Баратбай АРАКЕЕВ

Кандуу
жылдар
- Мен эч жакка кетпейм. Алыс эмес, ушул жерден да кетпейм. Качып өмүр өткөзө албайм.
- Анан эмне кылайын дейсиң?
- Сени тынч иштетейин, жашатайын дейм.. - Ушундай бүдөмүк өңдөнгөн Макандын айтканы менен экөөнүн сөзү байыды...
***
Бекен кеткенден кийин Макан көзү илингенче ой жетегинде. Эмне кылат? Профессордун көзүн тазаламайын Бекенге да, өзүнө да тынчтык жок... Ошону ойлоп отуруп, күтүүсүз жерден баягы көрүп эле көкүрөккө берилип, бекем каткан Нестандын сүрөтү тартылды маңдайына. Сагынып кетти. Барып кабар алып, керемет жүзүн бир көрүп келүүгө жарабаган өзүнүн кенебестигин жектеди. Эмне абалда болду экен? Алганы карыган чал деди эле, жаш неменин шорун кайнатып жатты бекен? Макан деген бир жигит "алтыным" деп айтты эле деп эстээр бекен же небак унуттубу? Унутту да. Барбаса, көрүшпөсө унутат да... А Макан өзү унута албайт. Таптакыр унута албайт. Унутпаса, жүрөктүн тереңинде бапестей арзып жүрсө, анда неге ага барбайт? Неге түбөлүк бир болуунун, бир бүтүнгө биригүүнүн камын көрбөйт? Өзү каалап тийип кетти дейт, кантип эле карыган чалга өз каалоосу менен тийип кетсин? Байлыгына кызыктыбы? Андай шуулдаган, жулунган мүнөзү деле жок го... Ушинтип ойлоп Макан Нестанды аябай сагынып, кусасы көкүрөктөн ашып-ташып турду... Жакшы болуп, бети-башы айыгары менен сөзсүз кезигет. Сөзсүз...
***
Нестан баягы дунгандын эмне кылса өзү билчү көңүлүндө эле. Капыр дунганың иштетсе ишине чегип, аял кылса төшөгүнө сүйрөп, куурчактай чимире ойноп жаткан.
Ошондо машинеге салган дунган ошол жерден жети-сегиз чакырым алыстыктагы дагы бир талаасына алып барды. Бу жерде жалдап иштетип кул кылгандар үчүн алачык бар, андан үч жүз метрдей жерде өзүнө арналган, өзү гана турган чакан вагон-үйү бар. Бул жерге жарык тартылган, үйгө эмне керек болсо, телевизор менен муздаткычтан баштап баары бар. Кез-кези көңүлүнө төп келген кыз-келиндерди да ушул жерге алып келет.
Нестанды бир көргөндө эле жактырган дунган дароо эле кым деген, "сен меники эмей кимдикисиң" деп шилекейин жуткан, эркек кумарынын шилекейин. Жолдо келатып Нестанга бир-эки ооз тийиштик сөз айтты эле, ал үндөбөдү, отурган калыбынан жазбай, караган да жок. Вагонеткага келип, ичкери жөлөй киргизди. Же мас эмес, же соо эмес кейиптенген бу периште жетелеген жагына көнүп берди. Сырткы бөлмөгө бут чечилип, төркү бөлмөгө өтүштү. Нестан диванга отургузулду. Анан анын маңдайына чакан стол коюлуп, муздаткычтын ичиндеги дүйүм тамак тизилди, арак менен вино коюлду. Дунган Нестанга катарлаш отуруп вино куюп сунду. Кыз алган жок. Дунган кыргызча кыйнаганды кайдан билсин, дагы бир ирет ал деп, анан жайына койду. Өзү да ичпеди. Кыргыз неме болсо кыздын оозуна куйгуча кыйнап, өзү да дембе-дем басмак. Кыз вино гана ичпестен, тамак да жебеди. Дунган куйган бөтөлкөдөгү суудан удаасы менен эки стакан ичти. Дагы бир бөтөлкө ачылды эле, аны да токтотпой ичти. Дунган кызды чочулай кармап кучактаган болду. Үн жок, каршылыгы билинбейт. Эми бекемирээк кысып бетинен өптү. Кыздын жүзүндө өзгөрүү жок, өөп жатабы, тээп жатабы, баары бир экен. Эркегиң күчөй өптү. Бир маалда:
- Сен эч жакка чыкпа, - деп жана бир ирет сыга кучактай өөп Нестанды сыртынан бекитти да, жөнөп кетти...
Жөнөп кеткенинин жөнү бар - дунган аялдын пири, периштеси болсо да ишин таштап аны менен калып кумарга батпайт, дунгандын кумары пиязы менен чамгырында, андан кийин башкасы. Дунган талааларын кыдырып, кулдарын тейлеп-тескеп келүү үчүн кетти. Ал көпкө чейин жүрдү: талаасын кыдырды, базарга барды, айылдагы үйүнө да кайрылды. Анан кеч бешимде кайтты вагонеткага. Келсе баягы кыз отурган жеринде отуруптур, а балким наркы-терки баскандыр, уктап тургандыр. Дунган чай кайнатып бир чыныдан куйду. Нестан ичкен жок, ордунан туруп сыртка чыкты. Тигиндейректеги туалетке кирип кайра чыгып, вагонетканын түбүндөгү орундукка отурду. Дунган акмалап жанында. А жерде кыз жарым саатча отургандан кийин дунган аны колдон тарта жетелеп вагонеткага киргизди. Тамак-аш коюлган столду жылдыра берип, диванды жазды, бурчтагы тапчан үстүндө үйүлгөн жууркандан алып, ак шейшептүү төшөк салды. Кызды жат деди эле, ал турган жеринде тура бергенде дале колдон тарта жаткызды. Молодой катып, бир дабыш чыгарбаган бу сулууну дунган тең агарганча уктаткан жок...
***


Кулактандыруу!
Урматту окурман, "Мезгил сабактары" тууралуу
ушул жылдын 20-январынан баштап төмөндөгү веб-сайттан окуй аласыз:
www.shaidoot.com




Анарбек Усупбаев,
"Манас Ордо" коомунун төрагасы, техника илимдеринин кандидаты

Кыргыздын сол
канатынын, кытай
уруусунун нукура тарыхы
(санжырасынын негиздери)

(Башы өткөн сандарда)

...14. Сейит Баатыр Мукамбет Молдо кан - Сейит Мукамбет Шераалы кандын баласы (1858-1862),
15. Султан Шах Мурат кан - Сарымсак кандын баласы (1863-1865),
16. Насырдин хан - Сейит Мукамбет Кудаяр кандын баласы (1875).
Чапкынчылардын "Маргун санжырасынан"; Мөндөкө-Кашкар каны, Жакыпбек (Якупбек) - Кашкардагы жети шаар мамлекетинин каны, Досмат Кенже уулу - Мурат (Мала кандын) аталыгы болуп турган, Мөөлөн датка (ляшкар) - Алымкул аталык өлгөндөн кийин аскер башы болгон, Нүрдүн уулу Ниязбек - Жакып кандын аскер башчысы болгон. Кара бото кан (Курманбек баатырдын таякеси). Курманжан датка энебиз, Молдо Асан датка, Сатыбалды Досмат уулу - Ходжентти башкарган бек, Бердикул миң башы-сибирги, чапкылдык, байкесек, бөксө болуштуктарын башкарган. Баатыр, Байгул миң башылар - Кара-Кулжада болуштуктарды башкарган, Иманбек болуш, Кожожаш мерген, Жеңижок - Өтө Көкө уулу акын, Эсен аман Чоңду акын, Айдараалы жөргөлөк - улуу комузчу.
Төрөкул Айтматов, Эркинбек Эсенаманов, Жылкычиев Түлө, Совет доорунда чоң партиялык жана укук коргоо жагында кызматтарында иштешкен, 1938-ж.тексиз кыргыздардын айынан атылып кетишкен.
СССРдин убагында чоң партиялык, чарбалык жетекчилер; 1964-1970-жылы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин экинчи катчысы Мураталиев Бейшен Тоголокович, Малиш Батыров - эмгектин баатыры, Кошмуратов Капар, Эшенкулов Надыр, Жолдубаев Акмат, Жумабеков Шайбек, Буранов Курбан.
Кыргыздын улуу жазуучулары: Чынгыз Айтматов, Райкан Шүкүрбеков, Ашым Жакыпбеков, азыркы жаш акындар: Ааматов Маркабай, Стамбеков Самүдүн, Урбаев Абдирашит, Акпаров Атантай ж.б.
Генералдар: Акматов Жусупбек, Чотпаев Абдыгул, Субаналиев Өмүрбек, Субаналиев Самсаалы, Бөөрүбаев Мирсаали, Медетбеков Артур, Шадыбеков Дөөлөтбек жана 50гө жакын полковник, подполковниктер.
Советтер Союзунун Баатыры - Чолпонбай Түлөбердиев.
Эмгектин баатырлары: Аманбаев Алдаберген иниси Төлөбек.
Илимпоздор: Арзыбаев Момун - ветеринария илиминин доктору, Усупбаев Акылбек - медицина илиминин доктору, Керимбеков Акылбек - математика илимдеринин доктору, Токторалиев Биймырза - академик, биология илиминин доктору, Нусупов Эркин - академик, техника илиминин доктору, Султанмуратов Махмуд - медицина илиминин доктору, Назаралиев Жеңишбек - медицина илиминин доктору жана 60ка жакын илимдин кандидаттары бар экен.
Абдылас Малдыбаев, Чоро Кожомжаров - улуу композиторлор.
Гапар Айтиев - Кыргыз элинин улуу сүрөтчүсү.
Азыр урматтуу эс алууда жашап жаткандар: СССР элдеринин эл артисттери: Насыр Давлесов, Кайыргүл Сартбаева, Токтонаалы Сейталиев, Капар Медетбеков.
Азыркы чоң саясатчылардан: Алмаз Атамбаев, Замир Эсенаманов, Нариман Түлеев, Ырыскелди Момбеков ж.б.
Кыргыз ырларына обондорду жаратып, ырдап жүргөндөр: Апас Жайнаков, Дильшат Кангелдиева, эже-сиңди Райымбековалар.
Көптөгөн жаштарыбыз азыркы Кыргыз мамлекетинин жогорку бийлик бутактарындагы кызматтарда эмгектенип жатышат. Мына ушул жерде аягында кичинекей бир ойду айтып кетүүнү эп көрдүм. Акыркы убакта кыргыз элинин көз карашы (идеологиясы) тууралуу көп аңыз сөздөр болууда, буга жооп иретинде айтарым, биздин көз караш (идеология), бул уруучулук, уруучулуктун негизинде каада-салттарыбызды, үрп-адаттарыбызды, дүйнө таанымыбызды калыптандыруу. Уруучулугубуздун негизинде мамлекет башчылыгына тектүү кыргыздардын келишине шарт түзүп берүү. (Көрдүк го акыркы 20 жылда тексиз мамлекет башчыларыбыз Кыргыз элибизди кандай акыбалга келтиргендерин.)
Аягында кыргыздын кытай уруусунун санжырасын толуктайм деген инсандар anar37@yandex.ru деген электрондук дарекке өзүңөрдүн билген санжыраларыңарды жиберип койсоңор жакшы болот эле. Неси болсо дагы кыргыз улутунун түбөлүгү түз болуп, Жараткан Теңирим эч нерседен кем кылбай, келечеги кең болуп, учу-кыйырына көз жетпесин! Улуу Кыргыз туурасында айтыла турган, даңктала турган кеп сөздөр алдыда. Кыргыз элимди жаратканым "Көкө Теңир, жаратылыштын касиеттери, Гунн, Динлин түпкү бабаларыбыздын, Манас бабабыздын арбактары колдоп, бак-дөөлөт, ырыскы-байлык менен үзөңгүлөш бололу.
Анарбек Усупбаев ,
"Манас ордо" коомунун төрагасы,
Кыргыздын сол канатынын, кытай уруусунун урпагы.