Акылбек УСУПБАЕВ, урология борборунун директору:
"Балдар менен энелердин өлүмүнө
эркектердин да күнөөсү бар"
Эмне үчүн адамзаттын алдуу бөлүгү азыр алсызга айланууда жана гинеколог адистигине караганда урологдун пациенттери көбөйүүдө. Бир публицист мындан бир нече жыл мурда жазгандай, "эркектер экологиясы" жөнүндө маселе көтөрүүгө мезгил келип жеттиби? Мына ушул жана башка маселелерге жооп издеп, биз КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы урологу, Улуттук госпиталга караштуу Урология борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор Акылбек УСУПБАЕВге кайрылдык.

- Эркектердин арасында тукумсуздуктун күчөшү эмнеден улам пайда болууда?
- Мындан 15-20 жыл мурда эле гинеколог деген адистик калың эл арасында кеңири белгилүү болуп, ал эми уролог, андролог деген адистиктер дээрлик белгисиз болчу. Эми турмуштун зарылчылыктарынан улам мындай адистердин жардамына муктаж болгон адамдар көбөйдү. Мунун себеби, учурдагы турмуштук кыйынчылыктар, стресс, наркомания, алкоголизм сыяктуулар келип эле жалпысынан, анын ичинен өзгөчө эркектердин саламаттыгынын начарлашына алып келүүдө. Негизи эркектер дайыма эле ооруганын жашырып келишет. Ал эми ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат эмеспи. Ошондуктан биз бул проблеманы чечүү аракетинде 22-27-июнда эл аралык эркектердин ден соолугунун жумалыгын өткөргөнбүз. Бул иш-чара 2003-жылдан баштап дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө өткөрүлүп келе жатат. Аталган чечим эркектердин саламаттыгы боюнча эл аралык коомдун демилгеси менен 2002-жылы Вена шаарында өткөн эркектердин бүткүл дүйнөлүк экинчи конгрессинде кабыл алынган.
Белгилеп кетсек, союз мезгилинен бери аялдар менен балдардын саламаттыгын коргоо боюнча атайын программалар да болуп келген жана азыр да иштеп жатат. Биздин саламаттыкты сактоо тармагы "Дени сак эне - дени сак бала" деген ураан алдында иштеп келет. Бул абдан туура, бирок мен эркектердин саламаттыгы - улутубуздун келечектеги генофонду экендигин баса белгилегим келет. Ошол себептен эркектердин саламаттыгы үчүн күрөшүүнү экинчи орунга калтырбоо зарыл.
- Жаңы төрөлгөн ымыркай менен энелердин өлүмүнүн жогорулоосуна эркектер себепкер деген сөздүн канчалык чындыгы бар?
- Бул айтылган сөзгө толугу менен кошулам. Энелер менен балдардын өлүмүнүн жогорулап кетүүсүнүн бир себеби мына ушул эркектердин ден соолугуна байланыштуу экендиги чын. Анткени азыр жыныстык органдар аркылуу жугуучу ар кандай урегениталдык инфекциялар көбөйүп, биздин эркектер ал ооруларды ар кайсы жерден жугузуп келет да, алар энелерге берилип, энеден түйүлдүккө өтүп, натыйжада тубаса майып болгон, инфекция менен төрөлгөн, чарчап калган балдардын, энелердин өлүмүнүн саны өсүүдө.
- Мурда кыргыздарда тукумсуздук үчүн аялдар гана күнөөлөнүп келген. Азыр балалуу боло алышпай жаткан үй-бүлөлөрдү изилдей келгенде 40 пайызы эркектерден улам экендиги аныкталды. Мунун себептери эмнеде?
- Союз учурунда жумуш убактылары сегиз сааттан ашчу эмес. Жумушчулардын баары жылуу кийим, күчтүү тамак- аш менен камсыз болуп турушчу. Мындан сырткары ал кезде экология таза, ичкен тамактар экологиялык жактан таза, натуралдык продуктулардан жасалчу. Азыр абал башка. Жумушсуздук күч алып, ошонун кесепетинен стресс, депрессияга туш болгон жарандарыбыз аябай көбөйүүдө. Стресс менен депрессия адамдын гормоналдык бузулууларына алып келип ар кандай ооруларды пайда кылат. Күнүмдүк тиричиликтин айынан муздак жерлерде иштеп, бөйрөк, жыныс органдарынын сезгенүүсү көбөйүп кетти. Мына ушунун баары эркектердин ден соолугуна терс таасирин тийгизип, тукумсуздукка алып келүүдө. Эң башкысы - жогоруда айтканымдай, эркектердин өз саламаттыгына карата мамилесин, менталитетти өзгөртүү керек болуп турат. Анткени алар ооруп калышса дарыгерлерге кайрылууну мындай кой, өмүрлүк жан шериги болгон жубайларына да айтышпайт.
- Иликтөөлөрдүн натыйжасында эркектерде чачтары эрте түшүү, эске тутуусунун, көрүүсүнүн, угуусунун начарлашы аялдардыкына салыштырмалуу эрте кезигип жаткандыгы айтылууда...
- Туура. Азыркы статистика боюнча биздин өлкөдө эркектердин жашоосунун орточо узактыгы 57 жаш, же аялдардыкына салыштырмалуу он жашка аз. Суицид, травматизмден жылына 18 миңдей адам каза тапса, анын 90 пайызы да эркектер. Мына ушул көрсөткүчтү эске алып, 2010 - жылы эркектердин саламаттык жумалыгын өткөргөндө, борбор калаа менен гана чектелип калбай, дээрлик бардык региондорду камтып, жалгыз гана урологдордун эмес, башка тармактагы адистердин да катышуусу менен толук болбосо да айрым пункттарда жарандарыбызды көзөмөлдөн өткөрдүк. Негизи комплекстүү кароодон өткөрүү зарыл болчу. Көзөмөлдүн алдын-ала жыйынтыктарына ылайык, жалпысынан республика боюнча 7 миңге жакын адам кайрылган. Республикалык урология борборуна кайрылган 1976 адамдын нозологиясы (ооруларынын түрлөрү) боюнча алсак, 154 адам (же 14,3%) простата безинин аденомасы, 358 адам (33,2%) простатит, 138 адам (12,8%) табарсыктагы таш оорусу, 203 адам (18,8%) өнөкөт пиелонефрит (бөйрөктүн сезгенүүсү), 18 адам (1,6%) варикоцеле, 30 адам (2,7%) тукумсуздук, 16 адам (1,4%) эректилдик дисфункция, 47 адам башка урологиялык оорулар менен оорушса, 78 адам гана урологиялык жактан дени сак болуп чыкты.
- Ооруга чалдыккан эркектер эмнеге өз убагында дарыгерлерге кайрылышпайт?
- Бул эркектердин өз саламаттыгына кайдыгерлиги. Анан өз оорусун жаап-жашыруу аракети. Ооруп турса да "сыр алдырбай" эркектаналык кылуусу. Чынында көпчүлүк аялдар күйөөлөрүн адис дарыгерлерге ээрчитип келишип, тартынбастан суроолорду беришет. Адатта күйөөлөрүнөн "Кайсы дарыларды ичип жатасыз?",- деп сурасаң, ал аялына карап: "Кайсы дары эле?" деп кайра андан сурайт. Биз ар бир эркек жылына бир жолу урологго кайрылып туруусуна жетишүү үчүн алардын психологиясын өзгөртүү аракетин көрүүдөбүз.
- Эркектер кара күч жагынан артыкчылык кылышканы менен, аларда май клеткаларынын булчуң массасына катышы аялдардыкынан аз, ошондуктан энергетикалык запас аларда аз санда дегенге кошуласызбы?
- Азыркы убакта болушу толук мүмкүн. Мурда эркектер көп иштеген, азыр аялдар эч болбогондо үй тиричилигин жасоо менен эркектерге салыштырмалуу көп кыймылдашат эмеспи. Ал эми майдын массасы аялдарда деле аз эмес болсо керек.
- Бойдокторго караганда үйлөнгөн эркектер узагыраак жашай тургандыгы боюнча да пикирлер бар. Буга кандай комментарий берет элеңиз?
- Мен ага кошулам. Биздин ата-бабаларыбыз эки-үчтөн аял алышчу да. Бул кошумча стимул болгон. Биринчиден, жыныстык жактан жугуучу инфекциялардын алдын алган. Экинчиден, ойношчулукка барууга бөгөт болгон. Албетте, ал кезде жыныстык жактан жугуучу оорулар көп кездешкен эмес. Ал эми азыр болсо, көпчүлүк эркектер бир аял алганы менен, башка көптөгөн аялдар менен жыныстык катнаштарга барып, инфекцияларды жугузуп жатышпайбы. Анан келип, көчөдөгү аялдардан жуккан ооруларды аялына жугузуп, өзүнүн генофондуна балта чаап жатышканын сезбей келишет. Мен адис катары эркектерге "Күнүмдүк кызыкчылык үчүн, өз тукумуңарга балта чаппагыла. Эгер жаңы төрөлгөн балаңар инфекция менен төрөлсө, жалгыз гана аял эмес, эркек дагы күнөөлүү экендигин унутпагыла"- деген кеңешимди айтып кетет элем.
- Кайсы бир маегиңизде республикадагы эркектердин 60 пайызы импотенцияга чалдыккан, бирок алардын 10 пайызы гана дарыгерлерге кайрылыша тургандыгын айтыпсыз. Бул кайсы иликтөөлөрдүн негизинде алынды?
- Биз жыл сайын эркектерди текшерип жатпайлыбы. Анан биздин борборго өз алдынча кайрылган эркектер да бар. Мындайлардын көпчүлүгү, албетте, 50 жаштан өткөндөр. Бирок арасында жаштардын да бар экени өкүнүчтүү. Мунун баары оорулардан, жогоруда айтканымдай, зыяндуу факторлордун таасиринен улам келип чыккан нерсе.
- Азыр эркектердин мындай ооруларын - импотенцияны да, эректилдик дисфункцияны бат айыктыруучу дары-дармектер жөнүндө жарнамалар көбөйүүдө. Аларга канчалык ишенүүгө болот?
- Андай дары-дармектерди ичүүдөн мурда сөзсүз адис врачтарга кайрылып, консультация алуу керек. Азыр жеке менчик медициналык борборлор да туш келди ачылып жатпайбы. Алардын арасында ооруларды иликтебей туруп эле дарыларды сунуштаган адистер да бар. Жеке менчик медициналык борборлордо тажрыйбасы жок, институтту бүтүп келип эле иштеп жаткан адистердин бар экендиги туурасында айтылган фактылар да кездешүүдө. Ошол адистердин категориялары, лицензиялары бар же жок экенине кызыгуу керек. Ошондуктан адамдарга квалификациясы бар белгилүү клиникаларга кайрылуусун жана жеке менчик клиникалардагы адистер сунуш кылган дары- дармектерге олуттуу мамиле жасоону сунуштайт элем.
Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекеттик клиникаларда кеминде беш жыл иштебеген дарыгерлерге жеке менчик клиника ачууга уруксат бербөө боюнча демилге көтөрүп жатыптыр. Бул абдан туура, дарыгерлердин иш тажрыйбасын беш жылга эмес, он жылга чейин көтөрсө болмок.
Маектешкен
Гүлнур Нуркалиева