Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
 Таанышуу жарыясы


Дайыр Исмадияров,
ырчы:
"Жаккан кыздар көп, жүрөгүмдү багынтканы жок…"
Жаңы жылы жомок менен коштолуп…
- Жаңы жылды "Жомок" деген клип менен баштадым. Бул клип 2010-жылдын декабрь айында тартылган. Жакшы ишти эски жылга калтырбайын деп, аталган клипти 2011- жылга калтырып койгом. Жаңырган жылдын алгачкы күндөрүнөн тартып ырымды радиолорго, клипти телекөрсөтүүлөргө бердим. Учурда аталган клип телекөрсөтүүлөрдөн көрсөтүлүп жатат. Ал эми чыгармачылык жаатта болсо жаңылыктар көп. Жаңы эле эки ырчы менен дуэт жаздырып бүттүм. Ошол жаңы ырларымды кошуп, альбом чыгарайын деп жатам. "Кайдасың" деген жакшы ырым бар. Ушул ырым өзүмө аябай жагат. Альбомдун атын "Кайдасың" же "Жомок" деп атайм.
"Ырдабай эле койбойсуңбу, үнүң жок экен дешип…"
- "Мен сынга көңүл бурбайм, көрө албагандар айта берет" деген адамдардын сөздөрүнө толугу менен кошулбайм. Анткени ар бир адам өз дарегине карата айтылган сөзгө сөзсүз маани берет. Кимдир бирөө тарабынан айтылган сын адамдын маанайын түшүрбөй койбойт. Бул чындык. Башында тааныштарым тарабынан айтылган сындарды аябай жүрөгүмө жакын кабыл алып, ушул ырды ырдабай эле койбой, эмне чыгардым экен деп көп күнгө чейин бушайман болуп жүрчүмүн. "Сен ырдабай эле койбойсуңбу, үнүң жок"- десе ырдабай эле койсомбу деген учурларым да болгон. Бирок адам көпчүлүккө аралашкан сайын көп нерсеге түшүнүп, ак-караны айырмалай баштайт экен. Кийин гана кимдин-ким экендигин аңдап, айтылган сындарга анча маани бербей баштадым. Жогоруда айткан "Жомок" деген клипке да "биздин менталитетке туура келбей калыптыр" деген сындар айтылды. Айрымдары "жакшы болуптур, жылыш болуш керек да"- деп жакшы ойлорун билдиришти. Негизи клип өзүмө жакты. Анча-мынча гана ачык кийинген кыздар болбосо, жакшы тартылган.
"Качан үйлөнөсүң деген сөздөн чарчадым…"
- Оштон келгениме эки-үч күн болду. Качан үйлөнөсүң деген суроодон аябай чарчадым. Ушул сөздү уккум келбей калды. Үйлөнөйүн деп эле жатам, бирок мен сүйгөн кыз жок болууда. Жаккан кыздар көп, бирок жүрөгүмдү багынтканы жок. Азыр жыйырма бешке кадам таштадым. Бир жылдын ичинде үйлөнүшүм керек. Мага назик, ыймандуу, табышмактуу, акылдуу, орду менен сүйлөгөн айылдык кыздар жагат.
"Германияга барып, өзүмдү сынагым келет…"
- Немец тилин үйрөнөм деп үч жыл курска баргам. Күнү-түнү тырышып окуп, эркин сүйлөп калдым эле, азыр кайра унутуп бара жатам. Германияга кетүүгө мүмкүнчүлүк деле түзүлгөн, бирок мен чыгармачылыкты тандап барбай калдым. Эми каражат топтоп, бир айга Германияга барып, немец тилин канчалык деңгээлде билеримди, башкача айтканда, өзүмдү сынап келейин деп жатам. Немец тилин үйрөнөм деп англис тилин үйрөнө албай калдым. Учурда кыргызча, орусча эркин сүйлөйм.
"Сүйөм деген кыздарга ишенбей калдым…"
- Өзү чалып сүйүүсүн билдирген кыздарга көз карашым түз эле. Мен андайларга таң калбайм. Анткени мага арзуусун айткан кыздардын саны арбын. Арзуусун арнаган кыздардын сөздөрүнө башында маани берип, ишенчүмүн. Кийин ишенбей калдым. Анткени "Сен мени жактырасыңбы же ырчыныбы" деп сурасаң, баары бир ооздон "Сенин атагыңа, ырчылыгыңа караган жокмун. Өзүңдү жактырам"- дешет. Ушул сөздөн кийин, сүйүүсүн арнагандарга ишенбей калдым.
"Упа сүйкөнүп агарбай эле…"
- Көп эле ырчылар сахнага чыгарда, сүрөткө түшөрдө, клипке тартыларда келбетине кам көрүп, беттерин упа менен агартып алышат. Мурда мен дагы ырдап чыгарда бетиме упа сүйкөчүмүн. Сулууланам деп жатып бетимди бузуп алдым. Упадан бетим аллергия болуп, бир нерселер чыгып кетти. Анан сүйкөбөй койдум. Азыр сүрөткө упасыз эле тартылып жатам.
"Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт…"
- Концерттен келгенден кийин телевизор көргөндү жактырбайм. Мага тынч китеп окуп жаткан жагат. Көп эле китептерди окугам. Өзгөчө мектепте окуп жүргөндө мектеп программасында өтүлгөн чыгармалардын баарын калтырбай окуп чыккам. Биздин залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" чыгармасын окуганда такыр башка дүйнөгө туш болгондой сезимде болгом. Аябай чоң таасир калтырган. Ал эми акыркы окуган китебим Дэн Браундун "Код да Винчи" чыгармасы болду.
Ашканада…
- Эркек болгондон кийин аялдардын ишине көп аралашпаш керек. Ашканага көп кирише бербейм, бирок курсак ачкан кезде, кезээрип ачка жатпайм. Даамдуу тамак, салат жасаш колумдан келет. Мындан үч күн мурда ырчы досторума өзгөн күрүчүнөн плов жасап бердим. Аябай даамдуу болуптур деп тамшаныша жеп кетишти.
Спортто…
- Сууда сүзгөндү аябай жактырам. Мектепте окуп жүргөндө жеңил атлетика менен машыкчумун. Мектептер аралык сынактарда дайыма мени жеңил атлетикага катыштырчу. Жеңил болгондуктанбы аябай катуу чуркайм. Мындан 1-2 жыл мурда күнүгө чуркап турчумун. Азыр болсо бассейиндерге барбай да, чуркабай да калдым. Жаңы жылдан кийин жалкоолукту таштап спорт залга барып, ден соолукка кам көрөйүн деп жатам.
Даярдаган
Жаркынай Кадыркулова








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??