Кат куржун...

Ойлонуп көрсөк…
Мезгилдин сыноосуна тизе бүкпөй, максаттуу өмүр сүргөн адамдар арабызда көп. Алардын атуулдук активдүүлүгүн туура баалап, карылык калыс сөздү айтуу да керек. Алдыда айтар сөзүмдү колдогондор да, тетирисинче, кошомат катары санагандар да чыгат. Анткени мамлекеттик жооптуу кызматтагы адамдын бардыгына эле жага бербейт. Ага кимдир бирөөлөрдүн таарынычы, айрымдардын көрө албастыгы, айрымдардын ичине кара таруу айланбаган кызганычы, кээ бирөөлөрдүн жеке амбициясы жана интригага баш-оту менен кирип кетиши да бул пикирге каршы ойду айттырышы мүмкүн. Ошого карабастан оюмду ортого салууну туура таап отурам.


Эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта мамлекетти башкаруу үй-бүлөлүк, кландык башкарууда болуп келди. Калкыбыздын жашоо-турмушу кескин начарлап, нааразылык күчөгөн. Ошол эле учурда бийликти аёосуз сындаган лидерлер пайда болгон, бирок алардын бардыгы эле калктын таламын талашкандар эмес, жеке амбициясы үчүн гана кокусунан кошулгандар бар болчу. Тактап айтканда, 2006-жылы күздөгү, 2007-жылдын жазындагы элдин толкундоолорунан кийин алардын чыныгы жүзү ачылган эле.
Ал эми мамлекетти башкаруу иштерине реалдуу реформа жүргүзүлмөйүнчө диктатордук режим күчөй бере турганын түшүнгөндөр бийликтин алдоолоруна да, кысымына да туруштук берип, каршы күрөштө туруктуулукту көргөзүштү.
"Кеп чынынан бузулбайт" - деген кеп бар эмеспи. Учурунда бийликтин кысымын шылтоо кылып, "лидер" катары биз ишеним кылгандардын айрымдары чет мамлекеттерден баш паанек алып качып жүрбөдүбү? Буга өз баабызды берип көрөлү. Өз принциптерин бекем кармаган Ө.Текебаев, А.Атамбаев, карыганына карабастан Т.Тургуналиев, "аял башын эр кылган", кара башын тобокелге салган Р.Отунбаева сыяктуу "бир ууч" чыныгы лидерлер гана Мекенинен кеткен жок. Алар бийликтин катуу кысымына дуушар болушпаган деп кимибиз айта алабыз?
Мына ушулардын ичинен өзгөчө бөлүп Р.Отунбаеваны белгилесек болот. Ал А.Акаевдин учурунда бийликке каяша берип, К.Бакиевдин мезгилинде оппозициянын бир флагманы катары калың журтка таанылган эле. Эгерде жагынуучулук жолуна түшсө, ар кыл кыйынчылыктарга кабылбастан, бир чоң кызматка деле ээ болмок. Кыргызстандын келечеги жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген Р.Отунбаева мансабына гана эмес, өмүрүнө да коркунуч тууларын билип, эки бийликке каршы күрөшкө чыкты. Ушул шартта жашоонун жеңил жолун эмес, көздөгөн максаттарды ишке ашырууга татаал жолду, тайгак кечүүнү тандап алганы эле анын инсандык сапаты канчалык жогору экендигин айгинелеп койду. Мунун өзүн эле чоң эрдик катары санасак болот.
К.Бакиевдин диктатордук режими кулагандан кийин оппозициянын лидерлери мамлекеттин башчылыгына Р.Отунбаеванын талапкерлигин көргөзүшү учурдун талабы болгон. Анын объективдүү айрым себептерине токтоло кетели. Өлкө башкаруусуз калган шартта саясий-экономикалык жактан кыйроо деңгээлине жеткени аргасыздыкка алып барды. Ички саясий кризистен алып чыгууга коңшу жана чет мамлекеттерге таасири күчтүү, өзгөчө дипломатиялык сүйлөшүүлөргө даяр, эмоцияга алдырбаган, ар түрдүү кырдаалдардан аяр мамилеси менен башкаларды ийиктире алган адам керек эле. Мындан тышкары принцибинен тайбаган, тайманбас мүнөзүнө мамлекеттин кызыкчылыгын айкалыштыра иш жүргүзүп, кыйын кезеңде чет мамлекеттерден жардам алууга бай тажрыйбасы да эске алынган. Учурунда элчиликти, тышкы иштер министрлигин аркалаган Р.Отунбаевадан башка ылайыктуу талапкерди издеп табуу да кыйын эле.
Экинчи өңүттөн алып караганда Бириккен элдик кыймылдын (БЭКтин) басмайылы да бошоп калган. Буга лидерлер чычалашпас. Бири-биринен тыңсынуунун кесепети президенттик шайлоодо оппозициянын очорулуп беришине - К.Бакиевдин президенттикке экинчи мөөнөттү "жеңип" алышына шарт түзүп берген. Маселе ал "жеңишке" кандай жол аркылуу жеткенинде эмес, элдин үмүтүнүн кыйрашына жол беришкендигинде десек жаңылыштык болбос. Мындай шартта оппозициянын башка лидерлеринин бирине мамлекеттик башкаруу кызматы өткөрүлүп берилсе, алардын тымызын ичтен тирешүүлөрүнө алып келмек. Бул өтө опурталдуу синдромго айланмак.
Ачыгын айталы, Р.Отунбаевага бул ишеним аванс катары гана берилген. Эгерде ишти ийгерип кетсе, ал ийгиликтер жалпынын мээнети катары эсептелмек, кокус жаза тайып өлкөдө кырдаал татаалданса, мамлекеттик башчы катары жеке жооп бермек. Ушундан улам, Р.Отунбаева бийликке эң оор, опурталдуу учурда жоопкерчиликти мойнуна алышы зор эрдик болгон.
Татаал мезгилде жалпы элдик референдумду өткөрүп, парламенттик башкарууга өткөрүшү, парламентти шайлоону демократиялык мүнөздө өтүшүнө жетишүүсү, коалициялык Өкмөттүн курамынын түзүлүшүнө кошкон салымы, башкалардан өзгөчөлөнүп, кадрларды мурдагы жана кийинки деп бөлбөстөн бирдей мамиле жасашы эле анын интеллектуалдуулугунун канчалык жогору деңгээлде экендигин айгинелеп койду.
Жогорудагы белгиленген ойду калк арасындагы негизги пикир катары санасак болот. Ысык-Көл чөлкөмүн кыдырып, азыркы бийликке элдин ой-пикирлерин уккандан кийин жана Т.Усубалиев, К.Акназаров, Г.Кондучалова сыяктуу ондогон ардагер коомдук жана саясий ишмерлер учурунда Р.Отунбаеванын чечкиндүү аракетине ыраазылык билдиришип, ишине ак жол каалашкандыгы да бекеринен эмес. Р.Отунбаеванын Союз учурунан ушул мезгилге чейинки кыргыз элине кылган эмгектерин эске алып, кыйын кезеңде мамлекет башчысы катары бардык жоопкерчиликтен коркпой, кыска мөөнөттө өлкөгө стабилдүүлүктү сактоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Баатыры деген ардактуу наамды берүү калпыстык эмес, калыстык болмок. Ойлонууга учур келди демекчибиз.
Шамалдай САМҮДИНОВ,
Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу, пенсионер.





Бурулбаган калыс бол,
Будалоодон алыс бол.
Жаңы парламентке, Өкмөткө, спикерге ак жол!
Үй-бүлөлүк башкаруу калкыбыздын көкөйүнө көк талкандай тийгендиктен элдин эңсегени, самаганы, суусаганы, чаңкаганы, аңкаганы мына ушул парламенттик башкаруу эле. Ошол парламент туулду, ал андан ары мөөнөтүнө чейин жашап кете алышабы же ич ара тиреше кетишип, ынтымактарын колдорунан качырып жиберишип легендарлуу парламенттин кейпин кийишип анан тынышабы, кеп ушунда. Ошол үчүн: "Туулганына сүйүнбө, турарына сүйүн"- деген. Эми айланайындар, дасторконуңардагы жемишиңерди кир кол менен кармабай, тазалыкта асырап маанисине жетип жегиле дээр элем. Өлкөнү экономикалык оор кризистен чыгаралы десеңер жеке кызыкчылыгыңардан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, өлкөнүн келечегине, биримдигине, бүтүндүгүнө, бекемдигине чындап эле какылдата каккан жүрөгүңөр бар болсо эң башкысы паракорлуктан булак суусундай таза болуп акаевчилер, бакиевчилер түндүк-түштүк үй-бүлөлүк бир туугандык сыяктуу оорулардын баарын садагага чаап туруп сууга салып жиберип эл үчүн ыроологон мээримдүүлүк сезимиңерди кара кылды как жарган калыстыкта башкарууңарды көргүбүз келет. Өткөн бийликте иштешкендердин баары эле Бакиевдин арыгын чабышпайт, Мекен үчүн, эл деп күйүп-бышкан азаматтар аз эмес. Алардын саясый көз караштарын эстен чыгарып салып борттон ыргытып жиберүүгө чейин барыштын өзү адилетсиздикке жатат. "Бакиевдин эң жакын досу Алымбеков Бактыбек кызматтан кетсин" деп айтыш акылга сыйбайт. Эске салсак, июндагы кырчылдашкан улут аралык араздашкан кандуу коогалаңды ким токтотту? Албетте, коменданттык сааттын башында турушкан Алымбеков Бактыбек, Исмаил Исаковдор көкүрөктөрүн тосушуп, тикесинен тик турушуп отту өчүрүшүп, Роза Отунбаеванын Убактылуу Өкмөтүнө патриоттук ак кызматтарын далилдешти го. Ушуну көрбөй биздин көздөрүбүз качан сокур болгон! Экөөнүн эмгектерин баалайлы десек, "Эл Баатыры" наамын ыйгаруу ылайык деп эсептеймин. Түпкүлүгүндө түштүккө орус аскер базасын жайгаштыруу зарылдыгын мурунку гезитте да айткан элем. Орус менен кыргыздардын кол үзүшпөй турушу абадай керек. Кыргыз Ала-Тоолорунун бир чокусуна В.Путиндин атын коюп бергенден бир тал кирпигибиз короп кетет бекен. Мындан орус-кыргыз байланышыбыз гана бекемделет. Борбордук Азияга дөө-шаа өлкөлөрдүн көздөрү кызарып турушканын америкалык транзиттик авиа база көз ирмемде согуштук база болуп кубула калышын бир минута унуткарууга акыбыз жок. Экономикабыз эңшерилип турса, айтпай кетүүгө болбой турат. Турак-жайларынан ажырашкан миңдеген боордошторубузга үй-жай куруп жетише албай мамлекетибиз каржалып кыйналып турганда быйылча иш таштоону токтото туралычы деп айткан эстүү-баштуу бир мугалим жокпу? Жолуң болгурлар! Кыргыз мамлекетинин таалай-тагдыры үчүн эми гана көз жарышкан парламентке, Өкмөткө, спикерге ак жол, арбын өмүр тилеп 90 жаш курактагы ак батамды тартууладым.
А.Акаев ким? К.Бакиев ким?
К.Бакиевди болсо 7-апрелде көрдүк. "Акаев менен Бакиевдин айырмасы асман менен жердей, Акаев кимдин мурдун канатып коюптур?" (Осмонакун Ибраимов). "Акаев деген алтын киши турбайбы деп эле айтып калбасаңар болду" - алыска көзү жеткен маркум Эл баатыры Дооронбек Садырбаевдин тирүү кездердеги ушул айтканы али эсимде турат. Эч кимдин чекесинен чертпестен акырын гана жылуу-жумшак жылып Россияга барып ат көтөргүс "Сценарий и перспективы развития России" деген илимий эмгек жаратып орустардын ооздорун ачырып койду. Орустар А.Акаевге квантовой экономиканы башкарууну сунуштап туруштун өзү эмнени каңкуулайт.
Апыш Жылкыбаев
УАМС ардагери, Улуу Жеңиштин Москвадагы 55, Бишкектеги 60 жылдык параддарынын катышуучусу, Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу