Бош арабанын калдырагы, же…
Акыркы күндөрү каржы полициясынын башчысы Эркин Булекбаев эркин микрофонду болушунча пайдаланып жатат. Оңду-солду интервью берип жатат. Эмнеге дейсиңер? Кетип каламбы деп коркуп жатат. Эркин Касымовичтин түз эле түрмөдөн каржы полициясына барып калышына кадимки анегдотко айланып калган Азикең "күнөөлүү". Эжекеден эмне кызмат сурарын билбей турган Эркин мырзаны, "алагүү" болуп келген Азикең алып барып эле отургузуп салган. Анысын Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү билбей да калган. "Каржы полициясындагы кадр саясатына Азикенин уулу аралашып кетти" деген кептер дагы жөн жерден чыкпаса керек. Дегеле, Эркин Касымовичтин ал жерге барганы, жарытылуу жаңылык менен чыкканын уга элекпиз. Анан калса, ал киши акыркы күндөрү өзү менен өзү болуп кеткендей болгон. Чылым баскан чычкандай чырылдап баштады, байкабай балакетти басып алган жок бекен? Айтор, Азикенин кадрлары азайып эле баратат…


Бакырышсын, болбосо чакырышсын да...
Жогорку Кеңештин Шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору бир окуудан өткөнүнө карабай, укук коргоочулардын укуругуна кабылды. Арам акчага азгырылгандар айкырып чыгышты, "кокуй, жанагындай мыйзамды жабык эшик артында кабыл алышыптыр" кыязында. Ачыктан ачык, журналисттердин катышуусунда кабыл алынганын аныкташкандан кийин, уяты чыккан "укук коргоочулар" эми эки окуудан өткөрбөйбүз деп турушат. Аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, элге деле жакшы болмок. Анткени анча-мынча "балык ооз", "бакан ооз" депутаттардан арылып калмак. "Балык ооз" демекчи, бакырчак төөнүн бары жакшы деген мындай депутаттар азыркы парламентти артка тарткандан башка пайдасы жок. Оболу ошондой "депутаттар" коркуп жатышат. Атамбаев макулдук бергенине карабай, айрым сдпкчылардын каршы чыгып жатканына таң каласың. Асыресе, алаңдаган андай байкуштар Алмаз Шаршеновичтин айтканын укпай калса керек да.


Атамбаевге "атака" башталдыбы?
Азыркы өкмөт башчыбыз Алмазбек Шаршенович өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруу үчүн канчалык аракет көрүп жатса, анын атаандаштары Алмазды Ак үйдөн чыгаруу үчүн ошончолук аракет көрүп жатышат. "Ар-Намыс" партиясы мурдуна суу жеткен мугалимдерге жакын барып, аларды акырындап азгырып жатса, "Ата-Журт" партиясы ак халатчандар менен алака түзө баштады. Ушул өңүттөн алып караганда, Атамбаевге ачык эле атака башталганы байкалып турат. Мурунку ак жолчу азыркы ата-журтчу министр Сабыр Жумабеков "айланып кетейин ак халатчандар, айлыгыңар аз экенин билем, өкмөттүн мүмкүнчүлүгүн андан дагы жакшы билем, эми бир аз чыдап тургула, көңүл бөлүнөт, акча бөлүнөт" дегендин ордуна, кайра аларды кайраштырып: "мен силердин талабыңарды колдойм" - деп, Атамбаевге оппозицияга чыкканын ачык эле билгизип койбодубу. Бул дагы эчтеке эмес, жакында маданият кызматкерлери эстафетаны алганы жатышыптыр. Атамбаевдин ата-журтчу орун басары Ибрагим Жунусов менен маданият министри Нурлан Шакиев үгүт үстүндө үзүрлүү иштеп жатышат дейт билгендер. Ошентип, Атамбаев бензиндин баасын түшүрүү менен убара, а жанындагылары анын беделин түшүрүү менен убара. Өткөндө Өмүрбек Абдрахманов "Учур" гезити аркылуу: "Ак үйдө Атамбаевди аз күндө кетиребиз дегендер ачык эле айтып жүрүшөт" - деп учугун чыгарды го. "Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" же "бөрү баласы ит болбойт" дегендериң чын окшобойбу.


Дима менен Нураке Роза айымды президенттикке сүрөйбү?
Атайын кызматтар менен жакын алакада болуп жүргөн белгилүү саясат талдоочубуздун айтымында, орус президенти Медведев менен казактардын башчысы Назарбаев президентибиз Роза Исаковнага жакында эле Орусияда болуп өткөн ЕврАзЭСтин кезектеги саммитинде кызыктуу бир сунуш айткан экен. Океңдер менен казак баурдастарыбыздын эл башчылары Роза эжекебизге "быйылкы президенттик шайлоодо өзүңүз деле ат салышпайсызбы, биз сизди колдоп, коргоп берели" дегендей оюн ортого салышкан имиш. Ал үчүн президент айымыбыз Кыргызстанды КМШдагы "ак каргага" айлантпай, президенттик эле башкарууга кайтарып бериши керек экен. Бирок эл мүдөөсүнө, элдин каалоосуна эч качан каршы чыкпастыгын айткан Роза Отунбаева КМШнын аттуу-баштуу бул өкүмдарларына терс жообун бергендиги тууралуу айтылууда.


Мадумаров "бозуп алып" кимди коркутту?
Акыркы күндөрү "бозуп алып энесин коркуткан" эски бийликтин эрендери катуу эдиреңдеп киришти. Алардын арасында Адахам деген да бар илгери спикер башы менен Жаныш Бакиевдин алдында "жөрмөлөп", башына суусар тебетей кийгиздим деп жетине албай сүйүнүп жүргөн. Каркырадай керемет жерибизди кайын журтуна карматып коюп камырабай басып жүргөн ошол Адахам: "Отунбаева Кыргызстандын тарыхында алдамчы катары калат, мен аны президент катары тааныбайм"-деп тантыган экен. Башкасы го башка, бирок Каркыраны казактарга карматкан кыргыз жерин кемирген "келемиштердин" алдыңкы катарынан дал ошол Мадумаровдун аты тарых барактарында эчак эле кара тамга менен жазылып калгандыгын эстеп койсо…


"Барынан жогу жакшы" дечү эле...
Александр Князев деген оозуна алы жетпеген жеткен эргул бар. Кыргыздар анын атасын өлтүрүп койгонсуп, ар дайым эле ЖМКларга кыргыз эли тууралуу жаман пикирлерди, жаман божомолдорду таратып келет. Бул эргул өлкөбүздөгү акыркы окуяларга карата кыргыз мамлекетине көз карашы тескери "Фергана ру." сайтына: "Киргизия - первый кандидат на повторение косовского сценария"-деп "көз ачыктык" кылып, көпчүлүктүн кыжырын кайнатып турат. Александр мырза акыркы кездерде алды-артын карабай эле, айтат десе эле, айтып, былжырайт десе эле былжырып, өзүн-өзү "көзөмөлгө албай", чектен чыгып кеткени байкалып турат. Кыргыз намыскөй эл эле, атаң гөрү! Бирок намыска тийген "тентектерге" "мен" деген кыргыздын тың чыкма жигиттери жооп кайтарганга жарабай келишет.
Эгер Александрдын акылы болсо, өзү агарып-көгөрүп жаткан кичи мекени Кыргызстан тууралуу жаман айтпайт эле. Кыргызга күйгөн жан болсо, кыргыздын жаманын жашырып, жакшысын ашырып турмак. Тилекке каршы, бул эргулдун кыргызга кылы кыйшайбай турганы эчактан эле маалым болуп калган. Мындайларды кыргыздар барынан жогу жакшы дешчү эле...