Санжар Бакиев Бектур Асановдун курал таратканын айтты

19-январь күнү Аскер сотунда Санжар Бакиевдин жана анын тобундагы Кеңешбек Токтомамбетов, Калмурат Орозбаев жана Улан Султаналиевдердин соту уланды. Ал күнү соттун чакыруусу менен Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов Санжар Бакиев баштаган топтун өткөн жылы 13-14-майда Жалал-Абад облусунун администрациясын басып алуу аракети боюнча көрсөтмө берди. Асанов сотто: 14-май күнү Убактылуу Өкмөттүн тарапкерлеринин бакиевчилер басып алган обладминистрацияны бошотуу аракети башталган кезде, аларга орто жолдон Кадыржон Батыровдун тобу кошулган. Жалпы митингге чогулган адамдардын 20 пайызын Кадыржондун тобу түзүп, алар Убактылуу Өкмөттүн тарапкерлерин аткылашкан. Натыйжада эки киши каза болуп, 60ка жакын адам жарадар болгон. Ошондой эле ал учурда Убактылуу Өкмөттүн тарапкерлеринде курал болбогонун билдирди. Ал эми Санжар Бакиев менен бирге сот жообуна тартылып жаткан Арзыкулов деген жигит Асановго: "Кадыржон экөөңөрдүн элге курал таратканыңар чынбы?" - деген суроону кабыргасынан койду. Асанов: "Курал тараткан эмеспиз, бул калп" - деп, оозун жыя электе ачууга алдырган Санжар Бакиев темир тордун артынан өзүнүн эки жактоочусуна: "Асанов менен Батыровдун курал таратканын неге айтпай жатасыңар, айтпайсыңарбы?" деп кыйкырып жиберди. Жактоочулардын бири: "Бул жагы иште көрсөтүлгөн эмес" - деп тим болду. Сотто мына ушундай кызык окуя орун алды. Демек, ошол кездеги кызык окуялар алигиче ачыкка чыга элек көрүнөт окшобойбу? Ушундай кызык сот процесси бүгүн да уланат.


"Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары
Эркебаев да жоопко тартылсын"
Исмаил Исаков,
Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты:
- Менин оюмча, улуттук комиссиянын жыйынтыгы эки нерсеге көмөктөш болгондугу ачык көрүнүп турат. Биринчиден, Убактылуу Өкмөттүн эл үчүн кабыл алган чечимдерин жокко чыгаруу. Экинчиден, эң тажрыйбалуу, чечкиндүү жетекчилерге негизсиз жалаа жаап, саясий аренадан четтетип, жаңы бийликти тамырлатып, эл үчүн таза коом курабыз деген команданы алсыздандыруу. Андан ары кайгылуу окуялардын чыгышына түздөн-түз себеп болуп, баштап, финансылык каражат берип, калкты кагышка үндөп алып келип жаткандарды актап, баатыр кылып көрсөтүү. Алар эки бийлик системасынын ортосундагы айыгышкан күрөштү эске албай, бир эле Ош окуясынын айланасындагы улуттук кагылыштардын негизинде тар, бир жактуу чечимдерди чыгарыптыр.
Ошондуктан мен өзүмдүн аброюма доо кетирүүчү: "Ош окуяларында улуттук кагылышууну болтурбоо үчүн алдын ала чара көрбөгөн"- деген күнөөнү четке кагуу үчүн комиссиянын чечимин негизсиз деп сотко беремин.
(Улуттук комиссиянын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаковдун элге кайрылуусу/Пресс kg.2011-ж., 20-январь, 7-бет.)

Курсан Асанов,
Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты:
- Бул жерде өзбек улутунун диаспораларынын лидерлери, Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлери тууралуу кеп козголуп жатат. Кайсы учур болсо да, өз баасын алышы керек. Ошол эле убакта чечимди чыгарууда шашылыштын кереги жок. Ар тараптуу маалыматтарды, далилдерди чогултуп, калыс баа беришибиз керек. Ал эми азыр өлкөнүн түштүгүндө болуп өткөн окуянын келип чыгуусун иликтөө боюнча улуттук комиссиянын чечимине баа берүү эртелик кылат.
(Түштүк коогалаңына баа берүү, азырынча эрте /Пресс kg. 2011-ж., 20-январь, 4-бет.)

Азимбек Бекназаров,
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү:
- Улуттук комиссия өз жыйынтыгында "Убактылуу Өкмөттүн да күнөөсү бар" деп айтты. Бирок моралдыкпы же саясий күнөөбү, такташпады. Кайталап айтам, Кудай жана абийирибиз күбө, эл алдында айыбыбыз жок. Баштарын сайып иштеп жүргөндөр күнөөлүү болуп калышты да, ал эми ошол эле учурда партиялык иштер менен алек болгон УӨнүн айрым мүчөлөрү аппак болуп чыга келишти. Ошол эле Абдыганы Эркебаев кандуу окуя болуп жатканда Ошко басып барган эмес. Андай болсо, УӨнүн мүчөсү катары мен сыяктуу эле Эркебаев дагы жооп тартсын.
Ал эми жыйынтыкка келсек, өткөндө комиссияга УӨнүн мүчөсү болгонум үчүн чакырышкан. Барганымда комиссиянын айрым мүчөлөрү (ысымын атабай эле коёюн) сүйлөгөнгө алы келбей, булдурукташып мас болуп отурушуптур. Корутундусун да ошондой абалда жазышкан го...
(Швейцарияга акча ташыган эмесмин / "Супер инфо" гезити №428 14-20-январь, 2011-жыл)





Өкмөттүн 1-жыйыны: майдан тартып айлык акы 2-3 эсе көбөйөт

Мурдагы күнү 19-январда Алмазбек Атамбаев башында турган коалициялык Өкмөт эң алгачкы жыйынына чогулду. Министр, губернатор, мэр сыяктуу өлкөбүздүн бүтүндөй аткаминерлери чогулган бул жыйында экономикалык терең кризиске кептелген өлкөбүздү жакырчылыктын сазынан тез аранын ичинде сууруп чыгуунун жол-жоболору айтылып кызуу талкуу жүрдү.
Жаңы Өкмөтүбүздүн алгачкы бул жыйынындагы эң эле кубанычтуу кабар бул - мугалимдердин, медицина жана маданият кызматкерлеринин айлык акысын эки-үч эсеге көтөрүү жөнүндөгү маалымат болду. Ошентип, айына 2810 сом маяна алып иштеп атышкан жогорку билимдүү жаш мугалимдер ушул жылдын май айынан тартып 7881 сом алмай болушту. Ал эми учурда 1877 сом айлык акы менен жан багып атышкан жогорку категориядагы медайымдардын маянасы 10 миң сомдон ашмай болду. Кийинчерээк пенсия жана пособие алгандардын да акчасын көбөйтүү маселеси да колго алынаары айтылды. Бирок экономикалык абалыбыз эңшерилип турганда мынча каражат кайдан табылат деген суроо көпчүлүктүн көңүл борборунда турат эмеспи. Бул суроого премьер-министр Алмазбек Атамбаев Өкмөттүк жыйынды баштап жатып: "Убакыт өтө тар. Баалар күндөн-күнгө өсүп атат. Чечкиндүү кадамдарды жасап, элге үмүт берип, элдин турмушун оңдоп, радикалдуу чечимдерди кылбасак болбойт. Бир айдан бери иштеп аттык. Азырынча 10 млрд. сомго жакын ички булактарды таптык. Каражаттар чын эле бар. Мисалы, алкоголь тармагын алсак, жаңы ыкмага өтөрү менен кошумча 1 млрд. сом алып чыгат экенбиз. Ушундай көп тармактарда иштелбеген, мамлекетке эмес бир үй-бүлөнүн чөнтөгүнө түшкөн каражаттар бар. Андай каражаттарды таап чыгабыз" - деген сөзү менен жооп берди.
Вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бир дагы министр кошумча каражат табуу боюнча бир да сунуш айтпагандыгын кошумчалады эле премьер-министр сунуш бере албаган, иштей албаган министрлердин, мекеме жетекчилеринин кереги жок экендигин, бир жумадан кийин өтүүчү келерки жыйында алардан конкреттүү сунуштарды күтөрүн айтты. Мындан улам, өкмөттүн ишинин алга жылышына көпчүлүк министрлер анчейин кызыкдар эмес деп айтыла калып жүргөн кептердин чындыгы бардай туюлат. Болбосо, жанагы министрлерибиз Атамбаев, Бабановдорго окшоп 10 миллиарддап болбосо дагы, бюджетибизди толтурууга кошумча каражат табууга көмөктөшөт эле го.
Айтмакчы, дагы бир баса белгилей кетүүчү маанилүү жаңылык - буга чейинки Акаевдин, Бакиевдин жыйындарынан айырмаланып, жаңы өкмөттүн алгачкы бул жыйыны жалаң кыргыз тилинде өттү. Ал эми өз баяндамасын орус тилинде жасаган жалгыз Учкун Ташпаев өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевден эскертүү алып, кийинки жыйындарда баяндамасын кыргыз тилинде жасамай болду. Ошентип, бул жыйында орус тилдүү журналисттер эч нерсе түшүнө албай айласы алты кетип, кыргыз тилинин кадырын түшүнгөндөй болушту…





