Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Алмазбек Какчыкеев, 7-апрелде эки бутунан ажыраган:
"Милицияда күнөө жок. Күнөөнүн баары буйрукту берген адамдарда…"
7-апрелде өз милдетин аткарып жүрүп, Ак үйдүн жанынан граната жарылып, эки бутунан ажыраган милиция кызматкери Алмазбек Какчыкеевдин учурда туруктуу жашай турган үйү жок болгондуктан көп кабаттуу, "батир" деген аты бар, ат кепе сындуу үйлөрдүн биринде жашайт экен. Шарты бар батирге жашайын десе чамасы жетпейт. Кыскасы, Алмазбек мырзанын жашоо турмушу өтө оор, жүрөк оорутарлык. Бийлик башындагы адамдарбы, же бизнесмендер болобу Алмазбек мырзанын акыбалын түшүнүп жардам берип коюшса деген эле ой…

- Алмазбек байке, ден соолугуңуз жакшыбы?
- Эми иним, кандайын айтайын. Жашоодо өзүм бирөөнө кара санап, жамандык кылган жан эмес элем. Жараткан мага мындай тагдырды эмнеге чулгап койду, өзүм түшүнбөйм. Колуң чолок, көзүң сокур же башка жериң ооруса да кыймылдап, басып жүрө берчүдөйсүң. Дүйнөдө баарынан да тилиң сайрап, эки бутуң шал болуп баспай тургандан артык кордук жок экен. Кээде: "Ушинтип тирүүнүн өлүгү болуп, үй-бүлөмдү, ата-эне, бир туугандарымды кайгыга салып, кыйнабай 7-апрелде эле өлүп калсам эмне" - деп тагдырыма нааразы болом (Алмазбек мырза оор үшкүрө, көзүнөн жаш алып, адамдын зээнин кейитип жиберди).
- Каргашалуу 7-апрель окуясына кандайча аралашып калгансыз?
- 7-апрель окуясы унутулгус тарых барактарында кара тамга менен басылып калды. Ал күндү эстеш мен үчүн абдан оор. Оозанып сөз кылгым деле келбейт. Сурап атасың, башынан айтып берейин. Мен шаардык ички иштер башкармалыгында иштечүмүн. Ал күнү күндөгүдөй эле жумушка чыктым. Бирок 6-апрель күнү кечинде "эртең "Медиа Форум" имаратынын алдында пикет болот экен" деген кептер жүрүп аткан. Жумушка барсам, жетекчибиз: " Медиа Форумдун" алдына барып коомдук тартипти сактагыла"- деген буйрук берди. Көптөгөн укук коргоо кызматкерлери "Медиа Форумдун" алдына келип имаратты курчоого алдык. Арабызда милиция болуп иштеген кыздар да бар болчу. Бир маалда эки тараптан агылып келген эл бизди таш бараңга ала башташты. Жаныбызды сактап калуунун аракетинде эптеп дубалдан секирип качып жөнөдүк. Секире албай калгандар ур-токмокко алынышты. Арабыздагы кыздар да токмок жеди. Алар жок дегенде кыздарды аяп коюшса болмок. Ошентип, милиция кызматкерлери Горький көчөсү тарапка качып бардык дагы командирибизге телефон чалып окуянын чоо-жайын түшүндүрсөк, ал келип автоунаа менен бизди Ала-Тоо аянтына алып барды. Ал убакта биздин колубузда чоймо таякчадан башка эч бир курал-жарак жок болчу. Ак үйдүн жанында турсам эле бутумдун түбүнөн граната жарылды. Кийин жанымдагы кесиптештеримдин айтуусуна караганда граната жарылганда ордуман 5 метрдей алыска ыргып барып түшүптүрмүн. Алар мени дароо автоунаага салып түз эле №1 ооруканага алпарышыптыр. Эмне болгонумду билбей, комада жатып, эки күндөн кийин эсиме келдим. Көзүмдү ачсам эки бутумду кесип салышыптыр, көргөн көзүмө ишенбей бир топко дендароо болдум. Кан басымдуулугум төмөндөп, адамда болгону 5 литр кан болсо, менден 3 литр кан кетиптир. Дарыгерлер кан куюп жатып аман алып калышты. Кийин эсиме келгенде: "Эми менин кимге керегим бар мени аман алып калбай эле койсоңор болмок" - деп дарыгерлерге нааразы болдум. Көп өтпөй Москвага барып, бутума операция жасатып, протез салдырып келдим.Ошондон бери ооруканадан башым чыга элек. Акыбалым алсыз, эптеп дарынын күчү менен жашап жатам, кочуштап дары ичем. Күн бүркөктө сыздатып ооруганда жөн эле кудайга үнүм жетет. 6 айдан кийин кайра Москвага барып дарыланышым керек эле, каражат жок бара алган жокмун.
- Москвада дарыгерлер сизге кандай көңүл бурушту?
- Бул жактан жаратылышты коргоо министрлигинин кызматкерлери учак менен алпарышкан. Алар мени мен дарыланчу ооруканага эмес, башка ооруканага жаткырып коюшуптур. Дарыгерлер мени эч карашкан жок. Жубайым кошо барган, 10 күн кирпик какпай жанымда отурду. Экөөбүзгө болгону бир чыны тамак беришет. Жубайыма боорум ооруп тамакты берсем жубайым ичпестен, мени ич деп мага берет. Ошентип, бир чыны тамакты бөлүшүп ичип жаттык. 10 күндөн кийин айлабыз такыр эле түгөнгөндө Кыргызстанга телефон чалып атып араңдан зорго Россиянын Ички иштер министрлигинин госпиталына которушту. Анан ошол жактан протез салып дарылашты. Азыр ал күндөрдү эстегим да келбейт.
- Ошондо Ак үй тарапка барбай койсоңуз болбойт беле?
- Кырсык айттырбай келет турбайбы, андай болуп кетерин ким билиптир. Билгенде ал күнү жумушка чыкпай эле коймокмун. "Аянтка барбай эле кетип калайын" деп ойлодум, бирок милициялык чиним, ага жол берген жок. Анын үстүнө менден жаш кечээ эле милиция кызматына аралашкан жаш капитандар качып кете албай турушту. Анан мен кантип качып кетем. Азыр өкүнөм, балким, ошондо үйгө келсем, мындай тагдырга туш болбойт элем деп. Бүгүн айрымдар милиция кызматкерлерин күнөөлөп жатышат, менимче, милиция кызматкерлеринде эч кандай күнөө жок. Күнөөнүн баары буйрукту берген адамдарда.
- Кайсы жердин кулуну болосуз? Бир туугандарыңыз каралашып турат да?
- Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Долон айылынан болом. 70 жаштагы чүкөдөй болгон карыган ата-энем бар, айылда жашашат. Мага санааркап атып, оорукчан болуп калышты. Апам мен жабыркаганда эс-учун жоготуп ооруканага жаткан. Азыр мага окшоп эки буту баспай төшөктө жатат. 6 бир тууганым бар, алар деле кошо кайгырып, колдорунан келген жардамдарын берип жатышат. Бирок ар биринин өз жашоосу, үй-бүлөсү бар дегендей кечке эле мага жардам бере беришпейт да. Кыйын учурда бир туугандарыңдан башка эч ким күйбөйт экен, кудайга шүгүр, өлүмдөн алып калышты. Бир туугандарым болбосо мен бул жашоодо жашамак эмесмин.
- Учурда жашоо турмушуңуз канааттандырарлыкпы? Мындан аркы келечегиңизди кандай элестетесиз?
- Ишке жарабай, жарым жан болуп жашап жатам. Үй-бүлөлүүмүн, 6 жаштагы бир уулум бар. Жубайым мени багып, эч жерде иштебейт. Жашай турган туруктуу үйүм жок болгондуктан айына 3700 сом акы төлөп батирде баш калкалайм. Шарты бар жакшыраак батирге жашайын десем акчам жок. Мага окшогон мунжу адамдарга жашаганга ылайыктуу үй болсо дурус болчудай. Азыркы турган батирим эски үй болгондуктан, жаан жааганда үстүнөн шырылдап тамчы куюлат. Жылуулук берилбейт, ысык суу чыкпайт. Сууктун күнү кылчылдап үшүп турам. Өкмөт жок дегенде ушул үй маселесин чечип берип койсо жакшы болор эле.
- Өкмөттөн кандай жардамдар болуп жатат?
- Жабыркап ооруканада жатканда президент Роза Отунбаева көрүп барып, колуман кармап: "Эмне жардам керек"-деп, мээрим төгүп сураганда, мен президент эжекебизге абдан ишенич, үмүт менен: "Үйүм жок, ушул турак-жай маселесин чечип бериңиз"- деп сурандым эле, "Буйруса, турак-жай маселесин чечип берем"- деп убада сөзүн айтып, мага 100 миң сом берген эле. Бирок ушул күнгө чейин үй бериле элек. Ички иштер министрлиги "сени жумушсуз калтырбайбыз, жумушка орноштурабыз" деп убада беришти эле, алар да убадасын аткарышпады. Силердин гезит аркылуу президентибиз Роза Отунбаевага, премьер-министр Алмазбек Атамбаевга, ЖКнын төрагасы Акматбек Келдибековго жана ЖКнын баардык депутаттарына кайрылып кетер элем. Мени турак-жай менен камсыз кылып, Ички иштер министрлиги бир жумуш орунду камсыздап берсе жакшы болор эле. Сиздерге Кудайдын сообу тийсин

