Каныкей бизде жок бекен?..

БИЛИМ АЛГАНДА
АКАДЕМИК БОЛМОК БЕЙМ
Ушу апа жөнүндө мындан жети-сегиз ай мурун гезитибизге жазып, кыргызда ушундай мыкты апалар бар деп даңазалап коймок элем. Ошондо ал апанын ошол кезде салык жагында иштеген уулу Кабылбектин машинасына түшүп Караколдон Барскоонго келгенбиз.
Апа келинине буйругун берип, чай-пайын жакшы камдатып, жаз айы эле, үйүн мелмилдете ысытып күтүп турган экен. Кирип таанышарым менен эле балпая олтурган ал кишинин жылдызы мени эч нерседен шек алдырбай, алдыңда жакшы адам турат деген ишенимди дилге орнотуп койду.
Чай ууртайбыз, тиги-бу тамактардан жейбиз, суроо салам, апа болсо жөнөкөй, жөпжөнөкөй жообун берип жатат, сөзү орундуу, куйкумун ыгына жараша кошуп коет, бу айылдагы чоңдордун кемчиликтерин бетке чаап эле айта турганын унутпайт, анан…Анан 86 жашка чыккан өмүрүндөгү баскан жолун четинен баяндайт.
Жаймачач апа он жетиге караган кезде турмушка чыгат. Жолдошу Бейше экөө колхоздун уюн багат, ага кошуп карыган ата-энелерин багат. Тузун кемитип саламбы сөздү өзүнө берели:
- Ошол турмушка чыккандан эки жыл өткөндө балакет баскан алаамат согуш келди. Курсагыбыз ашка толуп, дилибиз үмүткө толуп турган мезгил болчу.
Жолдошум Бейше 1942-жылдын сентябрь айында согушка аттанды. Колумда төрөлгөнүнө үч күн болгон уулум Аскербек, карыган кайнатам менен кайненем калды. Ошондогу түйшүктү айтпа, бар түйшүктүн баары жалгыз менин башыма түшкөндөй эле: таң заардан түн жарымына чейин тыным жок. Кийинки жылдын жазынан баштап кой багыштым. Кой багуунун азабы канча дейсиң: тууган койго козусун телчиктирүү, койлорду экиден кошоктоп сааш керек, ченеми менен жем-чөбүн бериш керек, кайтарыш керек, айтор бел бүгүү жок, күндөн-күнгө ошол. Ошондо биз чынында эле кыйын экенбиз, эми ойлосом темирден жаралганбызбы деп коем. Бу адам баласы кандай кыйынчылык болсо да көтөрө билет экен. Чарчоо деген эмне, эс алуу деген эмне деген эстен да чыгып калат экен. Анан да бир чымчым талканды карандай сууга чалып ууртап керээли кечке жүргөн күндөрдү айт. Ичсек ашка, кийсек кийимге жетпей турган ошол мезгилде деле тобо келтирип, топук тартып турчу элек. Эми болсо жулунгандар көп чыкты. Кандай болсо да кыргызым аман болсун, элимде токчулук менен бейпилчилик болсун, жараткандан күндө тилегеним ошол.
Ошентип, согуш жылдарын жон терибиз менен сезип, Жеңиш үчүн баарынан кайыл болуп олтуруп, ошол Улуу Жеңишти да тосуп алдык. Кудайым колдоп, 1947-жылы жолдошум Бейше аман-эсен кайтып келди.
Мен дагы, жолдошум дагы өмүр бою эмгектенип келдик, биз минтип салдык, антип салдык деп эч кимге күч кылган да жокпуз, эмгектенгенди милдетибиз деп билдик, бала-чаканын, элдин аманчылыгын тилеп турдук…
Ушинтип айтты Жаймачач апа. Согуш кезиндеги окуялардан, андан кийинки оор турмуштан, балдарды тарбиялоо түйшүгүнөн, уулу Абылбек афган согушуна кеткендеги жан койбогон санаркоосу, аман келгендеги кубанычы, небере-чөбөрөлөрү, элдин жашоосу, кызмат адамдарынын элине күйүп-күйбөгөнү, айтор, айтпаган темасы калбады окшоду. Муюп уктум. А, балким, апанын ошол аңгемесинен бир даректүү баян жаратсамбы деген ой да келди, көрөрбүз.
Жаймачач апа - Баатыр эне. Аскарбек, Акылбек, Озуйпа, Анийпа, Калийпа, Абылбек, Кабылбек, Кадырбек, Зарийка, Жумабек, Зуура деген он бир баланы төрөп, өстүргөн. Азыркы келиндер эки бала төрөп салып эле дайнын таппай калып жатканын ойлойм…
Азыр апанын каза болуп калган экинчи баласынан башкасынын баары очор-бачар. Кызы Озуйпа Кызыл-Суудагы Ленин мектебинде 1985-жылдан бери деректир, "Эмгек сиңирген мугалим" наамы бар. Калыбек обладминистрацияда эмгектенет. Баарынын иштеген жерлерин санабадык. Эмнеси болсо да балдары атасы Бейшени, апасы Жаймачачты уятка калтырбай мыкты уул-кыздардан болуптур. Баса, Бейше аксакал мындан беш жыл мурун каза болгон. Айтымдарында өңгөгө кылдай зыяны жок, эмгектен тажабаган, бирөөнө жакшылык кылгысы келе берген айкөл адам эле дешет.
Жаймачач апа эч кандай билим алган эмес экен. А, бирок адам турмушуна, коомго, болуп жаткан окуяларга саресеп салганы илим-билим кууп чачы куудай болгон профессорлордон кем эмес экен. Жараткан берген акыл билимиңе карабайт тура. Эпадам Жаймачач апа чоң-чоң окуудан окуп калганда, далай окумуштууларың бери жакта калар беле…
Бар болуңуз, Жаймачач апа, Сиздей айкөл, ыйманы куюлган апалар кийинки муундар үлгү алчу ыйык инсандардансыңар, бар болуңуз!
Баратбай АРАКЕЕВ,
Барскоон айылы, Жети-Өгүз району.




  Ленинге кат

"Калк башына таяк тийип..."
Владимир Ильич!
Мен сизге илгери "Агым" газетасы аркылуу 2004-жылдын 14-сентябрында кат жөнөттүм эле? Эми "Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт" дегендей, ооругандыктан, оорум жеңилдеш үчүн айла жок акыркы катты жазып отурам. Уксаңыз, Сизден башка кимге барып акылдашам, кимге барып арыз-муңумду, күйүтүмдү айтам? Менин сөзүмдү парламент, президент, өкмөт, же күч органдары угабы. Жо-ок, алар үчүн… мен чийт түкүрдүм. Сөздүн кыскасы, Владимир Ильич! Бизге "демократия" деген жакшылыктын кереги жок окшойт, бизге жарашпайт да экен. Өзүңүз туюп жаткандырсыз, биздеги "демократия" чет өлкөлөрдүкүндөй болбой, жиниңди, кээде күлкүңдү келтирген түшүнүксүз шайтандын караанындай көрүнөт. Анткени биз демонстрацияга чыксак эле, ал революцияга айланып кетип, нечендеген жигиттерибиз набыт болуп кетип атат. Сезгендирсиз, эки президентибиздин элин-жерин таштай качкандыгын. Алар элди жакырлантып Ата-Журтубузду сазды көздөй сүйрөп, аз жерден баткакка тыгып салаардан калдайган калың эл, аларды уялап алган Ак үйлөрүнөн экинчи Ала-Тоону көргүс кылып кууп чыгышты. Эл деген Эл да, Владимир Ильич!
"Эгемендүүлүк" алгандан бери алкымы чоң алдым-жуттумдарга (коррупционерлерге) бул жашоо алар үчүн "жашоо - жыргал, керемет" болуп калды. Өзүлөрүн өздөрү билип, өтүктөрүн төргө илишип, байлыктары ашып-ташып, малай жумшап, туш тарабы кыбыла болуп жатса, анан аларга эмей, кимге "жашоо - жыргал, керемет"?
Билесизби, Владимир Ильич? Жумушчуларды кол жоолуктай пайдаланган жеке ишкерлер (Кыргыз бизнесмендери) көбөйдү. Алар кандай экен дейсизби? Аларың элди жумуш менен камсыз кылабыз демиш болуп, жумушчулардын өтүн алып (маңдай терин) иштетип, анан эмгек акыларын өзүлөрү каалагандай төлөп, жакпаса иштен кете бер дешет. Аларыңдын урганы да жок. Профсоюз дейсизби?.. А, кокуй, Владимир Ильич! Эмгекчи элдин таламын колдогон союзуңуз эбак эле социализм менен кошо өлгөн, "капут"! Демек, ал ишкерлер үчүн да "Жашоо - жыргал, керемет" бекен, Владимир Ильич?
"Кимге айтып күйүтүмдү кимге барып өтүнөм" дегендей бизге ушул учурда Сталин керек, Владимир Ильич! Себеби карапайым калкты азыркы бай-манаптардын эзүүсүнөн тазалап, репрессия жүргүзүү зарылдыгы келип жетти.
Сталин болгондо небак эле эки качкын президентти, жан жөкөрлөрү менен таап, байлыктарын конфискациялап, өзүлөрүн "Эл душманы" атап, эмгиче "Ата-Бейитке" алып барып аттырып таштамак. Эл тынч болмок.
Эл кыйналып баратат, Владимир Ильич! Күндөн-күнгө кымбатчылык, жумушсуздук. Эптеп чай-чамек таап күн көрүү да жан багуу. Ал эми азыркы буржуйлардын телегейи тегиз, күндө чучук, күндө той. Ушул дагы калыстыкпы?!
Эгерде Сталиндей адам келип, эл душмандарын айт десе, сөзсүз тизмелеп берер элем. Ал эми азыркы жаңы бийликке ишене албай турам. Анткени Жогорку Кеңештин курамын мурунку бийликтин бөрүлөрү, түлкүлөрү, мите курттары толуктап турат. Ошондуктан ишенип айтуу кыйын, Владимир Ильич! 20 жылдан бери "Демократия" бийликтегилер үчүн бийлигине бийлик, байлыгына байлык кошкон бирден-бир алтын курал болуп берди. Ал эми карапайым калк үчүн башына тийген таяк болду…
И, баса, Владимир Ильич, дагы бир кызыгы, илгери социализм учурундагы ууру-бөрүлөр, соттолуп кесилгендер, жатып ичер жалкоолор азыр болуп көрбөгөндөй байлык, бийликтерге ээ. Себеби алар "эгемендүүлүк", "базар экономикасынын" шары менен эле коркпой-үркпөй тез эле талап-тоноп, алып-сатып ортомчулук кылып, куулук-шуудуңдук менен тез эле күркүл (олигарх) болуп чыга келишти. Эми аларга теңелүү кыйын, алар азыр алдын ала көрө билген акылдуулар, окумуштуулар, бизнесмендер… деги койчу, кыскасы, "Генийлер"!
Иши кылып билбейм, Владимир Ильич! Жардын кырына келдик окшойт, эгер кокус жаңылдык дегиче …, бир кадам анан "ВСЁ"!
Сиздин башыңызды эми бир аз чагайын. Сиз азыркы учурда тозоктун төрүндөсүз. Аны түшүнөбүз. Сиздин идеяңыз менен жүргөн биз дагы тозокко түшөт окшойбуз. Ошондуктан кеч болуп кете электе азыркы "генийлерди" угуп иш кылбасак болбой калды, Владимир Ильич! Бара-бара баарын убакыт көрсөтөт го…
Коммунист
Темирбек Мамбеталиев,
Бишкек шаары.




  Жан дүйнө үшкүрүгү…

Арман
Жайкалган жашыл көктөмдөй,
Балалык кечээ эле өткөндөй.
Эми жетимиш карды эриттик,
Саргайган сары чөптөрдөй, -
демекчи, карылык келгенде өткөн өмүрүңө сереп салып, алдыдагы өмүргө үмүт менен жашап калат экенсиң. Кайран СССР! Жумушка ырдап барып, ырдап келер элек. Курсак ток, кийим бүтүн… Ал эми 20 жыл демократия менен жашап келебиз. Күндө болбосо да жылда революция. Андан жыйынтык кайсы? Ыйманы аздардын, жеп-ичкендердин, коррупциянын заманы болду. СССР убагында КРУ-КГБ болор эле. 10 сом үчүн жооп берер элең. "Чалкан" журналына чыксаң райкомдун бюросуна түшүп, кесилип кетер элең. Эмичи, миллиондорду жеп, ойноп, шатыра-шатман менен жүрүшөт. Сотко иши өтсө деле кутулуп кетип жатышат. Башкасын кой, эң биринчи ден соолук андан кийин ак жоолук, андан соң он соолук демекчи, мен президент болсом, карыларды жонума көтөрүп, жетим балдарды боорума кысып өмүр сүрөр элем. Айткан себебим, 6 жашка чейинкилерге, 70тен ашкандарга медициналык тейлөө бекер дешет. Кайдагы бекер?! Карыганда "простатит" деген ооруга кабылып, 12 миң сом операцияга, суу, бинт, йодго 3 миңдей, бардыгы 15 миң сом кетти. Акчасы жоктор Ош-Таластан келишип, кайра кетип жатышты. Бул "акчаң жок болсо өлө бер" дегенге жатат го?!
Жубайым балдар үйүндө эч нерседен капарсыз тарбия алган эле. Азырчы? "Ош" базарындагы балдарды көрүп, жан кейийт. Жакшы эле, дагы жакшы кылса болмок. Буга да Кудайга шүгүр… Бейиш жериндей жерибизде жокчулукта, жетип-жетпей жашаганга армандамын. Менделеевдин таблицасындагы суудан баштап, алтын, күмүшүбүзгө чейин бар. Ошол кендерди башка инвесторлорго көз каранды болбой өзүбүздүн кыргыздын мыкты уул-кыздары иштетсе кана.
Кыскасы, жубайым экөөбүз 3 бала, 2 кыз 12 неберелүү болдук. Биздин тилек - ушулардын урматын, сыйын, кубанычын көрүп гана тим болуу эмес, Кыргыз элимдин бакубат жашоосун көрүп көз өтүү...
Шекербек Төкөнов,
Талас облусу, Бакай-Ата району,
Кең-Арал айылы.