үч консулдун бирөөсү 800 чамалуу ажылык жолдомолорду көтөргөн бойдон Бишкек-Стамбул-Дубай багыты менен качып кеткен. Андыктан, "чет элдиктерге сатылган" делген жолдомолор ошол аравиялык консулдун колунан келген болуусу да ыктымал. Ажыга барууга уруксат берген 146 визаны алып чыгып бараткан ирандык жарандын 2010-жылдын 6-ноябрында "Манас" аба майданында кармалуусу да ажылык зыяратты уюштуруудагы алешемдиктерди тастыктап турат.
Ош шаарынын тургуну Абдышүкүр Жураев ажы башчысы катары 41 адамды Меккеге баштап бармак. Бирок сапардын так алдында белгисиз себептер менен алардын паспорттору визасыз артка кайтарылган. Ушул сыяктуу мисалдар, тизмеге кирген бир топ кыргызстандык жарандар ажыга барбай калышканын ырастап тургандай. Ошол себептүү эч кандай жашыруун сырга жатпаган бул тизменин купуялыгы ого бетер шектенүүнү күчөтүүдө.
Уюштуруу иштериндеги бүдөмүк маселелер
Эми уюштуруу иштериндеги маселелерди карап көрсөк. Ажылык зыяратты уюштуруу иштери мекемелер аралык өкмөттүк комиссия бекиткен калькуляциянын (чыгымдардын эсебинин) негизинде жүрдү. Ал документке мурдагы биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын башчысы Болот Абдрахманов кол койгон. Ага ылайык, Бишкек аркылуу ажыга баргандар 2200 доллар жана 1000 сом, Ош аркылуу баргандар 2300 доллар жана 1000 сомдон акча коротушу керектиги каралган.
Көрсөтүлгөн сумма төмөндөгүдөй сарпталаары каралган:
1. Бишкек-Жидда-Бишкек багытындагы учак билетинин баасы - 1400 доллар.
2. Ош-Жидда-Ош багытындагы учак билетинин баасы - 1500 доллар.
3. Сауд Аравиясынын чек арасынан өтүүдөгү милдеттүү төлөм - 285 доллар.
4. Ыйык жерлерди кыдыруу - 60 доллар.
5. Мина, Мединада бир жолку тамактануу - 70 доллар.
6. Медина шаарындагы мейманкана - 100 доллар.
7. Муфтиятка берилчү каражат - 70 доллар.
8. Ажылыкты уюштуруу иштерин камсыздоого - 20 доллар.
9. Казыяттарга берилчү кайрымдуулук каражаты - 10 доллар.
10. Ажылар үчүн тигилген кийимдин баасы - 20 доллар.
11. Роуминг байланышын уюштурууга - 5 доллар.
12. Топ башы жана ар кандай чыгымдар үчүн - 130 доллар.
13. Ажыга барчуларга дары-дармекке, дарыгер, ашпозчуга сарпталчу каражат - 25 доллар.
14. Арафат, Минадагы чатырларга төлөнчү каражат - 5 доллар.
15. Медициналык камсыздоо, реклама, компьютердик кызматтар ж.б. иштерге кетчү каражат - 1000 сом.
Кыргызстан үчүн бөлүнгөн квота толук бекер болгону менен, ажыга барууну каалагандар жол киреси, тамак-ашы, жаткан-турганы болуп отуруп орточо эсеп менен 3000 доллар же 130-150 миң сомдой акча сарпташы керек. 5060 деген санды коё туруп, ажыга барды делген 4676 адамдын короткон акчасын эле эсептесек 13-14 миллион долларга жеткен чоң сумма чыга келет. Бул акчанын баары учак билетине, майда-барат уюштуруу иштерине кетет. Дал ушул себептен улам ажылык сапарга аз калганда уюштуруу иштерине аралашкысы келгендердин, өз кызматын көрсөтүүнү каалаган авиакомпанияларынын саны артып, соңунда бүдөмүк иштер калкып чыга келет. Бул жолу да так ошондой болду.
Меккедеги сыйынуу. Эмне себептен Дин комиссиясы ажы башчыларга толук эркиндик берип койгон? Ажы башчылар 1300 доллардан билет алышса ортодогу айырмадан чыккан 1 миллион доллардай каражат аларда калганбы?
Ар бир ажы муфтиятка бөлгөн 70 доллар да тактоону талап кылат. Муфтий Чубак ажы Жалилов "Азаттыкка" билдиргендей, ажылык зыяратка бармакчы болгон 4010 жаран муфтиятка 70 доллардан тапшырышкан. Алардын ичинен 189 адам ажылык сапарга барбай калып, акчаларын кайтарып алышкан. Ошентип, калькуляцияда көрсөтүлгөндөй, 3821 адам муфтиятка 70 доллардан тапшырган. Дин иштери агенттиги көрсөткөн 4676 адамдын канчасы муфтиятка акча бербеген? Бул да тизмедегилерди сураштырууну талап кылмакчы. Себеби ортодогу 855 адам 70 доллардан чыгара келгенде 60 миң долларга чаап барат. Ошентип, бул жердеги бүдөмүк иштер ажылык зыяратты уюштурган Дин комиссиясы менен ажыларды баштап барып келишкен 57 ажы башчысынын алакасынан көрүнүп турат. Алардын алакасындагы ачыктыктын, отчеттуулуктун жоктугу кайра эле шектенүүнү күчөтүп, "ажы башчылары" деген институт атайылап эле акча өөнөп калуу үчүн ойлонуп табылган схемадай элес калтырууда. Андан тышкары ажылык зыяратка баргандарды ташыган "Рахис" компаниясынын 7 миллион сомдой мамлекеттик салыкты төкпөй жок болуп кеткени да тендердин таза өткөнүнө көлөкө түшүрүүдө. Каржы полициясы бул компаниянын аркасына түшкөнү менен, ажылык сапардын алдында эле түзүлө калган бул компания азырынча изин жазгырып жүрөт. Өзүнүн учактары, аба каттамдарын уюштурганга шарттары, кала берсе кеңсеси да жок бул компания кандайча тендерден өтүп кеткени да түшүнүксүз. Аталган компания юридикалык дареги катары Бишкектин "Түштүк-2" кичи районундагы 15-үйдүн 16-батирин көрсөткөн. Бирок Каржы полициясы текшере келгенде ал үйдүн ээси мындай нерседен эч кандай кабары жок экени, уруксат бербегени аныкталган.

Илим Жанузаков,
"Азаттык" үналгысы