Зарылбек зарыл иштерди аткарабы?
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев жыл башынан бери ЖКнын пленардык жыйынында депутаттарды кызыктырган суроолорго бир эмес, эки жолу барып жооп берүүгө үлгүрдү. Депутаттар кызыл шапкечендердин ана башчысын ар түрдүү суроолор менен "жалпайта" коюу үчүн жакшы эле "атака" жасашкан. Бирок Зарылбек мырза депутаттардын суроосуна Энергетика министрлигинин министри Аскарбек Шадиевдей "калчылдабай", ишенимдүү жооп бере алды. Ал депутаттардын өлкө ичинде болуп жаткан терракт маселеси боюнча суроосуна, террористтер менен күрөшүү үчүн акча бөлүп, кадр жактан дагы 150дөй кызматкер берүүнү суранды. Ошондой эле министр: "Буга чейин милиция кызматкерлери парашюттан эч качан секирген эмес. Азыркы мезгилде парашюттан секиргенге чейин милиция кызматкерлерин даярдап, өзүм баш болуп парашюттан секирейин деп жатам. Андан тышкары арабызда честь бергенде оң колу менен бербей, сол колу менен берген кызматкерлерибиз бар экен. Бул кемчиликтер мойнумда…"- деп чындыкты жашырбай ачык айтты. Ошондой эле, кылмыштуулук боюнча берилген суроого: "Кыргыз Республикасын биздин сөз менен айтканда "кызылдардын" республикасы кылганга даярдайбыз, ошого күч-аракетибизди жумшап жатабыз. "Черныйлар" болбой, "кызылдар" болот", - деп ишенимдүү айтты. Не демекчибиз, Зарылбек мырзанын мындай иш-аракеттери колдоого аларлык. Бирок кептин баары бул айтылгандардын иш жүзүндө ашканында. Неси болсо да, коомчулук көптөн күткөн ИИМдин милдетине кирген зарыл иштерди Зарылбек мырза көпкө зарыктырбай аткарса экен деген эле тилек. Дагы бир кошумчалай кетчү нерсе, Зарылбек мырза өткөн жылы апрель-июнь окуяларында жоголгон 1000 куралдын 40 пайызы гана кайтарылгандыгын, калганы элдин колунда экенин расмий билдирди.




Мухамеджанов "өлүмүшПү", же күлкү келерлик көрүнүшПү?..
Бир айга чукул убакыттан бери Адилет министри болуп иштеп, аталган министрликте өз "боткосун" чалып жаткан кадимки Камчыке Ташиевдин кан кудасы Абылай Мухамеджанов деген эргул, министр болгуча Жогорку Соттун судьясы болуп иштеп келген эле. Кызыгы, бул эргул судьялык кызматтан шар эле министрлик креслону көздөй "учканда", өзү агарып-көгөргөн судьялык кызматын арыз жазып өткөрүп бербей, колтугуна кошо "бөктөрүп" ала кеткен экен. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева ЖКнын жыйынында: "А. Мухамеджанов Адилет министри болуп дайындалган жана мыйзам түрүндө ал мурдагы кызматынан четтетилген эмес. Былтыр жайында Жогорку Соттун 10 судьясын кызматтан четтетүү боюнча комиссия түзүлүп, аны Бекназаров жетектеген"-деп билдирди. А. Мухамеджанов болсо кызматынан эмне себептен четтетилгенин өзү да билбегендигин "өлүмүш" болуп айтты. Ошентип, депутаттар бул маселени талкуулашып, али күнгө чейин мыйзам боюнча судьялык кызматта "иштеп, айлык жеп жаткан" А.Мухамеджановду мөөнөтүнөн мурда 104 депутат добуш берүү менен "араңдап" бошотушту. Албетте, мыйзам иштебеген жерде дал ушундай "өлүмүштүк" көрүнүштөр менен шалаакы көрүнүштөрдүн ити чөп жей берет эмеспи.


