Саресеп

Кыштын ызгаары,
мезгилдин ушагы
"Энесинин этегине" жашынгандар
Кыштын ызгаар суугу күчүнө кирген сайын калкыбыздын күткөн үмүт-тилеги электроэнергиянын үзгүлтүксүз берилишине байланышкандыгын эч ким танбас. Бирок ошол көксөгөн көңүлдөгү ойлор ишке ашабы, же ишке ашпаган куру кыял боюнча калабы? Бул суроого так-кесе жооп берер адамдын чыгары да күмөн, ошентсе да элибиздин "Үмүтсүз - шайтан" деген кеби аргасыздан айтылган көрүнбөйбү? Элибиз өзүн-өзү ушинтип жооткотуп келген сыяктанат. Мындай пикирдин жаралышына "Азаттыктын" "Энергетика эмнеден аксап жатат?" - деп койгон суроосу да бул темага кайрылууга себепкер болду.
Ар бир нерсенин эки учу болот эмеспи. Анын сыңарындай козголгон энергетикалык маселелердин дагы объективдүү жана субъективдүү себептери тууралуу кеп козголгону менен, бул көйгөйдүн өбөлгөсү тууралуу кеп козголбогонун баса белгилесек болот. Мейли, электр жабдыктары эскиргенине ишенели, бирок эмне үчүн Кыргыз Өкмөтү жана энергетика министрлиги ырааты менен жабдууларды жаңыртпай келишкен? "Карга карганын көзүн чукубайт" эмеспи, мурдагы министрлердин кечирилгис бул айыбы үчүн кийинки кайсы министрлер аларды жоопко тартуу тууралуу маселе көтөрдү? Алар сен мага тийбе, мен сага тийбейин принцибин бекем кармап, ушунун кесепетинен электр жабдыктары дээрлик жарактан чыгып жатпасын?
Айрым эксперттердин жабдууларды жаңыртууга каражат жетиштүү экендигин, тармактын ишин оңдоого коррупция тоскоол болуп жаткандыгын жар салса да, конкреттүү мисалдар, өзгөчөлөнгөн аргументтер жана тастыкталган фактыларды келтиришкен эмес. Акыры келип "электр кубатын ашыкча пайдалануу техникалык кырсыкка себепкер" болгондугу шылтоо болуп, буга кайрадан эле жону жука карапайым калк күнөөлүү деген ишарат жасалып отурат. Чычалашпас чыгар, энергетиктер, 2011-жылдын 8-январындагы болуп өткөн кырсык алар үчүн күнөө кылгандан кийин кичинекей баланын жашынган "энесинин этегинин" милдетин аткарып отурбайбы?!
Жыландын башы кылтыйып…
Айрым билдирүүгө таяналы. Энергетика министринин орун басары А.Калмамбетов маалымат жыйынында "ушул тапта калктын бир суткада электр энергиясын пайдалануусу 53 миллион КВт саатка жеткен. Өткөн жылы бул көрсөткүч 41 миллион КВт саатка чукул болгондугун" айтып отурат. Бирок ушул айырмачылык кайдан чыгып отурат? Азыркы күндө азык-түлүктүн, көп керектелген товарлардын баасынын асмандап өскөнүн, карапайым калк кымбат баадагы отунду сатып алууга маянасы жана пенсиясы жетпесин "унутуп" койгон көрүнбөйбү? Маалыматка караганда Бишкек четиндеги Ленинский айылында иштен чыккан конденсаторду оңдогуча Бишкек ТЭЦинин кубаттуулугу100 МВтка түшүп кетиптир. Он буу казандын буусун чыгарганча ТЭЦ 250 МВт күчтү алып туруптур. Буга кайрадан эле каржалган эл айыпталып жатпайбы? Актануунун да, айыптоонун да чеги болууга тийиш, эң алгач кыш чилденин алгачкы декадасынын аягында суук катуу болору белгиленген соң, ушул кырсыкты болтурбоо үчүн энергетиктер эмне үчүн алдын ала эскирген жабдууларды алмаштырган эмес? Техникалык жактан ремонттор жасалбаган? Буга ким күнөөлүү?
Белгилей кетели, такталбаган маалыматка таянсак, Токтогул каскадында бир турбина авариялык абалга жеткендиктен, ал жерде да частота төмөн түшүп кеткендиги тууралуу билдирүүлөрдү кимден жашырып жатабыз?
