Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Баратбай АРАКЕЕВ
Кандуу жылдар
...Профессордун эмелеки жайдары жүзү кумсара түшүп, бетинен заары чыгып кетти, ачуу сөз таппай туттукту:
- Эмне?... энеңди?... козел!...
Профессордун байкоостон шилтенген буту "таппай калдык" дегендин дал табарсыгына тийди эле, анысы катуу бир үн чыгарып жерге сулк жатты. Экинчи жигит артка чегине берди. Профессор ага тийген жок, жаткан немеге бир түкүрүп сөгүндү да, кайра үйүнө кирип кетти, бат эле кийинип чыкты...
***
Таап келген тапанчаны Маканга берип кайра такси менен үйүнө бараткан Мирбек дал үйүнө жеткенче Макан жөнүндө, анын алдыдагы кыйын иши жөнүндө ойлонуп барды. Кудайдан коркпогон немелер менен каршылашып калыптыр, соо калар бекен. Ушуну ойлогон Мирбек үйүнө жеткенде таксиден түшпөстөн кайра Маканды көздөй айдатты...
- Эмне болуп кетти? - деди Макан күтүүсүз кайра келген Мирбекти көрүп. - Тынччылыкпы деги?!
Тынч эле. Мени кежирленбей уксаң тынччылык эле. Укпасаң чатак чыгат, эскертип коеюн. - Мирбек оюн-чындан ушинтти да Маканга жанаша креслого отурду.
- Чырыңды коюп айт эми?
- Сен мени дос деп эсептейсиңби? - деп баштады сөзүн Мирбек.
- Ооба.
- Аның чын болсо, мен сенин жаныңда болоюн.
Макан түшүндү Мирбек эмне айтып жатканын. Профессорду жалгыз жайлашың кыйын болот, сага жардам берейин дегени.
- Сенин ал ишке аралашканың болбойт.
- Эмнеге болбойт?
- Аялың, уулуң бар, алар эмне болот.
- Сен да кызык сүйлөйт экенсиң. Биз эмне түз эле өлүм тапканга баратабызбы. Тирүүлүктөн үмүт жокпу эмне?
- Ким билет?
Экөө бир саамга үн катпай ар кими өз ойлорунун жетегинде. Мирбек Макандан эки-үч жаш улуу. Шаарда туулуп өскөн жигит. Анткени менен сүйлөгөнү да, баскан турганы да айыл чалыштап турат. Ошондой тарбияланган го чамасы. Бир уулу бар, биринчи класска кирди. Кенедейинен футболго катышып, кийин аны таштаган, күрөшкө да, бокско да катышты. Бирок чыгаан спортсмен болгон жок, өзү деле ага умтулган эмес. Акырында каратэ залына барып калды, ушу күнгө чейин барат, ден соолук үчүн деп коет анысын. Маканды таанышканда эле жактырган, бара-бара өмүр бою достошуп жүргөндөй абалга жетти. Ага бат-бат кезигүүгө аракет кылат. Макан антпейт. Анткен менен Макан да аны жакшы көрчү. Жана үйүнө такси менен баратып Ром, Профессор эң коркунучтуу немелер экенин, алар Макан эмес, нечен бир уюшкан бандалардын түбүнө акырындап жетип турганын, алардын шаардык милийсада гана эмес министрликте да байланыштары бар экенин Мирбек беш колундай билет. Чындап киришсе Маканды жоготуп коюш алар үчүн чыйт түкүргөнгө турбайт. Алар үчүн Макан камгактай каршылаш.
- Макан, мындан ары экөөбүз эч качан ажырашпайбыз, макулсуңбу?
- Макулмун.
- Мен бүгүндөн баштап тиги немени кайтарганды токтотом. Бирөөнүн жанын коргоп оокат кылган жигиттик эмес экенин небак түшүнгөм... Эми экөөбүз бир иштейбиз.
- Эмне иштейбиз? - деди Макан.
- Иш толуп жатат. Азыр каалаганыңды иштесең болот, - деп Мирбек табышмактуу жооп берди. -Эми Профессоруңду айтчы?
Бул ирет Макан Профессорду да, Нестанды да, Кулан менен Сонунду да, алсыз жаткан Кенже апаны Батмага кошуп да айтып берди.
Экөө оголе көпкө сүйлөшүштү. Бири-бирин эч качан сатпоого, таштабоого ант беришти..
Профессор мынчалык жаман абалда калган эмес. Макан деген кайдагы бир чычымды тындыра албай, а турсун андан өмүрүнө коркунуч келчү абалга жеткени аз келгенсип, дагы бир кыйын абал чыкты.
Бу борбор шаардын, дегеле бүткүл өлкөнүн кримдүйнөсүндө барандуу оруну болгону менен, Ром ал дүйнөнү падышалардай кыңк эттирбей башкарчу эмес. Бөтөнчө кийинки күндөрү Ромуңду уруп койбойм деген жаштардын топтору пайда боло баштады. Бул топтордо кой-ай деген сөздөр, асылдык, баалуулук анан да адамдык деген түшүнүктөр таптакыр жок эле, мыкаачылык менен канкордуктун бийлигинде болушчу. Каалаганын кылып, жолундагы тоскоолду жоо чапкандай кылып, барган жерлери кызыл-жаян болуп жатып калат. Милийсаң да жөн жаткан жок, биринин артынан бирин кармап, соттолгону соттолуп, кээси кудурети эч нерсеге тең келбес акчанын күчү менен бошонуп, жолун улантып жатышты...
Мына ошондой бандалардын бири Ром курулгандан эле өз канатына калкалап келген шаар четиндеги килейген базарды бийлемек аракетин баштап, анын кожоюнун эскертүү иретинде кан кустуруп, ага болушмакчы болгон эки жигитин ээн талаага алпарышып бирден кулактарын кесип, колго карматып кетишиптир...
Муну уккан Ром ошол эле күнү ишенимдүү, кан жыттанган жигиттерин топтоп буйругун берди:
- Тынчыткыла!
Алардын кимдер, канча экенин, кандай куралдары барын, кай жерде чогуларын, сөз кыскасы - бүткүл информацияны чогултуу Профессорго тапшырылып, бир жума гана убакыт берилди.
Ром таап туруп жайла деген Маканды эмне кылдың деп сурабаса экен деп Профессордо жан жок. Ром сурабады. Андан маанилүү иштери толтура болчу...
Профессор ал банда жөнүндө информация алуу үчүн акча аяган жок. Өзү да, жигиттери да күнү-түнү иштеди. Тапшырма алгандан төрт күн өткөндө ал банда жөнүндө кайра-кайра текшерилген маалыматтар мындай болуп чыкты...






КСДП жаштары
конкурс жарыялайт!
Курманжан датка жылынын урматына КСДП жаштар канаты студенттердин арасында "Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиң" деген темада эң мыкты эссеге конкурс жарыялайт.
Эссени жазуунун талаптары:
Эссенин айкындуулугу жана жаңычылдыгы;
Кыргызстандын келечегин так, даана чагылдыруу;
Басылманын көлөмү: эссенин көлөмү 2 беттен ашпашы керек (формат: А4, шрифттин көлөмү 12, шрифт Times New Roman)
Эссе кыргыз, орус жана англис тилдеринде кабыл алынат;
Автордун Ф.А.А.; байланыш телефону; электрондук почтасынын дареги.
Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу: эссе конкурстук комиссия тарабынан каралат.
Конкурстук комиссиянын курамы:
Ирина Юрьевна Карамушкина - КР ЖК депутаты, КРнын Билим берүү министринин экс-орун басары.
Болот Исакович Отунбаев - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси.
Ренат Маратович Самудинов - КСДП жаштар канатынын лидери.
Эрнис Балбаков - "Форум" гезитинин башкы редактору.
Талант Азимович Шамов - КСДП жаштар канатынын басма-сөз катчысы.
Сыйлык тапшыруу: жеңүүчүлөр грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланат. Эң мыкты эсселер маалымат сайттарында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарык көрөт.
Биринчи орун - 3000 (үч миң) сом.
Экинчи орун - 2000 (эки миң) сом.
Үчүнчү орун - 1000 (миң) сом.
Эсселерди кабыл алуу: 2011-жылдын 15-февралына чейин.
Конкурстун жыйынтыгы: 2011-жылдын 25-февралында жарыяланат.
Биздин дарек: электрондук дарек rensm.kg@gmail.com
"Конкурс-эссе" деп жибериңиз же Бишкек шаарынын Шабдан Баатыр көчөсү 4б (мурдагы Алматы көчөсү) КСДП кеңсесине алып келиңиз.
Сурап билүү телефондору: 0312 53 33 23, 53 00 01.
Электрондук дарек: urmat7@gmail.com





СЕН ЧЫНДЫКТЫ
ИЗДЕДИҢ БЕЛЕ?
Сиз чындыкты айткыңыз келдиби? Чындык чыркырап асманда, боосу сиздин жүрөк түпкүрүңүздө тынчтык бербей жатабы? Коомдогу адилетсиздиктерден чарчадыңызбы? Көзүңүз менен көргөндү айтууга кудуретиңиз жетпей турабы? Төрт тарабыңызды алдамчылык менен уурулук, ач көздүк менен шылуундук, кара ниеттик каптап, мунун баары сиз үчүн өтө оор болуудабы?

АНДА:
Мындан ары "Форум" гезити сизге жардам берет. Сиздин үнүңүздү алыска жеткирүүгө, жан дүйнөңүздөгү бугуп жаткан арманды, кусалыкты, көксөөнү жеңилдетүүгө кепилдик берет. Сиздин үнүңүздү коомчулукка ачык жарыялайбыз. Эгерде кимдир бирөөгө муң-зарыңыз жетпей жатса, кимгедир айтчу кебиңиз, пикириңиз, сунушуңуз болсо "Форум" редакциясынын1032 кыска номерине SMS жибериңиз. Ал үчүн "Форум" сөзүн жазып, аралык калтырып жибере аласыз. Баса, жарнама, куттуктоо, каалоо-тилектерге да орун бар. Анда эмесе чамдагыла.
Бир билдирүү баасы салыктардын баарын эске алганда 15 эле сом.
Эскертүү: Бирөөнү ак жерден каралаган, тиш кайраган, адамдык ар-намыска шек келтирген, одоно, улуттар аралык араздашууну жараткан SMS билдирүүлөрдү редакция чыгарбай коюуга укуктуу.








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??