Махабат Эсенгулова,
Алмаз Какчыкеевдин жубайы:
- Башка түшкөн тагдырды көтөрбөскө арга жок экен. Күлгүндөй 32 жаш курагында жолдошум эки бутунан ажырап майып болуп калды. Учурда өтө оор күндөрдү башыбыздан кечирип жатабыз. Жолдошум сакайып кетсе, кыйынчылыктын баары бир күндө өтүп кеткендей болуп калат беле? Кудай ошол күнгө жеткирсе экен. Буйруса, Алмазымдын ден соолугу оңолуп, дени сак кишидей болуп сакаярына ишенем. Каргашалуу 7-апрель күнү таңкы саат 6.00 дө жумушка узаткам. Түшкө чейин телефон аркылуу байланышып турдук. Түштөн кийин эле телефону өчүк болуп калды. Тынчым кетип үйгө кирип-чыгып көчөнү карап жаттым. Кечки саат 9 дарда жумушунан 3 капитан бала келип, Алмаздын бутуна таш тийип ооруканада жатканын кабарлады.
P. S.: Махабат эже, бул сөздөрдү айткандан кийин, мууну бошоп, сөз сүйлөй албай шолоктоп ыйлап жиберди. Өз кызматын аткарам деп жүрүп, эки бутунан ажыраган милиция кызматкеринде эмне күнөө? Буга ким жооп бериши керек? Кыскасы, мындай жүрөк ооруткан замандаштарыбыздын оор тагдырына кайдыгер кароо Кудайга жакпай турган иш.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"









??.??