Мелис Турганбаев, Ички иштер министринин орун басары:
"Криминал" делген талапкерлердин тизмелерин тактап, БШКдан баштап, тиешелүү жерлерге бергенбиз…"
- Мелис мырза, учурда коомчулукта: "УКМК менен ИИМ бири-бири менен тиешелүү түрдө иш алып бара албай жатат" - деген кескин айыптоолор көп болуп жатат, буга кандай карайсыз?
- Биринчиден, кылмышкерлерди кармай турган күч тармактары үчүн кылмышкерлердин, кылмыштуу топтордун баары бирдей, биз аларды кандайдыр бир улутка, "жаман" деп да, "жакшы" деп да бөлбөйбүз. Ал эми ИИМ менен УКМК илгертен эле тыгыз кызматташып, ар кандай кылмыштуулукту жоюу иш-аракеттеринде биргелешип иштешип келгенин жокко чыгарууга болбойт. Мен баарын айтып олтурбай, бир эки гана мисал айтайын. Өткөн жылдын этегиндеги жардырууларда да, кийинки эле Арашандагы кылмышкерлерди жок кылуу ыкчам ишинде да бирге иш алып бардык. УКМК менен ИИМдин ортосунда түзүлгөн топтор бар. Мындан тышкары биздин (УКМК менен ИИМдин) коомчулук үчүн билгизе турган дагы, билгизбей турган дагы жашыруун байланыштарыбыз бар. Бирок кызматтын кызыкчылыгы үчүн баарын ачыкка чыгара бербейбиз. Кыскача айтканда ушундай. Ушундай мисалдардын өзү эле бул эки күч тармагынын ортосунда кандайдыр бир келишпестиктер жок экенин айгинелеп турат. Дагы кошумчалап койчу нерсе, коомчулуктун арасында бул эки күч тармагын кайраштырып турган күчтөр бар. Алар да ушундай кыйын кезеңдерде өз кызыкчылыктары менен, бизге каршы иштерди жүргүзгөнгө аракет кылып келишет. Ошондуктан биз муну да эске алышыбыз керек.
- Өткөндө Бакиевдердин келип кеткени боюнча айтканыңыз коомчулукта бир топ сөз болду. "Так маалыматтарым бар " дедиңиз эле, ошол так маалыматтарыңыз тууралуу ачык, кенен айтып бербейсизби...
- Ал маалыматтар менин берген жеке маалыматым. Жаныш Бакиевдин өткөн жылдын август, сентябрь, октябрь айларында Кыргызстанга келип кеткендиги анык. Негизинен, бул айтылган маалыматтар оперативдүү маалыматтар болуп эсептелет. Ал эми аларды издөө менин функциялык милдеттериме кирет. Биз атайы топ менен издөө аракеттерин жүргүзүп жатабыз.
- Жаныштын келгени боюнча так маалыматтарды уксаңыз эмне үчүн анда аны кармоо үчүн ыкчам аракеттерди көргөн жоксуз? Же ал иш-аракеттер натыйжасыз болуп калдыбы?
- Биз ыкчам аракеттерди колдон келишинче көрдүк. Жакшы аракет кылдык. Бирок дайым эле биз көздөгөндөй боло бербейт экен. Бирде натыйжалуу, бирде натыйжасыз болуп турат эмеспи. Мен дагы бир нерсени элдин эсине сала кетейин. Жаныш Бакиев биздей эле күч тармагынын көп жылдан берки кызматкери, генералы болуп эсептелет. Биздин күч тармактарынын ыкмаларын да жакшы билет. Жедеп шүмшүк, канкор болуп калган адам десек болот. Ал кайсы жерде кандай жүрүш керектигин, кандай жолдор менен барыш керектигин ийне-жибине чейин эсептей алган, өзүнүн көп жылдык тажрыйбасына таянган адам. Ошондуктан аны оңой эле кармоого болбойт. Ага көп аракеттер талап кылынат. Ошентсе да, жалпы эл жакшы билгендей ошондой көп аракеттердин натыйжасында өткөн жылы түштүктөн Санжар Бакиевди, Акмат Бакиевди колго түшүрдүк.
- Сиздин айткан маалыматыңызды коомчулуктун жарымы колдоп чыкса, жарымы: "Турганбаев өзү үчүн пиар жасап жатат" - деп да айтып чыгышты. Мындай пикирлердин кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар десек болобу?
- Мындай пикирлер туура эмес. Мен эч качан өзүмдү-өзүм пиарлаган жан эмесмин. Муну эл да, журналисттер да жакшы билишет. Мен журналисттер менен тыгыз байланышта иштешип, чындыкты чындыктай, болгонду болгондой айтып келем. Себеби кандай иш кылсаң да, акыры абийир алдында, Кудай алдында жооп беребиз.
- Эми айтсаңыз, Бакиевдерди кармоо аракети кандай болот? Себеби Интерпол аларды издөөдөн баш тарткандыгы айтылып жатат. Мунун себептери эмнеде…
- Мына ушул Интерпол маселеси боюнча кенен айтып берейин. Интерполго дүйнө өлкөлөрүнүн 188 өлкөсү мүчө болуп киришкен. Биз болсо Интерполго 1997-жылы мүчө болгонбуз. Интерпол десе эле, элде бир башкача түшүнүк калыптанып калган. Мисалы: "Интерпол баарын камайт, издейт, кармайт" деген сыяктуу түшүнүктөр. Мен түшүндүрө кетейин, Интерпол баарына эле кийлигише бербейт. Алардын эл аралык деңгээлде мыйзамда көрсөтүлгөн өздөрүнүн жоболору, укуктары бар. Интерполдун издөө функциясына: саясатчы адамга, дин адамына, аскер адамына, расалык бөлүнүүлөр боюнча козголгон кылмыш иштери кирбейт. Ал эми К. Бакиевдикин, балдарыныкын, Ж. Бакиевдикин, Суталиновдукун, Үсөновдун кылмыш иштерин алар саясатка байланыштырып, өздөрүнүн издөө функциясынан алып таштаган. Бирок жогоруда аты аталгандар башка эл аралык кылмышкерлерди издөө уюмдарында изделип жатат. Интерпол негизинен кылмышкерлерди табуу боюнча маалымат жагынан колдоо жана маалымат алмашуу жагын аткарат. Ошондой эле издөөдө жүргөндөрүн кармап калса, өткөрүп берет. Былтыркы жылы биздин Интерполдун мүчөлөрү эл аралык издөөдө жүргөн үч адамды Кыргызстандан кармап, өткөзүп беришти. Бирок чын-чынына келгенде Интерпол эл ойлогондой "монстр" эмес, алардын деле укуктары чектелүү.
Бизде Интерполго мүчө болгон жети адам гана иштейт. Алар деле ИИМге карашат. Биз сыяктуу эле бул жактан айлык алып, өздөрүнө тиешелүү иштерди аткарышат. Ошол эле Тажикстанда Интерполдун 35 мүчөсү иш алып барса, Казакстанда 70тен ашык, Өзбекстанда андан да көп, өзбектер Интерполдун мүчөлөрүнө өзүнчө үч кабат имарат бөлүп беришкен. Ойлоп көрүңүз, ал имаратта канча деген адамдар иштейт. Бизде болсо, жогоруда айткандай 7 адам, 7 адамга үч гана бөлмө берилген. Бул да болсо бизде каражаттын тартыштыгына байланыштуу. Бирок ошондой болсо да мунун баары азырынча убактылуу көрүнүш. Буйруса, бизде да талапка ылайык болор күн алыс эмес. Бизге Интеропол өздөрү 500 миң еврого сатып беришкен чакан байланыш (локальный сеть) (Нарындан баштап, Баткенди кучагына алган) аппараты бар. Кыскача айтканда, бул аппарат ишибизди абдан жеңилдетип турат. Мисалы, бажычылар бизге келишпейт, биз аларга барбайбыз дегендей. Ошол аппараттын жардамы менен эле бир топ маселелерди бүтүрөбүз.
Дагы бир орчундуу маселе: Интерполго мүчө болгон өлкөлөр мүчөлүк акы төлөшөт. Биз Интерполго жылына 14 миң франк төлөп турушубуз керек. Тилекке каршы, биз мүчөлүк акыны мүчө болгон жылдан бери төлөй элекпиз. 1997-жылдан 2002-жылга чейинкисин улам-улам "акчабыз жок" деп кайрылып олтуруп, кечтиргенбиз. Ошентип, 5 жылдыкын төлөгөн жокпуз. Ал эми 2002-жылдан 2010- жылга чейинки мүчөлүк акыга төлөй турган карызыбыз 104 миң 817 еврого жетти. Себеби мүчөлүк акыны төлөбөгөнүбүздүн бир жаман жери Интерполдун 1 жылда бир өтүп турчу генералдык жыйынында козголгон маселелерге, жаңы мыйзамдарга добуш бергенге укугубуз жок болуп калат экен. Ошол жыйында добуш бергенге "жараксыз" өлкө болуп, башыбызды шылкыйтып, четке сүрүлүп калабыз. Албетте, мындай көрүнүш Кыргызстанга аброй алып келбей турган өтө терс көрүнүш болуп эсептелет. Мүчөлүк акыны төлөө үчүн ИИМдин өзүндө акча жок. Өкмөткө кайрылсак, алар деле унчукпайт. Ал акча Тышкы иштер министрлиги аркылуу төлөнө тургандан кийин, биз ал министрликке да бир нече жолу кат менен кайрылдык. Бирок али күнчө жооп жок. Интерполго биз анан Сомали сыяктуу эки үч гана өлкө мүчөлүк акыларын төлөй албайт экенбиз. Калгандары өз убагында төлөшөт.