Баарыбызга белгилүү, мурда К.Бакиев электр энергиясын эл ашыкча пайдаланганы үчүн элибизге тезек тергизип, Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлин төмөн түшүртсө, энергетика министринин орун басары А.Калмамбетов калкыбызга кайсы жыландын башын кылтыйтып жатканын ачык айтса болмок экен?
Кырсыкка кыргыз күнөөлүүбү?
Энергетика министрлиги коён жылынын 5-январында 48 подстанцияда, 8-январдагы кырсыкта 25 подстанцияларда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурагандыгын танбайт. Анын ичинен Чүйдө - 22, Жалал-Абад жана Нарында - 5тен, Ош аймагында - 9,
Таласта - 4, Ысык-Көлдө - 3 подстанцияларда өчүрүү болгон, натыйжада жарыксыз калгандардын саны 20 пайызды чапчып отурат. Менимче, мындай өчүрүүлөр веердик өчүрүү мезгилинде гана күчтүү болгон. Жогорудагы арифметикалык көрсөткүчтөр энергетика министринин орун басары А.Калмамбетовдун "электр энергиясын ашыкча пайдалануудан улам жарыкты өчүрүү болбойт. …жабдыктарды жаңыртуу үчүн тарифти көтөрүү маселеси да азырынча козголо элек" - деген билдирүүсүн четке кагып отурат. Ачык айталы, "өлгөн иттин сөөгү" ушул жерде катылып жатпасын?
Ага аргументибизди келтирели. Немис банкынан "Түндүк электро" алган 23 миллион евро каражаттын эсебин табуу амалын жасап, ушул кыштын катаал шартында өчүрүлгөн 22 подстанциясын оңдоого сарпталгандыгын шылтоолоп, белгилүү өлчөмүн сиңирип алууга шылтоо жасоо үчүн жасалган атайын "финансылык шоу" болуп жүрбөсүн деген күмөн ой да пайда болот? Биздин чиновниктер мындай алдамчылыкка жедеп такшалып бүтүшкөнүн кантип тана алабыз. Өзүбүз го, өзүбүз. Ушул учурда Өзбекстан энергосистемасы менен бириктирүүчү жогорку чыңалуудагы Кристалл-Юлдуз подстанциясы эмнеге өчүп калгандыгы табышмак боюнча кала берүүдө.
Каражат неге тартыш?
Жергиликтүү эксперттер ири авариялардын болуп турушу Борбордук Азиядагы Бирдиктүү энергосистемасынын ыдырашына алып келерин божомолдошот.Учурда Казакстан энергетикалык бул системадан чыгып кетүү үчүн аракеттерди көрүп жатканы айтылып келет. Буга ишенип да, ишенбей да коюуга болот. Ошондой болсо да ар түрдүү аварияларды алдын алууга мүмкүнчүлүк бар эле. Алгач бул жооптуу тармактарга абийирдүү кадрларды топтоо менен коррупцияга каршы туруктуу күрөш жүргүзүлүшү керек болчу.
Тилекке каршы, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эле кирешелүү бул тармакка көздөрүн кызарткандар аны жасалма банкротко түшүрүүнү максат кылып коюшкан. Отун-энергетикалык системаны менчикке чыгарып алууга шылтоо керек болгон. Натыйжада, электр энергиясын берүүчү жана бөлүштүрүүчү тармактарды өз алдынчалыкка ээ кылуу менен башкаруу, эсеп жана көзөмөл багыттарында иш аксаган. ГЭС өндүрүлгөн электр энергиясын бөлүштүрүүчү мекемелерге сатууга милдеттендирилген. Алгач бул кадамдын кемчилиги байкалган эмес, бирок бара-бара кирешеге ээ болгон бөлүштүрүүчү мекемелер энергетика булактарын өзүнө каратып ала баштаган да, ири монополистке айланган. Ал эми ГЭСтер өз продукциясын сатууга укугу чектелсе, бөлүштүрүүчүлөр дээрлик бүтүндөй демилгени тарттырып жиберишкен. Бул башаламандыкка алып келсе, экинчи жактан коррупциянын күчөшүнө алып келген. Бөлүштүрүү тармагына башкасын мындай коёлу, чакан аймакка көзөмөлчү катары ишке орношууга ири суммадагы каражат төлөп гана кирип калгандыгын эл унутпаса керек.
