Кадам ушул...

ПРЕЗИДЕНТ БОЛОМ ДЕГЕН КӨП, ЖАРАЙ ТУРГАНЫ КАНАКЕ?
Президенттик шайлоого бир жылга жетпеген убакыт калды. Демек, "мен президент болом" дегендер эмитеден эле даярдыгын көрүп жатат. Идиреги барлар, түшүнүгү тереңдер "мен ушул президенттик кызматка татыктуумунбу?" деген суроону олчойто коюп, өз дараметин ак дилинен таразалап жатса, кээ бирлери популизмдин кайыгына түштү да кетти, эми токтотуп көр.

Ошол президент болом дегендердин бир катары түз эле учурдагы президентибиз Роза Отунбаеваны сындаганга өттү. Түз эле президентти сынасаң кыргызда кыйын аталышың бар, "оме-ей, бул кыйын экен" деп калат эмеспи.
Азыр президент болом дегендердин арасынан Феликс Кулов алдыда баратат, оңду-солду интервьюларды берип, журналисттерди чучукка тайгалантып, беркиге чабак урдуруп жатат. Ошентсе эле "Куловдоп" ураан чакырып калат дешет го. Журналисттердин баары эле келесоо эмес. Куловдун буга чейинки баскан жолу бардыгына маалым. Ошол баскан жолунда кыргыз элине кай жакшылык алып келди, дароо санап жиберчү деле фактыбыз жок болуп турат.
Ооба дечи, Кулов иштебеген иш калбады: Ички иштер министри, вице-президент, мэр, Улуттук коопсуздук министри, губернатор, Бакиевге учкашып премьер-министр да болду. Мына ошол кызматтарда көрүнүктүү эмгек кыла албады. Илгери кайсы бирөө аны "темир генерал" деп жибериптир эле кийин ошол сыпаттама таптакыр туура эмес сыпаттама экендигин анын баскан жолу, иштеген иши айкындап койду. Башкасын кой, кыргыз тилин алтымыштан өткөнчө үйрөнө албаганына кандай сын берүүгө болот. Мыйзамда жазылып турат "кыргыз тилин билбегендер президент болуп шайлана албайт". Кулов кыргызбы деги?! Ушул жерде эки суроо туулат: тилди үйрөнгүсү келбейби же үйрөнүүгө дарамети жетпейби? Кыйын болсоң жооп таап көр…
Кечээ журналисттерди чогултуп алып, "коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзөбүз" дегени бир топ адамдын боорун эзип, ботко кылды көрүнөт. Ушул эле Кулов коррупцияга каршы кантип күрөшөт?! Андан ары чечмелеп соттошуп олтурбайын, өзүңүздөр тескеп алганыңыздар оң болор…
Президент болом дегендердин арасында Камчыбек Ташиев да бар. Бакиеви куулгандан кийин бу жигиттин айласы кетип калды эле, Убактылуу Өкмөттүн ылжырактыгынан бу жигит да, берки бакиевчилердин баары түшкөн жүрөктөрүн апаптатып, дегеле кой, азыр ар-ар кимди карышкырдай качырып турган кези. Анын бетин нары кылсын дечи, бирок күндөрдүн бир күндөрүндө булар Бакиевин жетелеп келбес бекен?!
Ташиев парламенте: "Отунбаева келип бизге жооп берсин" - деп олтурбайбы. Бакиеви куулганда Алласы оозунан түшкөнү бат эле эсинен чыккан тура. Бу маселе деле деңгээлге жарашадыр…
Жогорудагы экөөнөн башка Аликбек Жекшенкулов менен Адахам Мадумаровдор да президенттикке ат салышабыз деп турушат. Жекшенкулов ишин сылык-сыпаа баштаса, Мадумаров "президент болчу элем" деп ачык эле чыгып жатат. "Бу Отунбаева президент эмес, өзүн-өзү шайлап алган" деп да "кыйын" болуп турат. Элибиз, анан да бүткүл дүйнө таанып турган президентибизди Мадумаров тааныбай турат. Бу жагдай кандай комментарийленет, ит билсинби…
Ооба, парламенттик башкарууга өттүк деп президенттин ыйгарым укуктарын бир топ төмөндөтүп салдык. Кандай болгон күндө да ички жана тышкы иштерде президенттик ролу оңой эместир. Ушундан улам "көрүнгөн популист эле президент боло албайт" деген чындык дааналанып турбайбы.
Роза Отунбаева өлкөнүн тагдыры кылдын учундабы же бычактын мизиндеби, ошондой кезде мамлекет башына туруп берди. Албетте, анын иши сыдыргыга салгандай бир кылка жакшы болуп кеткен жок, жаза басуулар, "бул кылганы иш эмес" деп айттырчу учурлардан куру болгон жок. А, бирок баарын таразалап жалпылаштырсак, Отунбаева мамлекетибизди келечектүү нукка салып койду. Аны ичи тар, ичи күйгөн оппоненттери билгиси келбей жатса, эл массасы билер. Бирөөнүн ийгилиги бирөөнө сокку болуп турат го биздин элде.
"Отунбаева дагы бир мөөнөт президент болсо" деген үн күндөн-күнгө арбын чыга баштады. А эмне үчүн антүүгө болбосун. "Мен президенттик шайлоого барбайм" деп айтканы ошол кездеги кырдаалга шайкеш айтылгандыр. Эмне ошол сөз юридикалык жактан бышыкталыптырбы. Акаев, Бакиевдер деле мыйзам бузуулар менен шайланып турушкан эмеспи. Ал эми Отунбаеваны эми бир мөөнөт президент кылып шайласак эч кандай мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Бу маселени өзү чечсин, эл чечет.
Эмне үчүн ушундай үндөр чыга баштады?
Биринчиден, Отунбаева кыйын кырдаалда мамлекет башына келип, мен деген эр-азамат аткара албачу ишти аткарып турду, экинчиден, Отунбаеванын тажрыйбасын мамлекетибиз азыркыдай там-туң басып турган кезде пайдаланып алышыбыз керек, үчүнчүдөн, ал президенттик иштин ысык-суугуна тотуга баштаганда, тажрыйба топтогондо колдон чыгарганыбыз болбостур, төртүнчүдөн, Отунбаева аял-президент катары дүйнөлүк аренада өз орду бар, башка президенттер эсептешип турчу орду бар. Отунбаеванын эми бир мөөнөт президент болсун дегендер жогорудагыдай артыкчылыктарды санай берсе жараша берет…
Азыр Отунбаеванын аброюна шек келтирип, аны каралап турууга аракет кылган күчтөр аябагандай арбыды.
Мугалимдерге айлыкты аябай көбөйтүш керек, врачтарга андан бешбетер көбөйтүш керек деп баары колунда тургансып тантып жаткан саясатчылар ошондой жол менен президенттин кадыр-баркын төмөн түшүрүүгө аракет кылып жатат. Ал ортодо түрдүү диний агымдар активдешип, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө шек келтирип жаткан учуру.
САКАЛЧАНДЫН БААРЫ ТЕРРОРИСТ ЭМЕС, ТЕРРОРИСТТИН БААРЫ САКАЛЧАН ЭМЕС
Азыр ислам дининде жөнөкөй адамдарга кимиси моджахед, кимиси хизбут-тахрирдин мүчөсү, же болбосо ашынган экстремист экендигинин чеги анча дааналанбай турат. Биз окшогон мамлекеттердин башы тегеренип да калды окшойт.
Дин менен мамлекеттин ортосу ажыратылган, экөө эки башка арбайын согот. Кийинки күндөрү болсо биздин Кыргызстанда дин менен мамлекеттин ажырымы дааналанбай тургандай. Мамлекетибизди ислам мамлекети кылабыз деген күчтөр дагы көбөйдү.
Дал мына ушундай абалда ислам дининдеги ашынган радикалдарды ордуна коюп турууга бар күчтү жумшаш керек го дейм. Бул иште коопсуздук кызматы, прокуратура, милийса органдары биргелешип, коомчулукту ал ишке кагаз жүзүндө эмес, практикалык түрдө тартыш керек го. Болбосо, аз өтүп Афганистандай болуп чабышып калбайлы.
Экинчиден, ислам динин чын дилден туткан карапайым адам менен ашынган хизбут-тахрирчи жана башка радикал уюмдардын ортосун даана ажырымдап турушубуз керек. Болбосо, сакалчандын баары эле экстремист болуп көрүнгөн учур көп. Сакалдарын сапсайтып экстремисттик идея тараткан менен жөн гана адамдарды кудайга ишенүүгө чакыргандардын ажырымын молдокелер караламан калкка терең түшүндүрүп турушу зарыл.
Мамлекетибизге аябагандай кооптонууну жаратып жаткан диний экстремизм, кылмыштуу топтордун курчуп турушу, коррупциянын баарыбызды чырмап алышы, экономикабыздын өлө-сөлө абалы, калктын социалдык абалынын төмөнкү чеги… айтор, толгон көйгөйлөр жакшы жагына чечилүүнү күтүп турган абалда Отунбаевага, Атамбаевге бут тосууну көздөгөндөрдү "эл душмандары" деп түптүз эле айтканыбыз оңдур. Анан айтып эле олтуруп калбай, жалпыбыз биригип ошол "эл душмандарына" сокку уруп турушубуз керек. Андан башка жолубуз жок!
Баратбай АРАКЕЕВ