Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
 Таанышуу жарыясы


Репрессияга жасалган алгачкы аракетпи?
Ажыдаар кайрадан тирилгенби?
Байыркы Грециянын мифиндеги баатыр Геракл көп баштуу гидра жыланы менен кармашат. Жыландын башын кыя чапса, анын ордуна кайрадан эки баш өсүп чыга берет эмеспи. Ошондой эле кыргыз эли да жыландын: "Алтын башы аман болсо, алты жылда тирилет, жез куйругу эсен болсо, жети жылда тирилет" деген ишенимде болушканын белгилей кетели. Ушул эле учурда калкына касап болгон бийликти ажыдаар жыланга бекеринен салыштырып келген эмес чыгар.
Бүтүндөй коомдук менчикти мансап ээлери жеке менчикке чыгарып алуу менен менчиктин көп түрдүүлүгү куру кыял катары кала берди. Жыйырма жылдын аралыгында кызматта жүрүшкөндөр ири олигархтарга айланышты. Ач көздүк, кызарган жерди басып алуу адатка айланды. Мурда А.Акаев менчиктеп алгандар кыска мөөнөттө К.Бакиевге толугу менен өткөрүлүп, ал гана эмес мамлекеттик стратегиялык тармактар бүтүндөй кландык башкаруучулардын колуна өттү. Натыйжада казынабыз куру калып, коррупциянын күчөшүнө алып келди.
Азыркы күндө элдин нааразылыгы электр энергиясынын кымбатташынан келип чыккан деген жалган түшүнүктөр күчөп барат. Чынында калктын толкундоолору буга чейин эле башталган. Өлкөнүн экономикалык жактан артта калышы, акчанын инфляцияга учурашы, азык-түлүктүн баасынын кескин жогорулашы, ички жана тышкы саясатта бийликтин өзүм билемдиги, региондун элин бирине-бирин кайраштыруу, кызмат орундарынын сатылышы, мамлекеттин бүтүндүүлүгүнө доо кетиши, сын айткандарга катуу кысымдын күчөшү, карапайым калктын терисин тирүүлөй сыйрыган салыктардын өсүшү сыяктуу көптөгөн акылга сыйбас көрүнүштөр элдин ачык күрөшкө чыгышына өбөлгө болгон. Акыркы эки жылдын ичинде "тезек" терген элдин чыдоо чегинин ресурсу сарпталып бүткөн.
Диктатордук режимдин коркунучу
Өлкө жана эл экинчи төңкөрүштү көтөрө албайт деген жомок төгүндөлдү. Стихиялык түрдө көтөрүлгөн эл лидерсиз эле жыландай муздак бийликти жок кылды. Тилекке каршы, бийлигинен ажыраган тараптардын каршылыгын басууга жаңы бийлик чечкиндүүлүгүн көргөзө албагандыктан, жогорудагы жылан сыяктуу бакиевщина кайрадан жанданып гана тим болбостон, колдон чыгарып жиберишкен мансаптарына кайрылып келишине шарт түзүп берди.
Жылан бийликтин башы жанчылбагандыктан, алар алты айдын аралыгында эле өздөрүнүн коопсуздугун камсыз кылышты. Куйругуна зыян келбегендиктен, жети айдын аралыгында мурдагы акаевчил-бакиевчилдер кирешелүү тармактарга кызматка отурушту. Алар кечээ гана жарык дүйнөгө келген парламенттик башкарууну кайрадан президенттик башкарууга өткөрүүгө эмитен кызуу даярдыкты көрүшүүдө.
Диктатордук режимди калыбына келтирүүдө эң алгачкы кадам сөз жана басма сөз эркиндигине чек коюудан башталарын тарых өзү тастыктап койгон. ЖоКенин төрагасы А.Келдибековдун мамлекеттик маанилүү башка маселелерден мурда журналисттерди теске салып коюуну башкы максаты катары көтөрүп чыгышы - Кыргызстанда кезектеги репрессияны даярдоого камылга көрүү тууралуу каңкуу болуп жүрбөсүн? Бул эң опурталдуу көрүнүш экендигин эскерте кетели.
Эсил кайран СССРдеги репрессия да алгач сөз жана басма сөз эркиндигин муунтуудан башталган. Совет бийлигинин алгачкы мезгилинде демократиялык маанай күчтүү болгон. Өкмөттүн курамы большевиктер, меньшевиктер, кадеттер, эсерлер партияларынын коалициясынан турган. Ар бир партиянын өзүнүн органы болгон гезиттери чыгарылып турган. Болжол менен алганда 1920-1922-жылдардын аралыгында Ленин башында турган большевиктер башка партиялардын гезиттерин чыгарууга тыюу салганга жетишкен. Андан кийин коалиция таркатылып, бүтүндөй бийлик коммунисттердин колуна өткөрүлгөн. Ошентип, "ишеничсиз күчтөрдүн бетин ачуу жана жазалоо" башталып, бул акырындык менен 1937-1938-жылдардагы репрессияга ыңгайлуу кырдаалды түзгөн.
Кантсе да спикер А.Келдибеков көз каранды эмес журналисттерди гана "ооздуктап", жогорудагы "ишенимдүү" жол аркылуу акырындык менен коалициялык Өкмөттү да жоюп, диктатордук-авторитардык, үй-бүлөлүк жана кландык бийликти орнотууга жасаган алгачкы кадамы катары санасак болот.
Колдоочубуз да, коргоочубуз да эл
Кыргыз Республикасынын Конституциясында сөз жана басма сөз эркиндиги менен катар журналисттерди куугунтукка жана кысымга алууга тыюу салганы жакпаса керек. Башкы мыйзам жалпы элдик референдум менен кабыл алынган, спикердин Башкы мыйзамга туура келбеген башка мыйзамды кабыл алуу аракети калктын эркине жана талабына каршы аракет болбосун? Же болбосо азыркы учурда ээрге кыйшык отурган депутат-жепжутаттар Конституцияны "хан-институт-сыяга" айландырышар бекен?
Азыркы күндө парламентте да, Өкмөттүн курамында да консерваторлор жетишерлик санда топтолушкан, ошол эле мезгилде демократиялык маанайдагы адамдар да жок эмес. Карама-каршы багыттагылар ар дайым күрөш ачык жүргөндүктөн тирешүүлөрү бири-биринен сактанышат. Булардын ич ара тымызын мүнөздө айыгышкан тирешүүлөрү токтолбосун жашырууга деле негиз жок. Булардын катарында кокусунан келип калгандар да бар. Алар акчалуулар жана жеке бизнесин депутаттык мандат аркылуу коргоп калуу максатынан башка туруктуу принциби, жеке көз караштары болбогондуктан, күчтүүлөрдү коштоп, добуш берүүчүлөр гана болуп саналышат. Алар айыгышкан душмандан дагы коркунучтуу күчкө ээ болушат. Франциядагы 17-кылымдагы мындай депутаттар королду катуу колдоп келишсе, ал бийликтен кулатылганда революциячылдарга кошулуп, аларды ичтен иритип, акырында Париж коммунасынын кулашына салым кошушуп, тарыхта "саздар" (туруксуздар) деп аталып калышкан. Ушул кырдаал биздин өлкөдө түзүлдү. Өлкөдө стабилдүүлүк бекем эмес. Камырабастыктан консерваторлордун бийликке келишине шарт түзүп бердик. Эл алып берген жеңишти колдон чыгардык. Эми эки тараптын күтүүсүз аракеттерине дайым даяр болуу керек.
ММК мамлекеттин көзү жана кулагы, буларга жасалган кысым күчөсө, акыры анын капшабы калкыбызга да багытталат. Ушундан улам, "Бүткүл Кыргызстандын журналисттери бириккиле!" чакырыгы алдында өз укугубузду коргоп, А.Келдибековдун кебинин маанисин элге жеткирүү зарылдыгы чыгып отурат, анткени биздин колдоочубуз да, коргоочбуз да эл экендигин эске салып кетсек артык баш болбос...
Эртабылды АТТОКУРОВ




Жегич
жетекчиге...
Чымын сымал коно берип жадаткан,
Жадатма сөз итиркейди келтирет.
Шермин дейсиң, эрмин дейсиң төш кагып,
Кимдин кандай экендигин эл билет.

Кан какшаткан чыкыроону мезгилдин,
Сөөктөн өтүп жармачтарды сыздатып.
Турган чакта сен алардын акыркы,
Тартып жедиң ырыскысын ыйлатып.

Мезгил агат күкүктөгөн иримдей,
Адалы да арамы да билинбей.
Ажал жебе атып жыгат өмүрдү,
Сен да пенде ошолордун бириндей.

Сын айтканды, чын айтканды сүйбөйсүң,
Сөздөрүңдө ыйманды айтып сүйлөйсүң.
Элим десең тилиң араң күрмөлөт,
Элиңе эмес, энеңе да күйбөйсүң.

Байлык кумар адаштырган акылдан,
Соттор эмне, адам жаны сатылган.
Хандар эмес, бул азгырык дүйнөдөн,
Адал жашап өткөн адам акылман.
Касиет Бекназарова





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??