Манасчылар наам алышабы?..
Жаңы бийлик келгени маданият, адабият, журналистика тармагына эмгек сиңирген адамдардын эмгеги бааланып, мамлекет тарабынан алардын эмгеги эске алынып, жогорку наамдар менен сыйланышкан эле. Бирок кыргыз рухунун туу чокусу болгон "Манас" эпосун жайылтууга, маданиятыбыздын үнүгүшүнө чоң салым кошуп, унутулуп бара жаткан улуттук өнөрдү өркүндөтүп келаткан манасчыларга эч кандай наам каралбай, четте калып калган эле. Дүйнөдө теңдешсиз улуу "Манас" эпосун жайылтууга эбегейсиз салым кошуп жаткан манасчылардын эмгегин эске алып, аларга "Элдик манасчы" деген наам берүү керек" - деген сунушту "Манаскиноэпопея" бирикмесинин жетекчиси Т. Тургуналиев көтөрүп чыкты. Бүгүнкү рухий жактан кризиске батып турган учурда залкар манасчыларыбыздын улуу күчүн улантып келаткан манасчыларыбызды мамлекеттик деңгээлде колдоого алып, моралдык, материалдык жардам көрсөтүп коюу зарыл болуп турат. Анткени кыргыз элинин каада-салты, идеологиясы "Манас" эпосуна барып такалып жатпайбы.


Б.Шамшиев 70 жашта…
Бүтүндөй өмүрүн кино тармагына арнаган, "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Сүйүү жаңырыгы", "Караш-караш окуясы", "Фудзиямадагы кадыр түн" сыяктуу тасмалары кыргыз киносунун классикасына айланган белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев 12-январда 70 жашка чыкты. Өзүнүн кайталангыс таланты, талыкпас эмгегинин арты менен дүйнө эли суктанган тасмаларды жараткан Болот Шамшиев агайыбыздын туулган күнү менен чын дилден куттуктап, бекем ден соолук, ишине ийгилик, үй-бүлөсүнө бакубат жашоо каалайбыз.


Миргүл Микаэлди унутпай…
Көптөгөн ырчыларга чыгармачылык жактан жардам көрсөтүп жүргөн продюсер Миргүл жакын досу Микаэлдин ырларына тартылган видеолорун монтаждатып, клиптерин аягына чыгарууга белсенип жатат. Мындан сырткары досунун жылдыгына карата ырлар жыйнагын чыгарып, эскерүү кечесин өткөрүүнү пландоодо. "Досуңду башыңа кыйынчылык түшкөндө сына" дегендей, Микаэлдин аткара албай кеткен иштерин учурда досу Миргүл аркалоодо. Дос деп ушуну айт.


Алтынай Нарбаева кимди күтөт…
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, ырчы Алтынай Нарбаева Ильгиз Гилязеттин сөзүнө жазылган, обону Рыспай Абдыкадыровго таандык "Махабатты урматтап" жана Алишер Тоотаевдин "Күтүшкөн күндөр" деген аттуу ырына жаңы аранжировка жаздырып, репертуарын эки ырга толуктады. Бул менен эле токтоп калбай Нурпаис Жаркынбаевдин сөзүнө жазылган "Күтүү" деген ырына клип тарттырган. "Жазга чейин жаңы ырларды жаздырып алып март айында элиме жакшы концерт берсемби деп турам. Концертимде Р.Абдыкадыровдун ырларына көбүрөөк басым жасалат. Анткени сахнага биринчи ошол агайдын ыры менен чыккам. Ошол үчүн мен ар дайым ал агайды урматтап, пир тутам", - дейт ырчы.