Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Бийлик бойлой жорткондор сериясынан

БОЛСОҢ ПРЕЗИДЕНТ БОЛ,
ДАРАМЕТ "ПОТОМ"...
Азыркы парламенттин "эрке баласы" болуп, "ээн басып, ээн турган", кези менен "ээн ооз" боло калып да жаткан Камчыбек Ташиев "Азаттыкка" маек курган экен, интернеттен окуп турбуз.
Бул мырза катуу оңолду. Минтип, 7-апрелден кийинки абалы менен азыркы абалын салыштырып жатканыбыз.
Апрелден кийин Ташиев Бакиевине катуу күйдү деп жүрүшөт. Ошондо Убактылуу Өкмөт Ташиевди эки күнгө Жалал-Абад губернатору кылып олтургузганда ошол жерде "жаралуу" болуп жойлоп жүргөн Жаныштан коркуп губернаторлуктан баш тарткан. Кийин болсо, Жаныш офицерлик сөзүнөн катынча танып качып бергенде Ташиев мырза губернатор болуп жаңы бийликке кызмат кылуу ниетин көрсөткөн. Бирок кийинки бийлик анын ордуна Бектур Асановду тандаган.
Ташиевдин кадыры Бакиевдерге деле анча жок экендиги Максим менен Жаныштын телефон сүйлөшүүсүндө анык болуп чыкпадыбы. Ошондо бала шүмшүк Максим Ташиев менен Келдибековду "они же хапуги…" деп аларды кемсинтип, аларга ишенүүгө болбой тургандыгын айткан эмеспи. Ошондон улам айтып жатпайбызбы, бул жигиттер Бакиевге жан дилден кызмат кылышкандары менен, алардын чыныгы ишениминде эмес экен деп.
Ташиев аталган маегинде: "кимге да болбосун жетип барып жардам бергим келет" - дейт. Түштүктү күйүүчү май менен камсыз кылган "ТОМАС" миллиондогон доллар каражат табарын билебиз, бирок "Ташиев баланча деген жетимдер үйүнө же карылар үйүнө түкүнчө которуптур" дегенди укпаппыз. Ал эми жеке адамдарга берген эки-үч миң сом эсебиндеги жардамдар Ташиевдин "акча жагынан айкөл" кадамдарына туура келбес, популизмине гана плюс.
"Азаттыктын" "Түштүктөгү улуттар чатагына ким күнөөлүү?" деген суроосуна: "- Июнь айындагы чоң кагылышты болтурбай койсо болмок. Кыргыз саясатчылары бири-бирибиз менен бийлик талашып олтуруп, эки элди кагыштырып алдык. 7-апрелден кийин бийликке келген адамдар билимине, илимине, же болбосо эл-журт арасында кадыр-баркына карабастан, каалаган адамдарды каалаган жумушка коё башташты. Ошонун кесепети июнь айындагы өзбек-кыргыз кагылышын алып келди" - деген жоопту берет.
Ии, деп туралы… Ошондо кыргыз менен өзбектин кагылышы кыргыз жетекчилеринин кызмат талашуусунан келип чыккан экен, "бири-бирибиз менен" дегенине караганда өзү да күнөөлүү…
Ташиевдин бул бүтүмүн таккесе четке какпайлы, а балким, эбепке себеп болгондур деп коелу, сүйүнүп калсын…
Аталган чатактын чыгышынын тамыры тереңде сезилгени менен, баамчыл адамдардын көз алдында эле турбайбы: чатактын башы өзбек сепаратизминде. Бул факты, бул кайтарылгыс чындык турмушубуздан терең орун алып калган. Байкамаксан болуп келдик, көрмөксөн болуп келдик, анткени, Совет доорундагы жасалма "ширетилген" интернационализмде "сепаратизм" деген түшүнүк болгон эмес. Мына ошол жалган бүтүм инерциянын күчү менен мына бүгүнкү күнгө чейин жетип олтурат.
Небактан бери даярданып келаткан өзбек сепаратисттери мамлекеттүүлүгүбүз бычактын мизинде турган учурду тандап жатышпайбы.
Кыргыз дегениң жериндеги тыңчыкма улуттардын баарын эле төбөсүнө чыгарып салган, эми аларды жерге түшүрө албай азабы көзүнө көрүнүп жатат. Ырасында, ошол улуттардын баары кыргыз улутуна караганда мыкты жашайт. Бу да биздин жамандыгыбыз.
Бир ирет Ташиев: "Кыргызстанда мага окшогон беш-алты чоң саясатчы бар" дегени чындыкка төп келсе, билер эле, эки элдин ортосундагы чырдын башаты өзбек сепаратизминде экенин. Өткөн кылымдын 90-жылындагы кыргыз-өзбек кагылышы да сепаратизмдин негизинен келип чыккан.
Бизде өзбек сепаратизми бар экендигин айныгыс билген өзбек президенти Каримов өткөн кагылышта бир боорлоруна тартпай калыс болуп турду го! Аларда эртең эле каракалпактар, Ташкендин тегерегиндеги казактар, Батыш тарабындагы тажиктер сепаратисттик маанайга алдырбайт деп кепилдик берүү да кыйын…
Эгерде биз, кыргыздар, биримдикте болсок, мамлекетибиз үчүн катуу күйсөк, башка улуттарды төбөбүзгө чыгарбасак сепаратизм дегениң өзүнөн өзү жоголот. Былжырап турсак өлгөнүбүз ошол!
Советтик түзүлүш ыдыраары менен, мурун күч менен басылып турган сепаратизм кыймылы мурунку советтик республикалардын бир катарында дароо баш көтөрдү: Азербайжандын Карабахын алалы, Россиянын курамындагы Чеченстан менен ингуштарды алалы, Украинада, Россияда татар сепаратизми бар, Грузиянын Абхазиясы менен Осетиясы, Молдовандардын Приднестровьеси… Ал эми дүйнө алкагында Турцияда, Балкан өлкөлөрүндө, Африка өлкөлөрүндө сепаратизм тынчтык бербей турат.
Бир мамлекеттин ичинде ошол мамлекеттин титулдук улутуна теңтайлаша жашаган улуттар болсо, сепаратисттик маанай күчөсө күчөйт, алды токтобойт. Ташиев өңдөнгөн "чоң саясатчылар" бул маселени билүүгө тийиш, чын эле чоң саясатчы болсо.
Маекте Ташиев президентикке "Ата-Журт" бирөөнү даярдап жатканын айтат, атын айта албайт экен. А эл болсо анын атын небак билет, ал деген "бригаданын" мүчөсү Марат Султанов, акчасы арбын, президентикке жарайбы маселеси, даана эмес.
Ошентип, өзүнө чаң жугузгусу келбеген Ташиевдин маегин да окуп бүттүк. Керектүү маек экен…

Баратбай АРАКЕЕВ



Американын агенттери англис тилин окутуп арабызда жүрүптүр

Өткөн жылдын акырында Түркиянын чалгындоо кызматынын мурунку кызматкери Осман Нури Гүндештин "Төңкөрүштөрдүн жана анархиялардын түздөн-түз күбөсү" деген аталыштагы мемуар түрүндө жазылган эмгеги жарык көрдү. Түркиянын гана эмес, бүтүндөй дүйнө коомчулугунун кызуу талкуусуна алынып жаткан бул эмгекте биздин Кыргызстаныбыздын да коопсуздугуна байланышкан кызыктуу маалыматтар камтылыптыр. Тагыраак айтканда, АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын (ЦРУ) "жер тыңшаар маамыттары" түрктөрдүн светтик бийлигин оодарып иймекчи болуп Түркиядан качып кутулуп, АКШда баш калкалап жүргөн атактуу Фетхуллах Гүлен негиздеген мектептер аркылуу Орто Азия жана Россия аймагына тыңчылык кылышаары айтылыптыр. "Фетхуллах Гүлен негизинен түрк өлкөлөрүндө ачып жаткан мектептерде америкалык ЦРУнун агенттери англис тилинен мугалим болуп иштешет жана алар дипломатиялык паспорттор менен камсыз болушкан"-дейт автор. Мындай кызматташтык болгондугун Осман Нури Гүндеш "фетхуллахчы" мектептердин биринин жетекчиси өзү да моюнга алгандыгын так фактылар менен бышыктаган экен. Түрктөрдүн отставкадагы бул чекисти мугалим терисин жамынган мындай чалгынчылардын алтымышка жакыны Кыргызстанда, жетимиштейи Өзбекстанда күнү бүгүнкүгө чейин иш алып барышаарын ачык эле жазыптыр. Демек, мамлекетибиздеги кыбыр эткен иштин баары Пентагонго алеки саатта жетип турат дей берсек болот. Бирок эгемендүүлүктү алганыбыздан бери коопсуздугубузду карамак түгүл ич ара бийлик бөлүшө албай ыркырашып атканыбызда өлкөбүздү АКШнын гана эмес, бүтүндөй дүйнө өлкөлөрүнүн шпиондору жойлоп-жортуп жүрсө керек. Улуттук коопсуздугубузга көзөмөлдүк кылып атышкан күч органдарыбыз америкалык тыңчыларды карамак түгүл, кечээки эле элин аткан канкор бийликтин башкы көзүрү Жаныш Бакиевдин Кыргызстанга келип-кеткендигин аныктай алышпай, өз ара кайым айтышып отурушпайбы.
Тиленбек Азык





(!) Маалымат үчүн:



Китептин автору Осман Нури Гүндеш
Осман Нури Гүндеш учурда 85 жашта. Түркиянын чалгындоо кызматындагы эң эле таасирдүү, көпчүлүктүн көңүл борборундагы инсан болуп эсептелет. Ал 1964-1986-жылдары дээрлик чейрек кылымга жакын Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун кызматкери, ал эми 1993-1994-жылдары түрк премьер-министри Тансу Чиллер айымдын министрлер кабинетиндеги чалгындоо кызматы боюнча башкы кеңешчиси болуп эмгектенген.
Фетхуллах деген ким?
Фетхуллах Гүлен - Түркиянын Эрзурум шаарында 1941-жылы төрөлгөн. Улуу ойчул катары таанылган бул инсан ислам динин таратуучу катары белгилүү. Бирок анын окууларына 1998-жылдан бери Түркиянын расмий бийлиги тарабынан тыюу салынган. Түркиядагы светтик бийликти төңкөрүп, диний мамлекетти куруу идеясы үчүн куугунтукка алынган. Учурда АКШнын Пенсильвания штатынын Сэйлорсбург шаарында жашайт. "Intelligence Online" маалымат булагынын маалыматына караганда ал АКШга ЦРУнун жетекчилигинин жардамы аркылуу отурукташкан. Дүйнө жүзү боюнча анын 600 мектеби 4 миллион колдоочусу бар делинет. Өзүнүн окуусун дал ушундай билим берүү тармагы аркылуу жайылтууну көздөгөн "фетхулахчыларга" Кыргызстанда гана эмес, Орто Азия аймагында активдүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп аткан "Себат" түрк лицейлери да таандык экендиги айтылып келет. Ошондой эле белгилүү изилдөөчү Байрам Балжинин "Деятельность школ Фетхуллаха Гюлена в Центральной Азии и их роль в распространении Тюркизма и Ислама" деп аталган макаласында "Фетхуллах Гүлендин кыймылына жүздөгөн ири компаниялар, мектептер гана эмес, ар бир мамлекеттин борбор шаарларында басылып чыгуучу "Заман" гезити да таандык" деп жазган.







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??