Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

"Крышаң" болсо, "крыса" бол же…
Өткөндө "Айкын саясат" гезитине Курманбеков Нурлан аттуу ишкер жигиттин өлкө менен өкмөт башчыларына, спикер менен башкы прокурорго арналган арызы чыккан эле. Ошол кайрылууга оңтойлуу жооп болбогон экен, айланып бизге келиптир. Акыйкат издеген жигиттен аркы-беркисин сурасак, аны алдап кеткен жигитти азыркы спикерибиз Акматбек Келдибеков колдоп жатканын кобурады. Баарынан кызыгы, арызданган адам айткан "алдамчы" же Акматбек мырза колдоп(коргоп) жаткан Байысбеков Данияр аттуу жигит мурда үч жолу соттолгон экен. Атургай, акыркы жылдары качууда жүрүптүр. Бул иш боюнча таанышпаган бир гана азыркы өкмөт башчыбыз Алмазбек Шаршенович калыптыр. Арызданган жигит өзү дагы айтып жатат, "акыркы үмүтүм Атамбаевде эле калды" деп. Өкмөт башчыга жөнөтөбүз дечи. Бирок өзүбүз дагы журналисттик иликтөө жүргүзүп көрсөк болот экен. Анткени абдан кызыктуу материал болуп жатат. Ак үй менен көк үйдөгү анча-мынча аттуу-баштуулардын аттары аталып жатат. Балакет иштин башы Башкы прокуратурада жатыптыр. Оболу ошол жактан баштаганы турабыз. Байболов байкаган бекен же башын чайкаган бекен, кыскасы, кызыктар али алдыда.




Сууткандары Султанов дешет
Уккан ушактарыбызга учкашсак, ушул жылы өткөрүлө турган президенттик шайлоого ата-журтчулар талапкер катары Марат Султановду таптап жатышкан имиш. Эмнеге Абдразак атанын уулу азыркы коалицияга кирүүдөн баш тартты десек, көрсө, көксөгөнү башка тура. Анан калса, ата-журтчулар ачык эле айткан дешет, "Маке, сен атайын уруш чыгарып бизден алыстап кет, адашып калышсын, алты ай аралыгында Атамбаевди ары же бери кылабыз, ал биздин колдон келет" кыязында. Ушул эле ушакка улана турган дагы бир ушак бар. Ал маалымат боюнча, ата-журтчулар тандаган талапкердин тандемдеши катары Феликс Кулов чыгат имиш. Алар Атамбаевдин түндүктөн арбын добушун аларын баамдап, анысын алсыратыш үчүн Куловго куда түшүп жатышыптыр. "Утабыз" деп урунуп, "жутабыз" деп жулунуп турушат, убагы келгенде көрөрбүз дечи. Бирок чабал өрдөктүн чамасы белгилүү болот эмеспи.


ПрОФЕССИОНАЛ ОРДУНА БАРА ЭЛЕК
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев өлкөнүн маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда "24.kg" агенттигинин журналистинин Болот Отунбаевдин КСДПны башкарып жатат деген имиштер жөнүндөгү суроого төмөндөгүчө жооп берди: "Болот Отунбаев КСДПнын башына келген жок, анын төрагасы менмин. Болот Отунбаев партиянын штабынын ишин координациялайт. Бул кызматка штабдын мүчөлөрүнүн өтүнүчү менен дайындалды. Б.Отунбаев кадрдык дипломат, дипломатияда тажрыйбасы эбегейсиз чоң, дипломаттык иштин бардык тепкичтерин басып өткөн, аны кайсы мамлекетке элчи кылып жиберсе да ишти алып кете алчу чыныгы профессионал экендигин небактан билебиз. Бирок Болот президенттин бир тууганы болгону үчүн өзү мыкты билген кызматка бара албай жатат.
Мен президентке Болотту элчи кылыш керек деп бир топ ирет айттым, Роза Исаковна ага такыр көнбөй койду. Болот Отунбаев мен билгенден эч качан кызматка жулунган жан эмес. Мына ушундай билимдүү, тажрыйбалуу жигиттин профессионалдыгын пайдалана албаганыбызга өкүнүчтөмүн".
Баамдадыңызбы, кымбаттуу окурман, жогорудагы маселеде Бакиев менен Отунбаеваны эми бир салыштырып өтчү… Туура, Отунбаева Бакиев баскан жол менен эч качан баспайт, бир туугандарын кызмат маселесинде "Шодокондун бүркүтү" кылбайт.
Биз Болот Отунбаевди жакындан билебиз: терең билимдүү, өз ишинин профессионалы болуу менен бирге адамдык бийиктигин айт, кичипейилдиги менен айкөлдүгүн айт. Анын элине дагы да орчун кызмат кылып берчү учуру алдыда деп билели…


