СЫЙЛЫКТАР
БИШКЕКТИКТЕР
ҮЧҮН элеби?!
Узап кеткен жыл жаркын келечек үчүн шейит кеткен эр-азаматтарыбыздын үй-бүлөлөрүнө, ата-энелерине, бала-бакырасына, ага-туугандарына, жалпы эле кыргыз журтчулугуна оор болгону менен, кимдир бирөөлөр үчүн өтө жемиштүү болгондугу ырас. Канча жылдардан бери мамлекеттик сыйлыктарды алалбай жүргөн маданият кызматкерлеринин бир тобу өздөрү эңсеген бакыт жылдыздарына жетишти. Алардын катарында эбак эле эл артисти деген калайык калктын арзуусуна ээ болгон Нурак Абдырахманов, Нуржамал Табалдиева, Сүйдүм Төлөкова ж.б. бар. Сүйдүм эжекебизге жыл жаңырарда Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисткасы деген наам ыйгарылды. Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон эжебиздин кубанычына аны таанып-билгендердин дээрлик бардыгы ортоктош болушса керек деп ойлойм. Өкмөттүк сыйлык алгандардын арасында журналисттер, башка маданият кызматкерлеринин да бар экендиги кубандырды. Кыскасы, 2010-жыл жаадырып сыйлык бергендин да, кош колдоп сыйлык алгандардын да жылы болду.
Аттиң, ошолордун катарында майда аңгемелерин Чеховдун чыгармаларына, лирикалык ырларын Алыкулга салыштырып окурмандар тамшанып окуган жазуучу Аман Саспаевдин, акын Эргешбай Узакбаевдин жоктугу ичимди туз куйгандай ачыштырып койду. Эмнегедир бул жолу мамлекеттик сыйлыктардын көбү борбор калаада иштегендерге ыйгарылды. Адаттагыдай эле "Элге берген куруттан" элеттиктер дагы кур кол калышты. Айрыкча, областтык, райондук басылмаларда иштеген журналисттерге көңүл бурулган да, алардын чыгармачыл дараметтерине назар салынган да жок. 80ден ашып таяк таянып калганында араңдан зорго "эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наамга жеткен Сүйдүм эжекебиздин жолун жолдосок, анда биз дагы качандыр бир кезде "үмүтсүз бир гана шайтан" эмеспи, үмүтүбүздү үзбөй туралы, Кудай узун өмүр жаш берсе 80-90го барганда калчылдап барып Ак үйдөн сыйлык аларбыз…
Мамлекеттик сыйлыктардын ыйгарылышы тууралуу бир топ кайчы пикирлер айтылып жаткандыгы бекеринен эместир. "Кудай берген кишиге Кудай урган киши гана атаандашат" болбойлу, бирок ошолордун арасында өкмөттүк жогорку сыйлыктарга татыксыздары да бар. Мен алардын ысымдарын атагым келбейт. Мына ошондон улам курсташым Жаныбек Өмүралиев жазгандай "Таанышың болсо - танкасың, таанышың жок болсо - маңкасың", "Галстугу бар экен, калыстыгы жок экен" дегендей, өң-тааныштыктын арааны дале жүрүп жаткандай… Анык таланттар элден, элеттен чыгат. Канча мыкты таланттардын жылдызы жанбай жабыгып жүрөт. Борбордогу басылмаларда иштеген журналисттерден кем эмес, керек болсо алардан ашып түшкөн аналитикалык материалдарды жазган кабарчылардын эмгектери өз баасын албай келаткандыгы талашсыз чындык.
Шейшекан ЖАНАЛИЕВА,
Каракол шаары.




  Ден соолук - өмүр булагы…

Өпкөнүн сезгениши
өлүмгө алып келеби?..
Кылычын сүйрөп, каарын төгүп кирип келген ызгаардуу кыш менен бирге ата-энелердин тынчын алган сасык тумоо сыяктуу оорулар күч алат. Сасык тумоо, пневмония оорулары өзгөчө наристелер арасында күчөп, өз учурунда жардам көрсөтүлбөгөн бөбөктөр мерт болуп калууда. Учурда бул илдеттер бала бакчаларда, мектептерде аябай катуу жүрүп, ата-энелердин жүрөгүнүн үшүн алууда. Ата-энелердин жүрөгүнүн үшүн алган оорулар туурасында маалымат алуу максатында Республикалык эне жана баланы коргоо борборунун педиатрия бөлүмүнүн башчысы профессор Бакасов Сталбекке бир нече суроолор менен кайрылдык.