Албетте, коррупция күчтүү өнүккөн тармакта кирешенин негизги бөлүгү бир ууч топтун менчигине айланып, Балкыбековдор, Ширшовдор жана башка мафиялык топтор көрүнөөсүн көрүнөө, көмүскөсүн көмүскө "жеп", аягында "сүттөн таза" чыга берерин турмуш өзү тастыктап койду. Ал эми алдым-жуттум күч алган жерде каражаттын тартыштыгы күч аларына баарыбыз эле күбө болбодукпу. Бул өңүттөн карасак, кырдаалды байкап турган кошуна өлкөлөр Бирдиктүү энергетикалык системасынан качары далилдөөнү деле талап кылбайт.
Такталбаган маалыматка таянсак, Анжыянда бир подстанцияны өзбектер өчүрүп, Казакстан бир аз убакыт жарыксыз калган экен. Мындай аракетке каршы Казакстандын демилгеси менен атайын комиссия иликтөө ишин баштаган. Буга чечкиндүү чара көрүлөбү, же кошомат менен бардыгы жабылабы, аны учур көргөзөр...
Калк муктаждыгы чечилиши керек
Азыркы күндө Кыргыз өкмөтүнүн алдында зор милдет турат. Энергетика министринин орун басары А.Калмамбетовдой бардык кыйынчылыктарды калкыбызга шылтаган адаттан арылып, мурдагы бийликтин жаңылыштыгын кайталабай, турмушка реалдуу мүнөздө караганды үйрөнүшү керек. Ар бир жылдын өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Куру шылтоону жамынбай, учурдун талабына жараша аракет жасашы зарыл. Калктын муктаждыгын мамлекеттик деңгээлде чечип, өлкөбүздүн экономикалык абалын көтөрүүнүн, стратегиялык мааниге ээ энергетикабызды ар тараптан өркүндөтүүнүн жолдорун таап, иштеп чыгышы зарыл.
Эскирген жабдууларды которууга каражат жоктугу жалган жомок десек күнөө болбос, айрым чиновниктердин "мыйзамсыз менчигинин" агымын гана мамлекеттик казына тарабына буруп койсо эле жетишмек жана сырттан келген инвестицияларды максаттуу пайдалануу аркылуу алакандай өлкөбүздү гүлдөгөн кубаттуу мамлекетке айландыруу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бизге эрк гана жетишпейт, андан тышкары бир адам мамлекет үчүн десе, миңи өз көмөчүнө күл тартса оңолмок белек, кокуйлар! Миңи мамлекет үчүн, бири өзү үчүн иштеген даражага жетсек, көпчүлүк ал жалгыз адамды теске салып коёрун кантип жашыра алабыз.
Депутат-жепжутаттардан тарта чиновниктерибизге чейин "буга элге кызмат кылуу үчүн барып жатам" деген тамтыгы чыккан трафарет сөздү гана жаттап алгандыгын ачык айтсак болот. Эч кызматка турбай эле, депутат сөрөй болбой эле калкыбызга ак кызматын көргөзүп келген канча уул-кыздарыбыз жүрөт. Ошолорду көрүп уялып койгон кайсы чиновник бар экендигин көргөзүп берер жан чыгат бекен? Кыргыздын шору ушунда экендигин азыркы Өкмөт жана министрлер ойлоно турган учуру келди.
Акырында айтарыбыз, энергетика министрлиги Немис банкы берген еврону эски жабдууларды жаңыртууга жумшайбы же жаңы "жол тандабас" үчүн сарптайбы, аны да күтө туралы…
Эртабылды АТТОКУРОВ


(Уландысы 12-бетте)




ОШ окуясы: Чындык ким тарапта?