И.Исаков Улуттук комиссияны сотко берет
Убактылуу өкмөттүн мурунку мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков июнь коогалаңын иликтеген Улуттук комиссияны сотко бере турганын билдирди.
Исмаил мырза комиссиянын чыгарган жыйынтыгы, тактап айтканда "түштүктөгү тополоңду болтурбай коюуга Убактылуу Өкмөттүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жетиштүү чара көргөн эмес" деген дооматы негизсиз. "Ал учурда оор абалды турукташтыруу боюнча болгон чаралар көрүлгөн, өлкө согуштук абалда болгон. Комиссия мындай тыянагы менен Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүн каралоону көздөйт" - деп белгиледи. Эске сала кетсек, июнь окуясы боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Абдыганы Эркебаев 11-январда тогуз айга жакын иликтеген окуянын жыйынтыгын жарыялап, кандуу коогалаңга айрым өзбек лидерлерин жана Убактылуу Өкмөт, анын ичинде Өкмөттүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин күнөөлүү деп атаган.


Эки ажынын айтышы эстен кеткис болду…
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу жана Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун парламенттин адам укуктары комитетинин жыйынында кайым айтышты.
Комитеттин жыйыны Турсунбай Бакир уулу менен Турсунбек Акундун айтышы менен башталды. Турсунбай мырза Акыйкатчы институтунун ишине нааразычылыгын билдирип, акыйкатчынын отчетундагы маалыматтар так эмес деп сындады. Ага Турсунбек Акун сын-пикирлер катуу айтылып жаткандыгын билдирип, "сиз мага кыйкыргандай мен сизге Динара Ошурахунова эмесмин" - деп ачууланды. Буга жооп кылып Турсунбай Бакир уулу үнүм жакпаса котормочу аркылуу сүйлөшөм деп чыкты.
Акыры эки ажынын кайым айтышканына чыдабай кеткен комитеттин төрагасы Дастан Бекешев эки тарапка тең эскертүү берди.


Күч структуралары менен соттор коррупциялашып калган…
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Феликс Кулов 17-январда АКИpress агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, "Ар-Намыс" партиясы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү максатында коррупциялык системага анализ жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, Кыргызстандагы бир топ мекемелерди экономикалык жана хронологиялык иликтөөгө алышканын, натыйжада Кыргызстанда коррупциялык системанын көпчүлүгү мамлекеттик структураларда кенен жайылганын маалымдады. Бирок "конкреттүү түрдө чиновниктердин ысымдарын жана так санын айтуунун кажети жок, алар өкмөткө өткөрүлүп берилет, ошондо тийиштүү чара көрүлүшү керек. Азыр коррупция менен күрөшчү күч структуралары менен соттор өздөрү коррупциялашып бүткөн" - деп маалымдап, коррупционерлердин ысымын атоодон качты.
Айтмакчы, Феликс мырза мындан сырткары "жакында президенттин жакыны бийлик бутагына келиши туурасында учурда коомчулук арасында бир топ сын-пикирлер айтылып жатат. Биз өкмөттүн, парламенттин жашыруун түрдө жасап жаткан иш-аракеттерин да иликтөөгө алабыз" - деп билдирди. Муну менен Кулов президенттин кайсы жакыны кандай кызматка келгенин ачык айткан жок.
Жалпысынан алганда, Куловдун ачылыш катары берген маалымат жыйыны, өзүн пиарлоо деңгээлинен көтөрүлө алган жок.


Шыкмаматов кетип, Бакчиев келеби?..
"Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алманбет Шыкмаматовдун ордуна аталган кызматтын мурдагы жетекчиси Жаныбек Бакчиев бара турганы туурасында каңшаар тарады. Эгер буга чейин Бакиевдин жакын санаалаштары Аскар Шадиев, Нурлан Шакиев, Учкун Ташбаевдердин кайрадан министрлик кызматка келишин эске алсак, демек, бийликти кайрадан эле бакиевчилер басып келатканына ынанасың.