- Саламатсызбы, жаш өспүрүмдөрдүн арасында эпидемияга айланып жаткан пневмония жана сасык тумоо оорулары туурасында айта кетсеңиз.
- Эң биринчи кезекте биз ооруну тактап алышыбыз керек. Азыркы убакта жаш балдар көбүнчө пневмония эмес, сасык тумоонун N1H1 деген түрү менен оорушууда. Кыш айында адатта жогорку дем алуу органдарынын жолдору инфекциялык оорулар менен көп жабыркап, анын ичинде сасык тумоо оорусу өтө катуу кармайт. Учурда кыш келип, дем алуу жолдорунун респиратордук ооруларынын саны көбөйүп бара жаткан мезгил. Бул ооруларды реовирустар ж.б. вирустар чакырат. Ошондой эле респиратордук вирустардан дагы пайда болот.
- Бул оорулардын күчөшүнүн себеби эмнеде?
- Алгачкы себеби бул табияттын мезгили болуп эсептелет. Көбүнчө күзүндө жана кышында бул оорунун күчөй турган убагы. Экинчиден, албетте, бул социалдык жагдай. Эгерде балдарыбызды убагында витаминдүү тамак-аш менен камсыздандырсак, анда биз анын иммунитетин көтөрүп, ооруга каршы тура алабыз. Тилекке каршы, биздин калктын баарысынын социалдык абалы талапка ылайык эмес. Бардык эле үй-бүлө балдарын кымбат баалуу витаминдер менен камсыздай албайт. Ошол себептен учурда жаштар арасында аталган оорулар тамырын кенен жаюуда.
- Жогорудагы илдеттердин адамдын организмине тийгизген таасири кандай?
- Аталган эки оору тең оңой оорулардан эмес. Сасык тумоо аба аркылуу бат тарайт. Бир адамдан башкага бат эле жугуп туруучу оору болуп саналат. Мисалы, жаш балдарга бала бакчадан, мектептен, коомдук жайлардан, кыскасы, эл көп чогулган жерлерден баарысынан жугат. Анын белгилери: дененин температурасынын көтөрүлүшү, алсыроо, тамакка табити тартпоо, жөтөлүү, баш айлануу, салмагын жоготуу, энтигүү, жүрөк айлануу, мурдунан суу куюлуп, дем жетишпей кышылдап, үстүртөн тез-тез дем алып калат. Ал эми биз сөз кылып жаткан пневмония - бул өпкөнүн сезгениши. Пневмония менен ооруган адамдын өпкөсүн тыңшаган мезгилде кырылдаган үндөр угулат. Өз убагында дарыгерге кайрылбай, дарыланбай жүрө берсе, оорулуу адамдын барган сайын дем алуусу кыйындап, дем жетпей калат. Бул оору менен ооруган бала чыргоолонуп, чыйрыгып, алсызданып, аң-сезими начарлап, калтырап-титирей баштайт. Мындан сырткары интоксикация коштойт. Тактап айтканда, баланын бүткүл организми ууланат. Ууланган организмди тазалоо бир топ оорчулукту жаратат. Ортодо эле жаш бала кыйналып калат. Ошол үчүн сасык тумоо менен ооруган балдарды дарыгердин көзөмөлүнөн өткөрүп туруу зарыл.
- Бул нерсеге ким күнөөлүү, мамлекеттин алсыздыгыбы же аз айлыгына таянып жашаган ата-энелерби?
- Мен күнөөнү ата-энелерге да, мамлекетке да тиешелүү деп айтаар элем. Анткени экөө бири-бири менен тыгыз байланышта. Бирок бир нерсени баса белгилегим келет, Кыргызстандагы жаш балдардын көп оорусуна, оорулардын өтүшүп кетишине биздин ата-энелердин кам санабай кыргызбайлыкка салышы жана кенебеши эң башкы себеп десем жаңылбайм. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, эгерде ата-энесинин айлыгы аз болсо, анда алар кайдан витаминдүү тамак-аштарды сатып алмак эле? Алган айлыгы тамак-аштан ашпаса, кантип балдарынын үстүн жылуулап кийинтмек? Бирок медалдын эки бети бар дегендей, жаш балдардын оорушуна ата-энелер да күнөөлүү. Анткени кээ бир ата-энелер өз баласынын камын эмес, башка бирөөнүн тоюнун камын ойлоп, тапкан ашынын баарын тойго алып барып, балдарын көңүл сыртында калтырып келет. Мындай үй-бүлөлөр да жок эмес. Ошондуктан кыргыздарда той-аш дегендер азайса дээр элем.
- Аталган оорулардын алдын алуу үчүн кандай чараларды көрсөк болот?
- Адегенде иммунитетти көтөрүү зарыл. Ал үчүн балага витаминдүү тамак-аш керек. Дары каражаттарынан "Интерферон" иммунитетти көтөрүүгө жардам берет. Аны мурундун көңдөйлөрүнө тамчылатуу шарт. Мындан тышкары "Анеферонду" да пайдаланса болот. Ал дагы организмдин вирустарга каршы күчүн жогорулатат. Ал эми азыркы убакта сасык тумоого каршы вакцина сайылууда. Бул вакцина да аябай чоң жардам берет. Мындан башка эртең менен 10-15 мүнөт үйдү желдетүү, сүлгүнү нымдаштырып үйдүн ичиндеги эмеректерди сүртүү жана күнүнө бир маал 15-20 мүнөт таза абада сейилдөө. Учурдан пайдаланып, ата-энелерге балдарын күн суукта конокко алып барууну токтотуу жана ооруган адамдардан алыс болуу зарыл деп айтып кетет элем.
- Жогоруда айтылган вакцина бекер сайылуудабы?
- Жок. Азыркы заманда акысыз эч нерсе болбой калбадыбы. Мүмкүн, келечекте мамлекетибиз өнүгүп кетсе, айрым дарылар жаш балдарга бекер болоор деген зор үмүттөбүз.
- Маегиңизге чоң рахмат. Ишиңиздер алга жылып, элдин келечеги болгон жаш муундардын ден соолугун чыңдай бериңиздер.
Маектешкен
Гүлнур Нуркалиева