Ошентип, бир нече айдан бери Ош окуясын иликтеп жатышкан Улуттук комиссия 11-январь күнү көпкө күттүргөн жыйынтыгын чыгарды. Бирок бул комиссиянын чыгарган жыйынтыгына коомчулук ыраазы болгон жок, тескерисинче көпчүлүк терең изилденбегенин бир ооздон айтышууда. Ош жана Жалал-Абаддагы эл чарбасына жалпысынан төрт миллиард сомдон ашуун зыян келтирилгендигин аныкталгандыгы айтылды. Мындан тышкары комиссия эл мурда уга элек айрым билдирүүлөрдү расмий жарыялашты. Учурда бул билдирүүлөр коомчулуктун көңүл чордонунда турганын жокко чыгарууга болбойт. Тактап айтсак, Ош окуясынын башталарын күч структураларынын жетекчилери (УКМК) Кеңешбек Дүйшөбаев, (Коргоо министри) Исмаил Исаков, (ИИМ министри) Болот Шер жана Ош, Жалал-Абад облустарынын губернаторлору Сооронбай Жээнбеков, Бектур Асановдор, ошондой эле аталган эки областтын айрым райондорунун акимдери "билип туруп, эч кандай чара көрбөй койгондугун" баса белгилешип, бул адамдардын күнөөлүү экендигине байланыштуу, аты аталган министрлерге саясий жоопкерчилигин карап чыгып, саясий баа берүү маселесин козгошту. Ал эми Ош окуясы боюнча "күнөөлүү" деп аталып жаткан айрым инсандарга кайрылып, комиссиянын жыйынтыгына көз караштары кандай экенин сурадык.

Исмаил Исаков,
экс-министр:
- Мен бул маселеге мындайча жооп берет элем. Биринчиси: Союз учурунда бир жерде райкомдун секретары жыйын өткөрүп, ал жыйында башкарманын ишмердүүлүгүнө токтолуп, " бул башкарма Коммунисттик партияга каршы болгон басмачылар менен байланышы бар" деген доомат менен иштен алып салат. Жыйын бүтүп, эшикке чыгышкандан кийин, бир топ адамдар башкармага: "Ал убакта сенин басмачылар менен байланышканыңды ким көрүптүр, далил жок да, ошону айтпайт белең?"-дешсе, башкарма: "Жок айланайын, антип айтуунун кажети жок. Себеби, бул адамдар өздөрү басмачы болуп жатса, кайдан жыйынтык чыксын?" - деген экен. Мына ушундай окуялардан улам да кандайдыр бир жыйынтык чыгарса болот.
Экинчиден, Ош окуясы менимче, терең изилденген жок. Чыр чыккан учурда УКМК, Коргоо министрлиги, ИИМ колдон келген аракетин көрүп, жыйынтыгында чырды басып, тынчтык орнотконуна эл өзү күбө. Дагы бир айта кетчү нерсе, Ош окуясында сырткы күчтөр абдан чоң роль ойногонун эстен чыгарбашыбыз керек. Негизинен мен бул суроого мындай кыска эмес, далилдер менен узак жооп беришим абзел эле. Маселен, Ошто от чыгып, биз тынчтыкты орнотуу үчүн башыбызды канжыгага байлап жүргөн кезде, азыркы комиссиянын мүчөлөрү кайда жүрүштү экен? Ошондуктан мен Ош окуясын изилдемиш болуп, бизди күнөөлөп жаткандарды Кудайга койдук, элге койдук деп айтаар элем. Ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эмес анын баарын мезгил ташка тамга баскандай көрсөтө турган убакыт эртең эле келет.

Руслан Бекназаров,
Ош окуясынын катышуучусу:
- Ош окуясында курал таратты деген улуттук комиссиянын жыйынтыгы боюнча эмне айта аласыз?
- Мен улуттук комиссиянын чыгарган жыйынтыгына каршымын. Менин курал таратканымды далилдеп беришсин. Далили жок болгондон кийин, мен буларды сөзсүз сотко берем. Биз ошол кезде чыр-чатактын басылышына өз салымыбызды кошолу деп, ЖКны эки күн кайтардык. Андан соң Ош окуясы болуп жаткан, Ошко барганыбыз жок. 10дой адам болуп Жалал-Абадга бардык. Ал жерде комендант болуп турган Кубат Байболовдун карамагында чыр-чатак басылганча жүрдүк. Анан кайдан жүрүп мен курал таратам? Биз ал жакта тынчтык орнотууга салымыбызды кошуп жүргөндө, азыркы улуттук комиссиянын курамы ошол кезде өз үйлөрүндө жылуу-жумшак жатышкан. Тынчтык орнотууга салым кошкондорду күнөөлөп жатышканы эч түшүнүксүз. Менин оюмча, бул комиссия чыр-чатакты чийки, чала изилдешкен.
Айбек Шамшыкеев