Эл өкүлү, эсиңе ал!
Бир айдан бери жарытылуу иш алып бара албай аткан азыркы парламентибизге калкыбыздын жарымынын көбү нааразы экен. Белгилүү "Фридом Хаус" фонду менен бирге сурамжылоо жүргүзүүчү "М-Вектор" деп аталган агенттигинин "Эгерде парламентибиз жакынкы арада иш билгилигин көрсөтө албаса, нааразычылык акцияларына чыгат белеңиз?" деген суроосуна калкыбыздын жарымынан көбү "ооба" деп жооп берген экен. Демек, ЖКдагы эл өкүлдөрүбүз эки-экиден чабышканын токтотуп, көзүн чоң ачып иштебесе, эртең эле айдалып калары турган иш.


БӨРҮБАЕВДЕН "БӨӨ"!

Ошентип, эсине келе баштаган Эшимканов өткөн ишембиде "Ар-Намыстын" акчасын "актиптүү" чачып, "Дасмияда" тээ "Ленинчил жаш", "Жаштык жарчысы", "Асаба", "Агым" гезиттеринде эмгектенип кетишкен, эмгектенип жаткан журналисттерди сыйлап жатканынын баш жагы эле, айланайын, баягы Бөрүбаев деген "сыны да, сыры да кеткен бир кездеги спикер" залга кирип келип, босого тараптан эле ач-айкырык салып калды. Айкырыгы угулат да эмне деп жатканы угулбайт. Анан журналисттер кашык-табактарын калдыратпай тыңшаса: "Мен үстүңкү залда той берип жатсам, тойго премьер-министр Атамбаев келгени жатса, эмне үчүн бул жерде журналисттер шапар тээп жатат" деп жаткан тура. Балакет ээй, журналисттер элейишти, анан биринен-бири сурай кетишти: "Ичип алыптырбы?" - дешип. "Иче элек экен" дегенди уккандар: "анан буга эмне болгон"-деп элейишти.
"Ай, балдар, айдап чыккылачы!"-дегендер да болду, айдап чыгабыз деп бараткан курч балдарды токтоткондор көп болду.
Кызык э-эй, бу Бөрүбаев өзүн ким ойлойт?! Болуптур, кудай ойлосун, анан анын тою менен, ага Атамбаевдин келген-келбегени менен өз алдынча залды жалдап тойлоп жаткан журналисттердин иши канча?! Эпадам Атамбаевге кошоматтангысы келсе, тим эле иттей кыйын болсо "Дасмияны" жан жологустай кылып дүңү менен сатып алып билген намазын окуй бербейби. Антүүгө колунан келбегенден кийин арт жагын аздап кыспайбы да… Туура да анан…Ошол Бөрүбаев айкырып жаткан залда, аны "бөлтүрүк" кылып таштачу Мелис Абакиров, Төлөгөн Мамеев, Токтосун Самудинов, Шайлообек Дүйшеев, Алым Токтомушев, Үсөн Касыбеков, Баратбай Аракеев, Түгөлбай Казаков, Акбар Рыскулов, Абдиламит Матисаков, Жаныш Кулманбетов, Бекташ Шамшиев, Жылдыз Мусабекова, Сүйүн Курманова, Аскер Сакыбаева, Төлөгөн Карыкеев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Каныбек Иманалиев, Семетей Талас уулу сыяктуу жүздөн ашуун жазуучулар, акындар, журналисттер бар болчу.