БАЙБОЛОВ КЕТЕТ, КУТУЕВ КЕЛЕТ… ИМИШБАЙ
Кеп кетти, Генпрокурор Кубатбек Байболов жөнүндө. Байболов "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, аталган партия болсо азыр парламенттеги оппозицияда, демек, Байболовдун азыркы отурган орду "кыйч-куйч" этип, ал ана-мына учуп кетчүдөй болуп конуп турган кези экен. Берки, бийликти түзгөн партиялардын фракциясы "ар кандай кыймылдарды" жасап жиберсе, Байболовдун Америкага жеткендей күч менен ыргытылып кетиши жомок эмес.
"Мына, ордум кыйшактап турат, сенин демилгең менен Генпрокурор болгом, болбосо жылуу-жумшак депутат болуп олтура бермекмин, эми баарына сен жооп бересиң, бар, Отунбаевага айтып мени сактап кал" деп Байболов Текебаевди "коколоп" турган кези дешет.
Дагы бир билермандардын айтымында Байболовдун ордуна ички иштердин экс-министри Өмүрбек Кутуев келет экен.




Отурганы оң эмес, оор болду
"Карагай ыйлап, тал ыйлап, карапайым калк ыйлап" демекчи, эми экс-губернатор болуп калган Мирбек Асанакуновду көлдүктөр көз жашын төгүү менен узатышты. Апрель окуяларынан бери иштеп келе жаткан Асанакунов көлдүктөрдүн көңүлүнө ушунчалык жаккан экен, алынганын угар менен удургуп чыгышты. Жаңы барган губернатор Абдылдаевди "чыгарып салабыз" дешип, бир топ чыр салышты. Эч бир эпке келбей жаткан элин, экс-губернатор өзү басты. "Айланып кетейин элим, бөлүнгөндү токтотолу, бул жигит деле бөлөк-бөтөн эмес, өзүңөрдүн кулунуңар" деп жатып, ызырынган элин эпке келтирди. Ошентип, көлдүктөрдүн жаңы губернаторго ичи жылыбай, эскисине ичи ачышып турган чагы.


Эшимканов элге чыгат…
Канча жүзү бар экени белгисиз болгон Мелис Эшимканов кийинки аптада "Баракелденин" он-лайн түрүндөгү конференциясына келип, окурмандардын суроолоруна жооп бермекчи болууда. Бакиев Белоруссияга безип кеткени элден оолактап, өзү менен өзү болуп калган Эшимканов (мындайды башка салбасын) акыркы убактарда элге жакындашуунун ар түрдүү айла-амалдарын жүргүзө баштады. Журналисттерди чакырып тамак берсе, эми эл менен баарлашып, коомчулукту кызыктырган суроолорго жооп бергиси келип, шыйпаңдай баштады.
Минтип элге аралашкысы келип жатканына караганда, саясатка кайтып келип көнгөн суу куйду адатын карматканы жаткан го … Эмнеси болсо да элге эмне дээр экен байкап туралычы…


ДЕМИРЕЛДИН ДЕҢГЭЭЛИНЕ ТӨП ЭКЕН ЭЙ!
Ата Түрк атындагы илим жана маданият кайрымдуулук фонду Кыргызстандык Элмира Ибраимованы, Эрнест Акрамовду, КГУСТанын профессору Наматбек Орунтаев, профессор Талант Өмүрбеков дегендерди Түркиянын мурунку президенти Сулейман Демирель менен бирге "Жылдын адамдары" деген сыйлыкка татыктуу кылышты.
Ич күйдүлүк жок, алсын, бирок азгантай бирогу болуп турат. Ибраимова айым Түркияга не кызмат кылганын билбедик, алды кыргыз элине эч нерсе кыла элек, чыр-пырга жакынбы деп да кетебиз. Ал эми Акрамов болсо Мамакеев агасын "какшатканы" эле болбосо, кыргызга анча деле күйүп жарытканы билинбейт. Берки эки азаматты изилдегендер билбесе журтуна белгисиз адамдар экен. Анан Демирель менен бир катарда саналчу кыргыздын аттуу-баштууларынан жок экендиги кызык. Болбосо эли үчүн күйгөн, эмгектенген "дөө-шаа" жигиттерибиз, кыздарыбыз тандалбаганына неттик?! А балким, аталган сыйлыктын дарамети тандалган "мыктыларына" шайкештир…





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??