- Интерпол тууралуу жакшы маалымат бердиңиз. Эми Жогорку Кеңеште криминалдык топтордун мүчөлөрү бар экенин, башкасы билбесе да сиз жакшы билесиз да? Алар кимдер экенин качан ачык айтасыңар? Же бул маселе ушинтип эле жабык бойдон калабы?
- Биз анын баарын депутаттыкка талапкер болуп жатышкан кезде эле, иликтеп, изилдеп тизмелерин БШКдан (БШК бизге атайы кайрылган эле) баштап тиешелүү жерлердин баарына бергенбиз. Эмне себептер менен, кандай себептер менен көңүл бурулбай калганын мен айта албайм. Эми ЖКнын бакыйган депутаты болуп калышкандан кийин, бул маселенин үстүндө иш алып баруу кыйын. Чынында эле парламентте криминал адамдар олтурганын элдин баары эле билет. Бул ачык эле маселе болуп калды. Канча адам криминал экени деле белгилүү. Бирөө-экөө деп айтсак ал жөн гана мизирдик көрүнүш болуп калат. Криминалдык чөйрөнүн өздөрүнүн мыйзамдары бар. Алардын бир мыйзамы саясатка кийлигишпөө болуп саналат. Учурда алар саясатка активдүү кийлигишип жатышат. Ушунун баары шайлоонун чатагынан болду. Негизи саясатка кызыккан криминал адамдар шайлоонун шарапатын сөзсүз колдонушат. Мындай көрүнүш мурунку бийликтердин учурунда эле түптөлүп калган. Бул өздөрү үчүн да, биз үчүн да оңой-олтоң иш эмес. Убакыттын өтүшү менен, өздөрүнө (криминалдарга) же бизге чоң чатактуу иш болуп калышы ажеп эмес. Буга Акаевдин, Бакиевдин тушунда кыргыздын айрым " мен" деген кыйын саясатчыларынын, бизнесмендеринин, криминалдык авторитеттердин, укук коргоо тармагынын кызматкерлеринин киши колдуу болуп өлтүрүлүшү айкын мисал болуп бере алат.
- ИИМди реформа кылуу тууралуу көп айтылып жатат. Мисалы, аймактык МАИлерди, паспорт столдорун кайра ИИМге бериш керек деп айтылууда. Ошондой эл министр Рысалиев айткандай "сол кол менен честь берген милиция кызматкерлери" тууралуу пикириңизди уксак…
- ИИМди кандай реформалоо керек экенин өзүбүз жакшы билебиз. Ар ким өз каалагандай пикирлерди айта беришет. Реформа кылып жатабыз деп эле, бирдемелерди кыскартып, кайра кошо берүүдөн пайда чыкпайт. Биз бул тармакта көп жылдан бери иштеп, бай тажрыйба топтогондон кийин, реформалоонун жолдору бизге ачык көрүнүп турат. Техникалык базаны чыңдашыбыз керек, айлыктарды көбөйтүшүбүз керек дегендей. Ал эми аймактык МАИлер менен паспорт столун ИИМге кайра кошсо ал жактарда башкача тартип болорун, мен да жеке тажрыйбамдан улам айтат элем. Эң башкысы, көзөмөл күчтүү болмок. Коррупция кыскармак… Талапка ылайык тартип болмок. Азыр Дордойго барып айдоо күбөлүгүн жарым сааттын ичинде сатып алууга мүмкүн экендгин айтышууда. ИИМ ушундай башаламандыктарды, жоопкерчиликсиздерди көзөмөлдөйт эле да. "Сол кол менен честь берген милициялар" тууралуу айта турган болсок, албетте, мындай көрүнүштөр да ИИМге аброй алып келбейт. Мунун себептери мындай: мурда ИИМдин кызматкерлери өздөрүнүн күнүмдүк аткарып жүргөн, (ошол эле честь берүү, куралды колдонуу ж. б.) иштеринен бир аз четтеп, алар оппозиция чогулган жерлерде "иштеп" калышкан десек аша чапкандык болбос. Ушунун баары кызматтын жана милиция кызматкеринин кызматтан аксашына алып келген. Мурун баардык кемчиликтер жашырылып келген болсо, азыр элге ачык-айкын иштеп жатабыз. Болгон аракеттерибиз менен кемчиликтерди жоюу үстүндө тынымсыз аракеттерди көрүүдөбүз. Буйруса, андай көрүнүштөр тез эле жоюлат. Милиция бүгүнкү күндө элдик милиция болуунун аракетинде иш алпарууда.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев