Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кадам ушул...

ПАРЛАМЕНТТИК БАШКАРУУ ДЕГЕН "УКМУШ" ЭКЕН ЭЙ… КУРАЛЫ: ӨЧ АЛУУ, ИНТРИГА, ПОПУЛИЗМ, ТРАЙБАЛИЗМ, РЕВАНШИЗМ… ЖАНА "…-ЧЫЛЫКТАР"… МЫЙЗАМДАРДЫ "АТАҢДЫН БАШЫ" ЧЫГАРАТ ЭКЕН…

Адамдар арасындгы кээ бир мамиледе: "Тим койсо, түз эле төбөгө чыгып алгысы бар ой!" деп наалып алган учурлар көп эле кездешет. Анын сыңары бу Бакиев жыттанган күчтөр, болбосо, бийлик жетпей калган күчтөр азыр президент менен премьердин төбөсүнө чыгып алгысы бар.

Эки адам мамилесинде биринин башына бири чыгып алса, коомго анча коркунучу жок дечи, бирок жалпы мамлекеттик деңгээлде бир күч экинчи күчтүн башына чыгып алуу аракети, азыркы реалдуулук менен алганда, Отунбаева менен Атамбаевди тоотпогонго аракет кылып жаткан ар кыл деңгээлдеги окуялар жакшылыктын жышааны эмес, коркунучтун кабары.
"Жаз келсе, бул бийликти кулатуу аракети башталат, Ташиев, Келдибековдор Бакиевди алып келгенге аракет көрүп жатыптыр… Кулов менен Субаналиев биригип "экинчи фронтту" ачып балээни баштайт экен… кызмат тийбей калган күчтөр катуу чыгат экен…" сыяктуу биринен бири коркунучтуу "экендер" кыргыз жергесине батпай казак талаасын аралап өтүп Сибирди сыдырып, анан Маскөө тарапка самсыды дешет.
Эми бир эскерип койсок эч нерсе болбос: Ошол Куловдун "фронту" ачылып жатканда Кулов: "Эгерде бийлик күч колдонсо, биз ага жараша чара көрөбүз" деп, анан Бакиев Ногойбаевди "фас" деп, тигиниси болсо, калгандарын "фас" деп, овчаркалар ичинде, Кулов куйругун түйүп, Темир Сариев гана качпай калып, Субаналиев да "көздөн кайым" болуп…, айтор, Куловдун абийири айрандай төгүлгөн. Кыргызчаны билбеген неме "жыгылган күрөшкө тойбойт" дегенди кайдан билди?! Эми болсо, президенттин ордун мээлеп, "кыргыздын тилин билбесем эмне экен, акчам менен орусум бар да …"деп…
Кандай гана имиш болбосун кенедей болсо да себеби болот, имиштер асмандын башынан алынбайт.
Парламентте олтурган бакиевчилердин бар тилеги эле ушул болуп калды: Бакиев куулгандан кийин хаос абалындагы өлкөнү башкарууну өз колуна алган Отунбаеваны, ошол кездеги кээ бир соратниктери менен мамлекет башынан алып түшүү, керек болсо өлкөдөн кууп салуу, аша кетип ушинттик деп коелучу… Азыр бийликте турган Отунбаева, Атамбаев, Каптагаев, Байболов, Дүйшөбаев сыяктууларды кулатуу да Бакиевди, болбосо, бакиевчил бийликти алып келүү. Баягы "Миң бир түндөгү" "Кыргын согуш так талашуудан чыкты" деген бөлүмдөгү кандуу окуяларды самагандай азыркы кээ бир ашына бийлик сүйгөн саясатчыларды тынч уктатпай жатпайбы. Адамзат турмушундагы эң чоң кумар - акча кумары анан бийлик кумары окшобойбу.
"Булар иштеп көрсүн, а балким, элибиздин турмушун оңдоп коер" деген ыймандуу ой келбейт экен да, "бийликке мен келсем, биз келсек…" деген эле кумар. Ошол бийликке келгенде эли үчүн баланча иш бүтүрүп берем деген деле конкреттүү ойлору жок. Айтор, бийликке келиш керек!
Дале болсо, артка кылчая карап азга саресеп салууга туура келет: Бакиев тушундагы турмушту чөп башылап эстейличи. Ал жексурдун бала-чакасы, бир туугандары, жек-жааттары Кыргызстанды бүтүндөй бөлүп алышкан, элине ырыстуу эч нерсе калбаптыр, анысы ал болсун, анан алардын көпкөндүктөрүчү, бөтөнчө эне тили орусча уулу Максим дегени көзүнө көрүнгөндүн баарын өзүнүкү кылып, бербейм дегендердин баарын жайлап, кыргызды эл катарына эсептебей еврейлерди эл кылып эмнелерди гана кылбаган. Айланып кетейин, жанагы 7-апрелде чыккан азаматтарга миң мертебе ырахмат! Алар болбогондо бу айбан Бакиевдер бизди накта маңкурт кылмак экен, кул кылганы го турулуу эмеспи, болуп да жатканбыз. Жанагы кадимки Гиммлерге окшоп кеткен Жаныш деген жаналгычычы!
Өткөн жумада Семетейдин "Лозунг" гезити жаналгыч Жаныштын 50 жылдык тоюндагы фотолордон репортаж кылган экен, кутургандарды ошондон көр: жанагы ырдаса да болчу, ырдабаса да болчу үнү бар Сатылганова деген ырчы кызыбыз сороктойт, Газманов, "Ялла" ж.б. чакырылыптыр, сойку кыздар топ-тобу менен ар-ар жерде ойкуштайт, асманды сүйлөгөн Адахам Жанышка чепкен жаап жатыры, азыркы "ар-намысчы" депутат Нурлан Төрөбөков деген неме алтын кылыч тапшырып жатыры, качып жүргөн Суталинов менен качып кайра келген Турдумамбетов, соттолуп-соттолбой жаткан ошол кездеги генпрокурор Сатыбалдиев кошоматтарынын аягына жете албай убара, Жанышы болсо Газмановго чепкен жаап жатат, колун кысып 50 миң доллар карматып… үкасы Максим, инилери чакчарылышат… Ал жексурлар кыргыз элин түбөлүк башкарабыз деп турушкан кези эмес беле, тийди го ташка жүзүкара тилектери! Ошол бир эле тойдо чачылган же топтолгон жүз миңдеген, а балким, миллиондогон долларлардын тегин изилдетпейби Келдибеков…
Мына жогорудгыдай окуяларды териштирип-тескеп өз баасын бериш керек го. Антүүнүн ордуна азыркы парламент Отунбаева башында турган Убактылуу Өкмөттүн үч айлык ишин текшерүүгө алыш керек, комиссия түзүш керек дегенден тажабайт.
Эгерде Келдибеков менен Ташиев комиссия түзгүсү келсе, чын эле элдин көзүн ар-ар маселеде ачкысы келсе, анда "Түндүкэлектро", "Кыргызтелеком", Канттагы цемзавод, пансионаттар, Каркыра ж.б. толгон ишканалар кантип итбекер сатылып кеткенин изилдесин, мындай иштер иттин кара капталынан. Анан эле үч ай башкарган Убактылуу Өкмөттүн ишин текшере берүү Бакиевдин, бакиевчилердин реваншисттик саясатынын туундусу катары кабыл алынат.
Парламенттик башкаруу деген баланча деген мамлекеттерде бар экен, ал жол түкүнчөдөй болот экен деген аңыздан башка парламенттик башкаруу жөнүндө жалпыбыздын түшүнүгүбүз эң төмөнкү баскычта эле. "Менден башка Спикер ким болмок" деген илгери үмүт менен парламенттик башкарууну көтөрүп чыккан Өмүрбек Текебаев үкам, аталган башкаруунун табиятын теориялык жактан мыкты өздөштүргөнү менен, практика жүзүндө көргөн эмес. Ал эми Келдибеков үкөбүз, теориясын да дурус биле элек окшоду. Ошондон улам парламенттик башкаруу деген анын оюнда оппоненттеринен өч алуу, өз кызыкчылыкты алдыга коюу, өзү тирек-жөлөк болуп жүрчү мурунку бийликтин реваншисттик саясатын жүргүзүү, интригаларды уюштуруу, эл алдында элге күйгөн болуп популисттик саясатын алдыга салуу ж.б. Бул парламенттик башкаруу эмес!
Парламенттин "жетишкендиктеринин" бири өз балансысына "Аврораны" каттатып алганы болду. Абийирсиздикти кара, элдир-селдир эки мыйзам кабыл ала элек жатып, жеке кызыкчылыкты качырганын! Эми депутаттардын көөп-көппөгөн катындары, эрке токолдору, ойноштору, балдары менен жакын туугандары "Аврорада" "кызыл-күрөң тартышат", элиң болсо эгин, картөшкө талаасында…
Мына, парламенттин ишке киришкенине эки айдын жүзү болду. Ошол аралыкта эл үчүн делчү бир дагы мыйзамды кабыл алуу болгон жок, аракети да көрүнбөдү. Болгону немистер менен болгон келишимди ратификациялады жана партиялык тизме жаатындагы мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө аракет кылышты, анысы да өткөн жок. Бул эмне деген парламент?! Бул Бакиевди көксөп турган, Отунбаева менен Атамбаевди аңтарып түшөбүз деген минимум, максимум пландары бар парламент болуп турат. Ушул азыр парламентти таратып жиберсе болор эле… бирок, эл аралык мамилелерде аксап каларбыз, ар кыл жардамдар келбей калат, келишимдер кедейет, ж.б. Айтор, "өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат". Ушунун баары объективдүү себептерден эмес, бир ууч бакиевчилердин элин эл дебеген саясатынан болуп жатат.
Парламентке караганда өкмөт өз ишин дурус баштады. Атамбаев жөн адамга билинбеген резервдерди четинен таап жатат, буюрса, мугалимдердин, врачтардын, алардан башка бюджетти тиктеп олтурган башка кызматкерлердин айлыктарын май айынан баштап көбөйтө турган болуп жатат.
Дагы бир кубанычтуу факт - Атамбаев өткөндө өкмөттүк кеңешмени жалаң кыргызча өтүп, орусча сүйлөгөн Максимдин "куйругу" Ташбаевди катуу сынга алды дейт. Мына ушинтип эле жетекчилик тилибизди колдонуп турса, керекке жаратып турса орустар менен Кулов сыяктуу "киргиздер" эч жакка качпайт, чарасы да жок!
Парламенттик башкаруунун кайсы принцибине туура келерин азырынча ажырымдай албай турбуз: министрликтерди, облустарды ж.б. кызматтарды парламенттеги позицияны түзгөн үч партиянын бөлүшүп алышын айттым. Кудай бетин салбасын, кызматтар сапырылып, сатылып… эзели кызмат көрбөгөндөр кызмат алып, ал кызматты "минип алып" түбүнө жетчүдөй болуп, "жебеген жердин алдында" принциби жазгы гүлдөй жайнап…таяке-жээндердин күнү тууп, ойноштор бажырайып…кымбатчылык тири жандын баарын муунтуп…
Кыргызды кырды бычак кылып таштачу башкаруу экен, бу парламенттик башкаруу дегениң. Жо, жо-ок, эпадам мыйзамы менен, эби менен башына туруп берсең парламенттик башкаруу деле элин багып кете алат. Маселе, анын башында тургандарда!
Түшүмдө: мен депутат экем. Бирөө сурайт: "Тытышасыңар эле тытышасыңар, мыйзамды ким чыгарат, ыя?!". "Атаңдын башы чыгарат!". Ойгонуп кеттим…

Баратбай АРАКЕЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??