Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

ОШ КООГАЛАҢЫ ЖАНА ОЛДОКСОН ЖЫЙЫНТЫКТАР, ЖЕ "УУРУСУ КҮЧ БОЛСО, ЭЭСИ ДООГО ЖЫГЫЛАБЫ?"
"Чү" деген жерден эле айтылчу кеп, "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деген макалдын тууралыгы. Бир күнчөлүк согуштук кырдаалды башынан өткөрбөгөн, юриспруденциядан өтө алыс (улут аралык мамилелер да, жаңжал да укуктук негизде гана талкууга алынары дүйнөлүк коомчулуктун тажрыйбасында бар) этникалык кагылышуулар эмес өмүрүндө жөнөкөй көчө мушташка катышканы күмөн туудурган (Абдыганы Эркебаев) адамдын ушунчалык татаал улут аралык мамилелердин курч ахыбалын териштирүүчү комиссиянын жетекчиси болуп калуусунун өзү туура эмес болгон. Совет доорунда илимий даража алуунун ыкмаларын жакшы өздөштүргөн алашем академиктердин далайынын абийири ушинтип айрандай төгүлө баштаганына бул комиссиянын жетекчисинин иши мисал боло алат. Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө телефон, машине, кеңсеси жок көчөдө жүргөндүгүн кыстарып айтып кетти. Бул айткандары эптеп эле эл көзүнө көрүнө калууну көздөгөндөй. Калп эле билерман көрүнүмүш этип, aзыркы бийликке жагынуу. Жыйынтыкты жымсалдай коюп, өзү популисттик ыкма менен Отунбаева өзү чекит коет деп, ага жүктөй салды.
Бүгүн баатыр болуп чыга келген Абдыганы Эркебаев Бакиевдердин канкор бийлиги тушунда акыйкат сөзүн айта алган эмес. Акаевдин тушунда деле "көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин" болуп коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү көрмөксөнгө салып келди го Абдыганы "аалым". Керектүү жерде көрүнө калып, чычканга кебек алдырбай жашоого аябай жөндөмдүү экен. Болбосо Акаевге да, Бакиевге да илимий көз карашка салып, бетке айткандын заары жок деп туруп акты ак деп, караны кара деп айтканга жарайт эле го кайраты болгондо. Демек, алган илими Акаев экөөнүн турмушту аңдап билүүгө жарабаса, ал илимдүүлүктүн наркы орустар айтмакчы - "грош цена" эмеспи. Үстүртөн элге капкачан маалым болгон бир нерселерди айтымыш болуп келип, айланып барып эле бийликтин бир бутагына барууну көксөгөн адам катары элес калтырды. Мындай билинбеген ыкманы далай шумпай-саясатчылар шамдагайлык менен пайдаланып келе жатышат. Бул болсо көбүнчө трибунадан жөнөкөй элдин "көзүнө чөп салуу" болуп эсептелинет. Акыркы эки-үч кылымдагы адамзаттын акылдууларынын бири Илекең (Ленин) муну орусча "как надуть простонародье" деп айткан экен. Болбосо мамлекеттин экономикалык начар ахыбалы, жиниккен кылмыштуулук кыргыз элинин азап-тозогу да акылсыз башкаруу, бул трагедиялуу улут аралык жаңжал дагы Акаев алжыткан, Бакиев былжыткан бийлик системасынын жыйырма жылдын ичиндеги жүргүзгөн саясатынын жыйынтыгы дештин ордуна келгенине он күн боло элек Отунбаева баш болгон Убактылуу Өкмөт күнөөлүү деп айтыш, жумшартып айтканда саясий тайкылык, юридикалык түркөйлүк гана болушу мүмкүн. Же болбосо, кадимки эле "Бакиевчилер", "Ата-Журттун" айрымдары менен болгон кийинки бийлик үчүн жердешчиликтин (Ташиев, Келдибековдор менен) жашыруун сыры...
Ооба, Отунбаевага деле "кулак укса, курсак кайнайт" болуп түз айтылчу маселелер бар. Ал ойлор да айтылаар... Ошол мекендеш өзбек сепаратисттеринен парасын парадай, "коробкасын" коробкадай алып жаман үйрөнгөн аким, губернатор, министрлерде болуп жүрбөсүн жарым күнөө. Кадыржан Батыров, Абдрасулов Иномжан жана Салахуддиновдор "биз берген пулдарыбызды, "подаркаларымызды" алган адамдар автономия сурасак да үн демейди" деген ойдо болуп жүрүшкөндүр. Болбосо аларды мынча кутурткан алардын эки энегиби (улуу сөздө уят жок)? Жалпы өзбек калкын күнөөлөш туура эместир. Элдин ичинде жакшысы бар, жаманы бар. Аристотель айтмакчы: "Люди живут так, как их заставляет нужда". Бийлик эки улуттун ынтымагына калыс шарт түзүп бере алдыбы же жокпу, кеп мына ушунда болуп жатпайбы.
Ушул жерде Абдыганы Эркебаев кылмыштын "причина и следствие" деген юридикалык түшүнүктөрүнөн жаңгактын жытынчалык кабардар болгондо жогорудагыдай алешем жыйынтыкты чыгарбайт эле. Адамзатка белгилүү болгон дүйнөлүк тажрыйба бар, эл аралык укук нормалары бар. Улут кызыкчылыгы менен улуттук сепаратизм деген эмне? Улуттук менталитет алардын айырмачылыктары жана дагы толгон-токой түшүнүктөрдүн мыйзам чегинен каралган көз караштардын көп кырдуу анализинен өткөрүп анан гана чындыкка жакын жыйынтык чыгарылышы керек эле!
Убактылуу Өкмөт Абдыганы сыяктуу эле бийликте болгусу келген да, анан кантип эле жамандыкты болтурбай коюуга аракет кылышпасын. Бийлик легитимсиздигинен улам колдорунан көп нерсе келбей калды, иш-аракеттери анча жакшы болбой калды дегенге мен да кошулам. Убактылуу Өкмөт башкарууну баштабай жатып, өзүн-өзү жаманатты кылууга, элди экиге бөлүп-жарып жиберүүгө баруусу мүмкүн эмес эле. Мен азыркы өкмөттүн деле кылган иштерине ичим чыкпай тургандыгын айта кетейин, бирок ал башка сөз. Ал эми Акаевдин, Бакиевдин учурунда деле азыркы өкмөт мүчөлөрү иштеген жана алардын чындыкты бетке айтууга алдары келген эмес деген болсо, башка кеп... Ошол эле Исмаил Исаков айрым мамлекеттик маселелер боюнча Бакиев менен кер-мур айтышам деп түрмөгө түштү эле го. Каптагаевди көгала койдой сабалганын баарыбыз көрдүк. Анда да Абдыганынын кылы кыйшайган жок, баш айланткан көп сөздүү, позициясы жок бир нерселерди айтып, таразанын ташы кай жакка оосо ошол тарапта боло калып жүрдү. Анан ошондой адам калыстыкты айтууга кудурети жетеби...
Эми мен бул комиссиянын ишмердүүлүгүнөн эмнени күттүм эле?
1. Эмне үчүн эки улуттун ажырымы пайда болду? Эки улуттун менталитетиндеги айырмачылыктар жана жалпылыктар, тарыхый жана социалдык жашоо деңгээлдери. Улут аралык кагылышууну болтурбай коюунун кандай мүмкүнчүлүктөрү бар эле?
2. Мындан ары улут аралык мамилелерди жөнгө салуу үчүн кандай иш-чараларды иштеп чыгуу керек жана комплекстүү иш пландардын негизгилери кайсылар?
Турмушта эки улут эмес, эки жатындаш бир туугандар кандайдыр бир себептер менен кас душманга айланып кетүүсү мүмкүн. Жашоодо бир туугандар, достор, улуттар арасында калыстык болбосо гана жаман жагдайлар түзүлөт. Араздашуу башталат. "Эсептүү дос айрылбас" дейт кыргыздар. Демек, ошол элдин жашоо турмушунда калыстык байкалбаганы менен, ыйман менен өлчөнгөн эсеп болгонбу бийлик тараптан? Болгон эмес! Соодага шыктуулар чоңдор үчүн "Токочтуу бала сүйгүнчүк" болуп келбедиби. Майлуу-сүттүү жайлар кантип жана кимдердин колуна көбүрөөк тийип келди. Баөо, табиятынан ток пейил салт менен калыптангандары азыркы рыноктук шартта өзүн көп учурларда кор тута баштады, соодага шыктуулар тиги колунда азыраактарды айрым учурда дүнүйөсүнө карап кыйгач көз менен карап, ушулар да кишиби дегенсий баштады. Өзгөчө акчасын кайда чачарын билбей калышкан өзбек сепратисттерге окшогондор. Эсиңиздерде бардыр, Акаев Абдрасуловдун короосуна чейин кирип барып бир бечарага торпок бергенин мактаган. Бечарага торпок берген Иномжан Акаевди куру кол койду дейсиңерби. Райком, Обкомдун өзгөчө түндүктөн барган үлкөн чиновниктердин калтасын кампайтып, Ош, Жалал-Абадды Жогорку бийликтин мунарасына көтөрүлүүсү үчүн трамплин катары пайдаланып келишкен. Себеби жыйган тергенинин жарымын берсе эле жогорулап кетишчү. Эми ошол пайда көрүп келе жаткан бийликтегилер кантип калыстыкты айта алат, өздөрүн өздөрү кантип күнөөлөйт эле. Ошондуктан "Жаманыңды билип алдым, жайытыңа кирип алдым" болуп, жөнөкөйлөтүп айтсам менин кошунамдын терс аяк ити чарбагыма кирип алып кайра мага үрүп обдулгандай эле окуя болду. Болбосо Кокондук, Жизактык кыргыздардын Камаздын бет алдына калың темирди эрикпей ширетип (сваркалап), катар жашаган өзбек элине кыргын салам деген ахыбалын элестете албайм. Бул дөгүрсүгөн дүйнөгө манчыркаган кем акыл гана адамдардын колунан келмек. Эң негизгиси жоокерчиликти өнөр туткан элдин тарыхын билмек тургай, ал жөнүндө түшүнүгү жоктордун иши болду. Анткени "Карды тойсо, акылсыздан эс кетет"-дейт кыргызда... "Иче турган ашыңа, какырба да түкүрбө" - дегени бар дагы. Бекеринен "орусту мылтык берип чепке кой, казакты бычак берип этке кой, кыргызды кыргын болчу бетке кой", - деп жөнөкөй эл лакап кылбаса керек. Азыркылар андайды уккан эместир. Анын себептери аң-сезимдеринин, экономикалык турмуштук жагдайларынын айырмачылыктары. Биз билгенден Усубалиевдин учурунан бери бийлик адамдары райком, обком, аким, губернатор, милиция, прокурорлор жана башка майда чиновниктер пара бергендердин, соодага шыктуулардын эсебинен байып келгени жашыруун деле сыр эмес. Абдыганынын деле Ошто губернатор болуп турганда намазы бузулбады деп айтуу кыйын. Себеби аны көргөндө пайгамбар жолдон чыгыптыр да. А Абдыганыны болсо пайгамбардан ак деп айтыш да өтө шектүү маселе. Акыркы жыйырма-отуз жылда андай жетекчилер түгүл, жеткен шумпай, паракор, ичип-жегичтер, иттин уулу Байгара деле министр, губернатор болуп жатса, каяктагы калыстык, ойчул башкаруучу жөнүндө сөз кылууга болот. Азыркы эле мамлекеттин ахыбалын алалы. Криминалдык жол менен шугулданган, мыйзамды уруп ойнобогон далай мыкчагерлер Жогорку Кеңеште отурат деп ички иштер министринин орун басары Турганбаев ачык эле айтты.
Совет доорунда милицияга жумушка алууда, аялын кой, кайнатасы соттолсо эле кызматка албай койчу. Азыркы биздин бийликтин маңызы кандай..? Демек, мындай жагдайда жакын арада калыс бийлик болушу күмөн, жолдоштор. Же болбосо нысапсыздыкты карагыла, Жогорку Кеңеште айтылуу эч бир "пара албаган" Осмонов кызы экөөлөп олтурушат. Анча болду кайненесин деле ээрчите барганда болмок. Себеби үчөөнүн иши үчөө да. Канчалык көп болсо ошончо орустар айтмакчы "Вотчинасы" эле болуп калмак да. Мына ушундай ахыбал менен жакшы коом түзөбүз деген биз дагы апенди, бизге кошулган Атамбаев, бийлик башы Отунбаева да апенди. Бизби - аларбы каалайбызбы, каалабайбызбы парламентте олтурган паракорлордон (соучастниктерден) азыркы өкмөттөгү-бийликтеги кандуу бийликтин катышуучуларынан арылмайынча жакшы заман келиши күмөн... Азыркы бийлик ушундай ахыбалда. Жалпысынан мамлекетте болуп жаткан жакшы жөрөлгөлөр да жаман-кандуу окуяларга ошол ахыбалга жеткирген бийлик күнөөлүү болот, бирок бүгүн келгени эмес, ошол абалга туура эмес башкаруу менен жеткиргендер. Бирок башталган нерсенин, процесстин бүтмөгү бар дегендей жакшылыкка ык коюп, адашуу менен өткөн күндөрдүн, мезгилдин да күнү бүтөт го деп ойлойм. Азыркы өткөөл мезгил жакшылыкка карай бара жаткан жолдун башталышы гана болгонсуйт...
Ахунбай Кошой, юрист.








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??