Жатар көрүң болбосо,
тирүүлүктөн не пайда?
Бейит сатылат, бекер бербейбиз
Жакында бир таанышымдын жаңы төрөлгөн үч күндүк ымыркайы чарчап калып, күйөөсүнүн шаарда суй жыгыла көрүстөн издегенин угуп жакамды кармадым. Рыноктук заман деп, жаткан көрүбүздөн бери сатылып калганына бир чети жаным кейисе, али көзү ачыла элек наристеге болбогон кагаздарды сураганы кыжырды келтирди. Аттуу-баштуу гана адамдардын сөөгү коюлуучу Ала-Арча көрүстөнүндө (ага жөнөкөй адамдарды киргизбейт экен) ымыркайга 15 миң сом сураганын таанышым: "Уулумдун сөөгүн көтөрүп, Ала-Арча бейитине барып жай сурасам, көрүстөн кайтарып олтурган киши 15 миң сом сурады. Мен ушул кичинекей ымыркайга дагы ушунча сурайсызбы, ынсап кылсаңыз боло десем, - Анда талаага эле жашырып кел дейт уялбай. Акыры Дордой тараптагы бир көрүстөнгө барып 5 миң сом берип баламдын сөөгүн коюп келдим - деп айтып өттү. Чынында, шаардагы көрүстөндөрдүн сөөккө берилүүчү алакандай участогу ар кандай баада экенин жашоочулар көп айтып келишкен. Муну учурунда кыргыз куудулдары да сатирага салып эл алдына алып чыгышкан. Башкача айтканда, бейиттеги орундар мансапка, атак-даңкка карап бөлүштүрүлөрү жашыруун эмес. Муфтияттын өкүлү Эратов Равшан ажы:
- Көрүстөндүн көр казган адамына акы төлөп берүү бул туура эле көрүнүш. Анын деле бала-чакасы бар, тиричилик кылышы керек. Бирок шаардык муниципалдык башкармалыктан көрүстөн үчүн атайын жер бөлүнүп берилип, ал жайды соодага айланткан фактылар болсо, аны кылмыш түрүндө карап, мыйзамдын чегинде жаза колдонуш керек. Мисалы, Египетте адамдар тирүү кезинде эле өздөрүнө бейиттен жер каздырып бөлүп койдурушат. Ал көрүнүш азыр деле бар. Бул, балким, жердин таңкыстыгынан адамдар көрүн эртерээк камдап койсо керек.
Бишкек шаардык мэриясына караштуу ритуалдык агенттик деп аталган бөлүмгө телефон аркылуу байланышка чыксак, баш-аягы биригип 7-8 номерди берди. Чала берип акыры бирөөсүнө байланышсак "башчыбыз ордунда жок"-деп жооп узатты. Ары-бери чалдыра бергенинен кыжырым келип, "Бир адамдын сөөгүн коюуга жер канча турат?"-десем, - "От две тысячи семьсот" - деп орусчасын айтат. "От.." дегенин угуп, калганын сураган жокмун. Айтпаса деле түшүнүктүү, тарифтери ар кандай турбайбы. Кызыгы, тариф жерге бекен же адамдардын тарифин айттыбы?
Бишкек шаарында көрүстөндөрдүн жылдан-жылга толуп, сөөк коюуга орун калбай баратканын адистер бир топ жылдан бери айтып келишет. Ал эми жаңы көрүстөн ачууга азырынча эч ким үн ката элек. Шаардагы бакандай беш чоң мазардын азыркы кезде экөө гана ишке жарап турганы, алар деле ашып кетсе 1-2 жылга гана чыдары эч кимди кызыктырбай, натыйжада бейиттеги карыш жерлер чоң бизнеске айланууда. Бул, албетте, коомдук коркунуч. Ансыз да жыл сайын шаарга эл батпай, региондордон эл агылып келе берип, көрүстөндөр ошолордун эсебинен толукталууда деген да пикирлер бар. Бирок "өлүмдөн башкасынын айласын тапса болот" демекчи, көрүстөн көйгөйүн менчик көрүстөн кызматтары чечип калганын билдик. Бишкек шаарындагы менчик "ритуалдык агенттик" деп аталган бир мекеменин директорунун айтымында, акыркы жылдары агенттикке кайрылган кардарлардын саны көбөйүп барат. Башчысынын айтымында сөөк коюуга атайын бейиттен участоктору бар. Бир-эки суроо менен кайрылып көрдүм.
- Сиздерде кайсы кызматтар көрсөтүлөт?
- Биздин агенттик майда-чүйдөсүнө чейин даярдап беребиз. Атайын сөөк жеткирүүчү унаабыз, гүлчамбар, машина кооздочу гүлдөр, эл ташуучу автобустарыбыз бар.
- Кандай адамдар кайрыла алышат?
- Ачыгын айтсам, көбүнчө колунда барлар. Жөнөкөй адамдар көп келишпейт. Себеби кызмат акысына чыдашпайт.
- Кымбатпы?
- Коммерциялык негизде болгон үчүн бир топ эле кымбат.
Жогорудагы өлүм салтанатына кызмат кылган агенттиктерге карапайым калк жакын бармак тургай, күнүмдүк тамагын араң таап жеген үй-бүлөлөр бар. Жамандыктын бетин ары кылсын, бирок жакындары каза тапса, аны Бишкектен бир нече чакырым алыстыкта турган айылына алып барууга айрым учурларда шарты келбей калат. Бул себептер сөөктү шаардагы көрүстөнгө коюуга мажбурлайт. Дин жолундагы такыба адис Шахриддин ажынын айтуусунда мусулман сөөгү кайсы жерге коюлбасын, аны эскерип куран түшүрүп туруу парз.
- Албетте, колунда жок болсо сөөктү туулган айылы Баткенге, Алайга же Ошко кантип жеткирмек эле. Мындай учурда сөөк парзын кылып жергиликтүү бейиттерге коюшат. Бир чети балдары, тууган-уругу жакын болсо, бейитке бат-бат барып турууга жакшы болот. Ал эмес кыргыз сөөгү Россияда деле калып кеткен фактыларды көрүп келебиз"-дейт Шахриддин ажы.
Елена, шаардын жашоочусу,
Кызыл-Аскер тараптагы бейиттердин бирине жакын жерде жашайт:
- Үйүм көрүстөндүн жанында, барган сайын бейиттин кебетесин көрүп коркуп кетем. Жээктери эл отурукташкан жайга чейин чыгып кеткен. Болбой эле келип сөөк коюп кетишет. Тартипке келтирген адам жок. Жабылды деп айткандарына көп болду, бирок эл келип турат. Өткөндө бирөө жай казып атса мурда өлгөн кишинин сөөгү чыгыптыр. Өлгөндүн үстүнө көмгөн" деген ушул болсо керек - дейт.
Ошентип, сууң да акча, абаң да акча, жер тартыш заманда акыры баарыбыздын барарыбыз боз топурак болсо ошол да сатууда экен. Жаркын келечектен үмүт жок деп жаштарыбыз айткандай, эми көрүбүздүн да болор-болбосу күмөн тура. Бейиттин камын тартып, өлсөк кайсы жайга жатабыз деп бышактап калбайбызбы деген кооптонуу бар. Балким, заман оңолсо, бейиттердин да багы ачылып калар, "Үмүтсүз шайтан" - дейт го.
Сахиба Кадырова





  Саамалык...

Бактыбек Мамбеталиев, Голливуд киностудиясынын Кыргызстандагы өкүлү:
"Голливуд быйыл Ысык-Көлдө 12 миллион долларга кыргыз тарыхы камтылган кино тартат..."
- Бакыт мырза, айтылуу Голливуддун өкүлчүлүгү бизде качан ачылган?
- Өткөн жылдын аягында ачылды десек болот. Бирок бизге ал тараптан каражат бөлүнүп, атайы тапшырмалар бериле элек. Азырынча Көчөрөв Руслан экөөбүз, өзүбүздүн каражатыбыз менен уюштуруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Буйруса, жаз алды менен чоң бир жакшы иштер баштала турганын сиздердин гезит аркылуу коомчулукка жарыялоо менен бирге, бийликтин тиешелүү жетекчилерине да кайрылып, алардын да колдоосун таптык. Тактап айтсак, Максим Карсков аттуу жазуучунун "Хранитель сокровища" аттуу тарыхый, курч окуялуу үч бөлүктөн турган романы боюнча Голливуддун атактуу продюссери Габриель Гранфильд менен дүйнөгө белгилүү актер, Голливуд жылдызы Стивен Сигал экөө биздин Ысык-Көлдө бюджети 12 миллион доллар болгон көркөм тасма тартууну максат кылып жатышат. Кошумчалап айта кетсек, жазуучу М. Кросков биздин өлкөдө бир топ жыл жашаган жараныбыз болчу. 1990-жылдардан кийин Америкага көчүп кеткен эле.
- Тартыла турган тасманын мазмуну тууралуу учкай айта кетсеңиз?
- Тартыла турган тасмада Улуу Жибек жолу тууралуу баяндалып, илгерки Кокон хандыгынын бир ханы эбегейсиз байлыгын (алтын, күмүш ж.б.) Ысык-Көлдүн жээгине калтырып кеткендиги, ошондой эле баалуу картанын көл жээгине катылгандыгы, ошол картаны издөө тасмадагы бир топ окуяга башкы себеп болот. Тасмада Улуу Жибек жолу тууралуу сөз болуп жаткан соң, тасманын айрым эпизоддору жети мамлекеттен, атап айтсак: Казакстан, Өзбекстан, Түркиядан, Кытайдан да тартылат. Ал эми башкы окуялары, кинонун негизги бөлүктөрү Ысык-Көлдө тартылат. Гранфильд мырза, бул боюнча кино тартуунун алдында Кыргызстанда бекер чоң мастер-класс өткөрө турганы айтылууда. Ал эми тартыла турган тасманын режиссеру, актерлору Кыргыз-Америка тараптан тандалып алына тургандыгы айтылууда.
Гранфильд мырза тууралуу кошумчалап айта кетсек, бул мырза мурун Кыргызстанга келип-кетип жүргөн, кыргыздын жашоосу, тарыхы, каада-салты менен кандайдыр бир деңгээлде тааныштыгы бар адам. Өзгөчө Гранфильд мырза биздин "Манасыбызга" абдан кызыгат. Анын иш бөлмөсүндө "Манас" эпосунун англис тилиндеги варианты дайым турарын былтыр аны менен жолугушуп келишкен С. Раев, Б. Шамшиевдер айтып келишкен эле. Ошондой эле Гранфильд мырза Т. Тургуналиевдин "Манасты" тасмага тартуу боюнча демилгесин абдан жакшы колдоп, буйруса ал демилге боюнча тиешелүү акча топтолуп бүтсө, "Манас" эпосун мыкты, сапаттуу тартуу үчүн акыркы үлгүдөгү техникалык жабдыктар жагынан жардам берерин билдирди. Албетте, бул да бизге зарыл болгон муктаждык экенин танууга болбойт. Кыскасы, биздин тилек мындай кино жаатындагы чоң сумма жумшалып жаткан биринчи долбоор болгону турат. Буйруса, Голливуд бул тасманы ыйык Ысык-Көлдө тартса, ошол тасма аркылуу Көлүбүз, кыргыз элибиз дүйнөгө дагы даңазаланып, туристтердин кызыгуусун туудурат деген ишеничтебиз. Болгону биз колдон келген аракетибизди жумшап, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн татыктуу иш алпарышыбыз керек.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев