Шайырбек Абдрахман уулу,
ЭлТР коомдук телерадиосунун башкы директору:
"Мен келгенде, ЭлТРдин техникалык жагы оор шартта экен…"
ЭлТР коомдук телерадиосунун учурдагы абалы туурасында телеканалдын башкы директору Шайырбек Абдрахман уулу менен маектештик.

- Ар бир эле иштин жетишкендиктери менен бирге кемчиликтери да болот эмеспи. Анын сыңары ЭлТР коомдук телерадио берүүсү бүгүнкү күнү кандай ийгиликтерге жетише алды?
- Ош-3000 телерадио берүүсү ЭлТР коомдук берүүсүнө айлангандан тартып бул куттуу жерде көрүнүктүү адамдар иштеп кетишти. Телерадио жаңыдан там-туң басып жатканда кас-кастап бутунан тургузуп кеткен жетекчилердин бири Кадыр Кошалиев болгон. Андан кийинки Дубанаев колунан келишинче салымын кошуп телерадиону көтөрүүнүн аракетин көрдү. Ал эми Нурлан Шакиевди жаман же жакшы иштеди деп айтуудан алысмын. Бирок мен өтө кыйын учурда ЭлТРди жетектеп калдым. Мен келгенде телерадиоканалдын техникалык жагы оор шартта экен. Жогору жак атайын ишенип жетекчилик кызматка дайындап жаткандан кийин, эки тизгин, бир чылбырды колго алып ишти алдыга жылдырып кетүүгө туура келди. Канткенде телеканалды өнүктүрүш керек деген ойдун негизинде биринчи максатым телеканалдын техникалык базасын оңдоо жана талапка ылайык чыгармачылык жамаатты түптөп, пайдубалын бекемдөө болду. Чечилбей келген режиссёр маселеси чечилип, Бекбол Кылычбеков, Равил Дөөлөталиев, Алтынбек Айылчиев өңдүү тажрыйбалуу режиссёрлорду жумушка тартып, техникалык кызматкерлердин, операторлордун туура иштөөсүн жолго койдук. Анткени телекөрсөтүү режиссёрсуз жарым жандай болуп калаары айкын. Ошондой эле журналист, редакторлор Эрнис Кыязов, Болот Абдыжапаров, Медер Шерметалиев, Рахат Сулайманов, Жылдыз Жумабекова, Айбек Мусаев, Бейшенбек Бекешов, Султан Абдрахманов өңдүү тажрыйбалуу алдыңкы журналисттерди ишке тартуу менен декорациябызды жаңыладык. Буюрса, мамлекет жардам берсе, жаз алды менен техникалык каражаттарды алганы жатабыз. Февраль айынын башында автоунааларды алсакпы деген пландарыбыз да бар. Кыскасы, колдон келишинче телеканалды жогорку деңгээлге көтөрүүнүн аракетинде иштеп жатабыз.
- ЭлТР каналы башка телеканалдардан айырмаланып көбүнчө кандай көрсөтүүлөргө басым жасайт?
- Жалпы жамаатыбыз менен биргеликте телеканалдын стратегиялык планын тактап алдык. Башка каналдардан айырмаланалы деп, кыргыздын рух дөөлөттөрүнө, идеологиясына басым жасап жатабыз. Бөлөк телеканалдардан көрсөтүлбөгөн манасчылык өнөрдү жумасына бир жолу манасчылардын айтуусунда бир сааттан көрсөтүп жатабыз. Буюрса, Манастын төрөлүшүнөн баштап, Семетей, Сейтек эпосторуна чейин айттырып, телеканалдын алтын фондунда калтырсак деген оюбуз бар. Ошондой эле дастанчылык өнөрдү колго алып, жакынкы күндөрү буюрса, түз эфирден дастанчыларга дастан айттырсак деген ойдобуз. Комузда кол ойноткон комузчу кызыбыз Нурзат Орозалиеванын алпаруусунда комуз күүлөрү уктурулуп жатат. Ал эми айтыш өнөрүн Ош-Бишкек теле көпүрөсү аркылуу көрсөтүүдөбүз. Жакында жазма акындардын ырларын да эфирге алып чыкканы турабыз. Негизинен кыргыз элинин салттуу музыкасына басым коюудабыз. Ал эми социалдык, саясый-экономикалык көрсөтүүлөр мурдагыдай эле өз нугунда кете бермекчи.
- Кыргыз телеканалдарындагы көрсөтүүлөр бири-бирине коёндой окшош экендиги талашсыз. Орустардын телекөрсөтүүлөрүндөй кызыктуу көрсөтүүлөрдү даярдаса болбойбу?
- Орустардыкы менен биздикин салыштырып болбойт. Анткени Орусияда теле- каналдарга миллиондогон акчалар бөлүнөт.Телеканалдардын баардыгы заманбап техникалар менен жабдылган. Ал эми бизде андай эмес, эптеп эле журналисттер өз кесибин сүйгөндүктөн иштеп жүрүшөт. Техникаларыбыз жетишпейт. Буюрса, жаз алды менен жаңы техникаларды алсак, эл көрө тургудай жаңы көрсөтүүлөрдү чыгарсак деген ойдо турабыз. Азырынча кандай көрсөтүүлөр экенин жарыялабай эле коёюн, анткени телеканалдар арасында атаандашуу күч алган.
- ЭлТРде иштеген жаш журналисттердин чыгармачылык дарамети кандай, талапка жооп береби?
- Баардыгы зымга тарткандай жакшы деп мактагандан алысмын. Көпчүлүк жаш журналисттердин чыгармачылык дарамети, дүйнө таанымы тайкы. Жогорку окуу жайларынын журналистика тармагын аяктаган студенттерди кайра окутууга туура келет. Өз ишин мыкты билген баягы эле эски кадрлар. Ошентип, кыргыз журналистикасы кадрдык жактан аксап жатпайбы. Ошондуктан ЖОЖдордогу журналистика бөлүмдөрүнүн окуу-материалдык базасын жакшыртыш керек. Азыр көбүнчө журналистикада тажрыйбасы жок жаш мугалимдер сабак беришет экен.
- Өкмөт каржылап жаткандан кийин бийлик башындагы адамдардын кысымына туштугуп калып жаткан жоксуздарбы?
- Эми азыр журналисттердин тилин кескен Бакиевдик бийлик жок. Кудайга шүгүр, сөз эркиндиги орноп, журналисттер текейден "оттоп" калдык. Азырынча андай жогору жактан телефон чалуулар деле боло элек. Болбой эле койсун. Сын жагынан алдына журналист салдырбаган Эрнис Кыязовдун "Багыт" автордук көрсөтүүсүн көрсөтүп жатабыз. Ошондой эле "Турмуш" деген аталыштагы көрсөтүү чыгып жатат. Бирок журналисттер сөз эркиндиги деп эле саймедирей бербей фактынын негизинде иш алпаруу зарыл. Аргументи, фактысы жок, курулай популизмге алдыра бербешибиз керек. Мен жетекчи катары ЭлТРдеа иштеген журналисттерге койгон талабым да ушундай.
- Коомчулукта мурдагы жетекчи азыркы Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиев туурасында ар кандай сөздөр айтылып жатат, бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Бул боюнча бир нерсе деп сөз айтуудан алысмын. Нурлан Шакиев таптакыр эле телеканалды бүлдүрүп салган жок. Ал аткара албай кеткен иштерди мен аягына чыгайын деп жатам. Эгер менин аткара албай калган иштерим болсо, менден кийинки жетекчи аткарат деген ойдомун. Кыскасы, Нурлан Шакиев жөнүндө эч нерсе айта албайм.
- КТРКдан тажрыйба топтоп канат күүлөдүңүз эле, азыркы КТРКнын ичинде болуп жаткан пикир келишпестиктерге кандай көз караштасыз?
- Эми КТРКда болуп жаткан окуяларга тереңден үңүлүп караган жерим жок. Журналисттер арасында ич ара пикир келишпестиктер болуп жатат көрүнөт. Анын үстүнө КТРКны ойломок тургай уктасам түшүмөн, ойгонсом оюман кетпеген мойнумда ЭлТР деген чоң каналдын жүгү турат. Менин максатым эптеп телеканалды алга сүйрөө. Ал эми КТРКнын кызматкерлери урушуп-талашпай бир пикирге келишип, оң жолго түшүп иш алпарышса жакшы болмок.
- Сизди революциянын аркасы менен ЭлТР каналын жетектеп калды дешет. Буга кандай карайсыз?
- Революциянын же эволюциянын аркасы мененби мени бийлик башында турган адамдар ишеним көрсөтүп, ЭлТРдин жүгүн аркалап кетериме көздөрү жеткендиктен дайындашты. Анткени көчөдө жүрүп жетекчи болгон жокмун. 19 жашыман бери телекөрсөтүү тармагында иштеп, журналисттик кесиптин ысык-суугун тартып жүрүп жетекчи болдум. Бул сөз менин ишимди көрө албаган кесиптештеримдин чыгарган сөзү болсо керек.
- Түзүлгөн өкмөттүн курамына купулуңуз толдубу?
- Эми каалайбызбы, каалабайбызбы азыркы өкмөттү эл шайлады. Ошондуктан элдин ишеничин актап иштеп кетишет го деген ойдомун. Баардыгын убакыт көрсөтөт. Эгер жазга чейин иштеген иштерин көрсөтө алышпаса, парламент жаңы министрлерди ишке алып келсе керек.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев