Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Жанышты "жайлап",Дырылдаевди "дыргаяктатышабы"?
Учурда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Рамазан Дырылдаев менен Казакстандагы элчи Жаныш Рүстөмбеков кызматтарынан алынарына аз эле күндөр калганы айтылууда. Кайсы бийлик келбесин, майлуу кызматтардан куру калбаган "жабышкак" Жаныштын Астанада Бакиевдин доорунан бери элчи болуп келатканын эл жакшы билет. Ал эми укук коргоочу Рамазанды кан досу Азимбек Бекназаров 7-апрелден кийин, анын эч кандай дипломатиялык рангы жок болсо да, Түркияга элчи кылып дайындап койгон эле. Ошондон бери түрк туугандар дипломатияга эч тиешеси жок, деңгээли да тайкы Рамазандын элчи болушуна каршы болушуп, ал жактагы биздин элчилик менен толук кандуу иштешпей "жээрип" келатышканы байма-бай айтылды. Эми Дырылдаев Түркиядан "дырылдаган" бойдон кетерин уккан түрктөр сүйүнүп жатышат. Бул жактагылар болсо Дырылдаев менен Рүстөмбековдун ордун көздөп, Атамбаевге жүгүрүп жатышат. Алмаз мырза эки үлкөн өлкөгө эми кимдерди элчи кылып дайындаар болду экен?


Эмил Каптагаевдин уулу катардагы кызматта иштейт, бирок…
Президенттик аппараттын жетекчиси Эмил Каптагаев Сауд Аравиясында элчиликте иштеген уулунун мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу Тышкы иштер министрлигиндеги борбордук аппаратка жумушка орноштуруптур. Аталган министрликтин борбордук аппаратында эки жыл иштебеген кызматкер эч убакта элчилик, консулдук кызматтарда иштей албайт экен. Ошондон улам Каптагаев уулун Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратына кызматка алып барыптыр. Ал эми аталган кызмат орду Эмил мырзанын айтуусунда катардагы эле эң төмөнкү кызмат болуп саналат. Ошол жөнөкөй эле катардагы кызматта иштеген Эмил мырзанын уулунун Сауд Аравиясында иштеп тургандагы тааныш-билиштик аркылуу ажылык сапарга бара тургандарга ачылган визаларга жана анын тегерегиндеги миллиондорго кайсы бир деңгээлде тиешеси бар имиш. Ошондон улам бул чуулгандуу иштин чырын иликтөөгө тоскоолдуктар болуп жатыптыр…


Депутаттарга үй, машина берилет, маяналары көтөрүлбөйт…
Жогорку Кеңештин жабык эшик артында болгон жыйынында депутаттарга кызматтык үй жана унааларды бөлүштүрүп берүү маселеси каралды. 2007-жылы эл өкүлдөрүнүн баарына бирдей 22 миң долларды чапчыган Тойота Камри үлгүсүндөгү сатылып алынган 75 жаңы автоунаа саны 90дон 120га көбөйгөн эл өкүлдөрүнө жетпейт. Мурунку үйлөр да тартыш. Учурда депутаттар үчүн 36 кызматтык үй, ал эми жол кызматын аткарууга 60тан ашык машина бар. Ошондон улам турак-жай аймактардан келген, шаарда үйү жок депутаттарга берилсе, автоунаа эки депутатка бирден берилмей болду. Ал эми айлык маяналары мурунку өлчөмүнөн көтөрүлбөй турганы айтылды. Башка министрлик, агенттиктерде иштеген чиновниктердин дагы айлыктары көтөрүлбөйт. Депутаттар мындай чечимге жабык эшик артында болгон жыйында токтолушту.


Элмурза эски ордун эңсеп…
Өткөн жумада Акматбек Келдибеков баш болгон ата-журтчулардын жоон топ мыкты чыкмалары Элмурза Сатыбалдиевге жолугушуп, үлкөн ресторанга барып бильярд атышып, чай үстүндө чоң саясаттан кызуу кеп кылышыптыр. Арасында Улукбек Ормонов дагы бар экен. Бизге жеткен маалымат боюнча ата-журтчулар Элмурзага эки-үч ай чыдап турсаң эски ордуңа, Башкы прокуратурга, алып барабыз деген убада беришип, президенттик шайлоодо материалдык да, моралдык дагы жактан көмөктөш деген өтүнүч кылышкан. Мындай сырдуу сүйлөшүүнүн купуя сыры тез эле Ак үйгө жетиптир. Бирок Ак үйдөгү үлкөндөр мындай жашыруун макулдашууга ишене алышпай, табышмактуу сырдын жандырмагын жандыруунун үстүндө баш катырышып жатышыптыр. Ал эми Элмурза Сатыбалдиев болсо Башкы прокуратураны мээлеп, көңүлү ток жаткан кези дейт.


Тайырбек мырза "Дастан" заводуна директор болобу?
"Туранды" таштап КСДПга келген Тайырбек Сарпашев өткөн жумада премьер-министр Алмаз Атамбаевге кирип, маанайы ачылып, жүзүн кубаныч уялап чыкканын көргөндөр кеп кылышкан. Көрсө, Тайырбек мырзанын сүйүнгөнүнүн сыры бар экен. Угушубузга караганда Өкмөт башчысы Сарпашевди "Дастан" заводуна же "Бишкек" Эркин экономикалык аймагына директор кылмай болуптур. Ал эми "Бишкек" Эркин экономикалык аймагынын директору Ибраимов Албек Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Каржылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп келери айтылууда.


Бишкек Жылуулук электр борбору Казакстандын банкында күрөөдө турат…
"Бишкек Жылуулук электр борбору ушул күнгө чейин Казакстандын банктарынын биринде күрөөдө турат "- деп көз карандысыз серепчи Расул Үмөталиев 20-январда АКИpress агенттигинде берген маалымат жыйынында айтып чыккан. Анын айтымында, күрөөнүн баасы 100 миллион доллар турат. Расул мырза мындай суммадагы кредитти ЖЭБтин (ТЭЦ) алганына өзү күбө болгонун билдирген. Бирок мындай маалыматты Бишкек Жылуулук электр борборунун жетекчилиги төгүндөгөн да, бышыктаган да жок. Ошондон улам ЖЭБ казактарга өтүп кеткенби деген күмөнсүнүү жаралат. Биздин жетекчи чиновниктер минтип коомчулукка билдирбей мамлекеттик ишканаларды күрөөгө коюп, акча ала беришсе, жакынкы аралыкта улутташтырдык деген ишканалардын көбү жең ичинен кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгына соодаланып кетпейт деп кепилдик берүү кыйын. Качан оңолор экенбиз?..




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??